СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдун тузулушу

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

8-кл.      Атомдун түзүлүшү –деген теманы өтүүнүн ыкмасы. ( сабактын иштелмеси).

 

Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип  тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт  жана  илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен  кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды  өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен  окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп  окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан  окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип  түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен  теманы аз –аз өлчөмдө  окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат. 7-класста физика сабагында “ заттардын түзүлүшү” –деген темада  ,химия сабагында 8-класста “Атом, молекула” - деген теманы өтүүдө    “атом, молекула “ жөнүндө түшүнүк алат.  Ал түшүнүк 8-кл химия сабагында бул түшүнүктөр Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасын өтүүдө  калыптанат жана терендетилет.

Просмотр содержимого документа
«Атомдун тузулушу»

8-кл. Атомдун түзүлүшү –деген теманы өтүүнүн ыкмасы. ( сабактын иштелмеси).


Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз –аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат. 7-класста физика сабагында “ заттардын түзүлүшү” –деген темада ,химия сабагында 8-класста “Атом, молекула” - деген теманы өтүүдө “атом, молекула “ жөнүндө түшүнүк алат. Ал түшүнүк 8-кл химия сабагында бул түшүнүктөр Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасын өтүүдө калыптанат жана терендетилет.



Сабактын темасы: Атомдун түзүлүшү .

Сабактын максаты:

Химиялык элементтер. Атомдун түзүлүшү, протон, нейтрон, электрон боюнча түшүнүктөр кайталанат .Атомдун түзүлүшү боюнча көнүгүүлөрдү иштеп мурунку билимди бекемдейт. Мезгилдик закон, мезгилдер, топтор, мезгилде жана топтордо элементтердин касиеттеринин өзгөрүшү боюнча кайталашат.

Химиялык элементтердин түрлөрү, алардын атомдук массасы, жөнөкөй заттардын молекулалык массасын, массалык үлүш боюнча кайталоо жүргүзүп эсептөөлөр жургүзүлөт. Валенттүүлүк, кычкылдануу даража, электр терстүүлүк боюнча көнүгүү иштелет. Татаал заттардын эквивалентин табуу боюнча тапшырмалар аткарылат..

Байланыштар боюнча түшүнүк кайталоо жүргүзүлөт. Кычкылдануу саны боюнча көнүгүү иштелет.


Көрсөткүчтөр:

  • Атомдун түзүлүшү,Химиялык элементтер. Заттар, химиялык реакция боюнча түшүнүктөрдү билсе,

  • Мезгилде элементтердин жайланышын, алардын касиеттеринин мезгилдүү өзгөргөндүгүн билсе,көнугүүлөрдү аткара алса, Химиядагы негизги закондор, түшүнүктөр боюнча көнүгүүлөрдү иштей алса,

  • Топто элементтердиг жайланышын жана топто элементтердин касиеттерин өзгөрүшүн билсе, жана Химиялык элементтердин түрлөрү, алардын атомдук массасы, жөнөкөй заттардын молекулалык массасын, массалык үлүш боюнча кайталоо жүргүзүп эсептөөлөр жургүзө алса.

  • Валенттүүлүк, кычкылдануу даража, электр терстүүлүктү айырмалай алса, алар боюнча көнүгүүлөрдү иштей алса,

  • Татаал заттардын эквивалентин табуу боюнча тапшырмалар аткара алышса,

Байланыштар түрлөрүн билсе. Кычкылдануу саны боюнча көнүгүү иштей алса.


Сабактын формасы: Лекция


Сабактын тиби: Жаӊы билимди өздөштүрүү .

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө, текст менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат. Таблицалар. ж.б каражаттар

Жаӊы тема: Атомдун түзүлүшү

Күтүлүүчү натыйжа:

Атомдун түзүлүшүн билет. Химиялык элементтердин электрондук конфигурациясын жаза алышат жана элементтерге мүнөздөмө береишет.Заттар, хиүзүлмиялык реакция боюнча билет.Химиядагы негизги закондор, түшүнүктөр боюнча көнүгүүлөрдү аткара алышат. Химиялык реакциялардын түрлөрүн билишет.химиялык реакциянын түрлөрүн айырмалай билишет.

