Просмотр содержимого документа
«Ханафий мазхабы»
Бирдин айынын он алтысы
Тема: ханафий мазхабынын өзгөчөлүгү
Сабактын максаты
- Билим берүүчү максаты: Окуучулар Ханафий мазхабынын түшүнүү жолдорун . Имам Аазам – Абу Ханифанын окууларын коомчулук туш болгон суроо-талаптарга жооп издөөнүн негизинде иштелип чыккан диний укуктук нормалардын жыйындысын билишет
- Өнүктүрүүчүлүк максаты:Окуучулар Имам Аазам – Абу Ханифанын окуулар, илим жайылтуу усулдары жөнүндө кеңири маалымат алышат
- Таалим-тарбия берүүчү максаты: окуучулардын дуйнө дини жана анын окуусунун жакшы жактарын алуу менен ага болгон сый урматы жана сабырдуу мамилеси калыптанат.
Ханафий мазхабынын тутуму
Өзгөчөлүгү
Ыкмалары
Шарият
Фикх
Дедукция
Ислам
Кыяс
Ибадат
Интерактивдүү
Истихсан
Мунакахат
Ыйман
Урф
Ихсан
Муамалат
Укубат
Шарият –Исламдын өзгөчө негизи
- Акыйда –ишеним (Ыйман)
- Фикх – укук
- Ихсан –руханий аруулук
Фикх деген эмне?
Фикх- бул укук.
Динде кылынуусу жана кылынбоосу
керек болгон иштерди билдирген илим.
Ибадаттардын эң баалуусу – фикх илимин үйрөнүү жана үйрөтүү. (Хадиси шариф-Мажмуа-и Зухдиййа)
Фикх илими төрт чоң бутакка бөлүнөт.
1-Ибадат, б.а., намаз, орозо , зекет, ажылык сыяктуу ибадаттар.
2-Мунакахат, б.а., үйлөнүү-ажырашуу сыяктуу маалыматтар.
3-Муамалат, б.а., соода-сатык, ижара, ширкет (иш, ортоктук) сыяктуу маалыматтар. 4-Укубат, б.а., жазалар сыяктуу маалыматтар. (Али Хайдар Эфенди)
Фикхтын ибадат бөлүгүн кыскача үйрөнүү ар мусулманга парз. Мунакахат жана муамалат бөлүгүн үйрөнүү парз кифайа. Б.а., кимдин башына түшсө ошого үйрөнүү парз болот. (Юсуф Синануддин)
Фикх билими нан жана суудай зарыл. (Ибни Абидин)
Ханафийдеги өзгөчөлүктөр
- Кыяс – укуктук маселелерди чечүүдө окшоштуруу, салыштыруу менен чечим чыгаруу
- Истихсан – укук маселелерин чечүүдө жакшыраагына артыкчылык берүү
- Үрп-адат- маселе чечүүдө жргиликтүү элдин үрп- адаттарына да көңүл буруп, алардын артыкчылыктуу жактарын изилдөө менен чечим чыгаруу
Ханафий мазхабынын ыкмалары
- Дедукция (лат. Чыгаруу)- жалпыдан жекени алуунун логикалык жолу. Башкача айтканда логикакалык корутундулоо, туура ой жүгүртүү менен чечим чыгаруу
Интерактивдүү метод
- Абу Ханифанын колдонгон ыкмаларынын дагы бир өзгөчөлүгү. Ал фикх боюнча жаралган маселелерди шакирттеринин ортосуна алкууга койгон. Мындай активдүү ыкма аудиторияны жандандырып, уу-дуу түшкөнгө чейин барышкан. Бир маселе жообун тапканча талкуудан алынган эмес. Ушул сыяктуу терең изилдөөнүн,мыкты ыкманын натыйжасында Абу Ханифанын шакирттери эркин ой жүгүртүп, жекече изилдөө көндүмдөрү арткан.
Имам Абу Ханифанын усулдарынын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу
- Жыл сайын фатва чыгарган миңдеген аалымдардын көбү Ханафий мазхабынын өкүлдөрү
- Анын интерактивдүү жана дедукция ыкмасы бүгүнкү күндө билим берүү системасында натыйжалуу жыйынтык берген усулдардан
Көңүл бурганыныздар
үчүн чоң рахмат!