Просмотр содержимого документа
«Ханафий мазхабы»
Кыргызстандагы
Ханафий мазхабы жана матуридий ишеними
Мазхаб деген эмне?
- Мазхаб - жол дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда ислам укук таануусунун жана ишенимдеринин калыптанган түшүнүгү .
- Ыйык Куран менен сүннөттөн аалымдар (илимпоз) тарабынан мусулмандардын күнүмдүк практикалык мамилелери үчүн иштелип чыгарылган эрежелердин катардагы дин тутуучулар шарият эрежелери катары кабылдап, ээрчиген диний-укуктук мектеп .
Имам Аазам Абу Ханифа жана Ханафий мазхабы
- Өз аты: Нуман
- Атасынын аты: Сабит
- Толук аты-жөнү: Нуман бин Сабит бин Зута ал-Куфий
- Ислам дүйнөсүндө кеңири тараган, көп колдонулган аты, лакабы: Имам Аазам Абу Ханифа
Абу Ханифанын кыскача өмүр таржымалы
- Ирактын Куфа шаарында 80/699-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Сабит Куфа шаарында жибек жана жүн соодасы менен алектенген. Нуман ибн Сабит жаш кезинде эле Куранды жат алган. Нуман жаштыгын соода менен өткөргөндөн кийин Имам Шаъбий деген ислам аалымынын осуяты жана колдоп-кубаттоосу менен илим жолуна түшкөн. Араб адабияты жана араб тилин мыкты өздөштүргөн. Ал эрезеге жеткен Куфа шаары жана бүт Ирак чөлкөмүндө түрдүү ишеним жана философиялык агымдар болгон. Талашып-тартышуу жана илимий талкуулар тез-тез өтүп турган аймак болгондуктан, мусулман үй-бүлөдө чоңойгон Абу Ханифанын да бул ишенимге таандык тартышуулар жана талкууларга кез-кези менен катышып тургандыгы айтылат.
Абу Ханифанын кыскача өмүр таржымалы
- Анын соодагер катары өкүмдөрдү калктын күндөлүк жашоосу менен салыштыруусу жана тез-тез илим очокторуна саякат кылып барып, бир канча аалымдар менен пикир алмашуусу, бул тармакта этибарлуу адам болуп саналуусуна себеп болгон. Имам Аъзам Абу Ханифа айбаттуу жана салабаттуу адам болгон. Көп ойлонуп, аз сүйлөгөн, Алланын чектөөлөрүнө колунан келишинче амал кылган, дүйнөпарастыктан алыс турган, пайдасыз жана бекерчи кеп-сөздөрдү жактырбаган, суроолорго кыска жана нуска жооп берген аябай зирек мужтахид болгон. Фикхти тартиптүү усул абалына келтирип, бардык дүйнөлүк маселелердин пайда жана зыян көрүнүштөрүндөгү абалдарын жүзөгө чыгарып, таза-саламат акыйданын негизиндеги таалимдерди калыптандырган.
- Абу Ханифа 150/767 жылы Куфада көз жумган жана Багдад шаарында жерге берилген.
Абу Ханифанын окутуучулары (устаздары)
- Хаммад бин Сулайман
- Ибрахим Нахаий (эң көп таасир калтырган окутуучусу)
- Шаъбий
Булардан тышкары Казы Шурайх, Алкама жана Масрук деген да устаздары болгон.
Абу Ханифанын белгилүү окуучулары (шакирттери)
- Имам Мухаммед
- Абу Юсуф
- Имам Зуфар ж.б.
Абу Ханифанын миңдеген шакирттери болуп, алардан кыркка жакыны мужтахид даражасына жеткен. Абу Ханифа эч кимге «Менин пикирим эң туурасы» деп айткан эмес, жадагалса өзүнүн да бир пикири бар экендигин, бирок андан жакшыраак пикир, чечим тапкан адамды ээрчүү керектигин айткан. Ошондой эле, ал окуучуларына өзүнөн ар бир уккан нерселерин жаза бербөөнү, анткени эртең пикирин өзгөртүп калуусу мүмкүн экендигин эскертип турган.
Абу Ханифанын белгилүү эмгектери
- Фыкхул акбар
- Фыкхул абсат
- Аалим вал мутааллим
- Осуят китеби (Васийя)
- Рисаала
Булардын катарында кээ бир булактарда нускалары табылбаган Абу Ханифага таандык башка чыгармалары жөнүндө да сөз жүргүзүлөт.
