СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун максаты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуунун максаты - деп билим берүүнүн мазмунун бардык компоненттерин окуучулар тарабынан толук өздөштүрүлүшүн камсыз кылууну атайбыз.

Окутуунун бирдиктүү максаты - сабакта билим берүүчүлүк, тарбиялоочулук жана өнүктүрүүчулүк функциялардын, милдеттердин аткарылышында ишке ашырылат. Окутуунун бул максаттары билим берүүнүн мазмууну менен, ал эми билим берүүнүн мазмуну болсо негизинен төмөнкү төрт элементти камтый тургандыгын толугураак чечмелеп көрсөтөлү.

1. Жаратылыш, техника, коом, адам жөнүндөгү билимдердин жыйындысы (илмидин негиздери);

2. Ишмердүүлүктүн буга чейинки жалпыга белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбалары (билимдерди практикалык жана интеллектуалдык иштерде колдонуунун ыкмалары, б.а билгичтиктер жана көндүмдөр);

3. Чыгармачылык менен өз алдынча изденип эмгектенүүнүн тажырыйбасы (чыгармачылык менен эмгектенүү атайын интеллектуалдуу иштерде кездешет, аны күн мурунтан алдын ала жөнгө салынуучу аракеттердин системасы катарында көрсөтүү мүмкүн);

4. Бизди курчап турган объектилерге, айлана-чөйрөдөгү алардын ар кандай көрүнүштөрүнө, адамдарга Эмоциялуулук менен адамгерчиликтүүлүк, боорукерлик менен мамиле калуунун тажырыйбасы (тарбиялуулуктун, ыймандуулуктун белгилери).

10.06.2021 07:31