СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
БЕКИТЕМИН
Тарбия иштеринин уюштуруучусу:____________А. Медеров
«_____»___________2019-жыл
Тарбиялык саат 3-класс
Тема: Намыс жана анын түрлөрү.
Колдонулган ыкма: Акыл чабуулу класста жалпы талкуулоо, чакан топтордо иштөө.
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар жалпы талкуу аркылуу «Намыс жана намыскөйлүк деген эмне? Намыскөй адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?» деген суроолорго жооп алышат.
Тарбиялоочулук максаты: Окуучулар намыс жана намыскөйлүктүн түрлөрү жөнүндө түшүнүк алуу менен намыскөйлүк кыргыз элинин байыртадан берки келе жаткан жакшы сапаттары экенин билишип, Манас баатырдай намыскөй болууга тарбияланышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар чакан топтордо намыскөйлүктүн түрлөрүн талдоо аркылуу биргелешип иштөө көндүмдөрүн жана намыскөйлүк сапаттарын өнүктүрүшөт.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, чакан тексттер.
Сабактын жүрүшү:
Убакыт: 20-25 мүнөт.
Уюштуруу: Саламдашуу, толуктоо.
Өткөн окуу жылындагы сабакты кайталоо: Анын жаңы тема менен байланышы.
Мугалимдин сөзү: Балдар, мен силерди жайкы каникулдан кийин кайрадан көрүп турганыма абдан ыраазымын, жакшы эс алып келдиңерби? Эми балдар биз, өткөн окуу жылындагы негизги темалар жана окуяларды эске салабыз. Балдар эстеген темаларын айтып, алар доскага жазылат. (3-5 мүн)
1-кадам: Жалпы акыл чабуулу: Намыскөйлүк деген эмне? Окуучулардын берген жооптору доскага жазылып, мугалим жыйынтыктайт.
2-кадам: Темада берилген намыскөйлүктүн түрлөрүн окуп, ар-бирин талкуулап жооп беришет, кыскача эреже иштеп чыкканга аракеттенишет. Турмуштан мисал келтирет.
3-кадам: үй-бүлөлөлүк намысты окуп, андагы накыл сөздөргө, алардын маанисин чечмелеп айтып беришет.
Рефлексиялык суроолор:
Намыскөйлүктүн түрлөрүн чечмелөө кыйын болдубу, андан эмнеге үйрөндүңөр?
Бул сабактын тарбиялык мааниси эмнеде?
Накыл сөздөр менен иштөөдө эмнени үйрөндүңөр? (ойлонгонду, сөз тапканды, өз оюңду айтуу, макалдарды, накыл сөздөрдү)
Чакан топтордо иштөөдө эмнеге үйрөндүңөр?
Баалоо:
Үйгө тапшырма:
2-вариант
Колдонулган усул: Чакан топтордо иштөө.
Сабактын жабдылышы: Барактар, маркерлер, дептер.
Сабактын жүрүшү:
Убакыт:
1-кадам: Окуучулар саноо жолу менен 6 топко бөлүнөт (2-3 мүн)
1-топ Жеке намыс
2-топ үй бүлөнүн намысы
3-топ Улуттук намыс
4-топ Ата-мекендин намысы
5-топ Куру намыс
6-топ Классташтык намыс-деп аталат (муну мен кошумчаладым)
2-кадам: Окуучучуларга мүмкүнчүлүккө жараша барак А4, ватман (экиге бөлсө болот), маркерлер таратылат же дептерге иштешет. Ар-бир топ- кимге? Эмнеге? Ким үчүн? Эмне үчүн? Намыстанаарын бирге ойлонуп жазып чыгышат.
Бирөө жазат (катчы) калганы идеяларды айтат. Маселен «жеке намыс» тобу өзүнүн алсыздыгына, сабакка жетишпегендигине, топ ойной албагандыгына, коркоктугуна ж.б намыстанат ж.б (5-7 мүнөт).
3-кадам: Бөлүнгөн убакыт бүткөндө ар-бир топ аткарган иштерин доскага илип же доскага кыскача жазып, бирок кененирээк баяндап айтып беришет. Мугалим окуучулардан кимде кандай суроолор же толуктоолор бар деп сурап турат. (Ар-бир топ 2-3 мүн). Акыркы топ жооп бергенден кийин, бышыктоочу суроолор берилип сабак аяктайт.
© 2020, Сабырбекова Аида Акылбековна 1097