Ханафий мазхабынын таралуу картасы
- Ханафий мазхабы хижрий II кылымдан тарта кеңири тарай баштаган. Биринчи баскычта Аббасийлер мамлекетинин ичинде бүт тараган. Андан соң Саманийлер, Караханийлер, Газнавийлер, Селжукийлер, Харезмшахтар, Мисирдеги Айюбийлер, Мамлуктар, Темурийлер, Бабурийлер, Шайбанийлер мамлекеттери, Кокон хандыгы жана Осмон мамлекети тарабынан расмий мазхаб катары кабыл кылынып, алардын сот иштери ушул мазхабтын негизинде алып барылган.
- Азыркы күндө ханафийликтин географиялык жааттан чек-арасы Борбордук-Азия өлкөлөрүнөн баштап, Кытай, Афганистан, Пакистан, Индия, Иран, Ирак, Арап жарым аралы, Йемен, Египет, Алжир, Тунис, Марокко, Туркия, Индонезия жана башка кээ бир мусулмандар көпчүлүк жашаган өлкөлөр кирет. Аталган мамлекеттердин айрымдарында негизги мазхаб катары көрүлсө, айрымдарында экинчи же үчүнчү орунда турат.
Ханафий мазхабынын ыкмалары
- Ханафий мазхабынын уникалдуулугу, ханафий укукчу-аалымдарынын исламдын консервативдүү жоболорунун чегинде, диний укуктук нормаларын толук кандуу өнүктүрүү үчүн дедукция ыкмасын колдоно алышкандыгында. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, дедуктивдик ыкманын жардамы менен ханафий факихтери – исламдын консервативдүү негиздерин сактоо үчүн – исламдын ичиндеги көптөгөн багыттардагы бидъат (жаңычыл-тескери) окууларды четке кагууга жетишкен.
- Абу Ханифанын методологиясынын дагы бир өзгөчөлүгү, талкуу – интерактивдүү ыкмасында турат. Ал өзүнүн окутуу ыкмасында ислам укугу боюнча жаралган маселени шакирттеринин ортосуна таштап, ар бири бул маселе боюнча оюн айтууга мүмкүндүк берген. Мындай активдүү ыкманын таасири астында аудитория кадимкидей жанданып, уу-дуу түшкөнгө чейин барган. Бир эле маселе өзүнүн так жана аргументтүү жообун тапканча күн тартибинен алынган эмес. Натыйжада, айрым татаал маселелер айлап изилдөөгө алынган.
Ханафий мазхабынын ыкмалары
- Имам Абу Ханифа акыркы жыйынтыкты окуучуларына жарыялаган жана аны окуучулары китептерине жазып калтырган. Кызыгы, имам Абу Ханифанын мындай демократиялык методу кээде шакирттеринин ага кайчы пикирлерде болушуна шарт түзгөн. Ошентип, имам Аазамдын пикири олуттуу болгону менен башка кайчы пикирлер да жазылган жана аргументи күчтүү пикирге фатва (бүтүм) берилген.
- Ханафий мазхабы пайда болгондон баштап эле насаат, пикир алмашуу жана аларды талкуулоо принцибине негизделген диний-укуктук мектеп түрүндө калыптанган.
Кыргызстандын аймагынан чыккан белгилүү ханафий аалымдар
- Сиражуддин Оший (Али бин Осмон ал-Оший)
- Имам Сарахсий (Абу Бакир Мухаммед)
- Махмуд бин Абдулазиз (Казыхан)
Имам Сарахсийдин күмбөзү. Өзгөн р-ну.
Имам Сарахсий атындагы мечит. Бишкек ш.
Абу Мансур ал-Матуридий
- Өз аты: Мухаммед
- Атасынын аты: Мухаммед
- Толук аты-жөнү: Мухаммед бин Мухаммед бин Махмуд ал-Матуридий
- Ислам дүйнөсүндө кеңири тараган, көп колдонулган аты, лакабы: Абу Мансур ал-Матуридий
Имам Матуридинин кыскача өмүр таржымалы
- Матуридий 862 — жылы Самарканттагы Матурид кыштагында туулган. 944 – жылы ошол эле Самаркантта дүйнөдөн кайткан.
