СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аргументтештирилген эссе жазуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аргументтештирилген эссе жазуу»

3-тапшырма. Сөздөрдүн маанилерин жебе менен туташтыргыла.   Сөздөр Лексикалык маанилери 1. шалбаа а) иштетилген тери 2. тилмеч б) жылкынын эркеги 3. жээрде в) бир тилден экинчи тилге которуп берген адам 4. айгыр г) кандайдыр бир нерсеге зыян келтирүүчү зат 5. уулуу д) саздуу, калың чөптүү ным жер 6. асыл тукум айгыр е) кызыл сары түс 7. булгаары ж) кыргыздын таза кандуу жылкысы

3-тапшырма. Сөздөрдүн маанилерин жебе менен туташтыргыла.

Сөздөр

Лексикалык маанилери

1. шалбаа

а) иштетилген тери

2. тилмеч

б) жылкынын эркеги

3. жээрде

в) бир тилден экинчи тилге которуп берген адам

4. айгыр

г) кандайдыр бир нерсеге зыян келтирүүчү зат

5. уулуу

д) саздуу, калың чөптүү ным жер

6. асыл тукум айгыр

е) кызыл сары түс

7. булгаары

ж) кыргыздын таза кандуу жылкысы

Өзүңөрдү текшергиле Сөздөр Лексикалык маанилери 1. шалбаа д) саздуу, калың чөптүү ным жер 2. тилмеч в) бир тилден экинчи тилге которуп берген адам 3. жээрде е) кызыл сары түс 4. айгыр б) жылкынын эркеги 5. уулуу г) кандайдыр бир нерсеге зыян келтирүүчү зат 6. асыл тукум айгыр ж) кыргыздын таза кандуу жылкысы 7. булгаары а) иштетилген тери

Өзүңөрдү текшергиле

Сөздөр

Лексикалык маанилери

1. шалбаа

д) саздуу, калың чөптүү ным жер

2. тилмеч

в) бир тилден экинчи тилге которуп берген адам

3. жээрде

е) кызыл сары түс

4. айгыр

б) жылкынын эркеги

5. уулуу

г) кандайдыр бир нерсеге зыян келтирүүчү зат

6. асыл тукум айгыр

ж) кыргыздын таза кандуу жылкысы

7. булгаары

а) иштетилген тери

6-тапшырма. Төмөнкү фразаларды пайдаланып, текст түзгүлө.  Уулуу шалбаа , орусча сүйлөгөндөн уяласыңбы, тилмеч болосуң дешти, жээрде сакалчан, асыл тукум айгыр.

6-тапшырма. Төмөнкү фразаларды пайдаланып, текст түзгүлө.

Уулуу шалбаа , орусча сүйлөгөндөн уяласыңбы, тилмеч болосуң дешти, жээрде сакалчан, асыл тукум айгыр.

Түзгөн текстиңерди бири-бириңерге окуп бергиле.
  • Түзгөн текстиңерди бири-бириңерге окуп бергиле.

Ким өзүнүн текстин класска окуп берет?
  • Ким өзүнүн текстин класска окуп берет?
7-тапшырма. Текстти окугула.  Биринчи жолу тилмеч болгонумда 5 жашта элем.  ... Ошол жайда жайлоодо мындай бир кырсык болду. Бир аз эле күн мурда колхоз сатып алган асыл тукум айгыр кокустан мүрт кетти ...  Эртеси бир орус келди. Узун бойлуу, жээрде сакалчан, көк көздүү, кара булгаары кемселчен, жамбашында сумкасы бар адам экен. Ал кыргызча бир ооз сөз билбейт, биздикилер болсо, орусча бир ооз сөз түшүнүшпөйт. Айгырдын кандай шартта, кантип өлгөнүн текшерип көрүп, ага ылайык документ жазуу керек. Жылкычылар көп ойлонуп турбастан, мени тилмеч болосуң дешти.  – Жүрү,- жылкычылардын бири мени колдон алды,- бул киши биздин тилди билбейт, ал айтканды сен бизге которуп бер, биздин айтканыбызды ага айт.  Бир чети уялып, бир чети коркуп да кеттим, жылкычынын колунан жулунуп чыгып, чоң энем турган боз үйгө кире качтым.

