Просмотр содержимого документа
«Кеп өстүрүү сабагы»
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы
Ленин районуна караштуу
№43 МЧББУ
Кеп өстүрүү сабагынын конспекти
Тема: “Манас деген ким болгон?”
1 – сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ (5-6 жаш)
Түзгөн:
Сыйдалева Б.Т.
Бишкек 2020 -ж
Тема: “Манас деген ким болгон?”
Программалык мазмуну:
Манас тууралуу айтып берүү. Суроолорго толук жооп берүүгө үйрөтүү.
Балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун калыптандыруу, сүйлөө жөндөмүн арттыруу. Балдар сүрөттөргө карап түшүнүк алышат.
Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
Усулдук ыкмалар: уюштуруу, аңгемелешүү, айтып берүү, сүрөт менен иштөө, бышыктоо, сабактын жыйынтыгы.
Колдонулган каражаттар: сюжеттүү сүрөттөр.
Сөздүк иш: баатыр, аркар, баскынчы, жоо.
Сабактын жүрүшү:
Т: Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү сабак “Манас деген ким болгон?” деп аталат.
Манас кыргыз элинин баатыры болгон. Ал бай Жакып менен Чыйырдынын жалгыз баласы болот. Манас төрөлгөндө эле чоң болуп төрөлгөн.
Арт жагында баланын
Кара көк жалы көрүндү
Нур төгүлүп тоюнду.
Кара көк жал кабылан
Аты “Манас” болсун деп
Баланын аты коюлду. (1-слайд)
Манас жети жашка чыкканда атасы бай Жакып Ошпур деген койчуга кошуп кой багууга жиберет.
Болкойгон жапжаш баланын Шер экенин ким билди. Балача чуркап шашкан жок, Бешке чыга келгенче, Берениң Манас баскан жок (2-слайд)
Манас кичинесинен өз билгенин бербеген аябай тентек чыгат. Манастын алгачкы эрдиги Ошпурда койчу жүрүп, кайра үйүнө кайтып келе жатканда башталат. Жер коруган калмактар менен беттешип аларды жеңип чыгат. Манастын ошондон тартып атагы алыска тарай баштайт. Ал Мекенин калмак, кытай баскынчыларынан коргоп, душмандарын кыйратып турган. Кыргыз колунан жеңилген кытайлар качып жөнөшкөн. Манас баштаган эл Таласка көчүп келишип жердеп калат.
Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас
Жер соорусу турбайбы.
Кең Таластын чоң өзөн,
Жаткан экен жайкалып,
Адырдан аркар куюлуп,
Адырдын чөбү суюлуп. (3-слайд)
Манас Букаранын ханы Темиркандын Санирабига деген кызына үйлөнөт. Кийин анын Санирабига аты өчүп Каныкей аталып кетет.
Он эки кыздын кенжеси
Темиркандын эркеси
Кара сурдун сулуусу
Аялзаттын нурдуусу (4-слайд)
Балдар силер Манас тууралуу кандай маалыматтарды алдыңар? Жакып менен Чыйырды Манаска ким болгон? Койчунун аты ким экен? Манас канча жашка келгенче баскан эмес? Манастын аялы ким экен? Алар кайсы жерди жердеп, жашап калышыптыр?
Балдар силер үйдөн “Манас” эпосу тууралуу ата-энеңерден дагы кошумча маалымат алсаңар болот. Саламатта калгыла!