СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кеп маданиятын өстүрүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кеп маданиятын өстүрүү»

КЕП ишмердүүлүгүн ӨСТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА СЫН АТООЧТУН КҮЧӨТМӨ ДАРАЖАСЫН ОКУТУУ

Түйүндүү сөздөр: сын атооч, сын атоочтун даражалары, күчөтмө даража, сабактын билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк максаттары, кеп маданияты, окутуу, оозеки кеп. Окуучулардын интеллектуалдык жана кептик маданиятын өстүрүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү катары кыргыз тилинин грамматикасын туура өздөштүрүүдө турат. Мектеп программасында грамматикалык категорияларга көбүрөөк токтолгондуктан, окуучулардын аң-сезиминде алардын эрежелерин жаттоо, эстеп калуу гана турат. Ырас, теориялык жактан грамматикалык категорияларды окуучулардын билүүсү алардын орфографиялык жактан туура жаза алышына алып келет. Бирок ошондой болсо дагы бүгүнкү күндө кептин жарды болуп калышы, окуучулардын айрым сөздөрдүн орду жок колдонушу ойлондурбай койбойт. Мектеп программасындагы ар бир грамматикалык категорияны өтүү менен деле окуучулардын эркин дил баяндарды жазуусунда стилдик каталар, сөздөрдү ыксыз пайдалануулар кетет: Жалбырактар дабырап түшүп жатат. Дабырап деген сөз кандайдыр бир үн чыккандыкты билдирет. Ал эми түшүп келе жаткан жалбырактан дабыраган үндүн чыгышы мүмкүн эмес. Ырас окуучулардын чыгармачылык иштеринде жана оозеки жоопторунда өтө көптөгөн грамматикалык формаларды курууда, алардын башка сөз айкаштары менен байланыштырууда жана акыр аягында сүйлөм түзүүдө өтө көп каталар кетип жатат. Бул көрүнүштөн бардык мугалимдер арыла албай келет. Ошол үчүн грамматикалык категорияларды же формаларды өтүүдө анын теориялык гана жагына өтө басым жасабастан, анын стилдик, синтаксистик жагына, сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанилеринин ортосундагы функционалдык маанисине көбүрөөк көңүл буруу керек болуп жатат [1]. “Сын атооч” деген теманы биз тараптан жөн жерден тандалып алынган жок, анткени сын атооч башка сөз түркүмдөрүнө караганда морфологиялык системада татаалдыгы жана синтаксистик колдонууда ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. 1980-жылы чыккан академиялык «Кыргыз адабий тилинин грамматикасы» [3] боюнча сын атооч тил илиминдеги маани берүүчү сөз түркүмүнүн катарына кирет. Сын атоочтун грамматикалык жактан өзгөчө категориясы катары анын сапаттык жана катыштык сын болуп бөлүнүшү турат. Сапаттык сын атоочтордо кездешкен даража категориясы тууралуу бүгүнкү күндө оозеки кепте анын жаңы түрлөрүнүн кириши кеп маданиятын канчалык деңгээлде өстүрүп, же канчалык деңгээлде артка тартып жаткандыгын көрүүгө болот. Сын атоочтун даражалары С.Давлетов, И.Абдувалиев, Т.Садыков ж.б. сыяктуу окумуштуулардын морфология китебинде анын 4 даражасы берилет: жай даража, салыштырма даража, күчөтмө даража жана басаңдатма даража. Биз бул макалабызда сын атоочтун даражаларынын ичинен күчөтмө даражаны окутуу тууралуу сөз кылабыз. Анткени бүгүнкү күндө күчөтмө даражанын катарына оозеки кепте бир катар жаргондук, диалектилик көрүнүштөр өтө көп кирүүдө. Аларга мисал келтирсек, иттей жакшы, өлгүдөй жакшы, жамандай жакшы деген сыяктуу оксюморондук көрүнүштөр эркин орун алууда. Бүгүнкү окуучулардын речин тазалоодо, тагыраак айтканда, кеп маданиятын өстүрүүдө дал мына ушундай көрүнүштөрдөн арылуу актуалдуу маселелерден болуп келет. Сын атоочтун терминдик аталыштары боюнча дагы окумуштуулар анын лексико-семантикалык жагына же сын атоочтун функционалдыккогнитивдик маанисин көбүрөөк иликтөөгө алынып жатат [8]. К.К.Юдахиндин грамматикасы боюнча, сын атоочтун күчөтмө даражасы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт [10].

