СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тили боюнча доклад

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тили боюнча доклад»


«Жийде» орто мектеби

Кыргыз тили, адабияты мугалими


Сулайманова Ыкыбал Толонбаевна




Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун!”


Кыргыз тилибиз- биздин эне тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай накыл сөзүн баян эткен. Биз да энебиздин ак сүту менен бешик ырын эне тилде укканбыз.Эне тилди сүйүү- ар бирибиздин парзыбыз!

Эне тил!

Кандай жонокой, кандай бийик,кандай улуу соз!Дал ушул соз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

«Элди туболук эл кылып турган – анын тили»,

«Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун

Эне тили болбосо , аты аталбайт улуттун»- дегендей, эне тилибиз- кыргыз тилин , аны мамлекеттик тилибиз катары даназалоо сабагын баштоого уруксат этиниздер!

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул- эне тилибиз кыргыз тили.

«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сынарындай кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет,эне тили аркылуу данкталат.

Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат.Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени туйулдук кезинен баштап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин унун,демин сезип, “баа” деп бакырып жерге тушөөр замат эне сутун оозанат. Эне менен эне тил... Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтундөй дуйнөнүн туркугу да ушулардыр.

Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар. Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар.Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар. Ошондуктан эне тилин билбесе , аны ардактап сүйбөсө , Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Мамлекеттик тил куну өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет. 1989-жылы ушул кундо Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө “ Мыйзамына ылайык кыргыз тили мам.тил статусун алган. 2013-жылдын 1-июлунда “КРда мам.тилди онуктуруу жана тил саясатын оркундотуу боюнча чаралар “ Президенттин жарлыгы чыккан. Анын негизинде 2014-2020-жылдарда КРда мам.тилди онуктуруу боюнча улуттук программа иштелип чыкты.

Мына быйыл ошол тилибиздин улуу майрамы белгиленип, даңазаланып жатат.

Кыргыз эли- эң байыркы элдердин бири. Тарыхта мынчалык аты эрте учураган түрк тилин кезиктирүү мүмкүн эмес.Арийне, түрк тилдеринин ичинен Алтай тобуна кирүүчү эне тилибиздин байыркы тил экендигине ынанабыз.

Канчалаган оош-кыйыш замандар өттү, бөрк ал десе баш алган жортуул согуш күндөр өттү. Ошондой катаал күндөрдө да, элибиз душман алдында калса да эне тилин бербей, сактап бизге жеткирди, бул, албетте, элибиздин өтө чоң даанышмандыгы.

Биздин заманга чейин 201-жылы тарыхта алгачкы жолу кыргыз деген этноним учураган.Борбордук Азиядагы күчтүү этностун бай тили, азыркы учурдагы суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген титулдук улуттун эне тили жана дүйнөлүк маданиятка айырбаштагыс салым кошкон көркөм мурастарды жараткан кыргыз тилибиз менен ар убак сыймыктанып келебиз.

Мына ошол тилибиздин өткөн тарыхына бир саресеп салып көрөлүчү.Тилибиздин улуулугу, элибиздин даанышмандыгы ушунда, эне тилибиз кыргыз тилинин көп кылымдык тарыхты басып, бизге жетип келгендигинде.

Болбосо кырк уруу кыргыз бир эл эмес, бүтүндөй империялардын башын жуткан капсалаӊдарда чачырап кетпейт беле. Курама жыйып, журт кылган, элди эл кылган тил. Жеӊилип, туш-тушка чилдей тараган кезде кыргыз эне тили аркылуу кайра бириккен. Улуу Кыргыз державасы доорунда бул мамлекеттин курамына кирген элдер ушул тилди таанып, ушул тилди колдонгон. Башка мамлекеттер ушул тилди Кыргыз кагандыгынын мамлекеттик тили деп тааныган.Сай-сайда сөөгү калган кыргыздын аман калган урпактары өзүнөн алда канча көп, түмөн-түмөн калыӊ элдердин ичинде жутулуп кетпей , өз тилин сактап калашты.

Кыргыз тили мамлекеттик тилге мүнөздүү функцияларды - укуктук ченемдерди, мыйзамдарды жаратуу, колдонууга жана тышкы алакага, соода-экономикалык мамилелерге байланышкан административдик жана саясий, дипломатиялык озуйпаларын аткарып келген.

2011-жылдан бери тилдин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Кыргызстандын калкынын канча пайызы үчүн мамлекеттик тил эне тили болуп эсептелсе да, канчасы эне тилин билет? Канча бала мамлекеттик тилде бала бакчада билим-тарбия алат? Канча өспүрүм мамлекеттик тилде мектепте окуйт, канча адис жогорку окуу жайында мамлекеттик тилде кесипке ээ болот деген сыяктуу суроолорго так жооп алышыбыз керек.

Жана ошондой эле бүгүнкү күндө өз тилин чанып,эне тилине кайдыгер караган , башка тилде сүйлөп, эне тилинен өзгө тилди өйдө койгон жаштарыбыз журөк кейитпей койбойт. Кыргыз Республикасында калктын 74,6 % кыргыздар болсо да, ошол кыргыздарды эне тилин, мамлекеттин мамлекеттик тилин билүүгө үгүттөп, үйрөтө албай убара тартып келүүдөбүз. Унитардык, суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген, өз алдынча мамлекет болууга тарыхый укугу бар элге анын эне тилинде, кыргыз мамлекетинин жарандарына Конституциялык укукка ээ мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү кызматкерлердин тил сабаттуулугун көтөрүү орчундуу маселе.

Мына ушуга окшогон маселелер дайыма эске алынып,чечилсе гана, тилибиздин мамлекеттик тил катары алган статусу бүгүнкү күндө актуалдуу болуп,бардык жогорку кызматтагы адамдардан баштап жаш муундарга чейин мамлекеттик тилде эркин сүйлөө иш жүзүнө ашса гана, тилибиз жоголбойт!


Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил,

Дилиң дагы, диниң дагы жоголот бил!

ТИЛ жоголбойт, жоголсо айланасың,

Колу-бутсуз тоголок мунжуга бир!


Баяндаманы даярдаган кыргыз тили, адабияты мугалими

_Сулайманова Ыкыбал Толонбаевна

2023____-жыл, 23-сентябрь.