Международное Образовательное Учреждение «Себат» - Подготовительный Экзамен ОРТ - 3
1 ден 20га чейинки суроолор эки чощдукту камтыйт. Алардын ар бири тик бурчтуу рамкага:
Бири А КОЛОНКАСЫНДА , экинчиси Б КОЛОНКАСЫНА. Бул чощдуктарды салыштырып, жообун тапкыла.
А, эгерде А КОЛОНКАСЫНДАГЫ чощдук болсоо,
Б, эгерде чощдук Б ТИЛКЕСИНДЕ к=бър==к болсо,
В, эки чощдук барабар болсо.
Г, эгерде бул маалыматтар боюнча жогорудагы чощдуктардын кайсынысы чощ экендигин, же алардын бара бирин тандоого эч мъмкън эмес болсо: А, Б, В.
Кээ бир суроолордо кошумча маалыматтар берилген жана ага кирген белгилер А КОЛОНКАСЫНДА жана Б КОЛОНКАСЫНДА да бирдей мааниге ээ.
А КОЛОНКАСЫ Б КОЛОНКАСЫ | А КОЛОНКАСЫ Б КОЛОНКАСЫ |
1 . Арена деген с=зд= ъндъъ тамгалар ънсъз тамгаларга караганда р% ке к=бър==к. | 11 – 20 тапшырмаларда Х саны ар кандай чыныгы мааниге ээ болот. 11 |
2 | 12 |
3 | 13 |
4 | 14 |
5 | 15 |
6 | 16 |
7 | 17 |
8 | 18 |
9 | 19 |
10 | 20 |
21. 500 m2 кайсы чондуктун 0,5 % тин тъз=т?
А) 100 km2 Б) 100 km2 В) 0,1 га Г)10 га Д)2.5 m2
22. 200 грамм 1 килограммга караганда канча пайызга аз?
А) 20% Б) 80% В)8% Г) 2% Д)5%
23.
-
-
сандары кайсыга барабар?
А) -15 Б) 15 В) 0 Г) 5 Д) -5
24. 2/3, 6/8, 12/15, 15/25 сандарынан азыраак барабар
А) 2/3 Б) 3/5 В)4/5 Г)6/8 Д) 2/5
25.
сандарын к=б=йтъъ ъчън медиана канчага барабар болушу керек?
А) 1 Б) 2 В) -1/2 Г) 1/2 Д) -1
26.
*
*
:
сандары канчага барабар?
А) 2 Б) 3 В) 7 Г) 9 Д)63
27. 3
* 3
*
: 8
сандары канчага барабар?
А) 0 Б) 1 В) 2 Г) 3 Д) 4
28. 1234567890 санын 3 к= б=лг=нд= калдыкта канча калат?
А) 0 Б) 1 В) 2 Г) 3 Д) 4
29. A = 3 / (
-1 ) жана В =
+1 сандары ъчън кайсы айкалыш туура
А)A B Б) A B В) A=B
Г) A*B=0 Д) A менен B айкалышпайт
30. A =
:
-1 жана B=
:
+1 сандары ъчън кайсыл айкалыш туура
А)A B Б) A B В) A=B
Г) A*B=0 Д) A менен B айкалышпайт
31. ХОУ координаттык тегиздигинде A( 0;0) , B(4;2) , C(4;4) . чекиттери берилген. Бул АВС ъч бурчтугунун аянтын тапкыла.
А) 6 Б) 12 В) 16 Г) 24 Д) 48
32 ХОУ координаттык тегиздигинде A,B,C чекиттери берилген. Ар биринде ъч чоку А, В, С, чекиттеринде жата тургандай паралеллограммды кандайча курууга болот?
А) 0 Б) 1 В) 2 Г) 3 Д) 4
33. ХОУ координаттык тегиздигинде A( 2;6) , B(6;6) чекиттери берилген. Координаттын башынан AB кесиндисинин ортосуна чейинки аралыкты тапкыла.
А) 3 Б) 4 В) 6 Г) 4
Д) 2
34. Эгерде
=
Х санына караганда кем эмес эщ кичинекей бир бътън сан болсо, анда 5
- саны канчага барабар?
А) 0 Б) 2 В) 3 Г) 4 Д) 5
35. Эгерде каалаган чыныгы сан Х саны ъчън
=
болсо, мындай учурда т=м=нкъ маанилер 2 - 3 канчага барабар?
А) 0 Б) -5 В) 3 Г) 5 Д) -6
36. Эки тыйынды ыргытканда эки бъркъттън тъшъшъ 1/4 к= барабар болсо, Эки тыйынды ыргытканда экиден ашык эмес решканын тъшъъ ыктымалы канчага барабар?
А) 1/4 Б) 50% В) 3/4 Г) 4/4 Д) 0
37. Оюнчук кубикти =кч=г=нд= 5 ке б=лън= турган сандын тъшъшъ канчалык?
