СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе майрам.....

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе майрам.....»

МУГАЛИМДИН СѲЗÝ

Кымбаттуу кесиптештер! Ардактуу

ата – энелер! Меймандар! Мына бγгγн

1 а– класстын Алиппе майрамын ѳтγп жатабыз. Бул кичинекей бѳбѳктѳр кечээ эле 1 – сентябрда келгенде кээ бирлери тамга тааныбай , калемсапты колуна тγз кармай албаган балдар эле.

Мына бγгγн 1 – классты аяктап, «А» тамгасын γйрѳткѳн АЛИППЕ китеби менен коштошуп отурабыз. Окуу жылынын башында тамга тааный албай далай кыйынчылыктардын бардыгын жендик. Эми биздин балдардын баары окуй да алат, бийлей да алат.

Ооба байкаганга 1 – сентябрдан бери тγйшγктγγ кγндѳр , кызыктуу минуталар закымдап ѳткѳнсγйт.

Биздин сабатыбызды ачып, «а» тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып барат.

Алдыда дагы нечен окуй турган китептер , илим казынасы кγтγп турат. Бугунку биздин кечеде алиппе китебинен окуган макалдар, табышмактар, ырлардан айтып, ыр –бий менен коштомокчубуз. Макал, табышмак, жомок, ырлар аркылуу биз ынтымакта, достукта болууга, бири-бирибизди сыйлоого уйроно алдык.

Анда эмесе кезекти балдарга берейин.







  1. Саламдашуу.

Ассалому алейкум, меймандарым аманбы! Нурэл



Арыбагыла калайык, мен да айтам саламды. Нурия



Салтты улап башында, саламдашып алалы. Альбина



Айдай сулуу апаларга, аска –зоодой аталарга

Мээримдуу мугалимге, баш ийип таазаим кылабыз. Жанболот



Амандашып алалы, алтыным элим аманбы? Раяна

Учурашып алалы , урматтуу элим аманбы?

Каада салтты сыйлаган , урпагы бар кыргыздын.

Кубулжутуп сайраган , комузу бар кыргыздын.

Амансынбы меймандос кыргыз элим,

Тѳбѳсγ кѳк тиреген, тоолуу жерим.

Чалкыган Ысык –Кѳлγм , кенен Чγйγм. Нурел

Ордолуу Оштой калам кен Бишкегим.

--Карагылачы, карагылачы гулдор, кополоктор, кордунорбу менин алиппе китебим бар! Мен анны окуп буттум!

Гулдор, кополоктор: оой абдан кооз китеп го.

Сентябрдын биринде, алдым китеп колума.

Китептердин тол башы, мына ушу суйуктуумду окуп буттум.

Гулдор, кополоктор: азаматсын китебинди таза карма!

__Ооба таза кармадым.

Гулдор, кополоктор: чиймелебей беттерин, буктобогун беттерин

Таза кармап окугун, кир жугузбай эч жериню

Кыз: ооба тура айтасын. Эми мен алиппенин жардамы менен коп китеп окуй алам. Кош бол эми оюнчугум! Мен эми китептердин бардыгын окуй алам!

Гулдор, кополоктор: Биз жашаган айылдын ичинде , бир укмуштуу жай бар.

Ал жерден чексиз билим алат, биздей кыздар – балдар!

  1. ХОР «Китеп»

  2. ДЕКЛА МАЦИЯ



Биз тамгаларды таанып билдик,шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска ундуулор-8, созулма ундуулор -6

Каткаландар-10, жумшак унсуздор- 12, йоттошкон тамгалар-4,

Айткылачы кайсы тамга тыбыш болбойт!

--Ааааа билдим ичкертуу белгиси жана жумшартуу белгиси тыбыш болбойт!



Билимге кумар баламын,

Ѳрчγттγн кѳп талабын

Энсеп сени турушат.

Урпактары калаанын

Кандай тамга жазсан да ,

Кѳрγп аны турушат.

Ал тамганы окусан

Тыбыш γнγн угасын.

Биз биринчи класста,

Алиппеге достоштук.

Тамга таанып шар окуп ,

Алиппе менен достоштук.



Тыбыш эмне, тамга эмне?

Айырмасын билдирген.

Ýндγγ – γнсγз деп бѳлγп ,

Сѳзгѳ сγйлѳм тγздγргѳн.

Конул коюп кызыгам ,

Мугалимдин созуно

Коп нерсени уйронуп,

Пайда табам озумо

Кѳп – кѳп жазып тактага,

Кѳп – кѳп эсеп чыгарам.