Күчөтмө даража заттын сын-сыпат белгисинин демейдегиден арбын, жогору, күчтүү деңгээлде экенин билдирет да, төмөндөгүдөй жолдор менен уюшулат: 1. Сын атооч сөздөрдүн биринчи муунунун өзгөрүп кайталанып айтылышы аркылуу: кыпкызыл, супсулуу, сапсары ж.б. Жүрөктө турду жаңырып, ыпысык сүйүү обону. 2. Сын атооч сөздөрдүн кайталанып айтылышы аркылуу уюшулат, бул учурда сын атоочтордун биринчиси илик жөндөмөдө, экинчиси 3-жакка таандык болуп айтылат: көктүн көгү, бийиктин бийиги, тереңдин тереңи, ысыктын ысыгы ж.б. 3. Эн, аябай, өтө, абдан, эбегейсиз, ашкан, мүлдө, чым, чымкый, чылк, эпсиз деген сыяктуу күчөткүч сөздөрдүн жардамы менен уюшулат: эң сонун, аябай кызык, өтө жаман, чымкый кызыл, абдан чон, эбегейсиз бийик, ашкан айлакер, чым караж.б. 4. Чыгыш жөндөмөсүндөгү зат атоочтун жардамы аркылуу: аттан да күлүк, сүттөн ак, үйдөн да чоңж.б. Мен коёндон жапыс болоюн, сен бүркүттөн алгыр бол. 5. Кээ бир сын атоочтордун кайталанып кош соз түрүндө айтылышы аркылуу : бийик-бийик, ширин-ширин, узун-узун ж.б. Узун-узун уз келет, узун бойлуу кыз келет. 6. Санды билдирген жана сан атооч сөздөргө эсе деген сөздүн кошулуп айтылышы менен да сын атоочтордо күчөтмө маани жаралат: көп эсе жакшы, он эсе мыкты ж.б. Мындан жүз эсе, мындан мин эсе курч кайрат, майтарылбас эрдик менен, керек болсо канды суудай тоңуп, аябастан жанды кечип күрөшүш керек. 7. Жаман, иттей, өлгүдөй деген сөздөрдүн өтмө мааниде колдонулуп, сын атоочтор менен бирге айтылышы аркылуу: жаман катуу, жаман сулуу, иттей таттуу, өлгүдөй сонунж.б. Жогоруда берилген мисалдан улам сын атоочтун сөздөрдүн ортосунда синтаксистик байланыштын ичинен көбүрөөк ыкташуу байланышы турганын көрүүгө болот. Бул боюнча бир топ окумуштуулар дүйнөлүк лингвистикада дагы айтылат. Анда сөздөрдүн башына келүүчү авиа, анти, контр ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү дагы сын атоочтордун катары киргизишет. Ал эми окумуштуу П.А.Леконт ушул эле топко баарынан кымбат деген сыяктуу мисалдарды дагы зат атооч катарында кароону сунуш кылат [6]. Ырас, сын атоочту изилдөөдөгү мындай жагдайлар илимпоздордун дагы да тереңден иликтөөлөрүн күтүп жаткансыйт. Ал эми сын атоочтун синтаксистик кызматы жөнүндө ажырымдыктары жок. Демек, сын атооч сүйлөм ичинде же аныктоочтун же атоочтук баяндоочтун милдетин аткарат. Ошондуктан окумуштуу Е.Н.Пузанкова белгилегендей, сын атоочтун пикир алышуудагы колдонушу, анын көркөмдүк максатта пайдалануудагы өзгөчөлүктөрүн [7] сабакта окуучуларга көрсөтүп ачып берүү биздин башкы милдетибиз. Турмушта күчөтмө даражада сын атоочтук сөз айкаштары өтө көп кездешет: иттей жакшы деген сөз айкашы бүгүнкү күндө туруктуу сөз айкашы катары кирип кетти. Ал эми туруктуу сөз айкаштарынын экспрессивдүүлүк мааниси сөздүн кеп маданиятында күчөтүлүп айтуу ыраатында колдонулат [3]. Мисалы, бутка чалынбай бас ары [4] Балага кайрылуудагы күчөтүп айтылган катуу сөз катары колдонулат. Сын атоочтордун синонимдик катар жана синонимдик уядагы сөздөрдүн эң көп жолугушу дагы окуучуларга баса белгилеп көрсөтүү менен, алардын бардыгын бири-биринин ордуна колдоно берүү мүмкүн эмес экендигин дагы түшүндүрүү керек. Ырас кооз, сулуу, көркөм, жакшынакай деген сыяктуу сөздөр синонимдик катарды түзүп турса дагы, алардын биринин ордуна колдоно берүүгө болбойт, сулуу кыз деп айтсак болот, ал эмикооздусулуу деген синонимдин ордуна бардык эле учурда колдонуу туура болбойт: кооз кыз. Мына ушундай жагдай биздин сүйлөшүүбүздүн (сүйлөшкөндө түзүлгөн тексттердин) ар түрдүү, ар башка болушунун бир себеби болгон мындай сөздөрдүн анын ичинен сын атоочтордун күчөтмө даражасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ушу жобого таянып, биз кыргыз тили сабагында ат атоочту окутууда окуучулардын кеп маданиятын өстүрүүнүн ыкмаларына токтолуп, бир сабактын үлгүсүн көрсөтөбүз. Кандай болсо дагы кыргыз тилинин ар бир сагында кеп маданиятын өстүрүү биздин ар бир сабагыбыздын башкы милдети болуп саналат [5].