- Улуу ислам аалымы Матуридий боюнча тарыхый маалыматтарда канаттандырарлык маалыматтар жок. Анын өмүр бяны боюнча маалыматтар өтө аз берилген. Көпчүлүк аалымдар Матуридий боюнча эмгек жаратарда анын өмүр баяны жөнүндө маалыматтарды таба албагандыктарын айтышат.
- Ага Шейхул-Ислам, Имамул-Худа (Туура жолго баштоочу) сыяктуу такма аттары менен да аталып келген. Мындай сый урматка, атак-даңкка ээ болушу анын ислам ишеним негиздерин жайылтууда туура багытты коргоп калууда жана сүннөттү жандандыруудагы аракети менен өз доорунун илимпоздорунан илим жаатында, адамгерчиликте жана күжүрмөндүктө өйдө тургандыгынын белгиси.
Матуридинин окутуучулары (устаздары)
- Абу Бакир ал-Гурганий
- Абу Бакир ал-Гурганий
- Абу Сулайман ал-Гурганий
- Абу Сулайман ал-Гурганий
- Абу Сулайман ал-Гурганий
- Имам Абу Ханифа
- Имам Абу Ханифа
- Имам Абу Ханифа
- Имам Абу Ханифа
Матуридинин белгилүү окуучулары (шакирттери)
- Хаким ас-Самаркандий
- Али бин Саид Рустугфаний
- Абу Лайс ал-Бухарий
- Муса Баздавий ж.б.
Матуридийнин белгилүү эмгектери
- Имам Матуриди калам (ишеним), фыкх (ислам укугу), усулу фыкх (методология), мазхаптар тарыхы жана кыраат жааттарында көптөгөн эмгектерди калтырып кеткен. Бирок, анын эмгектеринин көпчүлүгү сакталбай, ошол кездердеги ар кандай басып алуучулук, талап – тоноочулук, апаат – кырсыктардан ж.б.у.с. себептерден улам азыркы кунгө чейин жетпей калган. Жоголгон эмгектеринин көбү түрдүү агымдарды сындап жазган эмгектери менен ислам укугу жана анын усулу туралуу жазылган эмгектери болчу. Анын эмгектеринен болгону кырктай кол жазмасы табылган;
- «Тавилатул – Куран» жана
- «Китабут – таухид» аттуу китептери азыркы күнгө чейин жеткен.
Матуридий мектеби (мазхабы)
- Имам Абу Мансур Матуридинин ишеним мектеби «Матуридийлик» деп аталат. Хижрий жыл санагы боюнча 4 — кылымдын башында пайда болгон Матуридий мектеби 2-кылымда Имам Абу Ханифа тарабынан түзүлгөн диний-укуктук мектептин уландысы болуп эсептелет.
- Акыйда (ишеним) маселеси боюнча Матуридий Имам Аазам Абу Ханифанын жолунан кеткен. Матуридинин Абу Ханифанын жолун жолдошу анын атагын чыгарган жана акыйда боюнча башка пикирлерди айткан агымдардан озуп кетишине негиз болгон. Матуридий Абу Ханифанын методун пайдаланып аислам ишеним негиздерине байланыштуу маселелерде «акылды» чеги менен колдонот. Ушул өзгөчөлүгү менен ал башка мектептерден, пикирлерден айырмаланып турган.
Матуридинин ислам ишеним негиздери тууралуу пикирлери
- Ыйман – тил менен айтуу жана жүрөк менен тастыктоо.
- Ыйман жана амал: Матуридий боюнча ыйман менен амал бир эмес.
- Тавхид: Алла бар жана ал бир. Ага окшош жана тең болгон эч ким жок.
- Адамдын кыймыл аракети: Матуридинин көз карашы боюнча адамдар өзүнүн кыймыл аракетинде эрк эркиндигине ээ.
- Чоң күнөө: киши өлтүргөн, зина кылган жана башка ушуга окшогон чоң күнөө жасаган кишилер ыймандан чыкпайт.
- Шапаат кылуу: пайгамбарыбыздын кыямат күнүндөгү шапааты күнөөкөрлөр үчүн болот. Чоң күнөө кылгандар ыймандан чыкпагандыктан Алла аларды кечириши мүмкүн.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!