СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Брейн ринг 3түн 1-турунун суроолору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Брейн ринг 3түн 1-турунун суроолору»

3-айлампанын 1-турунун суроолору:

1. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо “Мугалимдин статусу” жөнүндөгү мыйзамдын кайсы статьясында көрсөтүлгөн?

Жооп: 5-ст.


2. .”Сабагын кызыктуу өткөн мугалим гана бирөөнү окутуп үйрөтө алат...” бул сөз кимге таандык?

Жооп: В.Сухомлинский


3. Тараптардын макулдашуусу менен эмгек келишиминин токтотулушу эмгек кодексинин канчанчы беренесинде көрсөтүлгөн?

Жооп: 80-берене


4. Иш-аракетке түрткү берүүчү, бир нерсе жасоого кызыктыруучу себеп:

Жооп: Стимул


5. Айкалыштырып иштөө шарттарында жумуш убактысынын узактыгы (ЭК 332-ст.) кандай болуш керек?

Жооп: Күнүнө 4 сааттан ,жумасына 20 сааттан ашпоо керек.


6. Аккредитациялоодон билим берүү мекемелери канча жылда өтүшөт?

Жооп: 3 жылда


7. Алмаштырылган (замен) сабактарды өткөн учурда жумалык жүктөм башталгыч жана жогорку класстарда канча сааттан ашпоо керек?

Жооп: башталгыч класстарда-24, жогорку класстарда -27


8. Класстык сабак системасын ким биринчи иштеп чыккан?

Жооп: Коменский


9. КРда кимдер билим алууга укуктуу?

Жооп: КРдин бардык жарандары (динине, жынысына, социалдык жана мүлк абалына, жашаган

жерине, дин тутуусуна ж.б.карабайт)


10. Ж.Баласагындын “Кут билим” китеби канчанчы кылымга таандык?

Жооп: 11-кылымга


11. Сабактын 45 минуталык формасын ким сунуш кылган?

Жооп: Коменский


12. Класстык журналды ким сунуш кылган?

Жооп: Песталоци


13. КРде окутуунун тили жана канча чет тилин окутуп, үйрөтүүгө мамлекет шарт түзөт? (6-ст.)

Жооп: Мамлекеттик тили жана тиешелүү шарттар болсо, окутуу ар кандай башка тилде да жүргүзүлсө болот, 2 чет тилди окутуп, үйрөтүүгө шарт түзөт.


14. Кесиптик билим берүү программаларын атагыла?

Жооп: -кесиптик башталгыч билим берүү, - кесиптик орто билим берүү,

- кесиптик жогорку билим берүү, -ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү

-кошумча кесиптик билим берүү


15. Башталгыч мектепте баалоонун канча түрү колдонулат жана алар кайсылар?

Жооп: Баалоонун 3 түрү колдонулат: -диогностикалык баалоо,

-калыптандыруучу баалоо,

-жыйынтыктоочу баалоо.




3-айлампанын 2-турунун суроолору:


2.1. Жумушка сыноо мөөнөтүсүз кимдер кабыл алынат?


Жооп:

-Тиешелүү кызматты ээлөөгө конкурс боюнча кабыл алынгандар.

- Кош бойлуу жана 1,5 жашка чейинки балдары бар аялдар.

-18 жашка толо электер.

-Шайлануучу кызматка, акы төлөнүүчү ишке шайланган адамдар.

-Макулдашуунун негизинде которулган адамдар.

-Эмгек келишимин 2 айга чейин түзгөн аадамдар.


2.2. Класс деген эмне жана кайсы тилден алынган?


Жооп:

Класс-латын тилинен которгондо “разряд” деген маанини туюндурат. Бирдиктүү окуу

программалары менен окушкан окуучулардын тобу.


2.3. Класс жетекчинин милдети эмне?


Жооп:

-окуучунун жекече өнүгүүсүнө жардам берүү,

-балдар коллективин түзүү,

-анын шартын жана баланын өнүгүү чөйрөсүн жакшыртуу,

-ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо

- усул ыкмаларын иштеп чыгуу ,

- “инсандын ички дүйнөсүнө таасир этүүчү ыкмаларды колдонуу”


2.4.Эмгек кодексине ылайык кызматкер эмнелерге милдеттүү?


Жооп:

-Өзүнүн эмгек милдетин ак-ниеттүү аткарууга;

-ички эмгек тартибин сактоого;

-эмгекти коргоо боюнча талапты сактоого жана өндүрүш коопсуздугун камсыз кылууга;

-белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга;

-мүлктөрго аяр мамиле кылууга;

-ага тапшырылган мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды эмгек

келишиминин негизинде жарыя кылбоого;

-өзгөчө кырдаалдар жана бош туруп калуулардын келип чыгышы жөнүндө билдирүүгө.


2.5. Билим берүү системасынын негизги принциптери кайсылар:


Жооп: -өнүгүү принциби;

-гумандаштыруу принциби;

-дифференциялоо принциби;

- интеграциялоо принциби.


2.6. Мектептик билимдин сапатына баа берүү кандай формаларда жүргүзүлөт?


Жооп: -өзүнө-өзү баа берүү аркылуу;

-ички мониторинг аркылуу;

-тышкы баа берүү ишмердиги аркылуу.







3-айлампанын 3-турунун суроолору:


1. Биздин мектептеги окуу кааналарынын сыйымдуулугу канча окуучуга туура келерин кантип эсептесе болот?

Жооп:

475:20= 23,75 б.а. 24 окуучу


2. Санэпидомологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн окуу качан болду?

Жооп:

2022-жылдын 16-декабрынан 23-декабрына чейин.


3. Кайсы долбоордун негизинде мектепке канча компьютер жана проекторлор келди?

Жооп:

«Келечек үчүн билим берүү» долбоору.

21 комплект компьютер жана 6 проектор


4. 2025-жылы Пиза эмнеге басым жасайт?

Жооп:

-окуу сабаттуулугу; -математикалык сабаттуулугу; -табигый илимдер сабаттуулугу.


5. Мектептеги Пиза боюнча координациялык кеңештин жетекчиси ким?

Жооп:

Айчурок Касымова, окуу бөлүмүнүн башчысы.


6. 2022-2023-окуу жылында 11-класстарды канча окуучу бүтүрөт?

Жооп:

47 окуучу.


7. Мектептин этика комиссиясынын курамында кимдер бар?

Жооп: 1.А.Туйчиев

2.А.Шадиева

3.З.Аблокулова

4.Т.Ганыбаев

5. М.Исомиддинов


8. Башталгыч класстарда канча окуучу ысык тамак жейт?

Жооп: 327 окуучу

9. 2013-жылы төрөлгөн окуучулар канчанчы жылы Пизанын тесттин тапшырат?

Жооп: 2028-жылы, анткени алар 15 жашка толот.


10. Мектепте канча тажрыйбалуу пенсионер мугалимдер бар жана алар кимдер?

Жооп:

1.А.Туйчиев

2.А.Шадиева

3.Б.Халмуратов

4.К.Паттаев

5.О.Шукурова

6.Т.Жолбаева












Математикалык илимдер

Усулдук бирикмеси





Социалдык-технологиялык+

ден соолук маданияты УБ