Жыйынтыктап айтканда, окуу сабакты өтүүдө окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү четке какпастан, аларды андан ары тереңдетип, берилген грамматикалык тапшырманы коммуникативдик багытта түшүндүрүүгө аракет жасалып өтүлгөн сабак окуучулардын ар дайым эсинде сакталып калат деп ойлойбуз.

Адабияттар

1. Добромыслов В. А. Изучение грамматических определений и правил в 5-7 классах. – М., 1951. – 132 с. 2. Исаков Б. Кыргыз тили. 5-6 класстар үчүн вариант. Окуу китеби. – Б.: Мектеп, 2000. 3. Кыргыз адабий тилинин грамматикасы. Ф., 1980 4. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. – Ф., 1980 5. Мусаева В.И. Кыргыз тили жана адабияты боюнча методикалык колдонмо. – Б., 2006, 17 б. 6. Озерская В. П. Изучение морфологии на синтаксической основе. – М.: Просвещение, 1989. – 176 с. 7. Пузанкова Е. Н. Методика развития языковой способности учащихся 5-7 классов средней школы. – Орел, 1998. – 86 с. 8. Семененко Л. П. Основы коммуникативно-целевой семантики. – Орел, 1999. – 84 с. 9. Үсөналиев С. Кыргыз тили: 6-класс. Окуу китеби. – Бишкек, 2007. 10. Юдахин К.К. Азыркы кыргыз тили. – Бишкек, 2015 11. Мусаева В.И. Кыргыз тилин жана адабиятын компетенттүүлүктүн негизинде окутуу. Б.: 2015. -95б.

1950-жылдарды Сабира жазгысы келет 2. 50-70-жылдарда эне тилин окутуунун методикасында ири бурулуштар боло баштады. Окутуунун системасы 4 жылдык, андан кийин 3 жылдык билим берүү аркылуу жүргүзүлдү. Окуу программасынын түзүлүшү теориялык жана практикалык жагынан толукталды. »Башталгыч класстардын программалары» (1951-ж) деп аталуу менен окуу, грамматика жана жазуу эрежелери, изложение жана сочинение бөлүмдөрүнөн туруп, окуучуларды түшүнүп окууга, туура, бат жана үн кубултуп окууга, сабаттуу жазууга, өзүнүн оюн оозеки жана жазуу жүзүндө эркин жана туура түшүндүрүүгө үйрөтүү керектиги каралган. Түшүндүрүп окуу киргизилген, анда окуунун түрлөрү боюнча иш жүргүзүү, көркөм жана элдик оозеки чыгармалар, илимий-популярдуу чыгармаларды окуу, грамматика жана жазуу эрежелеринде сөздүн фонетикалык, сөздүн мааниси жана сүйлөмдөгү ролу жагынан сөздү бүткөрүү негизинде жүргүзүү, изложение жана сочинение бөлүмү балдарды өзүнүн оюн орундуу, логикалык жана орфографиялык жактарына туура кылып жазуу жагы көрсөтүлгөн.

Программанын кийинки басылыштары «Окуу жана сөз өстүрүү», «Грамматика жана жазуу эрежелери. Сөз өстүрүү» бөлүмдөрүнөн туруп, окуу, грамматика сабактары сааттар боюнча бөлүштүрүлгөн, таза жазуунун пландаштыруусу берилген. Бул программанын өзгөчөлүгү окуучулардын каллиграфиялык сабаттуулугуна, туура, сулуу, таза жазууга, тамгаларды генетикалык тартиби боюнча үйрөтүү, орфографиялык эрежелерди үйрөтүүгө көңүл бурулган. Окуу программасынын системага салынышы окуу китептеринин түзүлүшүндө да өзгөрүүлөр боло баштады. Эне тилин окутууга карата «Алиппе», «Эне тили», «Кыргыз тили» окуу китептери түзүлүп, аларды түзүүгө окумуштууметодисттер тартылган. «Алиппе» окуу китептери М.Жаңыбаев, Н.Кангелдиев (1951-1952), Б.Рысбекова, С.Турусбековдор (1962-1990) тарабынан анализ-синтез методу менен түзүлүп, даярдоо, алиппе, алиппеден кийинки мезгилдерине арналган. «Эне тили» окуу китептери түшүндүрүп окуунун методикасынын негизинде түзүлгөн, мында чыгармалар адабият, тарых, география жана табият таануу бөлүмдөрүнөн турган. Эне тили Н.Макешевдин, Г.Бакинова, С.Кондучалова, А.Айсахунова, С.Турусбеков, М.Жаңыбаев, З.Бектенов, Х.Карасаев, У.Абдукаримов, Т.Байжиев, Ж.Мукамбаев, Ш.Шукуралиев, Т.Байбураев, А.Осмонкулов, Э.Абдуллаев, Т.Өмүралиевдер (60-90-жылдар) тарабынан, кыргыз тили боюнча К.Бакеев, Э.Бердибаев, Б.Үметалиева лардын окуу китептери окутулду. Окуу китептеринин аталышынын өзгөрүшү дагы окутуу процессинде көп милдеттерди алдыга койду. Эне тили окуу китептери тематикалык принцип боюнча түзүлдү, жыл мезгилдерине, Советтик Армия, В.И.Лениндин өмүрү жана чыгармачылыгы мамлекеттик символикага арналган тексттер, элдик оозеки чыгармалар менен толукталган. Окуу китептеринин сапаттарын жакшыртууга карата 1961-жылы Элге билим берүү министерствосу тарабынан конкурс жарыяланган, конкурстан жеңген окуу китептери басууга сунуш кылынып, 90-жылдарга чейин окутулган.

