СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийгилик баяны

Нажмите, чтобы узнать подробности

Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылаган, “Ийгиликке кадам” Коомдук Бирикмеси аткарган “Кагазсыз мектептер” долбоорунун алкагында алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Тактап, айтканда Google Apps платформасында мектептин расмий сайты ачылды. Сайттын түзүлүүсү мектептин дагы бир жетишкендиги деп эсептейм. Мектептин тарыхы, жетишкендиктери, укуктук-нормативдик документтер, сабактардын расписаниеси, окуу процессине, тарбиялык иштерге байланышкан документтер, мугалимдердин эмгектери, он-лайн газета, ж.б. материалдар электрондук вариантка которулуп сайтка кошулду. Окуучулардын да уюлдук телефондор аркылуу мектеп боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Мектептин сайты боюнча педагогикалык жамаатка жана окуучуларга презентация жасалып, маалыматтар берилди.

Мектепте твиттер кызматынын иштеши да чоң инновация болду. Окуучулар үчүн https://twitter.com/tsl_okuuchu, жана мугалимдер үчүн https://twitter.com/tsl_mugalim твиттер түзүлдү. Твиттер аркылуу мектеп жаңылыктары, иш чаралар ыкчам жеткирилип жатат. Бул иш абдан натыйжалуу болуу да. Директор, окуу-тарбия боюнча директордун орун басарынын, тарбия иштери боюнча директорунун орун басарынын иштерин жеңилдетүүдө. Класс жетекчилер тарабынан класстагы ата-энелерге жана окуучуларга өзүнчө твиттер түзүлүп, регистрация жасоо сунушталуу да.

Мындан тышкары, Google Apps- та иштөө жөнөкөй, ыңгайлуу жана мүмкүнчүлүктөрү кенен болгондуктан администрацияга, мугалимдерге, окуучуларга корпоративдик почталар ачылды. Бул почта аркылуу электрондук каттарды жазып аларды жибергенди, Google Documents кызматын өзүнүн ишинде колдонуу боюнча семинар-тренингдер өтүлдү. Бардыгы болбосо да, айрымдары почта аркылуу иш жүргүзүп жатышат. Тактап айтканда, 5 окуучунун электрондук портфолиосу түзүлдү. Алар Акбарова М., Элис кызы А., Орузбаев А., Болотов Ч.дын портфолиолору түзулдү. Демек, башка окуучулар менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү пайда болот десек жаңылышпайбыз. Мындай портфолиолорду түзүүгө көпчүлүк окуучулар кызыгууда. 10- класстардын окуу-тарбия процесси текшерилип жатат. Текшерүүдө окуучулардын портфолиосу ж.б. иштери текшерилет. Кагаз түрүндөгү файл- портфолиолор окуучулар үчүн кызыгууну жаратпагандыктан, педагогикалык кеңешмеде ар бир окуучунун чыгармачылыгын чагылдырган электрондук портфолиосун даярдоо сунушталды. Анткени, замандын талабына ылайык иштерди жүргүзүу талап кылынат.

Мугалимдер арасында да өздүк сайттарды даярдоо иштери кызыгуу менен жүрдү деп айта алам. Сайттар мугалимдин чыгармачылыгын, тажрыйбасын, эмгектерин, календардык пландарын ж.б. камтыды. Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Озубекова Жибек Райымбекованын жеке сайты түзүлүп, тажрыйбасы республиканын билим берүү тармактарында жайылтылууда. Ошондой эле бул багытта А. Садиевдин, Г. Асанбаеванын, Ч. Касымбаеванын, А. Сырдыбаеванын иштери жалпыланып, өздүк сайттар ачылды. Башка мугалимдердин сайт түзүу боюнча кызыгуусу пайда болууда.

Ийгиликтер менен катар көйгөйлөр да жок эмес. Билим берүү министрлиги менен макулдашылган болсо абдан жакшы болмок. Баардык эле мугалимдердин, окуучулардын интернетте иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондугу. Баардыгынын кызыгуусу бирдей эместиги. Мектеп-лицейидин окуучулары областыбыздын ар тарабынан келип окушат. Ата-энелердин көпчүлүгү айыл жергесинен болгондуктан интернет байланышына тартуу кыйынчылыктарды пайда кылууда. Бирок, бул көйгөйлөрдү алыстануу үчүн көмөктөштөр керек экендиги талашсыз.. Ал эми мектептин, мугалимдердин жана окуучулардын сайттарында системалуу түрдө жаңылоо, толуктоо иштерин жүргүзөбүз деп ишенем. Кызыккандарга жардам көрсөтүп, мындан ары долбоорду улантып, 100% кагазсыз мектепке айланууга чоң үмүттөрүбүз бар

“Кагазсыз мектептер” долбоору келечектүү. Коомчулуктун мүмкүнчүлүгү болгон учурда ар бирибиз интернет аркылуу көйгөйлөрдү чечип каларбыз- ал күн алыс эмес.

Категория: Информатика
17.01.2020 22:06


Рекомендуем курсы ПК и ПП