Химиялык элементтердин түрлөрү, алардын атомдук массасы, жөнөкөй заттардын молекулалык массасын, массалык үлүш боюнча эсептөөлөрдү жургүзө алат. Валенттүүлүк, кычкылдануу даража, электр терстүүлүк боюнча көнүгүүнү аткара алышат.Татаал заттардын эквивалентин табуу боюнча тапшырмалар аткара алат

Байланыштар боюнча түшүнүк кайталоо жүргүзүлөт. Элементтердин кычкылдануу санын таба алышат.

Мугалимдин иш аракети:

Мугалим сабакты өтүү боюнча ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып сабакты уюштурат.

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.Көнүгүү иштелет

Бышыктоо:

1.Мезгил деп эмнени айтабыз?

2.электрон кандай зарядуу бөлүкчө?

3.Топто элементтердин касиети ?

4. валенттүүлүк деген эмне?

5.Электр терстүүлүк деген эмне?

6.кычкылдануу даража деген эмне?


Үй тапшырма: &


Баалоо;







Сабактын темасы: Атомдун түзүлүшү.


Сабактын максаты:

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар затты түзгөн бөлүкчөлөр боюнча билим алат, атомдун молекуланын касиеттерин, түзүлүшүн окуп үйрөнөт, Окуучулар зат жөнүндө түшүнүк алат. Зат менен нерсенин айырмасын билишет. Мисалдарды келтирет. Атомдун касиеттерин окуп билишет. Молекуланын касиетин окуп билишет. Атом , молекуланын кыймылдарынын негизинде жаратылыштагы кубулуштарды таанып билишет.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар атом . молекуланын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. Резерфорддун портрети.ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

Мисалы: 6 сүйлөмдөн турган тапшырма берилет. Мугалим сүйлөмдөрдү окуп берет, окуучу угат. Сүйлөмдү окуучулар угуп, анализдеп туура жана туура эмес деген жыйынтыка келгенден кийин окуучу жообун цифра менен белгилеп турат. Туура жоопко 1, туура эмес жоопко 0 деген цифраларды коюшат. Мисалы:

  • Химиялык кубулушта- бир заттан экинчи жаӊы зат пайда болот,

  • Нерсе массага ээ,бирок формага ээ эмес,

  • Физикалык кубулушта – бир заттан экинчи зат пайда болот,

  • Зат молекуладан турат, молекула атомдон турат,

  • Жетим-Тоо кени бул - алтын кени,

  • Химия илими – заттар, алардын касиети жөнүндөгү илим.

Туура жообу: 1,0,0,1,01.


Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак. : Атомдун түзүлүшү.


Сабактын темасы доскага жазылат.


Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

Суроо: Атом, молекула жөнүндө эмне билесиӊер?

(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.

  • Окуучулардын жообу: 1. Атом кичинекей бөлүкчө.

  • Затты түзгөн бөлүкчө.

  • Ал дайыма кыймылда болот.

  • Атомдор биригип молекуланы түзүп турат ж.б.

М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)

Текст:Заттарды түзгөн эӊ майда бөлүкчөлөр түзө тургандыгы жөнүндөгү түшүнүк биздин заманга чейин эле пайда болгон. Жаратылыштагы ар кандай физикалык жана химиялык кубулуштарды атом жана молекулалардын кыймылы өз ара аракети аркылуу түшүндүрүүгө болот. Заттар эң майда бөлүкчөлөрдөн турарын физика курсунан билесиңер. Грециянын атактуу ойчулдары Демокрит мындан 2300 жыл мурда бул ойду айткан. М.В.Ломоносовдун XVIII-кылымда пайда болгон молекулалар жана атомдор жөнүндөгү окуусу химия илимдеринин жаңы табылгалары менен толукталып, жаратылыштын көп кубулуштарын түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Мисалы жаратылыштагы төмөнкү кубулуштардын болуп турушу, заттар кандай гана абалда болбосун ( катуу,суюк, газ) эң майда бөлүкчөдөн – атом жана молекулалардан турарын далилдейт.М:суу болгон нерсенин кургашы

а. сүттүн ачышы ,

б.өсүмдүк калдыктарынын чириши,

в.отундун күйүшү,

г.Жыттуу атырдын жыты комнатага тарашы,

д. Күмүш буюмдун карарышы .ж.б.

