СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
С А Л Т
Салт дегенибиз эмне? “Кытайды кытай кылган Конфуций” – деген кеп бар. Ага шакирттери: “Сиз көптү билесиз” дешкенде, Конфуций: “Кайдан, мен тек гана каада-салтты катуу кармайм” деп жооп берчү экен. Кыргыз элинин бүгүнкү күндөгү чоң философторунун бири, профессор Ж.Бөкөшов салтка мындайча баа берет: “Салттын салмагы, күч-кудурети аны канчалык ардактаганыбызга, кадырына жеткенибизге жараша болот. Салтты сактасаң, салт сени сактайт. Эмнеден сактайт? Жаңылыштыктан, алабармандыктан, өзүм билемдиктен, осолдуктан, коркоктуктан, чыр-чатактан. Салтты билсең, салтты кармансаң, ал сени көптөгөн жагымсыз, күтүүсүз, жарамсыз касиеттерден, уяла турган, арыңа тийчү жорук-жосундан сактайт. Салтка кам көрсөң, ал сен үчүн кам көрөт, сага иштейт” (1,28). Анда салт дегенибиз эмне? деген суроо коюлса, токтоосуз түрдө: эскиден бери келаткан жашоо нормалары салт деп аталат дей саларыбыз бышык. Ал эми китептин тили менен айтканда: салт дегенибиз, эч жерде жазылбаган, бирок, жазылган мыйзамдарга караганда катуу сакталган элдик жашоо мыйзамы же нормасы.
Элдик салт эзели соолубаган энергияны кайдан алат?
САЛТ эски экенине карабай, эч качан шалдырап, алдан-күчтөн тайыбаган, дайыма жапжаш жана жашообуздун, жүрүш-турушубуздун бардык жагын тескөөгө түбөлүккө жетерлик кубаты бар, күүлүү-күчтүү кыйын нерсе. Ага бийликтин дагы, кара күчтүн дагы, акчанын дагы алы жетпей тургандыгын мен эс тарткандан бери бүгүнкү күнгө чейинки өмүрүмдө көп жолу күбө болдум. Салтты жоёбуз дегендер, жоймок турсун, өздөрү жоюлуп жок болгонун көп көрдүм. Демек, салттын жаны кайда экендиги, ал соолбогон энергияны кайдан алары жөнүндө ойлонууга негиз бар. Салттын күчү падышаны тайдырганын жомоктогон икаяларды бардык элдер жараткан.
Салттан падыша кантип жеңилген?
Мисалы, биздин заманга чейинки IV кылымдарда Софокл деген таланттуу грек драматургу болгон. Анын, бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон кала берген “Антигона” аттуу трагедиясында Креонт деген падышанын салтка каршы чыгам деп баласынан, аялынан айрылган трагедиясы көрсөтүлгөн. Падыша Креонт Полиник деген саясий каршылашын жазаламак болуп, анын өлүгүн талаада калтырууну чечет да: “Ким Полиниктин сөөгүн жерге берсе, ал өлүм жазасына тартылат” деген өкүм чыгарат. Полиниктин Антигона деген карындашы, ал буйрукка карабай бир тууганынын сөөгүн көмөт. Падыша эч кимди, ал турсун уулу Гелон суранса дагы укпай өз өкүмүн ишке ашырууну буйрат. Ошол учурда оракул келип, бул иштин арты жаман болорун айтат. Падыша буйругун бузууга аргасыз болот. Бирок, чабарман жеткенче, буйрук ишке ашырылып калат. Сүйгөн кызынын өлгөнүн угуп, ханзаада Гелон өзүн-өзү өлтүрөт. Баласынын күйүтүнө чыдабай, күйөөсүн каргап-шилеген бойдон Креонттун аялы каза болот. Ошентип, салттан таям деген падышаны катуу жазалап, ал эми бир туугандык парзын аткарган эр жүрөк кызды даңазалоо менен трагик Софокл өзү элдик салттын көшөргөн жактоочусу экендигин көрсөткөн – деп жазышкан байыркы комментаторлор. Демек, салт айрым учурда Кудайды алмаштыра алгандыгы менен жандуу, дайыма жаңы жана күчтүү экен.
Салттын тарбиялык мааниси
Салт деген кылымдап калыптанат жана анын себептери абдан тереңге катылган. Бүгүн андан баш тартуу менен биз эртеңки келечекте улуттук тарбиялоо мектебиндеги жаш муундарга өткөрүп берүүчү орчундуу адамдык нарктарды жоготуп алып, эч кандай кыртышта отурук албаган, эч кандай тамырга байланбаган камгактарды тарбиялоого өтүшүбүз мүмкүн.
© 2021, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 231