Билбей калсам уялам,

Билгениме кубанам.

Табышмактын маанисин,

Жандыруунун сыры бар.

Ынтаа коюп бѳбѳгγм,

Алиппеден билип ал.

Жомокторду кѳп окуп,

Тентектигим таштадым,

Улуулардан ийменип,

Сылык боло баштадым.

Ариптердин бардыгын,

Так жазганды γйрѳндγм.

Муундардан сѳз жасап,

Сѳздѳн сγйлѳм тγзѳмγн.

Мына сонку сѳзγмдγ,

Окуп азыр бγтѳмγн.

Эстен кетпес кымбатым,

Эн алгачкы китебим.



  1. ХОР «Кун балдары»

  2. АЛИППЕ жана АДАБИЙ ОКУУ китептеринин келиши.

АЛИППЕ Менин атым алиппе,

Балдар жакшы билишет.

Колдорунан тγшγрбѳй,

Дайым окуп жγрγшѳт.

Аракетчил досторго,

Кенен ачам сырымды,

Жатка айтып бере алат,

Жомок , макал , ырымды.

Мени менен дос болгон,

Мээнеттенип кѳнѳ алат.

Сγрѳтγмдγн маанисин,

Тγшγндγрγп бере алат.

АДАБИЙ ОКУУ

Кое турчу алиппе,

Кичине аз аярлап,

Рахмат сага балдарды ,

Бердин мага даярдап.

АЛИППЕ

Кана тыптынч туралык,

Балдар менен кыздарга,

Кунт коюп кѳнγл буралык.

АДАБИЙ ОКУУ

Мен адабий окуумун,

Салам берип ийилем.

Силер менен чогуу ырдап,

Бий бийлеймин сγйγнγп.



ХОР: Эки сапка куралып,

Эки катар туралык.

Алиппени меймандап,

Улуу майрам кылалак.





Бий. «Баатыр бийи» (балдар)



Сап - сап куралып,

Сап – саптарга туралык.

Кезегибиз келгенде,

Улам бирден чыгалык.

Сγйлѳп жаткан сѳзγбγздѳ,

36 тамга бар,

Тизилип бул жерде турган,

Бизбиз ошол тамгалар.

Ýндγγ – γнсγз аралаш,

Отуз алты ариппиз,

Ар бир сѳздγ сγйлѳгѳн,

Биз тγзѳбγз кадиксиз.

«А»

Атамбаев Алмазбек ажообуз,

«А» тамгадан башталат.

Алга сγрѳп ѳлкѳнγ,

Адамдарды кубантат.

«А» баштаган сѳздѳрдγ,

Айта берсе тγгѳнбѳйт.

Берекелγγ «Б» досум,

Булл да ѳзγн тγгѳлдѳйт.

«Б»

Бал тил балдар бизчилеп,

Бачым – бачым басалбайт.

Борбору булл билимдин ,

«Б» сыз Бишкек аталбайт.

«Б» баштаган сѳздѳрдγ,

Билесинер барынар,

«В» га кезек бербесем,

Вася досум таарынар.

«В»

«В» витамин жесин деп,

Врач берсе кенешин.

Вафлини жактырып,

Вася кыйнайт энесин.

Бир да сѳздγ кыргызча ,

«В» тамгасы баштабайт,

Кезек сундум «Г» курбум

Сен да ѳзγндγ жактап айт.

«Г»

Гербдин тартып сγрѳтγн,

Гимнди ырдап жатышты.

Гγл жайнаган майрамды,

Гуля апамдар айтышты.

«Г» баштаган сѳздѳрдγ,

Тизмелесек тγгѳнбѳйт,

Жол жомогун баштап «Ж»

Жорго тайын жγгѳндѳйт.

«Ж»

Жаз желине желбиреп,

Жоогазындар жамырап,

Жаз ажарын жазууга,

Жазуучу акын кам урат.

Жер жγзγндѳ жашаган,

Жандыктардын башы «Ж»

Зыяны жок зээндγγ,

Булл кезекти алсын «З»

«З»

Зарыл кезде бγтγрγп,

Зор иш кылды заматта ,

Зиректиги сезилет,

Замиранын сабакка.

Закымдаган замана,

«З»ны ээрчип жазылат.

Кезек алса кγлγндѳп,

«К»нын кени казылат.

«К»

Китеп , кагаз деп жазып,

«К» ны койбо кайчылап,

Кыргыз калкы деген сѳз ,

«К» сыз кантип айтылат.





