«Канткенде адам уулу адам болот» деген темада 8а- классында өтулгөн класстан тышкаркы иштин программасы.
1).Саламдашуу.
Ассаломуалейкум кадырман элим аманбы? Амандык айтып жалпына, Саламдашсам жаманбы 8а дан айтам саламды .
Агайым тууган аманбы? Амандашсак жалпыга. Ак калпак кыргыз калкына, Чын журөктөн дегенде 8а- класстын саламын кабыл алгыла.
Саламатсыздарбы урматтуу коноктор!
Кутмандуу кунунуздөр менен!
Мөөнөтту айга, жылга, кунгө теӊеп,
Убакыт учкан куштай өтө берет.
Жашоо бары кымбат ошентсе да,
Эӊ аман саламдашуу өтө керек.
2).Улуу жазуучу Ч.Айтматов жана таланттуу акын А.Осмоновдун өмүр баяны айтылып, слайд көрсөтүлөт.
Кыргыз поэзиясынын өкулу таланттуу акын Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал –Арык айылында туулган.
Жаштайынан томолой жетим калып,Токмок балдар үйүндө тарбияланат . Мына ошол жерден адабий китептерди өтө кызыгып окуп, өз алдынча ыр жазып баштайт . Мен турмушта сараӊ ач көз эмесмин . Өтө кылып ай аз бердиӊ дебесмин, байлык үй- жай, ден- соолуктан ардактуу . Мага берсеӊ эки сабак ыр берчи .
А .Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ошол төрт сап ыр эле аныктай алат .Ашкере а йкөл, ташкындаган талантуу акындын туз насиби 35 жылга гана өлчөлгөн экен . Залкар акын 1950 -жылы 12-декабрда дуйнө салган.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.
"Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.
1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
3) Ыр «Чынгыз»
4) Көркөм окуу «Сен ооруба,мен ооруюн Ата Журт!»
5) « Көчмөндөр бийи». Кыздар коллективи.
Тал чыбыктай ийилген , Кызы сонун кыргыздын. Тамшандырган көркөмдүү, Бийи сонун кыргыздын .
Бий .«Наринай»
6) Кызыктуу оюн. Көрүүчүлөргө.
7) Сценарий « Атадан калган туяк»
Жумгал деген атыӊ улук биз учун
Чыга берсин атыӊ, данктуу уулдарын
Ыр. «Жумгалым»
8) Сценарий «Биринчи мугалим».Ч.Айтматов.
9) Бийле жигит, бийле кыз Бийлегенге не жетсин , ырда жигит, ырда кыз ырдаганга не жетсин .
10) Ыр. «Адам бойдон калгын өзгөрбөй» .
11) Ыр. « Ата журт».
12) Сценарий «А.Осмонов жөнүндө» үзүндү.
13) «Ысык –Көл» хор.