СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канаттуулар классы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Канаттуулар классы

Просмотр содержимого документа
«Канаттуулар классы»

4. Пинцет менен сарысынын эки тарабындагы ак жипчени алып кагазга коюлат. 5. Сарысынын үстүндөгү ак такты көрсөтөбүз. 2- Байкоо 1.Жумуртканын түсү кызгыч, формасы биринчи тарабы учтуу экинчи тарабы тоголок. 2.Сырткы кабыгынын ичинде жука чел кабыгы бар, тоголок жагында боштук болот. 3.Сарысынын эки четинде спирал түрүндөгү ак жипчени бөлүп алып кагазга койду. 4.Сарысынын ортосунда ак такты пинцет менен көрсөттү. 3- Текшерүүчү байкоо Төрт топтогу окуучуларга жумурткалар берилет. Ар бир топтогулардан экөө тажрыйба жүргүзөт калгандары байкоолорду жазып белгилейт 4- Тандалган байкоолор Байкоолордун керектүүсүн мугалим бөлүп тандап алат. 5- Суроолор 1.Эмне үчүн жумуртканын биринчи тарабы учтуу, экинчи тарабы тоголок? 2.Эмне үчүн жумуртканын сарысынын эки четинде ак жипчелер бар? 3.Эмне үчүн жумуртканын сарысында ак так жайгашкан? 6- Божомол 1.Жумуртканын учтуу тарабы тооктун туушуна ыңгайлуу болсо керек, тоголок болушу чел кабыктагы боштукка жараша болсо керек. 2.Сарысынын четиндеги жипчелер сарысын туруктуу кармап турат окшойт. 3.Сарысындагы ак тактан түйүлдүк пайда болсо керек, ак так түйүлдүк дискасы болсо керек. 7- Жаңы билимди аныктоо Канаттуулардын көбөйүшү жана өрчүшү Бышыктоо:Төрт топко тапшырмалар берилет 1-топ Тест 1.Канаттуунун түйүлдүгү азык затты кайдан алып өөрчүйт? а) жумурткадан в) сырттан б) жумуртканын белогунан г) энесинен 2.Канаттуулар сойлоп жүрүүчүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат? а) каны кызыл жана жылуу в) кан айлануунун эки тегереги б) кабырчык каптоосу г) жумуртка тууйт 3. Ак куулардын жуптары кандай түзүлгөн? а) убактылуу в) көп жылга б) өмүр бою г) бир нече

4. Канаттуунун жүрөгү канча камералуу? а) 1 в) 3 б) 2 г) 4

5. Кайсы канаттуу учууга жөндөмсүз? а) өрдөк в) үкү б) пингвин г) тоңкулдак 6. Канаттуулар жашаган жерлеринин алмашуусуна жараша канча топко бөлүнөт? а) 1 в) 3 б) 2 г) 4 7.Канаттуулардын шыйрактары,манжалары эмне менен капталган? а) кабырчыктар менен капталган в) куш жүн менен капталган б) тери менен капталган г) хитин менен капталган 8.Кыштоочу канаттууларга кайсылар кирет? а) ак куулар,чардактар в) торгойлор б) кыргоол,улар г) кара чыйырчык 9.Канаттуулар менен сойлоп жүрүүчүлөрдүн окшоштуктары кандай? а) буттарындагы манжалардын саны боюнча в) тер бездеринин жоктугу б) кан айлануу системасы окшош г) түпкү теги бир 10.”Археоптерикс” деген эмнени түшүндүрөт? а) байыркы канаттуу в) байыркы сүт эмүүчүлөр б) сойлоп жүрүүчүлөрдүн түпкү теги г) хордалуу жаныбар 2-топ: ватманга Канаттуулардын жумурткасынын түзүлүшүн тартып жакташат 3-топ: ватманга кластер түзүп жактайт 4-топ: ватманга канаттуу синквейн түзүшөт Синквейн: 1сап зат атооч бир сөз болуш керек (канаттуу) 2сап сын атооч эки сөздөн туруу керек 3сап этиш үч сөздөн туруу керек 4сап сүйлөм төрт сөздөн туруу керек 5сап синоним бир сөздөн турат Эскертүү: бир сөз кайра кайра кайталанбоо керек Жыйынтыктоо: “3 М” Рефлексия 1.Бизге эмне кызыктуу болду? 2.Биз эмнеге үйрөндүк? 3.Биз эмнеге түшүнгөн жокпуз? Стикерлерге жооп жазып билим дарагына илишет. Окуучуларды баалоо:топто топ башчылары баалайт жана жекече бааланат Үй тапшырмасы:32-параграф,142-146бет окуп келүү,117-сүрөт