СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Так жана жуп сандар

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Так жана жуп сандар темасы боюнча сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Так жана жуп сандар»

Жамбилова Майрамгүл Шакирбековна

[Адрес электронной почты]

Сабактын иштелмеси

Тема: Так жана жуп сандар



Ноокен району

№ 5 Назир Токторбаев атындагы орто мектеби

1-класстар үчүн математика сабагынан



Сабактын темасы: Так жана жуп сандар


Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга так жана жуп сандардын маанисин түшүндүрүү;

Өнүктүрүүчүлүк: Алардын сандардын ортосундагы айрымачылыкты таанып-билүү жөндөмүн өстүрүү;

Бир орундуу сандар менен элементардык арифметикалык амалдарды (кошуу жана кемитүү) аткаруу жөндөмүн калыптандыруу;

Тарбиялык: Балдардын жөнөкөй сандардын жардамында элементардык операцияларды аткартуу аркылуу эске тутуу, кабыл алуу, көңүл буруу жөндөмдүүлүктөрүн тарбиялоо;


Сабактын формсы: Аралаш;


Сабактын усулдары: Интерактивдик усулдар


Сабактын жабдылышы: Флиппчард, маркер, таякчалар, түстүү кагаздар, түстүү фигуралар; компьютер, проектор;


Сабактын жүрүшү:

Чакыруу кадамы - 5 минута;

Өнүктүрүү кадамы – 10 минута;

Талдоо кадамы – 5 минута;

Калыптандыруу кадамы – 10 минута;

Такташтыруу кадамы – 5 минута;

Бышыктоо кадамы – 5 минута;

Жыйынтыктоо кадамы – 5 минута;


Сабактын жүрүшү:


  1. Чакыруу кадамы:


  • Саламдашуу;

  • Окуучуларды жоктоо;

  • Алтын эрежени кабылдоо;

  • Окуучулардын сабакка даярдыгын уюштуруу;

  • Топторго бөлүштүрүү (оюн аркылуу);


  1. Өнүктүрүү кадамы:


Мында мугалим окуучуларга бүгүнкү өтүлө турган тема “Так жана жуп сандар” деген теманы өтөөрүбүз тууралуу окуучуларга маалымдоо менен сабактын максаты эана жаңы өтүлүүчү теманын теориялык мазмуну менен тааныштырат. Ал үчүн төмөнкү мисал менен окуучуларга так жана жуп сандар боюнча түшүнүктөрдү берет.


Мисал 1:

Суроо: Улан бүгүн мектепке өзү жалгыз келди. Балдар айткылачы Улан канча окуучу?

Жооп: 1 окуучу.

Суроо: Анда Улан 2 ге бөлүнө алабы?

Жооп: Жок, бөлүнө албайт.

Суроо: Анда Улан 1 өө болсо, 1 саны 2 ге ажырабаса кандай сан болот?, айткылачы балдар.

Жооп: Так сан болот (Бул суроого окуучулар жооп бере албаса мугалим өзү жооп берсе болот).

Суроо: Ошентип балдар 2 ге бөлүнбөгөн сандарды биз кандай сандар деп атайт экенбиз?

Жооп: Так сандар деп атайт экенбиз.


Мисал 2:

Улан кечээ Роза менен бирге мектепке келишкен. Айткылачы балдар Улан менен Роза канча окуучу?

Жооп: 2 окуучу.

Суроо: Анда Улан менен Роза 2 ге бөлүнө алышабы?

Жооп: Албетте бөлүнө алышат. Алар 2 окуучу да.

Суроо: Анда 2 ге бөлүнгөн бардык сандар эмне деп аталат?

Жооп: Жуп сандар деп аталат.


Азаматсыңар балдар анда эмесе бардыгыбыз 1-слайдка көңүлүбүздү бурсак.


Эгер сандарды экиге бөлгөндө бирдей сумма чыкса анда ал сандар жуп сандар, ал эми айырма болсо так сандар деп аталат.

Динамикалык слайддын жардамында сандардын так жн жуп экендиги сүрөттөрдүн жардамында түшүндүрүлөт.


