Просмотр содержимого документа
«Этиштин мамилелери»
Этиштин мамилелери
ЭТИШТИН МАМИЛЕЛЕРИ
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарбынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат: ал, бер, жаз, оку, куткар, жаздырат.
Этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:
Негизги
Кош
Өздүк мамиле
Туюк
Аркылуу
Негизги мамиле
Кыймыл-аракет сүйлөп жаткан адам тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.
М: Мира китеп окуду.
Айша дүкөндөн китеп сатып алды.
Кош мамиле
Негизге этишке –ыш мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракеттин бир нече киши тарабынан биргелешип, кошулуп аткарылгандыгын, иштелгендигин билдирген этиштер кош мамиле деп аталат.
Кош мамиле этиштин –ыш,(-иш,-уш,-үш, -ш) мүчөсү уюштурат: алыш,иштеш, барыш, жазыш, окуш, санаш, ырдаш,сүйлөш
Кош мамиле этиштер көптүк санды билдирет.
Өздүк мамиле
Негизге этишке –ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.
Туюк мамиле
Негизге этишке –ыл (-л ) мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей билдирген этиштер туюк мамиле деп аталат.
М: жаз-жазыл, иште-иштелди, бер-берилди, жибер-жиберилди, катта-катталды, өт-өтүлдү, макта-макталды, көтөр-көтөрүлдү
Аркылуу мамиле
Кыймыл-аракеттин башка бирөөлөр тарабынан иштелгендигин, аткарылгандыгын билдирген этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат.