СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жер таануу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Табигый багыттагы географиялык илимдерге: геоморфология, климатология, гидрология, океанография, гляциология, түбөлүк тоңдорду үйрөнүү, топурак таануу, биогеография, физикалык география, кирип жер таануу предмети алардын башатында турат. Ал эми география илиминин коомдук багытындагы тармактарына калктын географиясы, өнөр-жайдын, айыл-чарбанын, жаратылыш байлыктары, туризмдин, транспорттун, энергетиканын, дүйнөлүк өнөр-жайдын географиясы, саясий жана аймактык экономикалык географиялар кирип, экономикалык география системасын түзөт. Экономикалык география системасына кирген илимдердин изилдөө аймагы жер бети менен байланыштуу болгондуктан жер таануу предмети алардын өзөктүк түзүлүшү болуп саналат. Географиянын өзгөчө тармагы болгон край таануу, өлөрдүн географиясы, медициналык жана согуштук географиялар белгилүү тармактарды изилдеп, коомдук жана табигый тармактардын «жогорку синтези» болуп саналат. Ошону менен бирге бул тармактарда географияга түздөн-түз байланышы болгон маалыматтар да камтылат. Ал эми картография, топография предметтери, математика менен техникага таянып, географиянын негизинде өтүлөт. Изилдөө аймагы болуп жер бетинин түзүлүшү болуп саналат.

География илимине кирген, ар бир өз алдынча болгон илим тармактарынын методдору ар башка жана изилдеп үйрөнү аймактары көпчүлүк учурда дал келбейт. Бирок, географиялык илимдердин тармактарынын бардыгынын изилдөө объектилери жер менен байланышкан жана андан бөлүп кароого мүмкүн эмес

07.09.2020 04:55