Эне тили окуу китебинин уландысы катарында класстан тышкаркы окууга арналган «Октябряттар» (К.Сартбаев), «Желекче» (Б.Рысбекова), «Пионерлер» (А.Осмонкулов, А.Жайнаков) христоматиялары жарык көрдү. Кыргыз тили окуучуларды орфографиялык, коллиграфиялык сабаттуулугун арттырууга башкы көңүл бурулган. 60-жылдардан башталышында эне тилин окутуу методикасы илимий-методикалык жагынан изилденген. Эң алгач С.Турусбековдун «Башталгыч класстарда түшүндүрүп окутуунун негиздери» деген темадагы кандидаттык диссертациясы корголуп, буга удаалаш түшүндүрүп окууну жүргүзүү, анын ичинде сабатка үйрөтүү, кыргыз жана эне тилин 2-3-класстарда окутуунун методикалык колдонмолору жарык көрдү. 1965-жылы С.Турусбековдун жетекчилиги менен «Кыргыз тилин окутуунун методикасы» (Э.Бердибаев, Б.Рысбекова, К.Сартбаев менен бирдикте) аттуу фундаменталдык эмгеги жарык көргөн. Анда сабатка үйрөтүүнүн, окуунун жана класстан тышкаркы окуунун, грамматика жана туура жазуу эрежелеринин методикасы иштелип чыгылган. Башталгыч класстарда морфологиялык материалдарды окутууда К.Сартбаевдин изилдөөлөрү корголгон (1965), ошону менен бирге грамматикалык (синтаксиз, морфология) материалдарды 1-4-класстарда окутуунун методикалык көрсөтмөлөрү, жат жазуулар жыйнагын (1-4-класс) окуу китептерин түзүүгө (алиппе, эне тили, кыргыз тили, октябряттар) дидактикалык материалдарды (4-класс) окутуу жана аны жүргүзүүнүн методикасы боюнча эмгектери жарык көргөн. Б.Рысбекованын «Башталгыч класстарда зат атоочту окутуунун кээ бир жолдоруна» арналган кандидаттык диссертациясын, таза жазууга үйрөтүү боюнча методикалык колдонмолору (1972) сунуш кылынган. Окуу сабагында сөздүк жумушун жүргүзүү методикасы боюнча Х.Дөөталиевдин, сын атоочту окутуудагы сөз өстүрүүгө карата А.Мураталиеванын кандидаттык диссертациялары корголгон.

Ушул жылдары эне тилин окутуунун методикасынын сапатын жакшыртууга карата бир топ иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Атап айтканда, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө карата педагогикалык окуулар, илимий-практикалык конференциялар, алардын жыйнактары чыгарылган. Эне тилин окутууда 50-70-жылдары каллиграфияга, класстан тышкаркы окууну жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

3.60-90-жылдары эне тилин окутуунун методикасы илимий- теориялык, практикалык жагынан калыптануу жолуна түшө алды. Окутуу системасы 3 жана 4 жылдыкка, б.а. 6 жана 7 жашар балдарды окутуу менен ишке ашырыла баштаган. 1984жылдын апрелинде кабыл алынган "Жалпы жана кесиптин билим берүүчү мектептин реформасынын негизги багыттары" жөнүндөгү документ башталгыч билим берүүнүн системасындагы өзгөрүүлөрдү пайда кылды. Башталгыч мектептин мазмунун реформалоо-башталгыч мектепте билим берүүнүн концепциясын, жаңы программа, окуу китептерин, окуу методикалык комплексттерди түзүүгө шарт түзө алды. Концепцияда башталгыч мектепте үзгүлтүксүз билим берүү системасында өзгөчө орунга койгон анын бөтөнчөлүгүн жана баалулулугун көрсөтүп турган аспекттер берилген. Биринчиден, бул курактагы балдарды анын жаш өзгөчөлүгүн калыптандырууга улуттук идеалдар менен бирге бүткүл адамзатка таандык байлыкты кабыл алууга тарбиялоо, экинчиден, окуучуларга билим берүүдө алардын эффективдүүлүгүн калыптандыруу. 6 жаштагы балдарды окутууга карата педагогикалык байкоо, экспериметтерди жүргүзүү иштери Кыргыз педагогика илимизилдөө институтунун мектепке чейинки тарбиялоо жана башталгыч класстарда окутуу секторунун илимий кызматкерлери тарабынан ишке ашырылды. Педагогикалык эксперименттин жүрүшү профессор К.Сартбаевдин жетекчилиги менен илимий кызматкерлер Н.Ибраева, Т.Орусбаева, К.Эгембердиева, З.Маразыкова, Б.Ташматов тарабынан ишке ашырылган.

