СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика касиеттери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика касиеттери»

Класс: 7а, 7б

Дата:

Сабактын темасы: Информациянын касиеттери

Сабактын максаты:

  • билимберүүчүлүк- окуучулардын информациянын касиеттери боюнча билим алуусуна көмөктөшүү;

  • тарбия-берүүчүлүк- окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң сезимдүү кабыл алуусуна, жоопкерчиликке тарбиялоого көмөктөшүү

  • өнүктүрүүчүлүк – окуучулардын предметтик маалымдуулугун, өзүнчө ой жүгүртүүсүн, предметке болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү;

Сабактын милдети:

-Информациянын касиеттери боюнча маалымат алышат

-Информациянын касиеттерине карата мисалдарды келтиришет

-Информацияларда кайсыл касиеттери көбүрөөк орун алгандыгын аныкташат

-Өзүнчө ой жүгүртүүсүн өнүгөт

Сабактын методу: интерактивдүү

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын жабдылышы: проектор, интерактивдүү доска, компьютер, “Мир информатики” программасы, окуу китеби (1), (2), (3), презентация

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш-аракети

убакыт

1

Окуучуларды сабакка уюштуруу




2

Үй тапшырманы кайталоо

Суроолор берилет, окуучулардын жооптору менен класстер түзүлөт

Суроолорго жооп беришет. Кластер түзүшөт

10 мин




  1. Информация кайсы тилден алынган?

  2. Латын тилинен которгондо эмнени түшүндүрөт?

  3. Маалыматтар кандай түрдө болушу мүмкүн?

  4. Бүгүн маалыматты кайсы булактардан алдыңар?

  5. Биз үчүн маалымат деген эмне?

  6. Маалымат адам кайсы органдары менен кабыл алат?

  7. Биз үчүн эң баалуу маалымат кандай болушу керек?







Информация








(интерактивдүү доска менен иштөө)

3

Сабактын максат жана милдетин билдирүү

Демек, бүгүнкү сабактан биз информациянын касиеттери боюнча маалымат алабыз.

Көпчүлүк учурда туура чечим кабыл алуу же бир ситуациядан чыгуу учүн туура, анык, толук маалыматка ээ болушубуз керек.


Слайд1

1 мин

4

Жаңы теманы түшүндүрүү

Информациянын касиеттери (Слайд2)

Маалыматтын касиеттери, б.а. анын сапаттык белгилерин карап көрөлү.

  1. Маалыматтын объективдүүлүгү. Маалымат- бул сырткы дүйнөнүн чагылуусу, ал биздин аң-сезимибизге жана каалообузга көз карандысыз эле жашайт. Ошондуктан, маалыматтын касиети катары объективдүүлүктү белгилөөгө болот. Маалымат кимдир бирөөнүн ой жүгүртүүсүнө, пикирине көз каранды болбосо, объективдүү болот. Мисалы, эгер сыртта жылуу десек, бул субъективдүү маалымат болот. Эгерде термометрди карап -50 десек бул объективдүү.

  2. Маалыматтын аныктыгы. Маалымат чындыкты чагылдырса, анда ал анык, ырас. Өбъективдүү маалымат дайыма анык болот. Бирок анык маалымат объективдүү да, субъективдүү болушу мүмкүн. Анык маалымат бизге туура чечим кабыл алганга жардам берет. Маалымат төмөнкү себептерден улам анык болбой калышы мүмкүн: атайын бурмалоо, тоскоолдуктардын таасиринин натыйжасында бурмалануусу, фактылардын маанисин азайтканда же өтө күчөткөндөж.б.

  3. Маалыматтын толуктугу. Эгерде маалымат түшүктүү жана чечим чыгаруу үчүн жетишерлик болсо, анда ал толук маалымат болот. Мисалы, тарыхчынын максаты откөн доорлор жөнүндө толук маалымат алуу болуп саналат. Бирок тарыхый маалымат эч качан толук болбойт жана убакыт канчалык алдыга жылган сайын, өтүп кеткен мезгил жонүндогү маалымат ошончолук азая берет.

  4. Маалыматтын актуалдуулугу.- анын азыркы учур үчүн маанилүүлүгү, олуттуулугу. Убагында кабыл алынган маалымат гана зарыл болгон пайданы алып келиши мүмкүн. Маалымат эки себептен улам актуалдуу эмес болушу ыктымал: эскирген же керексиз

  5. Маалыматтын пайдалуулугу же пайдасыздыгы. Бул түшүнүктөрдүн ортосунда чек жок. Маалыматтын пайдалуулук даражасы жөнүндө конкреттүү адамдардын аны керектөөлөрүнө карата кеп кылуу зарыл. Маалыматтын пайдалуулугу биз анын жардамы менен чече турган маселелер аркылуу аныкталат.



10 мин

5

Практикалык болүгү

Таблица берилет. Суроолорго жооп берүү менен таблица толтурулат.

Таблицаны толтурушат. Суроолорго жооп беришет, жоопторун негиздешет

15 мин

6

Сабакты бышыктоо



5 мин

7

Үй тапшырма


П3 окуу, дүйнөлүк жаңылыктар


1 мин

8

Баалоо. Баа коюу



3 мин

9


“Бузук телефон” оюну



2 мин





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!