«Д»

Дептер - ….ептер боло албайт,

Дениз - ….ениз делинбейт.

«Д»ны ээрчиген бу сѳздѳр.

«Д» дан такыр бѳлγнбѳйт.

«Э»

Эне деген ыйык сѳз ,

«Э» тамгадан башталат.

Тыкан , таза , так жγргѳн,

«Т» га кезек ташталат.

«Т»

Тѳгγп ырдап турганда ,

Тѳп келишкен затыма.

«Т» тамгасы катышат,

Токтогул деген атыма

«У»

Узун кулак ушакчы,ууруларга уйгакмын,

Уул - кызга уятмын , улууларга урматмын.

«У»га уланган сѳздѳрдγ ,уч – кыйыры табылбайт.

«Ý» гѳ кезек берели ,γргγлѳбѳй сабынды айт.

«Ý»

Ýнγн угуп γкγнγн ,

Ýйдγн γстγн карадым.

Ýндγгγмдγн жѳжѳсγн ,

Ýчкѳ чейин санадым.

«Ф»

Фотоаппарат асынып ,

Фонар алып колума,

Форел балык тапшырдым,

Футболчулар тобуна.

«Ш»

Шагын шамал кайрыган,

Шабдалым бар ширелγγ,

«Ш» башына турган сѳз ,

Шыбыштуу сѳз угулат.





«Р»

Редактор деген сѳз ,

«Р» баштаса айтылат.

……адиодеп окуйбу?

«Р» ны койсон кайчылап.

«Ы»

Ырыс алды ынтымак,

Ырчыларга ынакмын.

Ыракматка ыраазы ,

Ызы – чуудан ыраакмын.

Бий «Молмолум» Кыздар бийлешет.

«Х»

Хирург деген сѳздѳ бу ,

«Х» тамгасын ажырат ,

Хаа, ха анда калганы ,

…..ирург деп жазылат.

«Щ»



Щетка менен тазалап ,

Плащымды илемин ,

«Щ» катышкан кыргызча ,

Сѳздγн жогун билемин.

«И»

Илгериден башталат ,

Илиястын жомогу

Илбирсти айтса сγрѳттѳп ,

Иним корксо болобу.

«М»

Манас батыр бабабыз ,

«М» тамгадан башталат.

Мектебиме жеткиче ,

Мин кадамым ташталат.

«П»

Пенал деген сѳз жазсам,

«П» тамгасына улайм ,

Парашюттан секирип ,

Поеьз менен зымырайм.

«Н»

Ноябрь - … оябрь ,

Нанды ..а.. деп кѳчγрсѳк .

Нурду кантип ..ур дейбиз.

«Н» тамгасын ѳчγрсѳк.

«Ю»

Баарын алам моюнга ,

Кѳп кызыгам оюнга ,

«Ю» тамгасы бар экен, Менин тулку боюмда.

«Я»

«Я» катышкан сѳздѳрдγ ,

Кѳкγрѳккѳ тγйѳмγн ,

Аяз кийим кийинген ,

Январь айын сγйѳмγн.

«С»

Сотка менен чалдым да ,

Супер такси чакырдым ,

Стамбулга учам деп ,

Самалетко шашылдым.

«О»

«О» тамгасы бар γчγн отурам да ,

«О» тамгасы эн керек окуганга.

«Ѳ»

«Ѳ» нγн бизге ѳтѳ эле ,

Зарылдыгы байкалат,

«Ѳ» тамгасы болбосо ,

Ѳрγк деп ким айта алат?

«Ч»

Чындыгында дары экен ,

Четин , чие , чекенди
чон апалап чуркадым ,

Чалкан чагып чекемди.

«Ц»

«Ц» тамгадан башталган ,

Циркуль барын билемин ,

Пайдубалы цементтен ,

Циркке дайым киремин.

«Й»

«Й» тамгасы катышкан ,

Сайдагы суу шаркырайт ,

Айнектерге чагылып ,

Ай тγндѳсγ жаркырайт.

«Е»

«Е» катышкан сѳздѳр бул

Коен , тоем , жоемун ,

Елкага илесин ,

Коен тартып боегун.

«Л»

Лом менен жер казылат ,

Лыжа тебем кышында ,

Лампочкалар жаркырайт ,

Ýйдγн ичи тышында.





«Ь»

Айрым тамга γндѳрγн ,

Ичке жумшак чыгарып ,

Хрустальдай сѳздѳрдγ ,

Жагымдуурак угулат.

