Жаңы баштагандарга кыскача колдонмо!
Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты
Wikipedia дан
Өтүү: багыттоо, издөө
Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты - кыргыз элинин жалпы маданий тарыхынын орчун баскычтарынын бири.
Маданий башат.
Кыргыздар XV кылымдын аяк ченинен тартып Кыргызстандын тупку калкына айлан ган. Ошондуктан мындан ары көбүнөсө кыргыздардын маданияты тууралуу сөз болот. Анын үстүнө дал ушул учурда Ала-Тоодо элет элинин калыптануу процесси жалпы жонунан аяктап калган. Мындай олуттуу окуя бир элдин бирдиктүү маданиятынын калыптанышына, өсуп-өнүгүшүнө тузуп, жаны көрүнүштөргө жол ачканы анык.
Бул мезгилде кыргыз элинин маданияты байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азияда түптөлгөн бай маданий казына миң түркүн мурастарды өзүнө сиңирип алды.
Кыргыздар жашаган Тенир-Тоо системасы жана ага чектеш өрөөнүндө Батыш, Чыгыш жана Түштүк Азиянын калктарынын маданий, соода, рухий (диний) алакала- рынын көпүрөсү катары кызмат кылган.
Орто кылымдарда Кыргызстанда жана канатташ аймактарда (буддизм), теңирчилик жана башка шамандык ынаным, несториандык (христиандык), ислам, ламаизм (бутпарас дининин бир агымы) сыяктуу диндерге ишенген, өз жазуусун жана дуйнеге көз карашын жайылтууга аракеттенген ар кыл маданий аймактардын өкүлдөрү жашап, өз изин калтырышкан. Арийне, андай мурастарды сиңдируу оной-олтон ишке ашкан эмес. Ар кыл тарыхый доорлор, ички жана тышкы согуштар, са¬ясий, диний ецуттегу езгеруулер, жазуу маданиятындагы жаныруулар, арга- сыз журт которуулар жана башка кыйын кезендер маданий өнүгүүгө кедерги болуп турган.
Элдик оозеки чыгармачылык
Кыргыз элинин маданиятынын басымдуу бөлүгүн элдик оозеки чыгармачылык түзөрүн орто кылымдардан бери эле европалык чыгышпоздор баса белгилеп келишкен. Оозеки чыгармачы- лыктын ичинен кыргыз эли эн, бийик сереге өнүктүрө алган жанр дастанчылык болуп саналат.
XVI кылымда «Мажму таварих» («Тарыхтар экыйындысы» ) аттуу Сайфеддин Ахсыкендинин чыгармасында Манас баатыр менен байланыштуу уламыш чагылдырылган. Демек, ошол кылымдагщ эле «Манас» дастаны Фергана кыргыздарынын арасында кенири таркаган Дастан эл биримдигин чыцдоого, ынтымакты кучетууге жана Ата Жуптт сүйүүгө үндөйт.
«Манас» училтигинин («Манас», «Семетей», «Сейтек») езогу кыргыз элинин көз каранды эместик учун кылымдар бою жургузге баатырдык курештеру, эгемендуу мамлекетин түзүү, анын коопсуздугЭ элдин бейпил турмушун, кыйыр бутундугун жоодон коргоо идеясы тузе-п' Анын толук варианты 500 миц ыр сабынан турат. езунун келему, мазмуЭ нун баилыгы, чагылдырылган окуялардын арбындыгы жагынан ал «ИлиГ да» жана «Одиссея», «Махабхарата», «Шахнамэ», «Калевала» сыяктуудуй неге таанымал эностордон бир нече эсе чоңдук кылат. Ошондуктан океан сымал «Манас» дастанын кыргыздардын руханий маданиятынын туу Чо кусу, дуинелук маданияттын керемет кенчи деп коюшат. Бизге эпостин бОтан ашуун варианты жетти.
Эц алгачкы манасчылар Манастын кыпк чоросунун бири, жарчысы Ырамандын Ырчы уулу, ага ини Толубай сынчы, Токтогул ырчы (XIV кылым) болгон.