А) 1/3 Б) 1/6 В) 1/5 Г) 2/3 Д) 5/
А) 1/100 Б) 100% В) 1% Г) 0 Д) 1
38.Эгерде окуялар мъмкън эмес болсо, анда анын ыктымалдыгы канчага барабар?
А)1/100 Б)100% В)1% Г)0 Д)1
39. Эгерде анын ъчънчъ мъч=съ 4, айырмасы 3ко барабар болсо арифметикалык прогрессиянын биринчи мучосу канчага барабар?
А) -2 Б) -7 В) 1 Г) 7 Д) 10
40. Геометриялык прогрессиянын биринчи мучосу
2ге, ал эми уучунчу мучосу 18ге барабар болсо, анда анын мааниси канчага барабар? А) 2 Б) 6 В) 9 Г) 36 Д) -3
41. 2800 жаасынын айланасында жазылган бурчтук кайсыга таянат?
А) 600 Б) 800 В) 1200 Г) 1400 Д) 1800
42. Эгерде жактары 4см , 5см , 6см барабар болсо торт бурчтуктун жактары канчага барабар боло албайт ?
А) 1см Б) 2см В) 5см Г) 14см Д) 16см
43. Тен жакту уч бурчтукта 1100 бурч бар. Бул уч бурчтуктун чон жана кичинекей бурчтарынын айырмасы канчага барабар?
А) 700 Б) 600 В) 350 Г) 750 Д) 400
44. Эгерде анын ортонку сызыктары 2см , 3см , 4см барабар болсо , уч бурчтуктун периметрин тап?
А) 9см Б) 18см В) 36см Г) 24см Д) 12см
45. Уч бурчтуктун жактары 6см , 8см , 10см ге барабар Чон жагына которулган уч бурчтуктун медианасын табыныз?
А) 2см Б) 3см В) 4см Г) 5см Д) 6см
46. 4 см диаметрдин айланасында эки радиус борбордук бурчу 900 секторду тузот. Бул сектордун аянты канчага барабар? А) см2 Б) 2 см2
В) 4 см2 Г) 6 см2 Д) 8 см2
47. 4 см радиустун айланасында сызылган тик бурчтуктунпериметри канчага барабар боло албайт?
А) 15см Б) 17см В) 19см Г) 20см Д) 18см
48. Туура алты бурчтуктун жактары 4 см ге барабар болсо, бул алты бурчтуктун чон диагоналы канчага барабар?
А) 4см Б) 8см В) 12см Г) 16см Д) 48см
49. Кубтун грандарынын диагоналы канча?
А) 2 Б) 4 В) 6 Г) 12 Д) 24
50. Кубтун диагоналдары барабар. Бул кубтун жалпы устунку бетинин аянты канчага барабар?
А) d2 Б) 2 d2 В) 3 d2 Г) 4 d2 Д) 4 d2
51. ABCDEFGH кубунда A чокусу B,D, E чокуларынын капталдары менен кошулган BDE бурчтары эмнеге барабар?
А) 1200 Б) 900 В) 600 Г) 300 Д) 450
52 . Тегиздиктеги квадрат канча симметрия огуна ээ?
А) 0 Б) 1 В) 2 Г) 4 Д) 8
53. Эгерде a= 1 болсо, анда + a-2 * a4 +2
туюнтмасын чыгаргыла?
А) 1 Б) 0 В) -1 Г) -2 Д) 4
54. X жана Y натуралдык сан . Эгерде X3 * Y3=8 болсо ,анда 3X саны канчага барабар?
А) 2 Б) 3 В) 6 Г) 12 Д) 24
55. ЭгердеX жана Y натуралдык сан болсо, анда
3 X2 * 2 Y3 дайыма кандай болот?
А) так Б) так эмес В) 6 дан чон
Г) 3ко болунот Д) 36дан кичине
56. ЭгердеX жана Y натуралдык сан болсо, анда
6 X2 - 3 Y дайыма кандай болот?
А) так Б) 36га барабар В) 0дон чон
Г) 3ко болунот Д) 36 ктчине
57.Эгерде a= -1 болсо, анда + a-2 * a4 -2
туюнтмасын чыгар?
А) 2 Б) 0 В) -1 Г) -2 Д) -4
58. Эгерде a= -2 болсо, анда + a a / 2-2 + 2/a
туюнтмасын чыгар?
А) -4 Б) -2 В) 0 Г) 2 Д) 4
59. Натуралдык тендемесни чыгарууда X*Y= 2004 канча чыгарылышка ээ?
А) 1 Б) 2 В) 4 Г) 6 Д) 12
60. Натуралдык тендемесни чыгарууда X+Y= 2004 канча чыгарылышка ээ?
