СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе майрам 2018

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе майрам 2018»

Урматтуу ата-энелер мугалимдер!

Коңур күздө көңгуроонун үнү менен алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары бүгүн бир ашуудан ашты. Алгач ирет колдоруна китеп кармап тамга тааныган окуучулардын “КОШ АЛИППЕ” аттуу коштошууга арналган кечебизге кош келипсиздер! Анда эмесе бүгүнкү майрамды ачуу үчүн сөз кезегин Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицеинин мүдүрү Бүбүнукура Кудайбердиевнага берсек. Рахмат эжекей сиздин жылуу сөздөрүңүз бизге дем күч берип турат. Анда эмесе майрамдык кечени баштоо алдында турушкан майрам ээлери болгон 1-класстын окуучуларын алдыңыздарга чакырып алсак.

Шашпай жүргөн Акырын күлгөн Досторун сыйлай билген Китептин кадырына жеткен Бир айткандан уккан Жоопкерчиликти сезген Мүнөтүнө 25 сөз окуган Джунайдиллаев Султан

Акырын сүйлөп Таза жүргөн Орус тилин мыкты билген Мүнөтүнө 18сөз окуган Абдираимов Алихан

Кыт-кыт күлүп Досторунун көңүлүн бурган Математика сабагын мыкты билген, Таарыныч дегенди билбеген Мүнөтүнө 38сөз окуган Базарбаева Аяна



Мактоону гана жактырган Бирок мактоого жараша окуган Өзүндөй тамгаларды сулуу жазган Сабактан себепсиз калбаган Мүнөтүнө 40сөз окуган Саматов Санжар

Так-так сүйлөп , тез ойлонуп Маселени чыгарган Билемин деп умтулган Жигиттик намысты сактаган Мүнөтүнө 25сөз окуган Абдималиков Камчыбек

Сөзгө чебер шашпай сүйлөгөн Акыл калчап оюн айткан Ар кандай кырдаалдан чыга билген Мүнөтүнө 25 сөз окуган Ташкулов Абдурахим

Сүйлөгөн сөзү жагымдуу Оюн такылдап даана айта билген Дайыма алдына умтулган Адептүүлуктү сактаган Мүнөтүнө 26сөз окуган Абдижамилова Мадина

Шашпай кадам таштаган, Ар бир ишти мыкты аткарган. Тактыкты сүйө билген , Так окуп, сулуу жазган. Мүнөтүнө 27сөз окуган Сулайманкулов Бекнур

Оор басырыктуу Баарына бирдей мамиледе болгон Анча-мынчага өзүн алдырбаган Кыздарга өзгөчө мамиле жасаган Сабактын баарына кызыккан Мүнөтүнө 39сөз окуган Таиров Жумагул

Уюштуруу иштерин сүйгөн Такылдап оюн айта билген Сөз байлыгы өтө жогору болгон Калп айтууну билбеген Белгилүү инсандарды кумир туткан Алдына дайым умтулган Мүнөтүнө 22сөз окуган Абдимуталипова Амина

Тазалыкты сүйгөн Окуу куралын мыкты сактаган Сабакка өз убагында келген Адептүүлүктү сактаган Мүнөтүнө 49сөз окуган Кутбидинов Ариет

Кечиктим деп тез тез басып Кош-Булактан келет шашып, Аракети эң жакшы Окусам дейт эң жакшы Такылдап оюн айта билген Классты алга сүйрөй билген Көпчүлүк үчүн күйгөн Апасына өзгөчө көңүл бөлгөн Мүнөтүнө 41сөз окуган Дастанов Дайырбек

Кымбаттуу окуучулар бүгүн биз үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болгон Алиппе майрамын тосуп отурабыз. Бул күнү бул кубанычтуу майрамды биз эле эмес бизге окшогон миңдеген 1-класстын окуучулары сүйүктүү алиппеси менен коштошор алдында турушат. Силер алиппе китеби аркылуу билимдин 1-эшигин ачтыңар. Алдыда дагы биз биле элек, биз уга электер бар. Алиппеден кийин адабий окууну окуйсуңар.

Ал эми балдар бүгүнкү күнгө чейин алиппе силерге эмнелерди үйрөттү экен өзүңөр айтып бергиле.

