СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кеп өстүрүү сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кеп өстүрүү сабагынын конспекти

Тема: “Аяз Атага кат”

3сабак ( декабрь айы)

 Жогорку топ (5-6 жаш)

Просмотр содержимого документа
«Кеп өстүрүү сабагы»

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы


Ленин районуна караштуу

43 МЧББУ





Кеп өстүрүү сабагынын конспекти

Тема: “Аяз Атага кат”

3сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ (5-6 жаш)











Түзгөн:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 -ж





Тема: “Аяз Атага кат”

Программалык максаты: Балдардын билимдерин бекемдөө, ырааттуу сүйлөө, сүйлөмдү грамматикалык жактан туура түзүү, татаал сүйлөмдөрдү колдоно билүү. Көңүл бурууну, чыгармачыл кыялданууну, майда моториканы өстүрүү. Балдардын коммуникативдик, таанып-билүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү. Балдарды сезимтал болууга тарбиялоо, тапшырмаларды аткарууда өз алдынча иштөөгө көнүктүрүү.

Усулдук ыкмалар: уюштуруу, аңгемелешүү, айтып берүү, бышыктоо.

Колдонулган каражаттар: түстүү, сюжеттүү сүрөттөр.

Сөздүк иш: мамыктай жумшак, күмүш түстүү, көк муздуу, сыйкырдуу

Сабактын жүрүшү:

Саламатсынарбы балдар! Менин колумда кат турат. (1-слайд)

Муну бизге ким жибергенин билүү үчүн табышмактын жандырмагын табууга жардам бергиле.

Майдалап айнек сепкендей,

Кумшекер жерге төккөндөй.

Жердин бети жылтырайт,

От күйүп-жанып өчкөндөй. (кар) (2-слайд)

-Азаматсынар! Кыш мезгили кандай болот, кана мага айтып бергилечи? Туура кыш мезгили аппак, мамыктай жумшак, күмүш түстүү, көк муздуу, сыйкырдуу болот. Карагылачы, биз кыш тууралуу канча сонун сөздөрдү айттык. Кыш бизден жардам сурап жатат. Ага жардам берүү үчүн Аязды мында чакыралы. Азыр мен сыйкырдуу сөздөрдү айтам, силер болсо көзүңөрдү жумгула

Физикалык тыныгуу:

Аяз келет, ышкырат

Бетти, колду чымчылайт.

Сууктан биз коркпойбуз

Секиребиз, ойнойбуз. (4-слайд)

Балдар кандайсыңар, мен Аязмын. Мен силерден жардам сурап келдим. (5-слайд)

Менин досум таранчы учуп келип, өзүнүн кыйынчылыктары тууралуу айтып берди. Ал Аяз Атага жазылган каттарды токойдун ар тарабынан чогулткан болчу. Таранчы учуп баратканда бардык каттарын түшүрүп жоготуп коюптур. Бул каттарды кайсы жаныбарлар таранчыга бергенин билишибиз керек.

1.Абайла! Ага тийбе!

Үстү толо ийне. (Кирпи) (6-слайд)

2.Тоодо экен үңкүрү

Топ жырткычтын күчтүүсү

Тышка чыкпай кышында

Уктап жатат күн –түнү (аюу) (7-слайд)

3. Узун экен кулагы.

Узун арткы шыйрагы.

Абдан коркок жаныбар,

Айткылачы бул кайсы? (коен) (8-слайд)

Азаматсыңар балдар! Бардык табышмактардын жандырмагын таптыңар. Келгиле эми ойлонуп, алар Аяз Атага кандай кат жазганын элестетип көрөлү.

Д/Оюн “ Кимдин белеги?”

1.Кирпи келет кыбырап

Алма издеп жолунан,

Себети жок колунда.

Ал анткени кирпинин

Ийнелери жонунда. Келгиле балдар кирпинин конвертине алмаларды салалы. Ал белекке канча алма алгысы келет экен? (9-слайд)

2.Уурданып барып

Бакчага кирет.

Сабизди көрсө

Көздөрү күйөт. Эми балдар коендун сабиздерин салалы. Коен Аяз Атадан канча сабиз сураптыр балдар? (10-слайд)

Аюу, аюу май таман

Кышы бою уктаган.

Жаз келгенде ойгонот.

Таттуу балды ойлонот.

Балдар конвертке аюунун балын салалы. Балдын даамы кандай? (11-слайд)

Силер бардык тапшырмаларды тез жана туура аткардыңар. Балдар, биз жаныбарлар үчүн кат жаздык. А силер Жаңы жылдык белектерди кыялданып күтүп жатасыңарбы?

Келгиле балдар, манжа көнүгүүлөрүн жасап алалы.

Колдор күчтүү болууга

Бекем ачып, жумгула.

Колдор күчтүү болушат.

Ары-бери кыймылдайт. (12-слайд)

Балдар силерге чоң рахмат. Силер Аяздын суранычын аткарып, таранчыга жардам бердинер. Ал эртерээк Аяз Атага учуп барып, каттарды тапшырат. Ал эми кирпи, аюу, коендор белектерин алып, кубанып калышат. (13-слайд)

Эми балдар, силерге тапшырма. Үйдөн Аяз Атага кат жазгыла. Жаңы Жылдык кыялдарыңар орундалсын! Саламатта калгыла!
































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!