Алты жаштагы балдарды окутууну ишке ашыруу мектеп реформасынын негизги багыттарын чечүүдө төмөнкү суроолор каралган. 1. Балдарды алты жаштан баштап окутуунун зарылчылыгын жана мүмкүнчүлүгүн аныктоо. 2.Окутуунун мазмунун, программа жана окуу-методикалык материалдардын түзүлүшүн. 3. Окуучулардын аракеттеринин мүнөзүн жана уюштурулушун. 4. Массалык тажрыйбада алты жашар балдарды окутуунун экономикалык, социалдык, психологиялык шарттарын, ошондой эле кадрлар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо. 1981-1985-жылдардын арасында республиканын он орто мектебинде, он балдар бакчасында даярдоо группалары ачылып, бирдиктүү окуу программалар жана окуу китептери менен окушту. Педагогиканын эксперименталдык байкоо алты жашар баланы биринчи класста окута тургандыгы далилденип, мектеп реформасынын талабына ылайык окуу программалары, окуу китептери, окуу комплекстери түзүлүп, 1986-1987-окуу жылында республикабыздын тиешелүү шарты бар мектептеринде биринчи класска алты жашар балдар кабыл алынып баштаган. Бул мектептерде жана балдар бакчаларында педагогикалык эксперименталдык байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз ССР агартуу министерствосунун коллегиясынын атайын чечими аткарылган. Балдар бакчаларында даярдоо группаларын, мектептерде даярдоо жана 1-3-класстары беш күндүк окуу жумасы боюнча окутууга арналган окуу пландары менен окуу программалары иштелип чыгылды. Алты жашар балдарды окутуунун негизги методу катары оюн эсептелет. Психологияда мектепке чейинки балдардын негизги аракетиоюн, 7 жаштан баштап окуган окуучулардын негизги аракети окуу деп белгиленип келген (А.Н.Леонтьев, В.В.Давыдов, Д.Б.Эльконин ж.б.). Бул курактагы балдарды окутууда сабактын узактыгы 35 минутага чектелген. Бала эртең менен 9 да окууга келип, мектептен кечки саат 6 да кетүүгө тийиш. Алар үчүн окуй турган, ойной турган, уктай турган бөлмөлөр уюштурулат. Мектептен үч маал тамак ичип, түшкүсүн укташат. Алар

узартылган күнү бар топторго тартылат. Сабакка тиешелүү тапшырмалар, көнүгүүлөр класста орундатылат. Алты жашар балдарды окутууга карата илимийметодикалык мүнөздөгү эмгектер, сабактардын иштелмелери, методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун башталгыч класстарды окутуу жана мектепке чейинки тарбиялоо секторунун илимий кызматкерлери тарабынан жазылып, басма аркылуу жарык көргөн. Аларга төмөндөгү эмгектерди атоого болот. К.Сартбаев., Б.Ташматов «Сабатка үйрөтүү жана класстан тышкаркы окуу». (1983), К.Сартбаев «Биринчи класста класстан тышкаркы окууну өткөрүү» (1984), Э.Ш.Абдулина «Кыргыз мектептеринде сабатка үйрөтүү» (1984), «Биринчи класста орус тилин окутууда алиппеден кийинки мезгилдеги сабактар» (1985), Т.Орусбаева «Балдар бакчаларынын даярдоо группаларында сабатка үйрөтүү сабактарынын болжолдуу үлгүлөрү» (1984), З.Маразыкова «Экинчи класста класстан тышкаркы окууну өткөрүү» (1986), Ж.Сыдыгалиев «Экинчи класста сүрөт сабагынын иштелмелери» (1986), Б.Ташматов «Сабатка үйрөтүү сабактарында өткөрүлүүчү оюндар» (1986), «Алты жашар балдарды окутуудагы мугалимдердин иш-тажрыйбалары» (1987), Б.Рысбекова, К.Сартбаев «Алиппени окутуу жана класстан тышкаркы окуу» (1985). 1986-жылдан 3 жана 4 жылдыктын окуу программалары жүргүзүлгөн 3 жылдык башталгыч класстын программалары 4 жылдык программага кеңейтилген. Окуу материалдары сабатка үйрөтүү жана сөз өстүрүү, окуу, класстан тышкаркы окуу жана сөз өстүрүү, грамматика, туура жазуу эрежелери жана сөз өстүрүү бөлүмдөрүнөн турган. Окуу китептеринин түзүлүшүндө да өзгөрүүлөр болду. «Алиппе» окуу китеби 6 жашар балдар үчүн К.Сартбаев, Б.Рысбекованын, 7 жашар балдарга С.Турусбеков, Б.Рысбекованын авторлугу менен түзүлгөн окуу китептери окутула баштады. 2-класстар үчүн «Эне тили» Ж.Мукамбаев, Ш.Шүкүралиев, 3-класстарга А.Осмонкулов, С.Кондучалова, 4класстарга Э.Абдуллаев, Т.Өмүралиев, 3-класстардын кыргыз

