Адам жана мугалим
( Ой толгоо )
Адам баласы үч нерсеге карыз:
жарык берген –Күнгө ,
жашоо берген- Энеге ,
билим берген- Мугалимге. Чыгыш даанышманы: Улугбек.
Адам баласы эне курсагындагы “кең ааламга” жаралганы , биринчи тарбиячы - мугалим энеден тарбия ала баштайт. Денедеги жүрүп турган каның , жеген тамагың, жада калса ойлогонуң , ырдаганың, деги койчу баары энеден түздөн-түз көз каранды. Заманыбыздын залкары , чыгаан уулу Ч.Айтматов “ Баарынан эң кыйыны - күнүгө АДАМ болуу” дегендей , бүгүнкү күндө баарынан эң кыйыны – күнүгө МУГАЛИМ болуу . адамга окутуп- үйротүү, таанытуу , жол көрсөтүү , чоң кесипкөйлүктүү, чыдамдуулукту талап кылат.
Биз баарыбыз - МУГАЛИМден баштапкы дүйнөгө болгон түшүнүктү, адам болуудагы асыл сапаттарды , улуу ойлорду, бийик максаттарды, аруу-тилектерди, жашоодогу ийгиликтерди алабыз.
Тарбия - бакыт ачкычы. Тарбиячы балага тамчыдай билим бериш үчүн, деңиздей билимге ээ болуусу зарыл. Акыл тарбиясы менен жан дүйнө тарбиясын айкалыштырып окутуш керек. Асан жөнүндөү аңгемени айтайын.
Асан мектепте “эң жакшы” деген баага окуган окуучу. Бирок ал мактоону көтөрө албаган “өзүмчүл” болуп калды. Автобуста кары адамдарга орун бошотпойт, өз теңдүү досторун сыйлабайт. Эмне Асанга жетишпейт? Асанга жан- дүйнө тарбиясы жетишсиз.
Учам дегенге канат болуп,
Угам дегенге санаат бололу, кесиптештер, баланаые жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, билим дайрасында изденип иштөөбүз зарыл.
Байлык- бийлик эрип кетээр муз,
Өнөр- билим артыңдан калаар из.
Баланы тарбиялоо - татаал процесс. Бул тарбиялоого бала бакча - мектеп - ата-эне – коомчулук чогуу тартылышыбыз керек. Ал үчүн биринчиден ата-энелерге түшүндүрүү иштерин , аларга арналган окутуулар болуп турат. Балдардын маанайын, өсүп- жетилүүсүндөгү ордун билүү үчүн, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунун билим берүү боюнча адиси Колесникова Натальянын психологиялык тесттин сунуштаймын.
Бакчадагы балдарым.
Балдарыбыз ойноп жатса бакчада,
Алмаштырбайм айга - күнгө башкага,
Ал анткени кичинекей бөбөктүн,
Жүрөктөрү суудан дагы таптаза.
Балдар күлсө мен да кошо күлөмүн,
Бала үчүн мен да жашап жүрөмүн,
Бул дүйнөнүн ырахаты балада,
Ошондуктан мен балдарды сүйомүн.
Тынчтык болсун , ар бир үйгө , балага ,
Ата-энеси кабылбасын санаага ,
Өзүм дагы көп балалуу энемин,
Ден- соолугун тилейм эми жана да.
Автор: Сакенова Н.