А) 3 Б) 6 В) 1002 Г) 2003 Д) 2004
Күү атасы - Балбай Алагушов
1. Карамолдо (Токтомамбет) Ороз уулу табиятынан тубаса комузчу. Күүнүн башы «Камбаркандан тарта, элибизге керээз, белек катары таштап кеткен «Дүнүйө» аттуу күүсүнө чейинки эпикалык, лирикалык, тарыхый укмуштуу күүлөрдү черткен жана жараткан. 2. Ар бир күүнүн тарыхын кызыктуу, элестүү көркөм сөздөр менен чечмелей черткени угуучулардын чечекейин чеч кылып, элдик күүгө болгон сүйүүлөрүн арттырган. Ошентип көптү билген көсөм, кадырман насаатчы катарында нарк күткөн. 3. Кыргыз күүлөрүнүн симфониясы саналган «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Койчулардын коңур күү», «Анжиян калкы», «Бекарстан ташы», «Караөзгөй» өңдүү чыгармалардын өзөгү –элдик обондор. Аларды ой жеткис тереңдикте алтын колдуу устаттык менен иштеп чыгып, маңызын байытып, кол жеткис бийиктикке көтөргөн. 4. Басып өткөн баба жолу, баштан кечирген муң-зары, эркиндик, теңдикти, бактылуу турмушту эңсөөлөрү баяндалган күү кайрыктарын элден издеп-таап, кайра элге берген. 5. Алсак, байыртан комуз өнөрүндө кеңири жайылган «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» «Толгоолордун» нугунда өзүнүн «Жумалак ботой», «Жаш кербез» , «Сыздат шыңгырама» , «Кер толгоо» деген классикалык маанайдагы күүлөрүн жараткан. 6. Башкы орунду «Көкөй кести» күүсү ээлеп, комуз көөдөнүнөн күңгүрөнүп чыккан кошоктун кайрыгына сугарылган. 7. Бет ачарында: «Өз заманында көл айланасынан Капал аттуу комузчу чыгыптыр. Күү менен күн көргөн бечара экен, өзү теңдүү кедейдин сулуу кызы экөө бири-бирин сүйүшүп баш кошмок болушат. 8. Кыздын ата-энеси, тилекке каршы, куда түшкөн байга ынашат. Капал менен кыздын сүйүүсүн байкаган бай айласы кетип акыры бир кыйкым таап, жалган жалаа менен комузчуну сүргүнгө айдатат. 9. Камактан «кызай» деген казак уруусуна качып барган Капал, эли –жерин эңсеп, көкөйүм кесилди деп, көргөн кордук, тарткан азаптарын комузга кошот. 10. Күү беш жерден кайрылат: эң төмөнкү кайрууда «карындашым ушинтип ботодой боздоп калды го» деп шолоктосо, биринде армандуу ашыктыгын баяндайт, үчүнчү кайруу өзүнүкү, төртүнчү жана бешинчи кайруулары энеси менен атасынын кайгы-муңун камтып, эрксиз доордун каардуу көрүнүшүн кабарлайт...»-деп айтып келип аткарган. 11. Чынында күүнүн сөөгү Капалдыкы, кийин акын-комузчу Чалагыз Иманкулов ырга салгандай;
«Күү эле жалгыз кайрык «Көкөй кести»,
Дат жеген темирге окшоп, болгон эски,
Сокурга көз, дудукка тил киргизгендей,
Кырсыгын Карамолдо кийин чечти» 12. Караөзгөй күүсүндө болсо; «Караөзгөй болбой жоо болбойт, Капсалаң болбой жут болбойт»,- деп бай-манаптардын караөзгөйлүгү ашкереленген. 13. Залкардын чыгармачыл жүзү Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы элдин асыл сезими, мүдөөсү, шаттыгы камтылган «Ибарат» санат күүсүндө айкын көрүнөт …14. 1928- жылы республиканын эл агартуу комиссариаты Карамолдону ордо шаарыбызга чакыртат. Көрсө, Москвадан келген атактуу музыка иликтөөчү-этнограф А. В. Затаевич күүлөрүн нотага түшүрмөкчү экен. 15. Шаардан өз устаты Муратаалы, белгилүү кылкыякчы Жолой ж.б. таланттарга жолугуп, өз өнөрү менен жөнөкөй угуучуларды гана эмес, Токтогулдай топ жарган устатты; «Ыр бизде, күүлөр сизде экен», дедиртип суктантат. 16. Жыйырмадан ашык классикалык күүлөрүн нотага түшүргөн А. Затаевич аткаруучулук чеберчилигине, өтө музыкалуулугуна куштарланат. 