Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы
Ленин районуна караштуу
№43 МЧББУ
Кеп өстүрүү сабагынын конспекти
Тема: “Коенекке мейманга барганда”
4 – сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ (5-6 жаш)
Түзгөн:
Сыйдалиева Б.Т.
Бишкек 2020 -ж
Тема: “Коенекке мейманга барганда”.
Программалык мазмуну:
Кыш мезгили, жапайы жаныбарлар тууралуу айтып берүү. Суроолорго толук жооп берүүгө, тыбыштарды туура айтууга үйрөтүү. Табияттагы кубулуштарга байкоо жүргүзүү.
Логикалык ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун калыптандыруу. Балдардын сүйлөө жөндөмүн өстүрүү. Жаныбарларды аяп, аларга кам көрүүгө, табиятты сүйүүгө тарбиялоо.
Усулдук ыкмалар: уюштуруу, аңгемелешүү, физикалык тыныгуу, көнүгүү, артикуляциялык көнүгүү, мнемотаблица, .
Колдонулган каражаттар: сюжеттүү сүрөттөр.
Сөздүк иш: бачики, бөлтүрүк, уулуйт, шуулдайт, шылдырайт
Сабактын жүрүшү: балдар менен учурашуу сабакка көңүл бурдуруу.
Күн чачырап тегиз тийип
Терезеден нурданат
Таң эртеден учурашып
Бизге карап жылмаят
Биз да дайым Күн сыяктуу
Жакшы маанай күтөлү
Сылык болуп, адеп сактап
Учурашып жүрөлү.
СА-ЛА-МАТ-СЫЗ-БЫ!
1-слайд
Т: Ой балдар, карагылачы бул шарчаларды. Анда байланган кат бар экен, алып окуп көрөлү. Балдар, бизди бакыраң көз коенек мейман болуп, Жаңы жылды чогуу тосууга токойго чакырган экен.
2-слайд
Кана эмесе баарыбыз токойго шарларды кармап учуп барабыз.
3-слайд
Балдар мына биз токойго да келдик. Бирок коенекке барчу жолду кантип табабыз? Бизге ким жардам берет?
4-слайд
Кирпи: Балдар мен коенекке барчу жолду көрсөтүп берем. Бирок мага силердин жардамыңар керек болуп турат. Менин тапшырмам мындай ; түлкү, аюу, карышкыр балдарын таппай издеп жүрөт. Ошолорду табууга жардам бергиле.
Бачики дүмүрдүн артына бекинип алган экен.
5-слайд
Мамалак бактын артына бекинип алыптыр
6-слайд
Бөлтүрүк бадалдын артына бекинип алыптыр.
7-слайд
К: Азаматсыңар балдар! Силер жакшы жардам бердиңер. Ушул жол менен түптүз барсаңар Каркылдак каргага жолугасыңар.
Физикалык тыныгуу:
Балатынын алдына
Чогулушту каргалар
Кар-кар-кар! (катуу)
(алакан чабышат, колду баштан жогору кармап)
Кышты улам чакырып
Каркылдашты
Кар-кар-кар! (катуураак)
(алакан чабышат, колду баштан жогору кармап)
Кечте гана токтошот
Баары чогуу укташат
Кар-кар-кар! (жай)
(алакан чабышат, колду баштан жогору кармап) 8-слайд
Т: Саламатсыңбы Каркылдак карга! Сен коенекке барчу жолду бизге айтып койчу. Биз ал менен чогуу Жаңы Жылды бирге тосмокпуз.
9-слайд
Карга: Кар-кар, балдар, мен азыр кайсы ай экенине башым жетпей адашып жатам. Силер мага жардам берип койгулачы.
Т: Балдар, биз каргага бул мнемотаблица аркылуу кыштын айы болгон декабрдагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берели.
10-слайд
-
Декабрь айында кар калың жаап, күндүн жылуу табы кайтат.
-
Бак-дарактар ак бубакка оронот.
-
Келгин канаттуулар жылуу жака учуп кетип, мында кыштоочу канаттуулар гана калат.
-
Адамдар жылуу кийинишет.
-
Балдар кар киши жасашат.
-
Декабрь айында Жаңы Жыл майрамын майрамдашат; балаты тигип, аны кооздошот.
Карга: Рахмат балдар, азыр декабрь айы экенин, кыш мезгилинин белгилери кандай болорун билип алдым. Эми силер ушул жол менен оңго кайрылсаңар тыйын чычканды жолуктурасыңар. Калганын ошол айтып берет. Жакшы баргыла!
11-слайд
Т: Саламатсыңбы тыйын чычкан! Сен бизге коенекке барчу жолду көрсөтүп коесуңбу?
Тыйын чычкан: Макул көрсөтөм, бирок силерге мен “ Кантет?” деген көнүгүүнү тапшырма катары бергим келип жатат. Макулсуңарбы?
Шамал кантет? Шамал шуулдайт. (шуу-шуу-шуу)
Бороон кантет? Бороон уулуйт. (уу-уу-уу)
Суу кантет? Суу шырылдайт. (шыр-шыр-шыр)
Тыйын чычкан: Азаматсыңар балдар, силер баарын билет экенсиңер. Силер эми ушул жолдон солго кайрылсаңар коенекке кезигесиңер. Жакшы баргыла!
Саламатсыңбы коенек!
Саламатсыңарбы балдар! Мен силерди күтүп жаткам. Келгиле чогуу балатыны кооздойбуз да анан даамдуу тамакка толгон дасторконго отурабыз.
12-слайд
Балдар бүгүн биз силер менен кайсы тапшырмаларды аткардык?
Силерге тапшырмаларды аткаруу жактыбы? Баарынан да кайсы тапшырма силерге өзгөчө жакты?
Балдар силер үйдөн балатыны кооздоо үчүн өз колуңар менен оюнчуктарды жасап көрсөңөр болот. Саламатта калгыла!