Хор : Алиппени ачканда Жүрөк толкуп сүйүндүк Тамгаларды жат билип Окуганды үйрөндүк

Жакшы билим алдык Жумагул Болсун бизге калайык Эмне үйрөнүп эмне билдик Кана ортого салалык.

Өттү окуу сан сабак Аяна Бүгүн бизде салтанат Башка окуу менен достошсок Алиппе менен коштошсок



Алиппе менен кош айтышып калабыз Амина Эми колго башка китеп алабыз Ата-эне кубанычка орток бол Сабаттуу болуп чыкты эми балаңыз.

Мугалим: Балда р силерге суроо берейн Ичи толгон алфавитке билимдеги жарык эмне?

Окуучулар: Келечекке жол ачкан ал сүйүктүү алиппе

Андай болсо баарыбызга кымбат дос Алиппени ортого чакыралы

Алиппе Алиппе

Алиппе келет: Саламатсыңарбы?

Окуучулар Саламатсызбы?

Тамгаларды билсеңер Мени урматтап жүрсөңөр Айткылачы угайын Ар бир тамга ырларын Ар биринин сырларын Татынакай бийлерин Тактап көрүп билейин.

Ата-апа деген сөз А тамгадан башталат Султан Алфавитти билет деп Ата-энебиз кубанат

Боломун экинчи Баарына тынчтык каалаган Балдар бакыт кут консун Бактыбыз гүлдөй жайнаган

Велосипед, вертолёт Алихан В тамгадан башталат Гимн, гербди жазганда Гтамгадан башталат.

Мен йоттошкон тамгамын Й менен э ни кошкондо е тамгасы боломун Аяна Й менен О бириксе ё тамга деп айтамын.

Жакшы болуу аста-аста Санжар Жаман болуу бир паста Жакшы окуучу болсок биз Журтубуз дайым мактайт да

Мен болом з тамга Зээндүү болуп досторум Уят кылбай эч кимге Зарыктырбай жардам берели залкар ата-энеге

Данек дарак дарбызга д жазылат дайыма Дамир Дөөлөт эки дос Жардам берди Дайырга Камчыбек



Ийне илгич ийнелик Абдурахим

И тамгасын билелик

Илим кудук казгандай

Ийне менен изденип

Йогурт менен йодду

Й тамгадан баштайбыз

Й башында бөлөк сөз

Издесек да таппайбыз



Кийим кийип калыңдап Мадина Канат кайда камынат? Карасаңаар баарына К тамгасы жазылат

Лампочкага лыжага Л жазылат башына Лейла кооздоп алыптыр Лента тагып чачына

Й менен у биригип Ю тамга деп аталат Юла деген оюнчук Чимирилип айланат

Мышык маймыл мамалак Бекнур М тамгасы жазылат Майрам эже мышыгын Мый мый мый деп чакырат

Мен Н деген тамгамын Нанды набатты жазамын Нандан ыйык байлык жок Нанды дайым барктагын

Дөңгөлөнөт дөнгөлөк Дөңгөлөккө ң келет Дагы кайсы сөздөргө ң тамгасы эң керек

Ракета Рахатка Камчыбек Сөз башына Р келет Компьютерлер башкарган Роботтор иштешет

Темир тырмоок окшогон Жумагул Т тамгасы мен болом Т тамгасын жазбасаң Топ болбостон оп болом

Улуу тоодо жашаган Амина Уккулуктуу сайраган Ушул кайсы канаттуу У тамгадан башталган

Үлүл үкү үпүпкө Үстөл,үкөк үртүккө Жазылат ү тамгасы Жана дагы үтүккө

Фартук жана фонарга Ариет Ф жазылат баш тамга Фломастер эң керек Кооздоп сүрөт тартканга

Халат,Хасан,халвага Хтамгасын жазабыз Көк тиреген чокуну Хан-Теңир деп айтабыз

Айлананы кагазга Дайыр Циркуль менен чиебиз Сонун оюн көргөнү Циркке барып киребиз

Чабалекей чагылган Ч тамгасы жазылган Чынчыл болуп чоңойгун Чындык ыйык баарынан

Шыпылдатып колдорун Жумагул Шырдак токуйт Шарипа Шабдалыны үзөм деп Шакир чыкты шатыга

Алигиче атым жок Дайыр Ьдеп коюшаат Июнь июль сөздөргө Мени жазып коюшат

Ышкырыкка ы келет Аяна Ырысбекке ы керек Ы тамгасы колдонгон Кайсы сөздү ким билет?