Кийинки доордогу атактуу манасчылардын катарына Келдибек Ба¬лык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай ж.б. кирет. Дастанда кыргыз элинин эзелки мезгилден тартып жацы доорго чейинки тарыхындагы орчундуу окуялар элдик оозеки чыгарма турунде элестуу баяндалат Узак убакытта калыптанган (айрым окумуштуулардын (М. Ауэзов, А. Бернштам) ою боюнча дастандын башаты VII кылымга таандык бул эпос акырындап кыргыздын башка майда дастандарын да өзүнө сицирип, макал-лакал, накыл сөз, географиялык, космографиялык, этнографиялык жана башка оилимдердин мухитине айлана берген.
Борбордук Азиянын географиясы тууралуу кыргыздардын маалыматы да кецири эле. «Манас» жана башка дастандарда Кацгай, Оркун (Орхон), Ыртыш, Алтай, Лоп (Лобнор), Кекенор, Хотан, Тибет, Карашаар, Камбыл (Кабул), Ооган (Афганстан), Памир, Бадакшан, Кожент, Самарканд, Бухара сыяктуу ар кыл челкемдер, тарыхый-географиялык тушунуктер көп кездешет.
Табигат кубулушун жайчылар, эсепчилер алдын ала эсептеп айтып турушкан. Албетте, алардын сезу чын чыкканда «карды жаадырып кой- ду», «нешерду токтотуп салды» деп апыртып, аларга касиеттуу сырды, кучту ыйгарышчу. Иш жузунде андайлар эмпирикалык билимдерге таянышкан.
Элдик табып, дарыгерлер дары чептердун (адырашман, мамыры, ак кодол ж.б.) сырын мыкты билип, кесел адамдарды ак дары (жыландын кургатылган эти), кайберендин жана башка жапайы жаныбарлардын ар кайсы дене мучесу аркылуу дарылашкан. Турдуу минералдык заттарды (му¬миё) да пайдалана билишкен. Оорулууну кээде жаңы союлган кара кочкор- дун же тайдын терисине орошчу. Жараатка күйгүзулгөн кийизди жабышчу. Жортуулда, эр сайышта жарадар болгондорго хирургиялык жардам керсетушчу. Сыныкчылар кол чыкса аны ордуна салган, тарамыш тартыл- ганда, сеек сынганда шакшак коюшкан. Денедеги окту тинтуу аспабы ме¬нен сууруган. Кан алуу, су лук салуу, тамыр кармоо сыяктуу табыпчылык да бар эле. Албетте, дем салуу, дуба окуу аркылуу кеселден арылтууга (мисалы, тиш ооруну) далалаттанган дарыгерлер, «жин-шайтанды» куба- лоого алпурушкан бубу-бакшылар да болгон.
Кыргыздар аралыкты эли, сеем, карыш, кадам, кулач, саржан, чакы- рым, ат чабым ж.у.с. менен өлчөшкөн. Жоондукту, майда, суюк жана катуу затты ченее системасы пайдаланылган.
Диний ишенимдери. XVII—XVIII кылымдарда кыргыздар негизи- нен ислам динин тутуп калышкан. Ал эми Жуцгариядагы калмак- кыргыз аталган топтун дини ламаизм (бутпарастык агым) болгон. Тецир- Тоодогу кыргыздарда исламга чейинки диний ынанымдардын калдыктары да сакталган. Алар мусулманчылыкка доо кетирбей син- тезделген. Алсак, исламдык кудай Алла-тааланын синоними катары «Тецирге» да сыйынышчу.
Кыргыз мифтеринде (ацыздарында) Тецир — бир эле учурда ааламдын жаратуучусу жана кектун (асмандын) кудайы болгон. Андан тышкары Жерге жана Сууга сыйынышкан. Жер Эне женундегу тушунуктен башка энелерди, бала-бакыраны коргогон Умай Энеге ишеним да болгон.
Кыргыздар ар кыл конуштардын, кечуулердун, ал тугул айбанаттардын «ээси», олуя чалыш кишинин колдоочусу (жолборс, беру, ажыдаар кей- пинде) болооруна ишенишчу. Айрым кыргыз урууларынын бугу, беру, ба- гыш, илбирс (барс) ж.б. айбанат менен байланыштуу тотеми болгон. Жыл- кынын ээси — Камбар Ата, теенуку — Ойсул Ата, уйдуку — Зецги баба, койдуку — Чолпон Ата, эчкиники — Чычац Ата, канаттуунуку — Буудайык, «ит тересу» — Кумайык деп эсептешкен.