7-тапшырма. Текстти окугула.

Биринчи жолу тилмеч болгонумда 5 жашта элем.

... Ошол жайда жайлоодо мындай бир кырсык болду. Бир аз эле күн мурда колхоз сатып алган асыл тукум айгыр кокустан мүрт кетти ...

Эртеси бир орус келди. Узун бойлуу, жээрде сакалчан, көк көздүү, кара булгаары кемселчен, жамбашында сумкасы бар адам экен. Ал кыргызча бир ооз сөз билбейт, биздикилер болсо, орусча бир ооз сөз түшүнүшпөйт. Айгырдын кандай шартта, кантип өлгөнүн текшерип көрүп, ага ылайык документ жазуу керек. Жылкычылар көп ойлонуп турбастан, мени тилмеч болосуң дешти.

– Жүрү,- жылкычылардын бири мени колдон алды,- бул киши биздин тилди билбейт, ал айтканды сен бизге которуп бер, биздин айтканыбызды ага айт.

Бир чети уялып, бир чети коркуп да кеттим, жылкычынын колунан жулунуп чыгып, чоң энем турган боз үйгө кире качтым.

... Дайыма мага жароокер жана жумшак мамиле кылган чоң энем эмнегедир бул жолу кабагын бүркөдү: – Чоң кишилер суранып жатса, сен эмне үчүн келген киши менен сүйлөшкүң келбейт, сен эмне, орус тилин билбейсиңби? Мен унчукпадым... – Сен эмне, орусча сүйлөгөндөн уяласыңбы же өз тилиңден уялып жатасыңбы? Бардык тилди кудай берген, кой, бас. – Ал колумдан алып жетелеп жөнөдү. Балдар артыбыздан ээрчиди... Боз үйдүн ичи толтура аксакалдар. Аксакалдар арасында баягы ветеринар да отурат. Ал мага жылмайып, жанына жаңсап чакырды: – Киргин бала, жаныма келчи. Сенин атың ким? ....Кана, айгырдын эмне үчүн өлгөнүн булардан сурачы, – деп жаза турган кагазын алып чыкты.

... Дайыма мага жароокер жана жумшак мамиле кылган чоң энем эмнегедир бул жолу кабагын бүркөдү:

– Чоң кишилер суранып жатса, сен эмне үчүн келген киши менен

сүйлөшкүң келбейт, сен эмне, орус тилин билбейсиңби?

Мен унчукпадым...

– Сен эмне, орусча сүйлөгөндөн уяласыңбы же өз тилиңден уялып жатасыңбы? Бардык тилди кудай берген, кой, бас. – Ал колумдан алып жетелеп жөнөдү. Балдар артыбыздан ээрчиди...

Боз үйдүн ичи толтура аксакалдар. Аксакалдар арасында баягы ветеринар да отурат. Ал мага жылмайып, жанына жаңсап чакырды:

– Киргин бала, жаныма келчи. Сенин атың ким? ....Кана, айгырдын эмне үчүн өлгөнүн булардан сурачы, – деп жаза турган кагазын алып чыкты.

... – Байке, – деп баштадым апкаарып. Бул жер Уу-Саз, уулуу шалбаа деп аталат. ... Эки тилде сүйлөшүлгөн аңгемени сөзмө-сөз которгон бул тилмечтигим өмүр бою эсимден кетпейт. Көрсө, айгыр уу чөпкө ууланып калган тура. Жергиликтүү жылкылар ал чөптүн уулуу экенин билип, жебейт экен. ... Келген киши мени мактады, аксакалдар жыты бурулдап турган ыпысык бир жилик этти карматышты, кубанычым койнума батпай боз үйдөн атып чыктым. Балдар заматта тегеретип калышты. – Ох, кандай укмуш сүйлөдүң! – Алар мага суктануу менен карашты: – Сен орусчаны ушунчалык суудай билет экенсиң.... Чындыгында, мен жакшы эле мукактангам, балдарга болсо менин сүйлөгөнүм укмуштуудай көрүнүптүр. Бир заматта этти жедик да, ойноп кеттик. Ч. Айтматовдун эскерүүсүнөн

... – Байке, – деп баштадым апкаарып. Бул жер Уу-Саз, уулуу шалбаа деп аталат.

