СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ИНТЕРНЕТ
Компьютерлердин турмуштун түрдүү тармактарына таралышы алардын арасындагы байланыш системаларынын түрлөрүнүн көбөйүшүнө алып келди. Компьютерлерди бири-бирине туташтыруунун максаты - бир кыйла кубаттуу компьютердин ресурстарын (информацияларды сактоо, программалык жабдуу, сервистик кызматтар ж.б.) коллективдүү пайдалануу жана компьютерлер арасында информация алмашуу болуп саналат.
Түйүндөрдү уюштуруу үчүн сервер, туташтыруу кабелдери (же нуль-модем), модем, телефон линиясы жана аларды тейлөөчү программалык жабдуу болушу керек.
Модем - бул компьютер менен телефонтүйүнүнүн ортосунда МОдуляция (цифралыксигналдарды аналогдук сигналдарга айландыруу) жана ДЕМодуляция (аналогдуксигналдарды цифралыксигналдаргаайландыруу)кызматын аткаруучу электрондук түзүлүш. Жөнөкөй сөз менеи айтканда, компьютер менен телекоммуникация түйүндөрү ортосундагы «тил» түшүнбөстүктү жөнгө салуучу аспап. Алардын «ички» жана 4сырткы» деп аталчу түрлөрү да бар.
«Ичкилери» компьютер ичине орнотулуучу плата катарында болушат. «Сырткы» модемдер өз алдынча түзүлүш жана иштөөсү үчүн өзүнчө ток булагы талап кылынат.
Түйүндөр эки же андан көп компьютерлерден (компьютер системасынан) турушат. Баарынан кубаттуусу - сервер, ал эми калгандары клиенттер болушат.
Эгерде, клиент ролун аткаруучу компьютерлерде басып чыгаруу каражаты (принтер) жок болсо, анда алар сервердин принтерин (сервердин уруксаты менен) пайдалана алышат.
Кичинекей түйүндөр, мисалы, мекемедеги бөлүмдөр түйүндөрү, бир кыйла ири компьютердик түйүнгө бириктирилип, андан ары алар мекемелер аралык түйүндөргө, бул түйүндөр андан да ири ж.б. түйүндөргө, кыскасы, акырында келип Интернетке, б.а. эл аралык түйүңдөргө кошулушу мүмкүн.
Мындай байланышты схема менен түшүндүрүүгө болот.
Эл аралык практикада электрондук бюллетень (BBS-BulletinBoardSyyte/w-кулактандыруу доскасы) деп аталуучу термин да кездешет. BBS- бул башка компьютер менен байланыштыра алчу атайын программаны аткарган компыотер. BBSбир канча компьютерлерден турушу мүмкүн. Алар мамлекеттик мекемелерге, университеттерге, мектептерге, коммерциялык ишканаларга ж.б. таандык болушат да, адатынча, информациялык системалар болуп эсептелишет.
Демек, компьютердик түйүн - бул бири-бири менен аракеттенише ала турган компьютерлер тобу. Байланыштар атайын чыгарылган программалык жабдуулар менен уюштурулат жана башкарылат. Кабарлар алмашуу, информация бөлүштүрүү компьютердеги файлдар (программалар) деңгээлинде жүргүзүлөт.
Интернет (түйүндөрдүн түйүнү) жогоруда каралып кеткен түйүндөрдүн миңдегендерин бириктирип (туташтырып) турат. Алардын көпчүлүгү BBSсыяктуу аракет кылышат.
Компьютерлер системасы менен байланышуу үчүн адегенде ага кирүү керек б.а. провайдер менен
байланыш түзүү керек (Провайдер - Интернет кызматынан пайдалануу укугун берүүчү мекеме, мисалы, ElCat, Asialnfo). Байланыш, клиент өзү жөнүндө билдиргенден кийин гана түзүлөт жана система өз кызматынан пайдаланууга уруксат берет. Адатынча, системага кирүү үчүн (кээ бир гана учурларды эсепке албаганда) телефон номери, пароль жана счет аты талап кылынат,
Интернет түйүнүнө кирүү тартиптери: Off-line-электрондук почта кызматы, файлдар серверинен файлдарды жөнөтүү; On-line- информация алуу мүмкүнчүлүгү каалаган мезгилде жүргүзүлөт.
On-lineтартибинде информациялык ресурстарга кирүү үчүн бир канча системалар иштелип чыгарылган: WAIS{WideAreaInformationServer-глобалдык информациялык сервер), WWW(Буткул дуйиолук желе), Hyper-G, FTP(FileTransferProtocol-файл жөнөтүү протоколу), Archie(archive- архив),Gopher(Сары чычкан), VERONICA(VeryEasyRodent-OrientedNet-wideIndextoComputerizedArchives).