Эне-Сай Кыргыз кагандыгы доорундагыдай эле отко табынуу салты сакталган Арча менен аластоо, жортуулдан же алыскы сапардан каиткан сишинин башынан оттун чогун уч жолу тегеретуу ж.б. ырым-жырымдар мусулмандык жерелгелерду толуктап турган.
«Аркы дуйне» тууралуу (эсхатологиялык) түшүнүк, кыяматтын кыл көпүрөсү, жан, арбак, кайып болуп кетүү (эч кимге көрүнбөс турмушка элбес болуп өтүү) сыяктуу тушунуктер да кеңири таралган.
Кыргыздардын теги, уруулук курамы, тектеш элдер менен карым-кат- нашы жана кыскача оозеки тарыхы санжырада баяндалган (арабча «Шажа- ра» — «дарак» сезунен). Санжырачылар кыргыз урууларынын тегин дарак сымал бутактатып чечмелешчу. «Жети атасын билуу — парз» деген тушунук болочок санжырачынын кенулун уялаган.
Элдик оюн-зооктор.
Эркти, кучту, эптүүлүктү, шамдагайлыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган куч сынашуу, тецтайлашуу (спорт) оюндары уландарды жоокердик эр журектуулукке, ыкчамдыкка уйретууге ебелге тузген. Андай оюндар жамбы атмай, эр сайыш (эреел), эр эциш, балбан куреш, мал, таш кетеруп куч сынашуу, кек беру (улак) тартуу, кыз куумай сыяктуу оюндар болгон. «Ат — адамдын канаты» делет кыргыз накыл сезун- де. Ат чабыш, жорго салуу, кунан чабыш, оодарыш, кек беру сыяктуу ат оюндары калайыктын кенулун естуруп, кеп иштерге шыктандырган.
Белек Солтоноев XVII—XVIII кылымдарда дацкы таш жарган баатырлардын шумдуктуудай аргымактарын (Шарп Кула — саяк Тугел бай казак ханы Эшимге тартуулаган буудан, Кер Кулун — Атаке баатырдын жоого минген аргымагы): ж. б. гипонимдерди (жылкы аты) санап келип, бугу уруусунан чыккан Найман, Жаныбек деген сынчылар кулуктерду 18 турге белгенун айтат.
Кездемелерди боеонун ыкмалары
Азыр кездемелерди боеодо химиялык боектор кеңири колдонулат. Муну менен жердикке түр берүү үчүн атайын жасалгаланган жайлар талап кылынат. Демек, сырьену боеонун ыкмаларын таасын жүргүзө ала турган фабрикалык шарттар болуу керек. Жөнөкөй эле үйдүн шартында химиялык татаал жол менен боеону иш жүзүнө ойдогудай ашырууга мүмкүн да эмес.Чеберлер өсүмдүктөрдүн жалбырагынан, кабыгынан жана
тамырынан ар кандай боектор даярдашкан.
Жүндү же кездемени сары өңгө келтирүүдө көбүнчө чычырканактын тамыры, тоо гүлдөрү пайдаланылат. Жердикти кызылга боегонго чалкандын тамыры, жашыл түскө анын сабагы жана жалбырагы керектелет. Ошондой эле чеберлер мала-кызыл, даана кызыл өңдөргө келтириш үчүн анардын кабыгын да пайдаланышат. Ал эми жүндү кара түскө келтириш үчүн жаңгак мөмөсүнүн кабыгы керектелет. Кызыл пияздын кабыгы менен ак жүндү саргыч кызыл жана күрөң кызыл түскө келтирип алууга болот.
Чеберлерибиз жүндү же жипти боегондон мурда аны кирин кетириш үчүн таптаза жууп алышат. Жүндү, жипти жана кездемени аппак кылууда атайын кир жуугуч каражаты же акиташты пайдаланышат. Акиташ жүндү же жибекти талаптагыдай агартуу менен бирге боектун ойдогудай болуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Боело турган жердикти муздак жана ысык суу менен бир нече жолу чайкап да алышат. Буюм боео да көркөм кол өнөрчүлүктүн элдик салтына кирет.