17. Өзгөчө ал Ороз уулунун оор басырыктуулугуна, бой көтөрбөгөн өтө эле жөнөкөйлүгүнө таңгалат. «Ал өзүнөн жазылып алынган күүлөрдүн автору «менмин» деп эч жерде белгилеп айтпаган жана өз күүлөрүнө ысымын коюучу эмес. Адатта анын кесиптеш жолдоштору; «бул же тигил күү меники» деп белгилей турган …» 18. Чындыгында эле, Карамолдо ондогон классикалык күүлөрдү өзү чыгарып, өзү чертсе да, «күү элдики, биз аткауучубуз» дечү. 19. Анын элибизге керээз катары таштап кеткен акыркы күүсү- «Дүнүйө». Мында турмушту сүйүү, кең пейилдүүлүк бар. 20. Күү коңур добуш менен салмактуу башталып, барган сайын чыйралып, бирде шаңдана өмүргө адам тойбостугун, жашоо ошончолук кызык экенин көз алдыга тартат. Автор бул күүсүн чертүүдө байыркы аспаптагы бүткүл ыкмаларды, штрихтерди пайдаланган. 21. Бүгүнкү күнү эл арасында Саякбай менен Карамолдонун ысымдары бөтөнчө сыймык, чоң урматтоо менен айтылат.. Эки алптын чыгармачылык ойчулдугу элибиздин каны-жанына терең сиңген «Манаста» жана жан дүйнөбүзгө күлазык-комуз күүсүндө таасын чагылдырылган. 22. Бекеринен, Саякбай «Манас» айтуунун, Карамолдо- комуз чертүүнүн атасы» деп айтылабы бир ооздон. 23. Карамолдонун залкар күүлөрү кыргыздын профессионалдык маданиятынын өнүгүшүнө, калыптанышына баалуу салымдарды кошту жана композиторлор үчүн түбөлүк шыктандыруучу угут, кайнар булак катарында кызмат кылууда. 24. Мына, ушундан улам көрүнүктүү дирижер жана композитор Петр Шубин Карамолдонун алп талантына таңдана: «Бул чыныгы кыргыздын Бахы!» деп дүйнөлүк композиторлорго теңесе, А. Затаевич «Койчулардын коңур күүсүн» угуп олтуруп: «Тек гана ушул күүсү аркылуу СССР элдеринин музыкалык летописине кирмекчи» деп тан берген. 25. «Карамолдо-деп жазган музыковед В. Виноградов,- кандай гана күү чертпесин ар качан көркөмдүк сезимге ээ болуп, музыкалык өмүргө ак ниеттүү терең урматтоо менен мамиле кыла турган. 26. Ал аны бир эрмек же көңүл ачуунун каражаты катары караган эмес, адамдардын ой-сезимдеринин терең чагылышы катарында сезген. 27. Карамолдо бул эстетикалык (табиттик) позицияларды деклорациалаган эмес, алар жүрөктүн тереңинен, музыканы кабылдоосунан ачык жана өзүнөн -өзү келип чыккан. 28. Мен анын күүлөрүн уккан сайын Пушкиндин: «Эң сонун нерсе илхамдуу!» деген сөзүн дайыма эсиме түшүрөм. 29. Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда: «Карамолдо Орозов шекилдүү тубаса генийлер өзүнчө бир эки замандын кошулуп турган чегинде жалбырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. Мен муну менен эмне демекчимин, биздин маданият канчалык өнүгүп, профессионалдык деңгээлге канчалык чыкпасын, К. Орозов сыяктуу элдик композитор - бул түгөнгүс улуттук маданият, эң оболу музыка үчүн, өзгөчөлүк үчүн түгөнгүс кенч, мөлтүр булак болуп кала бермек…»
1. К. Орозов кайсы күүлөрдү кайрадан иштеп чыккан?
А) «Кер толгоо», «Ибарат», «Шыгырама»
Б) «Сынган Бугу», «Көкөй кести», «Кара өзгөй»
В) «Камбаркан», «Ботой», «Кербез»
Г) «Келгендеги кербезим», «Жумалак ботой», «Дүнүйө»
2. Комузчунун классикалык үлгүдө жараткан күүлөрүн белгилеиз.
А) «Жаш кербез», «Кер толгоо», «Сыздат шыгырама»
Б) «Койчулардын коур күү», Көкөй кести»,
В) «Кара өзгөй», «Бегарстан ташы»
Г) «Сынган Бугу», «Анжиян калкы»
Алды сызылган сөз айкашынын түшүндүрмөлөрүн табыыз
3. Чечекейин чеч кылып
А) көүлүн түшүрүп, шайдооттонуп
Б) жарпын жазып, жайдарылантып
В) көзүн ачып, байкаттырып
Г) көзүнүн агын чыгартып, ачууландырып
4. Көптү билген көсөм
А) акылман Б) билерман В) бейакыл Г) билгич
5. Күүнүн сөөгү
А) күүнүн мааниси В) күүнүн үзүмү
Б) күүнүн бөлүгү Г) күүнүн негизи
6. Кара өзгөй
А) ашкан айлакер В) алдым жуттум
Б) өтө эпчил Г) чыр-чатакчыл
7. Капалдын тагдыры кайсыл белгилүү күүнүн жаралышына себеп болгон?
А) «Кер толгоо» В) «Кербез»
Б) «Көкөй кести» Г) «Кара өзгөй»
8. Карамолдонун кубаныч тартуулаган күүсүн блгилеиз
А) “Замана» В) «Ибарат»
Б) «Кер өзөн» Г) «Дүнүйө»
9. Залкар комузчунун күүлөрүн ким нотага түшүргөн?