Тапшырма: Сүрөттөрдөгү нерселерди санагыла жана алардын жуп же так экендиктерин аныктагыла (1-слайд).

  1. Талдоо кадамы


Окуучулар 2-слайддын жардамындагы берилген тапшырманын жардамында сандардын так же жуп касиеттерин аныкташат.


Тапшырма: Сүрөттөрдөгү нерселерди санагыла жана алардын жуп же так экендиктерин аныктагыла.

(2-слайд).

  1. Калыптандыруу кадамы.


Тапшырма: “Сандарды тааныйбыз” оюуну Тапшырма: Сүрөттөрдөгү нерселерди санагыла жана алардын жуп же так экендиктерин аныктагыла (3-слайд).

Экранга көрүнгөн санды атагыла жана анын жуп же так сан экендигин аныктагыла.

Тапшырма: Сүрөттөрдүн жардамында амалдарды аткарабыз жана чыгарылыштын так же жуп сан экендигин аныктайбыз (4-слайд).


  1. Такташтыруу кадамы


Суроолор: (5-слайд).

1 ден 10 го чейинки сандардын кайсылары так сандар?

1, 3, 5, 7, 9 садары

1 ден 10 го чейинки сандардын кайсылары жуп сандар?

2, 4, 6, 8, 10 сандары

3 + 5 = ? жообу жуп санбы же так санбы?

Жообу 8, жуп сан

5 – 2 = ? жообу жуп санбы же так санбы?

Жообу 3, так сан.


  1. Бышыктоо кадамы:


Маселе иштөө (6-, 7-слайддар)


Бейшендин 10 жаңгагы болгон. Үчөөнү Айбекке берди. Бейшендин канча жаңгагы калды?

Мугалим: Келгиле балдар салыштырмалуу ойлонууну үйрөнөбүз. Азыр жаныңарда маселени чыгаруу үчүн 10 жаңгагыңар жок. Бирок бул эч нерсе деле эмес. Силерде таякчаңар бар эмеспи андан 10 таякчаны бөлүп алабыз. Ажыратылып алынган таякчадан үчтөн таякчаны дагы эсептеп бөлүп, бөлүнгөн 3 таякчаны жаныңардагы шеригиңерге карматкыла да, колуңарда калган таякчаларыңарды санап көргүлөчү балдар. Канча таякча клаыптыр силерде?

Чыгаруу 10 – 3 = 7

Жообу: 7 жаңгагы калды.

Маселе иштөө:

Айбектин 9 сому бар.7 сомго ал конфет сатып алды. Айбектин канча сому калды.

Мугалим:Келгиле балдар биз дагы эле жогорудагыдай эле салыштырмалуу ойлонуу ыкмасын колдонуу менен маселебизди чечип алалы. Анткени азыр жаныбызда 9 сом акча жана конфета сатып алуу үчүн бизде дүкөн жок. Бирок бул бизге эч кандай кыйынчылык жарапайт. Анткени Ошол эле математикалык таякчабыздын жардамында ушул маселени да чечип алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн таякчаларыбыздан өзүбүзгө 9 таякчаны бөлүп алалы. Жаныңардагы шеригиңерди дүкөнчү катары элестеткиле жана ага конфета сатып алууүчүн өзүңөрдүн 7 таякчаңарды бере тургула. Колуңарда канча таякча калды? Колуңарда канча таякча калса Айбекте да ошончо сом акчасы калды.

Чыгаруу 9 – 7 = 2

Жообу: Айбектин 2сому калды




  1. Жыйынтыктоо кдамы


Баалоо:


Окуучулардын сабаккакөңүл буруусу, жске тутуусу, кабыл алуусу, катышуусу жана жетишүү принциптери эске алынып тапшырмаларды аткаруу дэңгээлине карай салыштырмалуу баалоо жүргүзүлөт.


Үй тапшырмасы:


Жуп жана так сандарды ирээттүү тартипте бөлүштүрүп жазып келүү.


Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!


Жамбилова Майрамгүл Шакирбековна

Ноокен району

№ 5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин мугалими