СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Я учитель математики

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эссе.

  1. Сиздин оюңузча, МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптери мектептерде кандайча ишке ашырылышы керек?

  2. Кандай чектөөлөр бар жана аларды кантип жеңсе болот?

Санариптик сабаттуулук -бул компьютер аркылуу жөнөкөй программалар менен иштей билүү. Башка кесиптин ээси сыяктуу эле, мугалим да санариптик сабаттуулуукка-санариптик коомдо жашоо үчүн зарыл болгон негизги билимдерге, көндүмдөргө жана мамилелерге ээ болушу керек. Эгер инсан ушуну жакшы өздөштүрүп алса, санариптик көндүмдөргө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Мугалим азыркы учурда балдар менен иштешүүнүн ар кандай технологиялык жолдорун үйрөнүп окуучулара терең билим берүүгө умтулууда. МКТ нын кемчиликтери бар. Тактап айтканда маалымат өтө чоң болушу мүмкүн. МКТ предмети максаттан алыстатуучу алаксытуу булагы болушу мүмкүн. Мурун бардыгы эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана бизнестин атаандашыгына оң таасирин тийгизип, бизнес жүргүзүү жолун өзгөртөт.

Мамлекеттик саясаттын принциптери качан ишке ашырылат?

Ар бир агартуучуда төмөнкү билим билгичтиктер толук калыптанганда:

  • Медиа жана маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча сабаттуулук.

  • Программалык камсыздоолор, алардын функциялары жана мүмкүнчүлүктор

  • Компьютерде же ноутбукта иштөө жөндөмү

  • Компьютердик тармактардын, интернеттин бар экендиги жөнүндө билими калыптанганда гана.

Эми сөз МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатта кандай чектөөлөр бар аларды кантип жеңсе болот?

Заман талабына ылайык мугалим окуу процессинде ар кандай техникалык шаймандарды, колдо бар компьютердик программларды, ачык билим берүү ресурстарын жана санариптик билим берүү платформарын тандашы жана колодошу керек. Байкаса МКТ менен байланышкан концепциялар, методдор жана колдонмолор дээрлик кун сайын тынымсыз өнүгуп барат

Мектеп организациясынан баштап, бардык мугалим жана окуучулар санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүсү керек, анткени бул заман талабы.

Мугалим жана окуучулар сабак учурунда электронный доскалардан, проектор, компьютер, планшет жана телефондордон пайдаланышы мүмкүн.Эгер туура пайдалана билсе, көптөгөн нерселерди үйрөнүүгө жана жаңы идеяларды пайда болушуна себеп болот.

Менин оюм боюнча, МКТ биз жана өлкөбүздүн жаркын келечени үчүн аябай маанилүү.Бирок интернеттин үзгүлтүксүз болушуна жана электр энергиясын ар дайым күйүп турушуна эч ким жооп бере албайт, ошондуктан колубузда бар мүмкүнчүлүктөрдөн өз ордуна, өз доорунда туура пайдаланып, калышы жана кандай заман болсо ушуга ыңгайлашып барышыбыз үчүн өз үстүбүздө бекем бел байап иштешибиз керек!

30.05.2024 09:38