Муса Баетов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Тынчтыкбек уулу Эмилбек.
Канткенде адам уулу адам болот?
Кыргыздын аты болсо кыргыз деген,
Кыргыздын да бир аты Чынгыз деген.
Жар салып адабият айдынына,
Туболуктуу темаларды алып келген.
Окуймун Чынгыз ата чыгармасын,
Ойлонууга кучум жетпей убарамын.
Тушуномун,чечемин десем дагы.
Мына быйыл тогузунчу класстамын ,
Бала эмесмин жаны аттаган мектептин астанасын,
Окуган чыгармамды талдай алам.
Каармандын кандай образ жаратканын.
Окудум биринчи эле Авалбектин,
Атасын кино аркылуу тааныганын.
Муштумдай эт журогу дук-дук согуп,
Балдарга:-Бул менин атам!-деп мактанганын.
Ал эми калган жагын мен талдайын,
Жаш бала кайдан билсин согуш жайын.
Жетим бала,жесир аял жан багууга,
Колхоздун бут ишинде болгон дайым.
Окуган сон чыгарманы терендеп,
Авалбекке тагдыр бычтым белендеп.
Кара чачтуу,баатыр жоокер атадай,
Кайраттуу бол,чечкиндуу бол, иним,-деп
Ал анткени Авалбек жаш биле элек,
Атасынын коломтосун очурбой.
Ак оргооонун чамгарагын которгон,
Ар намыстуу ата уулу экенин.
Андан отуп Бугу энеге жетемин,
Окуймун да адам сымал наадандарга кол кезеп:
-Акмак болбо,эсине кел,адамзат,
Касиеттуу кайберенге ок атпа,
Кысым кылба,кол которбо,уркутпо,
Не жамандык кылды сага табият-
Деп кыйкырам бирок унум угулбайт.
Оо,адамза
т,калбаса экен табияттын каарына.
Оо,адамзат,салбаса экен акыр заман баарына.
Эл козуно корунойун дегендин,
Бугу эне каргыш айтып,корунсо экен козуно.....
Кыйынчылык башка тушкон учурда,
Билинет дейт кимдин кандай экени.
Куздун суугу жандан отуп турганда,
Оз башынын камын жеген Ысмайыл,
Качып келди,тукко турбай Мекени.
Ысмайыл ким?Азыр согуш качкыны,
Эркин басып баштагыдай журо албай.
Ашыкча жук салмак болуп Сейдеге
Турак кылып суук ункурду кыштады.
Ач курсактын таба албай айласын,
Жетимдердин ырыскысын талашып.
Адам деген аты калбай ант ургур,
Кошунанын бооз уюн уурдады.
Кеч тушунду Сейде байкуш баарысын,
Кандай адам экендигин жарынын.
Таразалап адал,арам ортосун,
Бубак басты жаш келиндин саамайын.
Тупсуз санаа,азап кайгы чырмады,
Кантет анан оз ынагын жамандыкка кыябы.
Тан атканча терезеге телмирип,
Кеч болсо да туура чечим чыгарды:
Жанылыпмын сактаймын деп мен сени,
Адашыпмын,жашырыпмын ...
Корсо сенден,коркок,качкын,уурудан,
Коргосом болмок экен жалпы элди.
Согуш маалы.Оор мезгил.Катаалдык
Журтту кысат коркунучтуу жокчулук.
Катаал мезгил жаш балдарды эсейтип,
Дын бузушуп,эгин себет тирилик.
Султанмурат ата уулу,тиреги
Моюнунда бир чон уйдун милдети.
Буткул айыл,Мырзагул бар ишенген,
Анан ага бул жумуш да кеп бекен.
Эрте жазда учуп келген турналар,
Жакшылыктан умут берет,кабарлайт.
Оспурумдор жениш болот экен деп,
Сары карда кап жамынып жер айдайт.
Султанмурат!
Бек кармагын колундагы ноктону,
Баш баатыр да карышкырдан коркобу.
Жалындаган зор умуттор ичтеги,
Орундалат бир аз чыда болгону.
Ал уурулар буткул адам душманы,
Адам эмес заманынын душманы,
Коркоктуктун,зулумдуктун айынан,
Бул уурулар адам атын булгады.
Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Коро албастык,чыккынчылык,наадандыкты
Адамзаты качан коет...качан коет....
Оз алдымча жандырмагын таба албай,
Унуломун жооп издеп китептен,
Балким туура,балким туура эместир,
Ошентсе да жооп таптым издеген.
Оз бактысын табуу учун тартынбай,
Тобокел деп белди бекем байласа.
Байлыгына,бийлигине карабай,
Журогуно,акылына караса.
Буга чындап мисал болот,
Даниярды ээрчип кеткен Жамийла.
Адамдагы озум билем деген кеп,
Коп учурда солду коздой жетелейт.
Илиястагы коктук жана кекчилдик
Жаш жигитти бактысынан кемитет.
Аялынан,баласынан ажырап
Аттин ай деп баарыбызды кейитет.
Созун уккун кенеш берген жолдоштун,
Курбун сага кара санап коймокпу,
Бирге болгун тентуш менен,эл менен.
Эл ырыскы,калк казына кемибес,
Эмгектенгин жерге жакын дыйкан бол,
Субанкулдай,жайнак менен Касымдай,
Мекен учун кызмат кылгын тартынбай
Майсалбектин катындагы сабактай.
Эмгек кылгын башты жерге салбастан,
Женип чыккын турмуш деген татаалдан.
Жер энебиз бизге айтып жатпайбы, Бир дан сепсен жуз эселеп берерин
Кайраттуу бол турмуш озу татаал жол,
Адам деген улуу атты очурбой,
Адамзат бакытка эмес байлыкка,
Жулунганды качан коет.
Адамзат кор дуйного качан тоет...Адамзат качан коет,качан тоет.. Канткенде адам уулу адам болот.