СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Китеп биздин досубуз"

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Китеп биздин досубуз"

Просмотр содержимого документа
«"Китеп биздин досубуз"»

Тузгон:Мурзакаланова Кайрыниса 3-б класс

Сабактын темасы :Китеп биздин досубуз

Сабактын максаты : Китеп жонундо коптогон ой пикирлерди айтуу ,китепке болгон кызыгуусун арттыруу.Китепти кандай пайдалануу ,сактоону о.э.суйлоо речин ,соз байлыгын остуруу.Окуучунун эстетикалык сезимин терендетуудо китеп ролун тушундуруу.

Сабактын тиби : аралаш

Сабактын жабдылышы : китеп ,сурот ,плакат

Сабактын журушу : Уюштуруу

Мугалим : Кымбаттуу китептин достору ! Биздин олкобуздо китепти кызыгуу менен окуган сабаттуу адамдар жашашат.Алардын ичинен эн активдуу катышкан китептин достору булар мектеп окуучулары.

Хор «Мектебим»

Жаш денемди чыналтып,Болоттой бек ширеткен.

Билим кени мектебим ,Алпештеген энем сен.

Кундо ачып барагын ,Китебимди самадым

Акыл-сезим оркундоп ,Алга кетип барамын

Мугалим : Мектепти баарын суйосун ,Мыктымын деп журосун

Кана эмесе силерге ,Бир табышмак айтайын ,Ойлонгула бут баарын

Табышмак

Олтуруп алып ичин ачам ,Баатырларга аралашам

Аябаган кызыкка батам ,Аягына жеткенче шашам

Азаматсын ! Туура таптын Кана эмесе балдар

Чогуу окуйлу темасын ,Бугунуку класстык сааттын.

«Китеп биздин досубуз» (доскадан окушат)

Ырлар

1-бала : Копту билсем экен деп ,Дегдеп согот журогум

Ошондуктан ар дайым,Айырбастан барагын,Китепти ардактап окуп журомун

Хор : Билими кучтуу бир минди жыгат,Билеги кучтуу бирди жыгат

2-бала : Окубай ойноп жургонду ,Жаман корот китебим

Эсинде болсун тушунгун,Китептин сен учун аппак тилегин

Китеп менен дос болсон,Уйроносун далайды

Урматтап баркын билбесен,Душманы болуп кирдетсен ,

Досум деп сени баалайбы ?------Жоок

Мугалим : -Балдар силер бул китептерди тааныйсынарбы ?

Адабий окуу: Адабий окуу китебинмин ,Башаты бардык илимдин

Окугун уйрон талыкпай ,Капкагын ачып билимдин

Хор : Эне тилин суйбогон ,эллин суйуп жарытпайт

Математика : Торт амалды билгизем,Илимди абдан суйгузом,Чындыктан тузуп маселе

Жалпына ой жургузом,Келечекке умтулткан,Максат шамын куйгузом

Хор : Математика –илимдердин падышасы

Кыргыз тили : Туура окуп жазуунун Эрежесин уйроткон

Кыргыз тилин боломун ,Катасыз корком суйлоткон

Хор : Кыргыз тили кылымдарды суйлоткон,Алп Манас деп дуйно эллине уйроткон

Орус тили : Орус тили достук тил,Ортосунда элдердин

Бардык жерде керек тил,Ошондуктан жакшы бил

Хор : Коп окуган копту билет

Мекен таануу : Коз салып жакшы карагын ,Курчап турган дуйнонду,Бардыгына эн керек

Байкап баарын уйронуу ,Урматтап менден билим ал,Оз жеринди билип ал

Хор : Ата мекеним асыл жерим.

Мугалим : Демек, балдар ар бир китептин силерге айткан насаатын билдик ээ. Эми кезекти китеп жонундо ырларга берсек ,Макулсунарбы

1-бала : Ким китепти кирдетсе,Китеп баркын билбесе

Жулуп алып барагын ,Орой койсо бир нерсе

2-бала : Ким китепти суйбосо ,ырайымы болбосо

Чылым ороп шар айрып,Калжун-кулжун суйлосо

Хор : ал китептин душманы

3-бала :Ким китепти кордосо ,Ырайымы болбосо

Суротторун уурдаса ,уурдап конгон колдорчо

4-бала :Бардыгынан ким жаман Китеп жырткан шум жаман

Китепти суйгон балдардан ,наалат алсын ал адам

Хор : Ал китептин душманы

5-бала : Ошондуктан баркын бил,Кирдебесин бир чети

Сыя тогуп булгабай ,Жакшы сакта китепти.

Китепканачы : -Тыншагылачы балдар ай ! , Кызык………Китептер суйлошуп жатышат

«Бактылуу китеп менен байкуш китеп»

Байкуш китеп :Барактарым айрылган,Анан калса чийилген

Былтыры эле жаны элем ,Жарабай калдым быйыл мен

Бактылуу китеп : Менин окуучум жакшы,Кирдетпей окуп,

Кенешимди угат,Кундолугун ачсан ,Жалан 4,5 кулуп турат

Байкуш китеп : Айлам гана кетти ,Орулуу болдум Жардам берчи

Бактылуу китеп : Жур ооруканага Дарылатайын сени

Анан окуучун менен жакшылап кенешейли ,сени урматтап карабаса

Китебим деп санабаса ,АНдан эмне, кутсо болот деги,жур

Мугалим : Демек,балдар биз бактылуу,байкуш китептердин создорун уктук .Силер кандай ойлойсунар ?