А) Петр Шубин В) В. Виноградов
Б) Ч. Иманкулов Г) А.В. Затаевич
10. «Ыр менде, күү сенде бар экен»,-деп ким Карамолдону мактаган?
А) Токтогул В) Жолой
Б) Муратаалы Г) Атай
11. Кайсы варианта комузчунун айткан сөзү берилген?
А) «Күүнү жакшы аткаруу керек»
Б) «Күү элдики, биз аткаруучубуз»
В) «Күүнүн бары меники»
Г) «Күүлөрдү элден алса болот»
12. «Көкөй кестинин сөөгү Капалдыкы …... …… деген сөз эл арасында айтылат.
А) черткен Карамолдо
Б) обону комузчунуку
В) эти Карамолдонуку
Г) күүсү Карамолдонуку
13. Саякбай - …., Карамолдо - …….. атасы.
А) жомоктун, домбуранын
Б) «Семетейдин», сыбызгынын
В) «Манастын», комуздун
Г) «Сейтектин, кылкыяктын
14. Петр Шубин ал жөнүндө:
А) «Бах, кыргыздын чыныгы баласы!»
Б) «Бах кыргыз элинин чыныгы уулу!
В) «Кыргыз элинин анык Бахы!»
Г) «Анык элдин Бахы кыргыз.»
15. А. Затаевич атактуу күүчү тууралуу эмне деди?
А) « ….. аткаруучулук чеберчилиги мыкты»
Б) « ….. музыкалык летописке кирет»
В) « ….. күүлөрү өтө музыкалуу»
Г) « …… анын күүлөрүндөй күү жок»
16. Автордун ою кайсыл вариантта берилген?
А) Карамолдо- 19- кылымдын комузчусу.
Б) Карамолдо- бардык күүнүн түзүүчүсү.
В) Карамолдо- күүлөрдү мыкты чертет.
Г) Карамолдо-комуз чертүүнүн атасы.
17. «Карамолдонун күүлөрүн уккан сайын А. С. Пушкиндин «Э сонун нерсе илхамдуу!» дегенин дайыма эске түшүрөм!»-деп ким айткан?
А) А. В. Затаевич В) В. Виноградов
Б) А.С.Пушкин Г) П. Шубин
…….. – улут маданиятынын …… кенчи.
А) Көсөм, кемибес В) Күү, түгөнгүс
Б) Обон, залкар Г) Ыр, бүтпөс
19. «Тубаса генийлер эки заманды кошуп, күйүп турган от сыяктуу» деген аныктама кимге таандык?
А) В. Виноградовго В) Б. Алагушовго
Б) Ч. Айтматовго Г) П.Шубинге
Комузчунун соку чыгарган күүсү кандай аталат жана анда эмне камтылган?
А) «Кер толгоо», жаштыктын сулуулугу
Б) «Дүнүйө», өмүрдү сүйүү
В) «Замана», турмуштун асылдыгы
Г) «Жумалак ботой», адамдагы ке пейилдүүлүк
Карамолдо кандай талант?
А) кыйын В) жөнөкөй
Б) кадырлуу Г) тубаса
«Көкөй кести» күүсү канча кайрыктан турат жана күү баяны эмне тууралуу?
А) эки, сүйгөн адамы
Б) беш, башынан өткөргөн окуялары
В) үч, жашоонун кызыгы
Г) төрт, келечектеги максаты
Комузчунун мүнөзү
А) менменсинген В) ачуулуу
Б) текебер Г) карапайым
24. Анын күүлөрү композиторлорго угут, жан дүйнөгө күлазык дегенге кандай түшүнөсүз?
А) жаы күүлөрдү жаратууга түрткү бергендиктен
Б) анын күүлөрүн угуу жагымдуу болгондуктан
В) күүнү укканда чарчаганы жоголгондуктан
Г) чыгармачыл адамдарды толкунданткандыктан
Сүйлөмдөрдү тексттин мазмунуна карата толуктаыз
25. Карамолдо ……… дээрлик бардыгынын …….. баяндап ,…. айтып, чертип берген.
А) ырлардын, окуясын, көркөм
Б) күүлөрдүн, тарыхын, элестүү
В) уламыштардын, чечилишин, таасын
Г) жомоктордун, айтылышын, жагымдуу
26. Учурда Карамолдонун ……. урматтоо менен айтылып, бүтүндөй кыргыз ……….. классикалык ………. үлгүлөрү сакталып калды.
А) аты, журтчулугуна, обондун
Б) атагы, музыкасынын, чебер
В) ысымы, күүлөрүнүн, мыкты
Г) дакы, комузчуларынын, сонун
27. Комузчу кадырлуу насаатчы катары эл арасында ……….. ………. .
А) шакирттерин тарбиялаган.