Байланыш программалары туташтыруу ыкмасына жараша түрдүүчө болушат. Туташтыруу ыкмаларын төмөнкүчө бөлүштүрүүгө болот:
а) туруктуу;
б) түздөн-түз терим аркылуу;
в) терминалдык терим аркылуу;
г) электрондук почта.
Туруктуу туташтыруу ыкмасы менен, көпчүлүк учурларда, мекемелердеги комиьютердик системалар иштешет. Бул учурда телефон номерин терүү талап кылынбайт, бирок клиент толугу менен системалык администраторго көз каранды болуп, байланыш түзүүчү
ажыратылат.
Экинчи ыкманы «чыныгы туташтыруу» Десе болот. Түздөн-түз терим аркылуу туташтырылуучу компьютердеги операциялык системада иштей алчу каалаган байланыш программаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү туулат жана компьютер хост-компьютердин {host- кожоюн деген мааниде) кызматын аткарат.
Туруктуу жана түздөн-түз терим аркылуу туташтыруулар TCP/IP(TransmissionControlProtocol/ InternetProtocol) деп аталуучу протоколдор аркылуу жүргүзүлөт. Протокол- түйүндөрдө компыотерлердин бири-бири менен «сүйлөшүүчү тили».
Терминалдык терим аркылуу туташтыруу сервистик компаниянын хост-компыотеринде орнотулган ТЖПХСоперациялык система) системасында иштеп турган программа аркылуу ишке ашырылат.
Электрондук почта. Бул учурда байланыш сервистик компания орнотуп кеткен программа (мисалы, DmaiiWin, Eudoraж.б.) менен ишке ашырылат.
WorldWideWeb
WorldWideWeb (WWW) - сөзмө-сөз которсок, бул дүйнөлүк кеңири түйүн, ал эми көнүмүш адат боюнча - бүткүл дүйнөлүк желе.
Web- бул Интернетте ишке ашырылган программалык система. Анын негизи - көптөгөн
компьютерлерде файлдар түрүндө сакталып турган Webдокументтери {тагыраак айтканда HTML{HyperTextMarkupLanguage- гипертексттик меңдер тили) документтери} болуп саналат. Ал файлдарды таап интернет аркылуу клиенттерге жиберүүчү атайын программалар Webсерверлери, ал эми аларды серверден сурап алуучу программалар - Webброузерлери {browser- карап чыгуучу) деп аталышат. Демек, броузерлердин баары клиенттер болушат.
Webтехнологиясы 1989 жылы Цюрихтеги ядролук физика институтунда (CERN) информация алмашууну эффективдүү жана оперативдүү жүргүзүүгө арналган проект катарында пайда болгон. Анын автору - TimBerners-Lee.
Биз Интернетте иштеп жаткан мезгилде броузер чыгарып берген HTML-документтерин окуйбуз. Алар ASCH-коддору аркылуу жазылган текст түрүндөгү файлдар болуп саналышат жана броузерлерсиз окуу кыйын. Броузер документти ачып, андан атайын коддорду издейт. Ал коддор броузерге тексттин ар бир бөлүгү менен кантип иштөөнү көрсөтүп турат. Мисалы, «Бул - документтин аталышы», «Бул -текст», «Бул - музыка», «Бул - сүрөт», «Бул текст тигил текст менен байланышкан» ж.6. Броузер коддорду окуп, мазмунун издеп таап, текст, сүрөт болсо экранга чыгарып же фильм, музыка болсо ойнотуп берет.
Кадимки HTMLдокументинин NCпрограммасы (F3) аркылуу көрүнүшү келтирилген
.Маалыматтарды түйүндөр аркылуу жөнөтүү үчүн бир канча протоколдор иштелип чыгарылган. Алардын ичинен HTTP(HyperTextTransferProtocol-гипертекст жиберүүчү протокол) жана FTP{FileTransferProtocol- файлдарды жиберүүчү протокол) мисал боло алат. Бул протоколдор уйкаш аттуу станцияларда (серверлерде) колдонулат.
