СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
I. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ, МАКСАТЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАР Предметтин концепциясы. Башталгыч мектепте информатиканы окутуунун концепциясы заманбап санариптик технологияларды өздөштүрүүгө, окуучулардын маалыматтык маданиятынын негиздерин, компьютердик сабаттуулугун жана логикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Негизги мектепте басым санариптик технологияларды, программалоону жана алгоритмдик ой жүгүртүүнү тереңирээк үйрөнүүгө, креативдүүлүктү, колдонмо маселелерди чечүү көндүмдөрүн, маалымат менен иштөөнүн практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, IT-тармагында кесиптик ишмердикке даярдоого жана STEM ыкмасы аркылуу башка илимдер менен билимдерди интеграциялоого жасалат. Жашоосуна, даярдыгына, жынысына, социалдык статусуна жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бардык балдарга IT-билим алууда тең мүмкүнчүлүктөр камсыздалат. Инклюзивдик жана ийкемдүү окутуу формалары колдоого алынат, ошондой эле санариптик чөйрөдө, айрыкча кыздарга колдоо көрсөтүү аркылуу жыныстык стереотиптерди жоюу эске алынат. Ар бир баланын потенциалын ачууга багытталган коопсуз жана шыктандыруучу чөйрөсү түзүлөт. Ушул багытта информатика сабагы технологияларды үйрөтүү менен чектелбестен, калыс жана ачык коомду калыптандырууга да өбөлгө түзөт, ал коом санариптик доордо жашоого даяр болот. Максаты. Башталгыч мектептеги информатика сабагы окуучулардын маалыматтык маданиятынын, логикалык ой жүгүртүүсүнүн жана санариптик көндүмдөрүнүн негиздерин калыптандыруу аркылуу алардын коомдук жашоого ийгиликтүү интеграцияланышын, өзгөчөлүктөрүн эске алууну камсыздайт. Негизги мектептеги информатика программалоону, маалыматтык технологияларды үйрөтүү жана колдонмо тапшырмаларды чечүү аркылуу окуучулардын алгоритмдик жана сынчыл ой жүгүртүүсүн, креативдүүлүгүн жана санариптик компетенцияларын өнүктүрөт. Милдеттери: Негизги билимдерди берүү. Компьютердин түзүлүшү жана анын негизги функциялары жөнүндө түшүндүрүү. Санариптик маалымат менен иштөөнүн негиздерин (издөө, сактоо, иштетүү) үйрөтүү. Графикалык, тексттик жана мультимедиялык редакторлор менен тааныштыруу; Логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Алгоритмдерди түзүү жана анализдөө жөндөмдөрүн калыптандыруу. Программалоонун негиздери менен таанышуу. Маселелерди чечүү көндүмдөрүн жана чыгармачылык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү; Санариптик сабаттуулукту калыптандыруу. Санариптик каражаттарды жана интернетти коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонууга үйрөтүү (фишингден сактануу, маалыматтарды коргоо, кибербуллингден коргонуу). Бардык окуучуларга, анын ичинде кыздарга жана аялуу топторго тең мүмкүнчүлүк камсыздалат, санариптик тоскоолдуктарды жоюуга жана ишенимди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат. Креативдүүлүк жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү. Санариптик долбоорлорду иштеп чыгуу, мультимедиалык контент менен иштөө, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү жөндөмдөрүн калыптандыруу. Оюн түрүндөгү ыкмалар жана чыгармачыл тапшырмалар аркылуу программалоону үйрөнүүгө кызыктыруу. Кыздар жана аялуу топтордун өкүлдөрү да толук катыша ала тургандай шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Интеграциялык көндүмдөрдү калыптандыруу. Информатика менен математика, тилдер жана табигый илимдерди айкалыштыруу. STEM-окутуу моделин колдонуу. Командада иштөө жана биргелешкен долбоорлорду аткаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү; Санариптик технологиялар боюнча туруктуу билимди калыптандыруу. Компьютердик системалар, тармактар, киберкоопсуздук жана маалымат базаларынын негиздерин үйрөтүү; Алгоритмдик жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Маалыматтардын түзүмүн, алгоритмдерди жана аларды оптималдаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү; 4 Программалоого үйрөтүү. Визуалдык код жазуудан тексттик программалоо тилдерине (Python, JavaScript, C++ ж.б.) өтүү, алгоритмдерди жана санариптик чечимдерди түзүү; Креативдүү жана долбоордук ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Колдонмолорду, оюндарды, веб-сайттарды, мультимедиалык продуктыларды түзүү. Долбоордук иш аракеттер инклюзивдүүлүк принцибин эске алуу менен уюштурулуп, кыздардын техникалык активдүү ролдорун колдоо жана салттуу жыныстык стереотиптерди жоюу багытында жүргүзүлөт. Санариптик сабаттуулукту жана коопсуздукту калыптандыруу. Санариптик сабаттуулукту жана коопсуздукту инклюзивдүү жана гендердик сезимталдыкты эске алуу менен: жеке маалыматтарды коргоо, интернетте коопсуз жүрүү, маалыматты сынчыл талдоо жана бардык окуучулардын тең катышуусун камсыздоо аркылуу үйрөтүү. Колдонмо маселелерди чечүү. Математикада, так илимдерде жана инженерияда (STEM-ыкмасы) санариптик куралдарды колдонуу. Кесиптик ишмердикке жана келечектеги окууга даярдоо. Келечектеги окууга жана кесиптик ишмердикке даярдоо: ар түрдүү тармактарда талап кылынган заманбап IT көндүмдөрдү өздөштүрүү менен бардык окуучуларга тең мүмкүнчүлүктү жана колдоону камсыздоо.
© 2026, Mizaeva Tansuluu Kylychbekovna 55