Б) күү чогулткан
В) сый-урмат күткөн
Г) өзү күү иштеп чыккан
28. Комузчу Ч. Иманкуловдун ырынын мааниси
А) Адамдын жашоосунун кымбат экендиги
Б) Капалдын оор тагдыры
В) Көп жатса темирди дат басарлыгы
Г) Күүнү иштеп чыккан Карамолдо экендиги
29. Күүлөрдүн мазмунунда
А) Адам турмушу ар тараптан камтылат.
Б) Адамдын максаты чагылдырылат.
В) Адамдын келечеги баяндалат.
Г) Адамдын мүнөзү сүрөттөлөт.
30. Төмөнкү макалдардын кайсынысы тексттин мазмунуна туура келет?
А) Артык дөөлөт баш жарбайт
Б) Өнөрлүү өлбөйт
В) Өнөрү болсо өргө чап
Г) Жигитке жетимиш өнөр аз
31.Тексттеги негизги ой эмне жөнүндө?
А) Күүлөргө маалымат берүү
Б) Атактуу комузчу тууралуу
В) Элдик күүлөрдү аткаруу жөнүндө
Г) Күүлөрдүн тарыхы жөнүндө
2-бөлүм: Окшоштуктар
Туура жообун белгилеңиз (32-46- суроолор)
32. кой : мышык
а) төө : козу
б) түлкү : чөө
в) суур : коен
г) уй : ит
33.жамгыр : жаз
а) шамал : түн
б) бубак : күз
в) өткүн : жай
г) түшүм : кыш
34. көрөгөч : баамчыл
а) ылдамдык : тездик
б) тың : бышык
в) сейрек : кээде
г) катаал : жеңил
35.аптап : зыркаар
а) сыйкырчы : сээрчи
б) ачык : бүркөк
в) даана : айкын
г) чурка : жүгүр
36. кеменгер : даанышман
а) акын : ырчы
б) бүрдө : бүркөк
в) акылсыз : эселек
г) бүтөл : беки
37 . жаз : жай
а) ноябрь : январь
б) бейшемби : жума
в) бүгүн : кечээ
г) секунд : саат
38. уй : музоо
а) кой : улак
б) эчки : кулун
в) төө : бото
г) жылкы : козу
39. жумуртка : куурулган
а) эт : сүрсүтүлгөн
б) мурч : ачуу
в) халва : таттуу
г) коон : ширин
40. айран : сүт
а) нан : котлет
б) бешбармак : эт
в) помидор : кыям
г) чамгыр : торт
41. калем : жазуу
а) стол : тамактануу
б) шкаф : жыйноо
в) телевизор : көрүү
г) компьютер : үйрөнүү
шарф : пальто
а) галстук : тумак
б) шым : костюм
в) көйнөк : футболка
г) байпак : өтүк
жаратылыш : экология
а) зоология : биология
б) физика : кибернетика
в) химия : анатомия
г) эпос : уламыш
декабрь : кыш
а) август : жай
б) сентябрь : күз
в) секунд : саат
г) метр : тонна
карапачы : чопо
а) айдоочу : машина
б) врач : оорулуу
в) багбан : күрөк
г) наабайчы : халат
адам : көз
а) компьютер : процессор
б) көйнөк : жең
в) чайнек : меш
г) үй : терезе
3-бөлүм; Сүйлөмдөрдү толуктоо
Бош жерлерди толтуруңуз (47-61- суроолор)
47. ………. адамдар гана сырткы келбетке көңүл бурушпайт.
А) Жөнөкөй Б) Тайкы
В) Карапайым Г) Акылдуу
48. ………… - адат, адаттан –мүнөз, мүнөздөн- ………… жаралат.
А) Далалаттан, жорук
В) Аракеттен, тагдыр
Б) Даярдыктан, кыял
Г) Максаттан, жазмыш
49. Келечектин сабатсызы окуй албаган эмес, кантип …………… ……….. адам болот. ( А. Тоффлер)
А) такшалганды байкабаган
В) өздөштүргөндү сезбеген
Б) машыкканды түшүнбөгөн
Г) үйрөнүүнү билбеген
50. ……. ……… таза кармасаң, денсоолугуң ….. болот. (М. Мамытов)
А) Ички дүйнөңдү, чың
В) Колуңду дайыма, чыйрак
Б) Гигиена эрежелерин, бекем
Г) Тамак-ашты, чымыр
51. Эс акылы бар адамды, эс акылы жок жаныбардан айырмалаган ……… ……… -жакшылык менен боорукерлик. (Ч. Айтматов)
А) алгачкы белги
В) мурдагы өзгөчөлүк
Б) башындагы касиет
Г) байыркы сапат
52. ………. ………… тирүүсүндө алкыш алат, жамандар өлсө дагы ………… алат.