... Эки тилде сүйлөшүлгөн аңгемени сөзмө-сөз которгон бул тилмечтигим өмүр бою эсимден кетпейт. Көрсө, айгыр уу чөпкө ууланып калган тура. Жергиликтүү жылкылар ал чөптүн уулуу экенин билип, жебейт экен.

... Келген киши мени мактады, аксакалдар жыты бурулдап турган ыпысык бир жилик этти карматышты, кубанычым койнума батпай боз үйдөн атып чыктым. Балдар заматта тегеретип калышты.

– Ох, кандай укмуш сүйлөдүң! – Алар мага суктануу менен карашты:

– Сен орусчаны ушунчалык суудай билет экенсиң....

Чындыгында, мен жакшы эле мукактангам, балдарга болсо менин сүйлөгөнүм укмуштуудай көрүнүптүр. Бир заматта этти жедик да, ойноп кеттик.

Ч. Айтматовдун эскерүүсүнөн

Өзүңөр түзгөн текст менен салыштыргыла, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып бергиле.  Окшоштуктары : Мен текстте ... жөнүндө ... деп жаздым. Ч. Айтматовдун эскерүүсүндө да ... жазылган.  Айырмачылыктары : Мен текстте ... жазган болчумун. Ал эми Ч. Айтматовдун эскерүүсүндө ... жазылган.

Өзүңөр түзгөн текст менен салыштыргыла, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып бергиле.

Окшоштуктары :

Мен текстте ... жөнүндө ... деп жаздым.

Ч. Айтматовдун эскерүүсүндө да ... жазылган.

Айырмачылыктары :

Мен текстте ... жазган болчумун.

Ал эми Ч. Айтматовдун эскерүүсүндө ... жазылган.

8-тапшырма. Бала тилмечпи? деген суроого таблицада берилген «Ооба» жана «Жок» позициясын жактоо үчүн 3 негиздеме жазгыла. Ооба, бала тилмеч Жок, бала тилмеч эмес 1. 2. 1. 2. 3. 3.

8-тапшырма. Бала тилмечпи? деген суроого таблицада берилген «Ооба» жана «Жок» позициясын жактоо үчүн 3 негиздеме жазгыла.

Ооба, бала тилмеч

Жок, бала тилмеч эмес

1.

2.

1.

2.

3.

3.

9-тапшырма. Төмөнкү конструкцияларды пайдаланып, 5 мүнөттүк аргументтештирилген эссе жазгыла.  Мен бала … деп ойлойм, анткени … (аргумент + тексттен алынган факт менен негиздөө).  Контраргумент келтирүү: Айрымдар бала … дешет, бирок …  Мен … деп ойлойм. (контраргумент + тексттен алынган далил)  Тезисти кайрадан түзгүлө. Жыйынтык чыгаргыла.

9-тапшырма. Төмөнкү конструкцияларды пайдаланып, 5 мүнөттүк аргументтештирилген эссе жазгыла.

Мен бала … деп ойлойм, анткени …

(аргумент + тексттен алынган факт менен негиздөө).

Контраргумент келтирүү: Айрымдар бала … дешет, бирок …

Мен … деп ойлойм. (контраргумент + тексттен алынган далил)

Тезисти кайрадан түзгүлө. Жыйынтык чыгаргыла.

Үйгө тапшырма Аргументтештирилген эссени оңдоп-түздөп, бүтүрүп келгиле.

Үйгө тапшырма

  • Аргументтештирилген эссени оңдоп-түздөп, бүтүрүп келгиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!