Сабактын темасы : Булбул.
Сабактын максаты:
А) Жомоктун мазмуунун тушундуруу окуяга, оз баамынча баа берууго корком окуп суйлой билууго уйронот.
Б)Оз алдынча ой жугуртсо ,макал айта алышса, турмуш менен байланыштырып мисал келтиришсе.
В) Жергебиздеги жан-жаныбарларды, канаттууларды суйууго, аларды коргоого тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, тустуу кагаздан жасалган булбулдун макети суроттор, таркатмалар, турдуу калемдер.
Сабактын журушу:
1.Уюштуруу.
Саламдашуу ,класска жагымдуу маанай тузуу.
Алтын эрежени бир добуштан эстейли.
1.Тынч отуруп айтканга конул буруп,алтындай эрежени так сактайбыз.
2.Ун чыгарбай колубузду которуп, кезек менен жооп айта баштайбыз!
3.Берилген суроолорго ойлонуп, туура жооп айтуудан талбайбыз!
4.Башканын оюн бузбастан, озубузду сабырдуу кармайбыз!
5.Маанилуу создорду суйлойбуз, керексиз нерсеге кулбойбуз!
6.сабакка активдуу катышып, чын билим алуудан талбайбыз!
Эми балдар конулубузду уй тапшырмасына буралы.
1.Уйго берилген тапшырма кайсы?
2.Кайсыл элдин жомогу ?
Таркатма аркылуу суроо.
1.Кечок менен Адычак аю чыкканда эмне кылышты?
2.Баатыр,эр журок болуу учун кандай сапаттар керек?
3.Бул эки достун достугун чыныгы достук дейсинби?
4.Бул жомокто биз эмнелерди билдик?
Мугалим: Азаматтар ! мына балдар биз бул жомоктон чынчылдыкты, ак ниеттуулукту,баатырдыкты,чыныгы достукту тааный билууну уйрондук. Эгерде силер Адычактын ордунда болсонор эмне кылаар эленер?
Балдар достор жонундо кандай макалдарды билесинер?
Жакшы менен дос болсон,жакшы жолго тушосун.
Ишентчтен кеткен жери,достуктун буткон жери.
Достукту куто албаган доско зар, анык достон айрылба.
«Колтукташкан дос эмес, колун берген дос.»
Ушул макалдын маанисин чечмелейли. Окуучулар оз ой пикирин айтышат.
Мугалим: Эгерде досун болсо бул дуйнодо, жамандык корбойсун эч бир жерде. Оз мудоонду бийик койуп досундан, унутуп таштап кетпе ара жолго.
Мугалим: Балдар жомогубуздун негизги окуясы кайсы жерде болуп жаткан эле?Токойдо.Анда биздин бугунку ото турган темабыз жаратылыштын коркуно корк, сулуулук кошуучу канаттуулар тууралуу болмокчу.
Кайсы канаттууларды билесинер?
Канаттуулардын бизге кандай пайдасы бар?
Касиеттуу жери бар,карагай кайын чери бар. Дегенде жерибизди кооз уну менен кооздоп турган куш бул- Булбул. Булбулдун унун укканда талаа туздо тыным билбей жумуш жасаган дыйкандар чарчаганын да унутуп коюшкан.
Торгойлор сайрап шаншыган,
Булакта ойноп таншыган.
Булбулдун унун укканда,
Мундуулар ыйлап жашыган.
Булбулдун жашаган жери токой экендигин баарыбыз билебиз . ун кубултуп ырдаган ырчыларды Булбулга салыштырышкан. Ошондуктан биз бул кичинекей канаттуудан таланттуулукту, сулуулукту сезебиз. Канаттуулар суйлой алышпаса да , кубултуп сайроо аркылуу бири-бири менен пикир алмашышат.
Айткылачы балдар окуя ким жана эмне жонундо болуп жатканын билгинер келеби? Анда кулак салалы.
Теманы окуп тушундуруп беруу.
Окуучулар менен биргеликте синквейн тузуу.
1.Булбул.
2.Таланттуулар тобу болуп экиге болунот.
Сабакты бышыктоо:
Кана балдар силер дагы кандай канаттууларды билээринерди кроссворд аркылуу сынайлы.
Булбул кроссворду.
1.КРнын гербинде тушурулгон куштун аты?
2.Бийик тоого чыккан барбы?....... унун уккан барбы?
3.Токой санитары?
4.Адамга дос, уйун салат шыпка бирок адамга зыяны жок. Ал кайсы канаттуу?
5.Колдогу сулуу куш?
6.Таштан –ташка секирип учуп журот……?
Сабакты жыйынтыктоо: балдар биз бугун канаттууларды коргоону , суйууну уйрондук. Алардын бизге пайдалары коп. канаттуулар жаратылышка кооздук, сулуулук тартуулап турушат. Ошондуктан биз канаттуулардыолтурбой, уя салып жем берип карашыбыз керек.
Баалоо: активдуу топко 5, орто топко 4 . Эмоцианалдуу мактап баалоо.
Уйго тапшырма: уйдон жапайы жана уй канаттуулары жонундо билип келебиз.