  1. БИЙ «КЫРГЫЗ БИЙИ» (кыздар бийлешет) сардал кыз

АЛИППЕ

- Кана балдар алппеден кандай ырларды γйрѳндγнѳр?

Бизге айтып бергилечи.

Алган кγндѳн алиппем ,

Сγрѳтγнѳ γнγлдγм,

Жакшы ырынды жат билип,

Жаным калбай сγйγндγм.

Кѳптγ билип ѳзγндѳн ,

Жγрдγм ысык достошуп ,

Тγгѳл окуп бγсѳм да ,

Кыйбай турам коштошуп.

ишке ашат ой талабым ,

Билимге кумар баламын ,

Эми бардык китепти

Ѳзγм окуй аламын.



Орундатып тилекти ,

Окуп бγттγм алиппени ,

Таанып билип алдым мен ,

Тамгаларды жалпы эми.



Эми баардык тамганы ,

Эжелебей такалбай ,

Эркин окуй аламын

Шатыратып атамдай.



Ойлойм ѳсѳт акылым ,

Окуй берсем кγндѳ эле ,

Китеп менен дос болуп ,

Кирем кызык дγйнѳгѳ.



Билимге кумар баламын ,

Ѳрчγттγн кѳп талабын,

Энсеп сени турушат ,

Урпактары калаанын.

Билимдин бийик баскычы ,

Кѳрсѳткѳн тунгуч талабын ,

Энсеп сени турушат ,

Урпактары калаанын.

Китептердин башкысын ,

Китептердин жакшысын ,

Айткын десе кээ бирѳѳ

Мен алиппе дээр элем.

АДАБИЙ ОКУУ:

-Азаматсынар балдар , сидер алиппеден кѳп нерсе γйрѳнγпсγнѳр. АЛИППЕГЕ чон рахматыбызды айтып коштошолу.

ХОР: Ата – энедей досубуз ,

Алиппебиз кошунуз,

Эмки жылы инимдин,

Кыйбас досу болунуз.









Бий. «Стирка» (балдар)

  1. «АЛА – ТООНУН БАЛДАРЫ» (БАЛДАР , КЫЗДАР)



АДАБИЙ ОКУУ

- Кана балдар «А» тамгасын γйрѳтγп ,арнады силерге эмгегин,

Ардактуу биздин эжейге , арнаган кандай ырынар бар.

Карангыдан жарыкка ,

Сγйрѳп чыккан мугалим.

Карандаш кагаз алгын деп,

Сγйлѳп чыккан мугалим.



Ак барактуу дептерге ,

Тамгаларды жаздырган.

Кѳптγ γйрѳтγп талыкпай ,

Кѳнγлдѳрдγ шат кылган,

Кызматы зор ченегис ,

Ал – мугалим эжебиз.

Эн алгачкы алиппени барактаткан, кесибин жандай суйуп ардактаган.

Ал менин эн алгачкы мугалимим, билим алгын, талыкпа деп жалындаган.



Мугалим дарак экен момолуу, мугалим балалуу эне экен,

А мумкун кун болуп журбосун, жылыткан сезимди дуйнону



Менин да апам да мугалим, билимдин ачкан эшигин.

Момолуу дарак эжейим, ден-соолукта талыкпай, окуткула



ХОР «МЕН КЫРГЫЗДЫН УУЛУМУН» (БАЛДАР)

АДАБИЙ ОКУУ:

Ата – эненин кадыр баркы жѳнγндѳгγ ырлардан айтып бергилечи.

Ойноп жγрγп жыгылсам ,

Ýйрγлѳсγн апакем.

Жγрѳгγндγ чок кылып ,

Кγйдγрѳсγн атакем.





Сыркоолосом онтолоп ,

Ашын берген апакем.

Чымын жанын аябай ,

Жашын берген атакем.



Ак шейшепке ороп сени ,

Кичиненден баккан ким?

АПАБЫЗ

Уйку кѳрбѳй узун тγндѳ ,

Таптап сени жаткан ким?

АПАБЫЗ

Бутту шилтеп талпынганда ,

Колдон кармап баккан ким?

Апабыз



«Озбек бийи» Асема



ЖОМОК

«Чаар тоок»

(абышка – Нурэл. Кемпир- Раяна. Тоок- Асема. Чычкан- Жоодар)

ХОР

«Тынчтык ыры»



ОРУС ТИЛИНЕ КЕЗЕК БЕРИЛЕТ

ХОР

«Кыргыз калкым».
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!