Ж. Баласагын
А) Жөнөкөй адам, зыян
В) Сылык адам, кырсык
Б) Жакшы адам, каргыш
Г) Элпек адам, наалат
53. Иштебей …………. жүргөн адамдын бардыгы наадан. Ж. Руссо
А) кароосуз Б) ээн
В) эркин Г) бош
54. Барсбек Орто кылымда Енисейди жердеген кыргыздардын башын бириктирип, ……….-……….. мамлекет курууну көздөгөн.
А) алдуу-күчтүү, эркин
В) күч-кайраттуу, ээн
Б) атак-даңктуу, элкин
Г) күч-кубаттуу, эрктүү
55. Баарынан күчтүү сүйүү - ………… сүйүүсү. Ал эч нерсе менен …………… . Т. Драйзер
А) мекендин, өлчөнбөйт
В) элдин, салыштырылбайт
Б) эненин, бааланбайт
Г) достун, өзгөрбөйт
56. Илгерки кыргыздар итмурунду сарык жана кара сарык ж.б. боор ооруларына, ичөткөккө, ичеги жана ашказандын ………… жана …………. ооруларына кайнатып ичишкен. Б. Акматов
А) кеселдеген, көнгөн
В) ооруган, көнүмүш
Б) сезгенген, өнөкөт
Г) сыркоологон, көндүм
57. Хоккей- кышкы спорт оюндарынын бир түрү катары дүйнөгө …………. . Негизи хоккейдин төрт түрү бар: Эбелек (шайба) менен ойнолуучу, топ менен ойнолуучу (музда), чөптө ойнолуучу хоккей жана ринк хоккейи. Булар бири-биринен өзүнүн ………….., кандай жерде, канча адам ойной тургандыгы менен айырмаланат.
А) даңазалуу, жоболору
В) белгилүү, эрежелери
Б) таанымал, тыянактары
Г) көрүнүктүү, шарттары
58. – Кыргыздар ………….. «Арыбаңыз» деп кайрылышып, анан ага «Бар болуңуз» деп жооп кайтарышчу экен. «Арыбаңыз» деген адамдын куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап айтылган жугумдуу сөз. Ал эми «Бар болуңуз»деген жоопто адамда тирүүлүктөн өткөн …………. жок экендиги таасын туюнтулган. С. Иптаров
А) сүйлөшкөндө, бактылуулук
В) көрүшкөндө, жакшылык
Б) коштошкондо, баалуулук
Г) амандашканда, асылдык
59. ……… тарбиялоонун бирден бир мыкты каражаты өз кемчилигин сезүү болот. Т. Карлейль
А) Элди Б) Өзгөнү
В) Өзүн Г) Баланы
………. ………. дарылабай туруп, ооруган дене бойду айыктырыш ………… .
А) Жан дүйнөнү, оор
В) Ооруган жерди, кымбат
Б) Ой-туюмду, татаал
Г) Акыл-эсти, кыйын
61 . Эки адам чатакташса, алардын …………… айыптуу. Гете
А) акылдуусу В) күчтүүсү
В) улуусу Г) жөндөмдүүсү
4-бөлүм;
Эне тилинин практикалык грамматикасы боюнча тесттин суроолору
Туура жоопту табыңыз (62-90- суроолор)
62. Көп маанилүү сөздөрдүн пайда болушу:
А) антоним менен
В) синоним сөздөр менен
Б) өтмө мани аркылуу
Г) коомдун өнүгүшүнө байланыштуу сөздүн маанисинин кеңейиши менен
63. Сөздөрдүн бардыгы биригип келип ………… түзөт.
А) төл сөздөрдү
В) сөздүктү
Б) сөздүк составды
Г) тилди
64. Ойноп, уктап этиш сөздөрүнүн сөз түркүмү:
А) сын атооч Б) ат атооч В) зат атоооч Г) тактооч
65. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.
Алды сызылган сөздөрдү мүнөздөңүз
А) затташкан этиш сөз
В) атоочтук
Б) түшүндүрмө мүчө
Г) этиш
66. Этиштин туюк мамилесиндеги сөздөр:
А) көрүндү, жуунду, ташынды
В) жазылды, чабылды, катталды
Б) алышты, иштешти, окушту
Г) окугула, үйрөнгүлө, жазгыла
67. Атоочтуктун заттык мааниде колдонулушу
А) Көп жашаган адам билбейт
В) Арстан алганына кубанбайт
Б) Көптү көргөн адам билет
Г) Отургандар сууну көздөй басышты
68. Келе жаткандарды көрө коюп, аял үй ичин жыйнаштыргыча шашты.
Сүйлөмдөгү чакчыл
А) келе жаткандарды
В) жаткандарды көрүп
Б) жыйнаштыргыча
Г) үй ичин
69. Уңгусу өзгөрүүгө дуушар болгон ат аточ сөздөрдүн тобу
А) анда, мунун, сага
В) эч кимди, менин
Б) кимдир бирөө
Г) ошого, аларда
70. Тактоочторго жалганбаган мүчөлөр:
А) ыл, -дыр, -мын
В) –лар жана таандык мүчөлөр
Б) жөндөмө мүчөлөр
Г) бардык эле мүчөлөр
71. Чөп чабылып, эгин бастырылды да, эл кубанды.