тилин Ж.Мукамбаев, З.Маразыкова, 4-класстарга К.Сартбаев, Б.Үметалиевалардын окуу китептери окутулду. Окуу программаларынын, окуу иштеринин түзүлүштөрү, басылмалары өзгөргөнү болбосо мурунку басылмалары гана кайталанган. Тандан айтканда, окуу материалдары баланын билимине, билгичтигине, машыгуусуна гана тиешелүү. Ушул жылдары класстар боюнча предметтик (алиппе, кыргыз тили, эне тили) методикалык колдонмолор мугалимдерге сунуш кылынган. Али да окуу иштерин түзүүчү авторлордун жетекчилиги менен ишке ашырылган. 90-жылдары эне тилин окутуунун методикасы теориялык илимий-практикалык, илимий-методикалык жактан калыптандыруу боюнча илимий эмгектер жаралды. С.Сакиеванын «3-класста адабий чыгармаларды окутууда сөз өстүрүү жумуштарын өркүндөтүү» (1992), А.Токтомамбетовдун «Адабий окууда дидактикалык негиздери» (1995), А.Жолдошеванын «1-класста окуучунун сөзүн өстүрүү» (1993), деген темадагы кондидаттык диссертациялары корголду. Коомдук-экономикалык формациялардын алмашуусунда, тактап айтканда, Кыргызстандын көз каранды эмес өз алдынча өнүккөн мамлекетке жетиши эне тилин окуутунун жана өркүндөтүү проблемаларын алдыга койду. Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамында билим берүүнүн төмөнкү принциптери белгиленди. Кыргыз республикасынын атуулдарынын билим алууга бирдей укуктарды пайдаланышы: мамлекеттик билим берүү стандартынын чектеринде мамлекеттик окуу жайларында акысыз билим алышы, ошондой эле акы алып билим берүүнүн иштеши үчүн шарттардын түзүлүшү, билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, адамга таандык жалпы баалуулуктарына артыкчылык берилиши, илимий жетишкендиктерге жана эл аралык билим берүү стандартына багыт алуу: системалуулук жана үзгүлтүксүздук: окутуунун жана тарбиялоонун түрлөрү, билим берүүнүн мамлекеттик мекемелеринде окутуунун граждандык мүнөздө болушу: татыктуу окуучуларды тандап алуу жана аларга шарт түзүү, альтернативалуу билим берүү

мекемелеринин жана мамлекеттик эмес структураларына шарт түзүү. Билим берүүнүн стандарттары, системасы, баскычтары (башталгыч, негизги, орто билим берүү), окуучулардын, педагогдордун укуктары жана милдеттери, алрды социалдык жактан коргоо, башкаруу ж.б. проблемалары каралган. Гуманисттик багытталышы даана сезилген инсандыкориентирленген педагогикалык процесстин идеясы нукура билим берүү орчундуу мамилеси болуп калган. Адаттагы педагогикалык процесстерди уюштуруунун инсандыкориентациясы белгилүү өзгөрүүлөрдү камтып, педагогдун иш- аракеттерин, өз окуучуларын түшүно билүүсүнө, алардын өзгөчөлүктүү жана кайталагыстыгына багытоону талап кылган. Окуу программаларынын, окуу китептеринин түзүлүшү ушундай багытты тандап алды. Адабий билим берүүгө болгон алгачкы кадам аракеттер, эне тилин тереңдетип окутуунун (сөз өстүрүү, таза жазуу) ишке ашырылышы да окутуунун тарыхында бир топ ийгиликтерге жетише алды. 1993-жылы басылган «Башталгыч класстардын программалары» учурдагы окуу программаларынан мазмуну жагынан бир топ айырмаланат. Программа эне тил, матеметика, мекен таануу предметтери боюнча түзүлгөн. Ушул программадан баштап кыргыз тили, эне тилин окутуунун методикасы деп атала баштаган. Эне тилинин программасы сабатка үйрөтүү жана кеп өстүрүү, адабий окуу, класстан тышкаркы окуу жана кеп өстүрүү, фонетика, грамматика, жазуу эрежелери жана кеп өстүрүү бөлүмдөрүн камтыган. Окуу программасынын эне тилге арналган биринчи бөлүгү сабатка үйрөтүүгө арналган. Ал эми адабий окууга арналган бөлүгү окуу предметтинин адабий окуу деп аталышы анын адабийлүүлүгүн күчөтүп, ар кандай чыгарманы кабыл алуу- биргелешкен чыгармачылык, автор менен окурмандын биргелешкен чыгармачылыгы, ал эми сабак процессинде талдоого алуу- мугалим менен окуучунун биргелешкен орток чыгармачылыгы (А.Н.Кудина), образдарды, каармандарды үлгүсүз кабыл алуу чыгармачылыгын (Л.С.Выготский) өстүрүүгө көңүл бурулган. Адабий окуу тематикалык түзүлүшү