Ырлар

1-бала : Мына ушул алтын китеп ,Адамзат ушундан ар кыл акыл кутот

Бул китепти окуган агай-эжейлер тиктеп

2-бала : Китепти окуган ,арыштай озот

Айга колун созот ,Анткени китеп акылга акыл кошот

3-бала : Китеп мулк окат нан,китеп окубаган адам ал наадан

Китеп билим билимин менен баалан

4-бала : Китеп менин таза тунук булагым ,Китеп менин очпос жарык чырагым

Копту окуп ,копту билип китептен,Мектепке талбай кызмат кыламын

5-бала : Суттой таза тилеги,Дениздей кен талабы ,

Коктой тунук акыйкат ,Анын ар бир барагы

Мугалим : Ардактуу агай-эжейлер ! Жаны осуп келе жаткан жаш муундар ! Силерге айта турган созум «Ар дайым китеп менен дос болунар»

6-бала : Китеп керек адамга ар дайым ,Китеп керек шаарга да айылга

7-бала : Китеп керек балага да карыга ,Китеп жардам берет баарына

Ошондуктан кыя отпостон алгыла

Мугалим : Китеп жонундо макал же табышмактар айталы (айтышат)

Ким коп окуса ,ал копту билет .Окуу билим азыгы ,билим ырыс казыгы

Табышмак : Ун чыгарып суйлобойт,Бирок асыл баа

Аны менен дос болсон Акыл кошот акылга

Озу колунда турса да ,Билбегенди билгизген ,

Мээге сезим киргизген ,Акылына акыл кошуп ,Тилегине жеткизген

Татынакай сырты бар ,Туркун-туркун нерсенин ,Таамай айткан чынчыл ал

1-бала : Билбегенди билгизген ,Китеп менин акылым ,Корбогонду коргозгон

Китеп менин жакыным ,Жалгыз журсом суйлошкон ,Акылдашым китебим

2-бала : Кайгырсам да мунайсам ,Китеп ачат коонумду

Коп окусам китепти ,Коро баштайм оонумду

3-бала : Кундо окуймун китепти ,Кемчиликти жойсом деп

Элим учун эстелик ,Дайым жасап койсом деп

Хор : Билбегенди билгизген ,Мээге сезим киргизген ,Ак булуттун устундо

Айга жакын жургузгон ,Китеп менин акылым ,Китеп менин жакыным

Мугалим : Балдар силер китептин кантип жасаларын билесинерби ?

1-бала : -Ооба ,достор силердин баркынарды билебиз.Бир китеп жасаш учун канча туйшук талап кылынат.Аны сууга салып ,кислота куюп ,аралаштырып кадимкидей ботко болгонго чейин аралаштырышыт эмеспи.

2-бала : -Ошло эле дейсинби,Ал боткону атайын кагаз чыгаруучу машиналарга куюп ,турмок-турмок кагаздарды кургак чыгарат.

3-бала : Ар турдуу сорттогу кагаздар турмоктолгон боюнча калбайт,китеп ,дептер же момпосуй оройбу айтор тиешелуу кызмат аткарганга болушот.

4- бала : Ошентип досторум силер болсо ,басмаканага келип бизге алтын билимди кошо ала келдинер.Силерге окумуштуу ,жазуучу жонокой жумушчу эмгегин айта берсе коп.

5- бала : Китептерим силер ,биздин колго тийгенче эле миндеген адамдардын мандай тери менен жаралыптырсынар.Таазим кылабыз !

Хор :Уят кылбай окуйбуз ,Китеп биздин досубуз ,

Билим кени китеп ,Тарбия кени мектеп

Мугалим : Балдар озунор айткандай эле китеп билбегенди билгизет.Акыл оюнду алдыга жетелеп акыл кошот.Ким китепти коп окуса ал копту билет.Силерди мен китептин чыныгы досторунан болот деп журомун.Ошондуктан китепти –суй ,айырба ,оку ,уйрон !

Мугалим : «Китептин арманы»



















































Адамдын жашоосуна китеп чон оболго.Китепти окуу арипти таанып ,анан алиппени оздоштуруудон эрте эле балакай чактан башталат, анан омур бою адамдын аркасына калбай ,колокосундой ээрчип журот.Китепсиз азыркы адам жашай албайт.Китепсиз омур супсак омур.Китептин жардамы менен жаратылышты билууго ,дуйнону таанууга ,кубулуштарды туюуга аттанат.Китептен ар турдуу жаны маалыматтарды алат,акылы осот,козу ачылат,суусуну канат.Китеп адамдын жан жолдошуна айланат.

Китеп онор уйротот.Ата-энеден ала албаган кенешти китептен алышат.Корея элинин бир макалы бар : «Ачка адамга бир балык берсен ,бир кунго ток болот ,ал эми балык кармоону уйротсон ,омур бою ток журот». Балык кармоо онорун китептен окуп уйронушот.Китептин кызматын эч нерсе менен салыштырууга да ,тенештирууго да болбойт.Кундун нуруна же жуткан абага эле тенештирбесе ,ошолорго тет ,басы жок кымбат нерсе ,Анын баасын быча албайсын, ар кыл бадан алда канча жогору.

Биздин ан-сезимибизди остуруп ,эсепке так уйроткон ,математика тилибизди жатыктырып ,жанылматчты бат айттырып ,жомокторго бай ,адабий окуну шар окутуп ,катасыз жазганга уйроткон кыргыз тилине жана орус тилине ,табиятты таанытып ,жети атабызды уйротуп ,жаратылышты суйууго уйроткон мекен тану китептерине -----мин мертебе ырахмат !