Ат койбоптур энчилеп Камчыбек Ажыратуу белги деп Съезд,подъезд сөздөргө Мени жазат белгилеп

Эшик элик эмерек Жумагул Э тамгасы эң керек Эң бир ыйык адамың Эне десең э келет

Й менен у биригип Ю тамга деп аталат Юла деген оюнчук Чимирилип айланат Мадина

Й менен а кошулса Амина Я тамга деп аталат Якор,Ялта,январь Я тамгадан башталат

Алиппем менин алиппем Амина А деген тамгадан башталат Сөз куруп жаза баштадым Такылдап тамга таанып мен Алдыга кадам аттадым Ар тамганы жаттадым Жаттаган сайын тамганы Сөз курап жаза баштадым

Мугалим:

Айткылачы тезирээк

Өтүлгөндөрдү ким билет?

Сөз,сүйлөмдү жаңылбай

Айтканды кана ким билет?

Шардын ичиндеги суроолорго жооп беришет .

Тыбыш деп эмнени айтабыз? Тыбыштан эмне жасайбыз? Тамгадан эмне жасайбыз? Сөздөн эмне жасайбыз? Сүйлөм деп эмнени айтабыз? Кеп деп эмнени айтабыз? Муундун түрлөрүн атап бер. Окуучулардын туура муундап шар окуусун көрсөтүү.

Ар бир бала слайддан аталардын сөзүн окуп беришет.

Бийле балдар буралып, Бийле кыздар чубалып Ырдап бийлеп шаңданып, Балалык бийин аткарып. Балалык ырына бий: жалпы окуучулардын аткаруусунда

Манас кыргыз рухунун туу чокусу Манас эпосунан окуучулар үзүндү айтышат. Жумагул (Манастын төрөлүшү). Амина (Манастын бала чагы)

Кооз көйнөк кийинип Кыздар келди жасанып Шаңдуу бийлеп беришет Азыркы бийди сиздерге.

Жөжөлөрүм бийи: Үч кыз, Жумагул, Камчыбек, Алихан Мугалим:

Балдар ак шейшепке ороп силерди, Кичинеңерден баккан ким? Уйку көрбөй узун түндө, Таптап силерди жаткан ким? Окуучулар: Ата-эне деп хорго айтышат.

Туура айтасыңар анда

Көңүлдү шаңга бөлөйлү Кызыктуу оюн ойнойлу Кимдин апасы шамдагай Кана эмесе көрөлү- Кызыктуу оюн. Кызыктуу оюн. 3бала 3эне катышат.

1-шарт-1-3 мүнөттүн ичинде берилген макалды балдарына жаттатып айттыруу.

2-шарт Эне бала чогуу бийлеп беришет. Кыргыз бийи, Лезгинка, Ламбада.

3-шарт. 1-суроо Кыргыз тилинде бир сөз бар ал сөздү жазганда да ката дейбиз айтканда да ката дейбиз бул кайсы сөз?

2-суроо Ал буюм бөлмөнүн ичинде, бөлмө ал буюмдун ичинде бул эмне?

3-суроо Тоок эмне үчүн бир буту менен турат?

4-шарт Энелердин ырчылык өнөрүн баалоо. Бул шартыбыз эркин тема. Сиздер каалаган ырыңыздарды ырдап бересиздер.

Жеңүүчүлөр аныкталып, белектер берилет.

Алиппеден А тамганы көрсөтүп Камчыбек Окуганды жазганды эже үйрөттү Жүрөгүнөн окуучу үчүн орун таап Таамай айтып сүйлөгөндү үйрөттү.

Окуучусун артык көрөт баарынан. Дайырбек Эжекеме кандай рахмат айта алам. Жүрөгүмдөн толкуп чыккан ыр менен, Рахмат эже шыбырайм, кайталайм.

Мугалим жаркын өмүр эң бир кымбат Бекнур Адамга ак жол тилейт чебер кылдат. Билимдин акыл эстин саяпкери, Мугалимге миң мертебе алкыш урмат.