жагынан да толукталган. Мында окуучунун өз алдынча изилденүүсүнө, кеп маданиятын өстүрүүгө,жорго соз, чечендикке, төкмөчүлүккө багытталган чыгармалар көбүрөөк киргизилген. 90-жылдардан баштап эне тилин окутуунун тарыхында вариативдүү окуу китептери түзүлө баштаган. «Алиппе» окуу китептери С.Турусбеков жана Б.Рысбекова, А.Абдразакова жана З.Маразыкова, К.Сартбаев жана Б.Рысбекова, С.Рысбаевдин авторлугу менен түзүлгөн варианттары боюнча окутула баштады. Мында окуу китептерин тандоо мугалимдин жана окуучунун тандоо жолуна коюлду. Кийинки учурда жогорку «Алиппелердин» ичинен С.Рысбаевдин окуулугун (1998) мугалимдер тандап алып жатат. Бул окуу китебинде автор окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө гуманизациялоого өзгөчө маани берген. Окуулуктун компоненттери төмөнкүлөр болгон: 1. «Алиппе» окуу китеби. 2. Алиппе- дептер. 3. Боемо тамгалар. 4. Шайыр тамгалар. 5. Дубалга илип коюлуучу сүрөттүү тамгалар. Эне тили окуу китеби «Адабий окуу» деген ат менен чыгарыла баштады.

2-класстын «Адабий окуусу» алгачкы жолу «Кыргыз Республикасында

гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына

ылайык Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият

министирлиги менен бирдикте «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан

басылып чыккан. 3-4-класстардын «Адабий окуусу» бөлүмдөрүнүн

аталышы боюнча толукталган.

2-4-класстардын «Кыргыз тили» окуу китептери да жаңы окуу

программасынын талабына ылайык толукталган. Ушул окуулуктарды

окутууга карата бир катар методикалык колдонмолор иштелип чыгылды.

З.Маразыкованын «Сабат ачуу», С.Рысбаевдин «1-класста окуучулардын

сабат ачуунун сөзүн өстүрүү жана рухий тарбия берүүнүн маселелери»,

«Жат жазуулар» жыйнагы (К.Сартбаев, С.Кондучалова) эне тилин окутууга

карата методикалык жардам катары иштелген. К.Тыныстановдун 90

жылдыгына арналган илимий-теориялык конференцияда эне тилин окутууга

арналган докладдар окулган. Мында К.Тыныстановдун эне тилин окутууга

кошкон салымы жөнүндө талкуу жүргүзүлгөн. Мамлекеттик тилдин

окутулушу жөнүндө республиканын жогорку окуу жайларында (КМУУ,

ОшМУ, ЖАМУ, КМПУ ж.б.) илимий-практикалык конференциялар

өткөрүлүп келүүдө. Конференцияда эне тилин окутууга арналган докладдар,

изилдөөлөр талкууланып, аны жакшыртуунун чаралары, токтомдору кабыл

алынган.

Жыйынтыктап айтканда, эне тилин окутуунун методикасы бир

кылымга жакын убакыттын ичинде педагогиканын дидактика бөлүмүндө

илим катары өнүгүп келди. Эне тилин окутуу азыркы учурга чейин ар

тараптан изилденди. Бирок ошондой болсо да, аны мындан ары өнүгүшүндө

чечилүүчү проблемалары арбын. Алар төмөнкүлөр:

1.Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасын кайрадан

толукталып иштеп чыгуу керек. 1965-жылы басылган боюнча кайра

басылган жок.

Ал эми кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда байланыштуу кепти өстүрүү маселелерин бир катар окумуштуулар изилдөөгө алышкан. Мисалы, С.Рысбаев кандидаттык диссертациясында окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутууда окуучулардын маек кебин өстүрүү жолдорун (1995), Ү.Б.Култаева окуу-методикалык куралында кыргыз тилин бөтөн тил катары мектепте окутууну (1995), К.Д.Добаев докторлук диссертациясында окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч (I-IV) класстрында кыргыз тилинин лекскикасын окутуунун теориялык негиздерин (1999), А.А.Акматова кандидаттык диссертациясында өзбек мектебинин V классында кыргыз тилин окутууда окуучуларды кеп маданиятына үйрөтүүнүн негиздерин (2004),

