СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритм жана анын түрлөрү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алгоритм жана анын түрлөрү

Просмотр содержимого документа
«Алгоритм жана анын түрлөрү»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-группа

Датасы: ______________ 7-группа

Сабактын темасы: Алгоритм жана анын түрлөрү

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар алгоритм жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- мисалдарды келтирүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, Аманжолова С. «методные указание и лабораторные работы по программирование на языке Паскаль» Бишкек 2005

Жабдылыштар: доска, маркер, картинкалар

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: лекция сабагы

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны тема

  3. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Алгоритмди билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар алгоритмди, мисалдарды келтирүүнү үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат

Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт, талкуулайт

Алгоритмдин түрлөрүн билишет


Креативдүү

Окуучулар алгоритм түзүүнү үйрөнүшөт.

Окуучулар бири-биринен үйрөнүп алгоритм түзүшөт

Окуучулар өз алдынча ар кандай алгоритмдерди түзө алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Power Point программасын суроолор менен кайталоо;

Жаны тема:

Балдар силер айткылачы математикадан бир эсептин жообун чыгаруу үчүн кандай иш аракеттерди аткарасынар? Туура ошол эсепте катышкан амалдарды ирети менен аткарасынар.

Эми силер кандайдыр бир максатка жетүү үчүн кандай иш аракеттерди жасайсынар?

  • Пландайсынар

  • Эрк коёсунар.

  • Аракеттенесинер.

Мисалы: Мен силерге жаны теманы түшүндүрүүдө төмөнкүдөй аракет жасаймын:

  • Аталган тема боюнча маалымат издеймин

  • Топтогон маалыматты окуп, даярданамын

  • Түшүнүгүмдү дептерге жазамын

  • Түшүнүгүмдү силерге айтып берем

  • Эгер мен айткандарга силер түшүнсөнөр, өз алдынча аткара алсанар, анда мен максатыма жеткен боломун.

Балдар бүгүн силер менен карай турган тема мына ушул удаалаштыкты информатикада эмне деп аталаарын жана компьютерде бул удаалаштык кантип аткарылаарын үйрөнөбүз.

Демек, биздин темабыз Алгоритм жана анын түрлөрү деп аталат.

Эми силер эрте менен туруп, сабакка жөнөгөнгө чейинки иш аракетинерди айткылачы?

Алгоритм-бул көздөгөн максатка жетүүдөгү маселелерди чечүүгө багытталган аракеттердин удаалаштыгын аткаруу үчүн аткаруучуга берилген командалардын удаалаштыгы.

А лгоритм түшүнүгүн чыгыш элинин улуу окумуштуусу Мухаммед ибн Муса аль-Хорезми илимге киргизген. Ал 783-850-жж аралыгында азыркы Өзбекстандын Хорезм областынын аймагында жашап өткөн. Ал көп орундуу сандар менен арифметикалык эсептөөлөрдү аткаруунун ыкмаларын сунуштаган. Ошол ыкмалар алгоритм деп аталып калган.

Алгоритм түшүнүгү биз үчүн кандайдыр бир жаны, өзгөчө нерсе деле эмес, ал биздин күнүмдүк турмушта ар бир кадам сайын жолугат. Ар кимибиз күнүгө ойлонбостон жүздөгөн алгоритмди колдонобуз.

Күнүгө ким кандай алгоритмдерге кезигет?

Алгоритмди аткаруучулар- адам, айбанат, робот, компьютер жана башка болушу мүмкүн. Алгоритм ар бир аткаруучуга түшүнүктүү жазылууга тийиш. Мына ошондуктан алгоритмдин касиеттерин да үйрөнүүгө туура келет.


АЛГОРИТМДИН КАСИЕТТЕРИ:

  • Түшүнүктүүлүк-алгоритмди аткаруучуга түшүнүктүү болгон көрсөткүчтү айтабыз.

  • Маанилүүлүк-аракеттерди аткаруунун эрежелери менен аткаруу тартибинин бирдиктүү түшүндүрүлүшүн айтабыз. Демек, түзүлгөн агоритм бир маанини берүүсү зарыл.

  • Дискреттүүлүк-алгоритмдерди адам же машина аткара алышы эч күмөн болбогон айрым элементардык аракеттерге бөлүү мүмкүнчүлүктөр. Дискрет-бул үзгүлтүктүү деп аталат. Алгоритм үзүлүп калган учурда иретке келтирип жазуучу касиети.

  • Массалуулук-маселенин жалпы коюлушуна жооп берүүчү касиети. Ар кандай типтеги маселелери чечүү үчүн колдонулат

  • Чектүүлүк-алгоритмдин акыры болот.

  • Натыйжалуулук-түзүлгөн алгоритм бир жыйынтык, натыйжа берүүсү зарыл.

АЛГОРИТМДИН ТҮРЛӨРҮ:

  1. С ызыктуу алгоритм-эӊ жөнөкөй алгоритмдер

  2. Тармактуу алгоритм- курамында шартты камтыган алгоритмдер

  3. Циклдик алгоритм- алгоритм аягына жеткенче улам кайталанып аткарылуучу алгоритмдер


Алгоритмдин бул түрлөрүнө мисал келтиребиз?



АЛГОРИТМДИ ДАЯРДАП ЖАЗУУНУН ТҮРЛӨРҮ

  • С өз түрүндө

  • Алгоритм тили менен

  • Блок-схема менен






Жаны теманы бышыктоо: Мага суроо барбы? Өтүлгөн тема боюнча окуучулар бири-бирине суроо жооп менен бышыкталат. Word Pad программасында турмуштагы алгоритмдерди табигый тилде жазышат.

Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу

суроолорду берүүсүнө, практикалык ишти аткаруусуна жараша оозеки

бааланат.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!