  • Демокрит: А́том ( грек сөзү. ἄτομος «бөлүнбөс”, -дегенди түшүндүрөт) .

  • Атом  –химиялык элементтердин  касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө.

  • Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, Атомдор өз ара түздөн-түз байланышып молекуланы пайда кылат, молекулалар биригип заттарды пайда кылат Аны төмөнкү схема менен түшүндүрүүгө болот.

  • Молекула — берилген заттын негизги химиялык  касиеттерин алып жүрүүчү эн кичинекей бөлүкчө. 





Бул текст окулуп бүткөндөн кийин окуучулар менен бирге группада иштелет.

Андан кийин мугалим доскага иррэти менен сүрөттөрдү илип талкуу жүргүзүлөт:

  1. Жогорку берилген схема боюнча бул заттар эмнеден турарын, айтып бергиле ?- окуучулар оозеки иштешет. ( 5 мин)






2. Атомдун түзүлүшү боюнча анимация көрсөтүлөт. ( анимация презентацияда )

Суроо берилет: Атомдун түзүлүшү боюнча дагы кандай маалыматтарды алдынар?

( Группада иштелет.)

Атомдун татаал түзүлүштө экендиги радиоактивдүүлүк кубулуш ачылгандан кийин дагы бир жолу далилденди.

2-тыным: (химия) ( 5 мин) . XIX- кылымдын аягында француз окумуштуусу А.Беккерель кээ бир элементтер ( уран ) нур чыгарарын байкаган.Окумуштуулар Мария Складовская Кюри жана Пьер Кюри родий, полоний ушундай эле нур чыгарарын белгилеген. Булар радиоактивдүү элементтер, ал эми кубулуш радиоактивдүүлүк деп аталат. Радиоактивдүү нурлардын касиетин текшерүү үчүн изилдөөлөр радий туздарынын бир аз өлчөмүн . өйдө жагы тешик кичине коргошун кутуга жайгаштырышкан ( коргошун радий нурларын сиӊирет). Радийдин тузу салынган кутуну электр магнит талаасына алып барган. Мында радиоактивдүү нур чыгаруунун бир тектүү эмес экендигин табышкан. Андан ары изилдөөлөр нурлары –бул элкетрондордун агымы, – массасы 4 жана заряды +2 болгон бөлүкчөлөрдүн агымы, ал эми – рентген нурларына окшогон нурлардын агымы экендигин көрсөтүштү. Кийинки эксперименттерде ошондой эле , жана нурларынын бөлүнүп чыгшынын натыйжасында радийдин атомдору ажырап эки жаӊы элементти – радондун ( Rn) жана гелийдин (He) пайда боло тургандыгы аныкталган.




Ядролук реакцияларда элементтердин химиялык белгиленишиндеги өйдө жактагы сан атомдук массаны, ылдыйкы сан ядронун зарядын көрсөтөт.

Элементтин атомдорунун башка элементтердин атомдоруна айлануу процесси ядролук реакция деп аталат.


Тексти окуучулар окуп бүткөндөн кийин группада талкуу жүргүзүлөт. Анадан кийин окуучулар төмөнкү көнүгүүлөрдү аткарышат.

  1. Суроолордун ордунда кандай кайсы элемент бар экендигин аныктагыла.


А)


Б)




( физика боюнча кошумча маалымат).

XX кылымдын башында атом татаал түзүлүштө. Атомдун борборунда оӊ заряддалган ядро жайланышкан, анын айланасында терс заряддалган электрон айланып жүрөт. Ядро менен электрондун ортосундагы аралык абдан чоӊ.Эгерде ядронун өлчөмүн 10 тыйындын өлчөмүндө чоӊойто турган болсо, анда ядро менен электрондун ортосундагы аралык 1км болмок. Атомдун ядросунда протон (+) заряддалган, жана нейтрон ( зарядга ээ эмес).

Алардын массасы төмөндө келтирилген:









Андан кийин бул сабак боюнча даярдалган презентация менен окуучулар таанышат.

( презентация)

Көнүгүү иштелет.








Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.