Кыргызстан – көп улуттуу, эгемендүү мамлекет. Кыргыз элинин ата-бабаларынан бери келе жаткан каада-салтын, үрп-адатын, маданий мурастарын кылымдар бою чагылдырып келе жаткан өз эне тили бар. Ал, албетте, мамлекеттик укукка ээ болгон — кыргыз тили.
Эне тилисиз улуттук мамлекеттин болушу мүмкүн эместиги бегилүү. Ошону менен бирге, коом өсүп-өнүккөн сайын, аны менен бирге тили да кошо өнүгүп-өсүп отурат. Мамлекетибиз саясий-экономикалык жактан да, рухий жактан да өз алдынчалыктуу жолуна, өз алдынча өнүгүү багытына ээ болду. Муну менен бирге кыргыз тилин да бүгүнкү талапка ылайык мамлекеттик тил катары өркүндөтүү иши ар тараптан колго алынууда.
Учурдун талабы кыргыз тилин өсүп-өнүккөн, толук кандуу мамлекеттик тил деңгээлине көтөрүү жана Кыргызстандын жараны деп эсептелген орус тилдүү калкка (орус, дунган, татар ж.б.) азыркы талапка ылайык кыргыз тилин окуп-үйрөтүү менен аларды кыргызча баарлашууга машыктыруу, ошондой эле туулуп өскөн мекенин жана анын тили болгон кыргыз тилин сыйлап-урматтоо максатын көздөйт.
Бүгүнкү күндө кыргыз тилин орус мектебинде окутуунун эң негизги максаты окуучуларын оозеки кебин калыптандыруу, аларды кыргыз тилинде эркин пикирлешүүгө үйрөтүү. Бирок, окутуу процессинде бул максатты ишке ашырууда проблемалар болбой койгон жок. Алардын айрымдарын атасак: орус мектебинин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутууда буга чейин да, азыркы убакта да мугалим берилген грамматикалык теманы гана өздөштүрүүгө, тилдик фактыларды кайталап, сөздөрдү карандай жаттатып, анын негизинде грамматикалык мүнөздөгү тапшырмаларды гана аткарууга айрыкча, көңүл бурулуп жатышы; окуу китептеринде (1990-1994-ж.) теманы өздөштүрүүдө бир, эки гана грамматикалык көнүгүү жана бир гана кыска текст менен чектелип, грамматикалык материалдардын өтө эле супсак берилиши; балдардын кебин өстүрүүгө жана турмуш-тиричиликке байланыштуу кептик көнүгүүлөрдүн аздыгы; мугалимдердин эски окуу китептерин азыркы убакка чейин пайдаланып келе жатышы; ал эми жаңы окуу китептери менен мектептердин толук камсыз болбой жатышы… ж.б.
Жогоруда биз кыргыз тилин орус мектебинде окутуунун эң негизги максаты балдардын оозеки кебин калыптандыруу, аларды кыргыз тилинде баарлашууга үйрөтүү деп айтып өттүк.
Башталгыч орус класстарынын 1-2-класстарында бул максатты этишти салыштырып үйрөтүү аркылуу ишке ашыруудагы иш-аракеттер жөнүндө айта кетүү зарыл. Алгач окутууда балдардын оозеки кебин калыптандыруу өстүрүү эң жөнөкөй сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү туура угуп, туура сүйлөп аны туура жазуудан башталат. Айтылып өткөн эң жөнөкөй сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү түзө билүү да эң маанилүү. Ал эми сүйлөм баяндоочсуз түзүлбөшү да белгилүү экендигин билебиз. Себеби сүйлөмдөгү айтыла турган ой аягына чыкпай жыйынтыкталбай калат. Айтайын деген оюбузду толугураак бериш үчүн дагы бир нече сүйлөм талап кылынат. Ошентип, бир нече сүйлөм байланышып келип текст түзүлөт. Текст сүйлөмдөрдөн түзүлөт. Ал эми сүйлөмдөгү ойду жыйынтыктай турган – баяндооч болуп саналарын унутпашыбыз керек.
Демек, балдар этиш сөздөрдү фонетика, лексика-грамматикалык жактан толук өздөштүрмөйүнчө кыргызча оозеки кепке үйрөтүү, кебин өстүрүү мүмкүн эмес. Этиштин (кыймыл аракетти билдирүүчү сөз катары) кандай гана грамматикалык белгилерин өздөштүрбөйлү жана аны практикада колдонуу үчүн ар кандай темадагы, түрдүү кырдаалдагы тексттер талап кылынат. Себеби балдар үйрөнгөн этиш сөздөрүн сүйлөмдүн, тексттердин негизинде гана машыгып – көнүгүшөт, этиш сөздөргө тилин жатыктырышат. Мисалы, кыймыл-аракеттин кайда багытталгандыгын, кайда болуп өткөндүгүн, качан болгондугун, кыймыл-аркеттин ар кандай сын-сыпаттарын тексттин тегерегинде гана машыга алышат, тактап айтканда, балдар этиш сөздөрдү салыштырып үйрөнүү менен окуп жаткан тексттин мазмунун, андагы окуя иш-аракеттер жөнүндө маалымат алышат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!