Ар бир WebpecypcyURL( UniformResourseLocator- ресурстун универсалдык локатору) деп аталуучу дарекке ээ^
Бул даректер, мисалы, http:// же ftp://, станциялардын аттарынан башталат. Андан ары хост-компьютердин дареги, мисалы, www.inftaber.com, башкы каталог дареги - /taber.abber/, эн акырында ресурс дареги: /adj.htmжазылат б.а. төмөнкүчө:.
http://www.inftaberxom/taber.abber/adj. htm
Броузерлердин, компьютер кайсы операциялык системада иштешине же Интернетке кайсы ыкма менен туташтырылгандыгына жараша, ондогон түрлөрү (текст жана графикалык) бар. Windowsсистемасында иштөөчү броузерлерден Mosaic, Cello, WinWeb, MosaicNetscape, SuperMosaic, WebNavigator, InternetChameleon, WordViewer (WinWordпроцессору үчүн), InternetWorksж.б. алууга болот.
Азыркы мезгилде эң эле популярдуу броузерлердин бири NetscapeCommunicationCorp. фирмасынын NetscapeNavigatorброузери болуп эсептелет. Биз бул броузердин 3.0 версиясы менен кыскача таанышып көрөлү.
NetscapeNavigator (NN)
Албетте, NetscapeNavigatorменен иштөө үчүн Интернетке байланышуу керек. Бизде байланышуунун эки жолу бар: а) компьютер локалдык түйүн аркылуу; 6) модем жардамында телефон линиясы аркылуу туташтырылат (dial-up). Биринчи абалда компьютер Интернет кызматынан ар дайым пайдалана алат. Түйүндөрдө иштөөчү каалаган программа меиен иштөөгө болот. Ал эми экинчи абалда сервер монен байланышуу программасы ишке салынат, мисалы, TrumpetWinSock.
Байланышуу учурунда диалогдук терезече компьютердин сервер менен туташуу процессинин жүрүшүн чагылдырып турат. Модем жана телефон зымы аркылуу сервер менен байланышып (1-2 минутага созулат), Интернетте иштөөгө уруксат алынат. Андан кийин гана NetscapeNavigatorишке кийирилип, көрүнүш пайда болот.
Ар бир сервердин HomePage( «үй бети») деп аталуучу информациялык кабары броузердин иштеши менен экранга чыгарылат (көрсөтүлгөн эмес). Анда Сервердин клиенттерге тартуулоочу түрдүү кызматтары, Интернетке жол, Webресурстары, рекламалар, сунуштар ж.б. тизмелери келтирилет.
NN кызматы: Webдокументтерин файл (адатынча .htmтибинде) түрүндө сактоо, мурда жазылгандарыначып окуу, Интернетке, Webресурстарына саякат жасоо, электрондук почта аркылуу документтер жөнөтүү ж.б.
Жогоруда айтылып кеткендей ар бир Интернет документтеринин аталышы жана уникалдуу даректери бар. Документтин аты NN программасынын бөркүндө квадраттык кашаага алынып жазылат, ал эми дареги Locationталаасында жайланышат.
Документтер экранда нормалду}' окулушу үчүн күрсөтүлгөн аракеттер аткарылып, акырында Cyrillie[Winl251] сапчасы белгиленүүсү тийиш.
Эгерде документ бир беттен көп болсо, NN терезесинин оң жана төмөн жактарындагы барактоо каражаттары же PageUp, PageDown, курсорду
башкаруу жебелери бар клавишалар "Is,Ф менен барактоо мүмкүнчүлүгү бар.
Документтерди басып чыгарууда FilePrintбуйругу же аспаптар панелиндеги Printкнопкасы колдонулат.
Документтерден керектүү абзацтарды, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү издеп табуу үчүн Ctrl+ Fклавишаларын же аспаптар панелиндеги Findкноикасын басуу керек. Керектүү, издеп табылган документтерди катуу дискте сактап коюу үчүн FileSaveAs., буйругу аткарылат.
Сакталган документтерде текст өзү, ал эми сүрөттөргө, фотографияларга көрсөтмөлөр (текст түрүндө) гана калат. Сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү же графиканы сактоо үчүн SaveImageAs., буйругун колдонсо болот.
Webдокументтерине саякат
Экранда кандайдыр бир документ ачылып турган учурда биз графика же сүрөт, текст гана көрбөстөн, кээ бир документтерге асты сызылган же түстүү сөздөр, фразалар, сүрөт, фотосүрөт түрүндөгү көрсөткүчтөр да байкалат. Эгерде, ал көрсөткүчтөр «чычкан» курсору аркылуу басылган болсо, анда алардын дареги Интернет аркылуу изделип табылат да, экранга жүктөлөт.
Демек, экранда бир гана беттен турган терезе эмес ондогон документтердин беттери кезек күтүп турушат. Аларды издеп табуу Back (артка), Forward (алга), Home
© 2019, Жумабаева Эльзат Турдакуновна 666