Жекеномер: Мугалим ыры Абдимуталипова Аминанын аткаруусунда

Балдар алиппе сабагын силер кайсы тилде окудуңар? Кыргыз тилинде

А кыргыз тилинен тышкары кайсы тилди үйрөндүңөр? Орус тилин.

Туура айтасыңар анда кезекти орус тили предметине берсек.

Бийле балдар буралып, Бийле кыздар чубалып, Ырдап бийлеп шаңданып , Кыргыз бийин аткарып.

Кыргызы бийи: 3 бала 3кыздын аткаруусунда.

Алиппе: Азаматсыңар балдар. Көптү үйрөнүпсүңөр. Мындан ары адабий китептерден көп окуп жүргүлө.

Адабий окуу: Уруксатпы? Саламатсыңарбы?

Хор: Саламатсызбы?

Алиппе: Мына адабий окуу да келип калды. Адабий окууну силерге тааныштыра кетейин Жакшы урматтап окугула чиймелебей беттерин Эми балдар кош болгула кетейин.

Адабий окуу: Улантайн ишиңди Берейн алтын билимди Кош бол алиппе кош бол Каалайбыз сага ак жол!

Жалпы хор:

Кош бол алиппе кош бол Каалайбыз сага ак жол!

Адабий окуу: Таанышып балдар алалы Мына менмин адабий окуу. Кир кылбай окуп билим ал, Баарына тиет керегим.

Мугалим: Мына балдар адабий окуу китебин да сүйүп окуп билимибизди мындан ары да уланталы.

Анда эмесе 1-класстын программасын ийгиликтүү аяктаган окуучуларга эстелик сүрөттөрүн тапшырып коюуга уруксат берсеңиздер. Мектеп администрациясы тапшырып коюшсун.

Ата-энелерге сөз кезегин берип коёлу: Келиңиздер энелер ушундай балдарды тарбиялап ушул күндү чыдамсыздык менен күткөн балдарга жылуу сезимиңиздерди сыртка чыгарып билдирип кетүүңүздөрдү суранам.

Энелер белектерин тапшырышат.

Ушундай балдарды тарбиялап, түйшүгүн тартып, энелик милдетиңиздерди мыкты аткарып жатканыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдирем.

Анда эмесе бүгүнкү “Кош алиппе” майрамын аяктап жатып, 1-класстын лицеистерине төмөнкү ыр саптарды айтып өтпөсөм болбостур.

Кыялы бар өз өзүнө мүнөздүү, Өз баламдай көрүп калгам буларды. Мен ордума коюп көрсө башкалар. Ошондо да сезимимди туярбы?

Көргүм келбейт балдарымдын Карегинен тамган жашын Көргүм келбейт балдарымдын Көкүрөктө калган тагын Көргүм келбейт балдарымдын Өксүп-өксүп ыйлаганын Кайсыл бир күн кезиккенде Көр турмуштан кыйналганын.

Көргүм келет балдарымдын амандыгын Көргүм келет балдарымдын аруулугун Көргүм келет балдарымдын бийиктигин Көргүм келет балдарымдыын адамдыгын.

Балдарым деп айтуудан тартынбаймын Тизилишкен бойлорунан алтындарым Өздөрү тура турсун бул жакта Кыялдарын эч нерсеге алмашпаймын!

Ушуну менен 1-класстын алиппе майрамына арналган программабыз аяктады .

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Дагы бир жолу кош келипсиздер!















Тоголонгон топ окшош Жумабек О тамгасы тоголок Окуу отун орокко О тамгасы колдонот

Ө тамгасы тегерек Өгөө десең ө керек Өтөгөнгө саначы Канча тамга ө келет

Пахта пилге партага Белек П жазылат баш тамга П тамгасы болбосо Парча айланат арчага

Сабыр сабиз сугарат Белек Сайра сайдан суу алат С тамгадан башталып, Сүйлөм сөздөн куралат

























Тыбыш деп эмнени айтабыз?

Тыбыштан эмне жасайбыз?



Тамгадан эмне жасайбыз?

Сөздөн эмне жасайбыз?

Сүйлөм деп эмнени айтабыз?

Кеп деп эмнени айтабыз?



Муундун түрлөрүн атап бер.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!