СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Брейн ринг 4түн 1-турунун суроолору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Брейн ринг 4түн 1-турунун суроолору»

4-айлампанын 1-турунун суроолору:


1. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо “Мугалимдин статусу” жөнүндөгү мыйзамдын кайсы статьясында көрсөтүлгөн?

Жооп: 5-ст.


2. Билимди текшерүүнүн принциби кайсы?

Жооп: Системалуулук


3. Педагогикалык процесстин негизги функциялары кайсылар?

Жооп: -маалымат берүү, өнүктүрүү, инсанды сойиалдаштыруу


4. Окуу предметин үйрөтүүнүн максаты, милдеттери окуу программасынын кайсы бөлүгүндө аныкталат?

Жооп: Тиркемеде


5. Системалуу билим берүүнүн эң таасирлүү жана ишенимдүү жолу эмне?

Жооп: Көнүктүрүү


6. Үй тапшырмасын суроо, жаңы теманы баяндоо, бекемдөө, үйгө тапшырма берүү- кайсы сабактын структурасына мүнөздүү?

Жооп: Билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу


7. Жаңычыл педагогдордун аттарын атагыла?

Жооп: Е.Н.Ильин, В.Ф.Шаталов


8. Адамдын дене жагынан өнүгүшүнө таасир берүүчү негизги факторлор кайсылар?

Жооп: Дене тарбиялык көнүгүүлөр, жаратылыш факторлору, гигиена


9. Окуучулардын сезимине, аң-сезимине жана жүрүш-турушуна күчтүү таасир этүүчү тарбиялоонун кайсы усулу эсептелинет?

Жооп: Ишендирүү


10. “Эмприка” –деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Жооп: Тажрыйба


11. Баалоонун бизде көп колдонулган түрү кайсы?

Жооп: Формативдик баалоо

12. Тышкы жана ички дүйнөнүн баш мээде чагылышы?

Жооп: Психика


13. Адамга гана мүнөздүү болгон психиканын эң өнүккөн деңгээли?

Жооп: Аң-сезим


14. Баа деген эмне?

Жооп: Баа-окуучуда калыптанган компетенттүүлүктүн , мамлекеттик жана предметтик стандарттарда белгиленген билимдердин сапаттык аныктоо даражасы.


15. Жыйынтык баа берүү дегенди кандай түшүнөсүң?

Жооп: Жыйынтык баа берүү окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн жардам берет. Мектептин календарына чейректик, жарым жылдык, окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө аткарылат.





4-айлампанын 2-турунун суроолору:


2.1. Мугалимдердин ишине кандай чектөөлөр коюлган?


Жооп: Төмөнкүлөргө тыюу салынган:

-мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;

- мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;

-шовинисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;

-окуучуларды иш таштоо кыймылына, саясий акцияларга тартууга;

-окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.


2.2. Эс алуу убактысынын (ЭК. 109-ст) кандай түрлөрү бар?


Жооп: Төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

-жумуш күнүнүн ичиндеги тыныгуу;

-күндөлүк тыныгуу (м: обед учуру);

-дем алыш күндөр;

-жумуш эмес майрам күндөр;

-эмгек өргүү.


2.3. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо ыкмалары (ЭК. 398 –ст.) кайсылар?


Жооп: Кызматкерлердин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун негизги ыкмалары төмөнкүлөр:

-эмгек мыйзамдарын бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль

-кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүктүү органдар тарабынан кызматкерлердин эмгек

укуктарын коргоо;

-эмгек укуктарын кызматкерлердин өздөрү коргошу.


2.4. Билим алуу деген эмне?


Жооп: Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир

билим деңгээлине жетишин жана аны ырасташын айтабыз.


2.5. Лицензиялоо деген эмне?


Жооп: Лицензиялоо-билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берүү.

Лицензиялоонун максаты- билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары койгон талаптардын

деңгээлинде кепилдикке алынган билим сапатын камсыз кылуу.

2.6. Бышыктоо сабагына сабактын кайсы структуралары тиешелүү?


Жооп: -уюштуруу, сабактын максатын, милдетин коюу, өтүлгөн материалды бышыктоо, сабактын

жыйынтыгын чыгаруу.













4-айлампанын 3-турунун суроолору:


1. Бүгүнкү күндө кыргызстанда премьер министр ким?

Жооп: Жапаров Акылбек Усенбекович


2. Мектептеги координациялык кеңештин курамында кимдер бар?

Жооп: А.Касымова, төрайым

Мүчөлөрү: Т.Ганыбаев, Абдиманан кызы К, Г.Халмуратов, О.Шукурова,


3. Мектептин “Жезкен” филиалында канча мугалим иштейт?

Жооп: 11 мугалим иштейт.


4. Мектептин катчысынын толук аты жөнү ким?

Жооп: Разакберди кызы Ташбүбү

5. 2022-2023-окуу жылында 9-классты канча окуучу бүтүрүп жатат?

Жооп: 58 окуучу

6. Быйылкы окуу жылында канча окуучу, качан электрондук каттоодон өтүп баштайт?

Жооп:101 окуучу, 2023-жылдын 10-апрелинен баштап өтөт.


7. Адаптация деген эмне?

Жооп: -латын тилинен алынган. Чөйрөдөгү шарттарга организмдин функцияларынын жана

түзүлүшүнүн ыкташуусу.


8. Муз жаргыч деген эмне?

Жооп: -адамдардын ортосундагы жылуу мамилени, жагымдуу чөйрөнү жаратууга жардам берген

курал.


9. Айтылуучу маалыматка 45 мүнөт көңүл бөлгөн кайсы класстардын окуучулары?

Жооп: 10-11-класстар


10. ”Сабагын кызыктуу өткөн мугалим гана бирөөнү окутуп үйрөтө алат...” бул сөз кимге

таандык?

Жооп: В.Сухомлинский