Сүйлөм ичинде –лар мүчөсү уланбаса деле көптүктү билдирген сөздөр
А) чабылып, бастырылды
В) кубанды
Б) бастырылды да
Г) чөп, эгин, эл
72. Сөз айкашындагы түгөйлөр (сөздөр)
А) багындыруучу, ыкташуучу
В) багындыруучу, багынычтуу
Б) багынычтуу гана
Г) багындыруучу, башкаруучу
73. Тыянак чыгара турган максатты көздөгөн акыл баарынан мыкты акыл.
Эки тутумдуу сүйлөмдүн түзүлүшү боюнча мүнөздөмөсү:
А) жалаң сүйлөм
В) татааал сүйлөм
Б) жайылма сүйлөм
Г) жаксыз сөйлөм
74. Жактуу сүйлөм:
А) Мага отурууга туура келди
Б) Оозуңа май, кагылайын.
В) Мындан артык болбойт, болушу да мүмкүн эмес.
Г) «Өрнөк» айлынын клубу, ичи жык-жыйма эл.
75. Сырдык сөздөргө тыныш белгиси тура коюлган сүйлөм:
А) Чү, жаныбарым, Чоңтору, чү.
В) Чү жаныбарым Чоңтору чү!
Б) Чү жаныбарым, Чоңтору чү.
Г) Чү, жаныбарым Чоңтору, чү!
76. Ошентип, 1949-жылы гана өзүмдүн айылыма, кичинекей Корумдума келдим.
Сүйлөмдүн мүнөздөмөсү:
А) толук сүйлөм
В) татаал сүйлөм
Б) киринди сөздүү сүйлөм
Г) обочолонгон түшүндүрмө мүчөлүү сүйлөм
77. Мен сенин билимиңди, тажрыйбаңды, адамкерчилигиңди сыйлаймын.
Асты сызылган сөздөрдүн сүйлөм мүчөлүк милдети:
А) бир өңчөй ээ
В) бир өңчөй толуктооч
Б) бир өңчөй баяндооч
Г) бир өңчөй аныктооч
78. Азаматты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.
Татаал сүйлөмдүн түрү:
А) тең байланыштагы татаал сүйлөм
В) көп багыныңкылуу сүйлөм
Б) багыныңкы татаал сүйлөм
Г) аралаш сүйлөм
79. «Турсун эшикке чыкканда, күн эбак батыптыр»
Сүйлөмдөгү багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдүн ………… билгизет.
А) себебин Б) түзүлүшүн
В) ордун Г) мезгилин
80. Ынтымак болбой, иш болбойт.
Багыныңкы сүйлөмдүн түрү
А) орун багыныңкы В) шарттуу багыныңкы
Б) мезгил багыныңкы Г) сын-сыпат багыныңкы
81. Балалык өзүнүн келечеги менен бактылуу
Сүйлөмдүн баяндоочу:
А) балалык Б) келечеги
В) бактылуу Г) өзүнүн
82. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет.
Сүйлөмдөгү толуктооч:
А) күйгүзгөн Б) айранды
В) оозун Г) ичет
83. Уктоо, балдар, китеби, алтоо деген уңгусу өзгөрүп кеткен сөздөрдүн
жазылышынын орфографиялык принциби:
А) тарыхый Б) морфологиялык
В) тыбыштык Г) фонетикалык
84. Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча туура коюлган сүйлөм:
А) Ак эмгектин - наны таттуу, жамандын- жаны таттуу.
Б) Улуу - баласы Балтабай.
В) Илим - өнөр булагы, өнөр - өмүр чырагы.
Г) Бизде - табигат тартуулаган ушундай кооз аймактар көп.
85. Фразеологиялык бирдик
А) төбөгө чай кайнатуу
В) кулак- мурун кескендей
Б) кулак укус, көз жеткис
Г) бөйрөктөн шыйрак чыгаруу
86. Кайгырган маанини туюндурган фразеологиялык айкаш:
А) ичинен сызуу
В) кабагы ачылбоо
Б) бирдин айындай чоюлуу
Г) кабагын бүркөө
87. Татаал сөз:
А) жашыл жалбырак
В) кичинекей жалбырак
Б) көк жалбырак
Г) бака жалбырак
88. Тыбыштык жактан өзгөртүлүп айтылган сөздөр:
А) жаан, челек, чайнек
В) көлөч, чиркөө, сот
Б) үй, мектеп, китеп
Г) поезд, бизнес, кредит
89. Үндүүлөрдүн таасири менен жумшарып кеткен сөз:
А) дептерди Б) калемди В) дарагы Г) суусу
90. Кеп деген ………..
А) тилдеги бардык сөз В) сөздүк состав
Б) сөздүн мааниси
Г) тил каражаттарынын турмушта колдонулушу