СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп - биздин досубуз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп - биздин досубуз

Просмотр содержимого документа
«Китеп - биздин досубуз»

Тема: Китеп - биздин досубуз.

Сабактын максаты: 1. Китептин пайда болуу тарыхы менен

таанышышат, сырларын, пайдалуу жактарын билишет.

2. Макалдарды, учкул сөздөрдү айтып, табышмактардын

жандырмагын таап китептин адам турмушундагы ролун

билишет.

3. Китепке болгон кызыгуусун арттырышат.

Сабактын жабдылышы: Ар түрдүү кызыктуу китептер, китептин сүрөттөрү, китеп жөнүндө макалдар, кластер, жасалма дарак, гүлдөр, карточкалар.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иштери.

Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөм тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

Саламатсыздарбы, урматтуу ата-энелер жана мугалимдер! Сиздерди 23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү” менен куттуктайбыз.

Анда эмесе, даярдоо классынын “Китеп – биздин досубуз” аттуу тарбиялык саатына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Балдар, биз бүгүнкү сабакта «Китеп – биздин досубуз» деген темада тарбиялык саат өтөбүз. Китептин көптөгөн сырларын ачабыз. Аны менен достошобуз.

( Келгиле теманы жалпы кайталап коелу ).

1. Хор: “ Китеп”. Билбегенди билгизген, Китеп – билим булагы, Мээге сезим киргизген. Китеп – билим чырагы. Ак булуттун үстүндө Бардык балдар мектепте Айга жакын жүргүзгөн. Китеп тилин угалы.

2. Китептин пайда болуу тарыхы.

- Балдар, биз китепти кайдан алабыз? - Биз китепти китепканалардан, китеп дүкөндөрүнөн алабыз. – Китеп эмнеден жасалат? 1 ( Окуучулар өз ойлорун айтышат). Анда мен силерди китептин пайда болуу тарыхы менен тасма аркылуу тааныштырып кетейин. ( компьтерден китептин тарыхын көрсөтүү менен тааныштыруу, аны суроо-жооп иретинде талкуулоо).

3. Декломация.

Китепти сүй, баркын бил, Илим кенин сактаткан, Китептин көп акылы. Эрк, таалайды мактаткан. Ким китепке дос болсо, Согуш отун өчүрүп, Ал ошонун жакыны. Бейкуттукту жактаган.

Турмуш сырын үйрөткөн, Китеп менин акылым, Көркөм чечен сүйлөткөн, Китеп менин жакыным. Көкөлөтүп көңүлдү Табигатты бийлеткен. Китеп менин акылым, Китеп менин жакыным.

4. Учкул сөз, макалдар.

“Акчадан байлык чогулгандай эле, Китеп окуудан билим чогулат”. ( Владимир Иванович)

“Китеп жок үй – жаны жок дене”.

“Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат”. ( В. Шекспир )

“Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок”. ( А. Навои)

Акыл айга жеткирет, Өнөр көккө жеткирет.

Китеп – билим булагы, Билим кени – китеп, Билим – өнөр чырагы. ---К Тарбия кени – мектеп. ---Е

Китепсиз билим жок, Ким китепти көп окуса, Билимсиз өмүр жок. ---И Ал көптү билет. ---П

Китеп – мүлк, оокат, нан. ---Т

Жалпы: Китеп – билим, Билимиң менен баалан!

Мугалим: Андыктан аны барктай билүү керек, Китеп бизге чын жолдош, Китеп бизге анык дос, 2 Пайдаланып китептен Акылыңа акыл кош.

5. Класстер ( Ромашка гүлү ).

Балдар, китеп бизге кандай дос экенин ромашка гүлү аркылуу билели.













6. Табышмактар. (Окуу куралдары жөнүндө )

- Балдар, бул эмне? - Бул дарак. – Даракта эмнелер конуп турушат? - Көпөлөктөр конуп турушат. – Көпөлөктөр менен даракка эмнелер жетишпей жатат? - Аларга гүлдөр жетишпей жатат. – Карагылачы балдар, алардын гүлдөрү жерге түшүп калышыптыр. Ал гүл- дөрдү ордуна коюу үчүн ар бир гүлдө табышмактар бар экен. Биз ошол та- бышмактарды тапсак, гүлдөрдү ордуна кое алабыз. Келгиле анда табышмак- тарды табалы.

Олтуруп алып ичин ачам, Айлананы жаңыртып, Баатырларга аралашам. Таңдайын кагып тил менен. Аябай кызыкка батам. Класска кир деп чакырат, Аягына жеткенче шашам. ( Китеп) Бала жок аны билбеген. ( Коңгуроо)

Ийнедей жалгыз аягы, Төрт бир тууган. Түптүз жолдо жорголойт. Бир калпак кийген. Мончоктой болуп тизилип, Атка окшотуп, Учунан сөздөр шорголойт. ( Калем сап) Адамдар минген. ( Отургуч )

Ата эмес, эне эмес, Өзү аппак жазылат, Алардан эч бир кем эмес. Жер түбүнөн казылат. ( Бор ) Тентектик кылсаң көтөргөн, Бир адам бар кебелбес. ( Мугалим) 3

Аябастан акырын,

Сүлөбөйт, ар нерсени айтып берет, Айта берет акылын. ( Китеп ) Ал нерсе адамзатка абдан керек. Ичинде жазып койгон нечен сыр бар, Ойлонуп муну кимдер таап берет? ( Китеп)

7. Китептер дүйнөсүнө саякат.

Азыр китеп дүйнөсүнө саякатка барабыз. Ал жерден китептердин түрлөрү менен таанышабыз. ( Тааныштыруу). Балдар өзү тарткан жакшы көргөн китептери жөнүндө сүйлөп беришет.

8. Жыйынтыктоо.

Балдар, биз азыр бийиктикте турган “ Алтын китепке” тепкичтер аркылуу жетишибиз керек. Ал үчүн биз бүгүн китеп жөнүндө, анын сырларын канчалык деңгээлде билдик. Мына ошону ар бир тепкичтеги суроолорго жооп берүү менен текшеребиз. Биз сабактын максатына жеттикпи же жетпедикпи, билебиз.

А).Суроо – жооптор:

1).- Эң алгач адамдар эмнелерге жазышкан?

- Адамдар эң алгач таштарга жана жыгачтарга жазышкан.

2). – Андан соң эмнеден китеп жасашкан?

- Териден китеп жасашкан.

3). – Андан кийинчи?

- Папирус жалбырагынан жасашкан.

4). – Цай Лунь кагазды канчанчы жылы ойлоп тапкан?

- Кагазды 105 – жылы ойлоп тапкан.

- Азаматсыңар. Адамдар ошол кагазга жаза баштаган. Кийин бара-бара эң жөнөкөй станок менен китеп чыгарган. Ошентип отуруп китеп басмаканалар чыгып, андан түстүү сүрөттүү китептерибиз чыгып келе жатат.

5) – XXI кылымда китептин ордуна эмнелерди ойлоп табышты?

- Компьютерлерди, телефондорду ойлоп табышты.

- Туура айтасыңар. Азыр электрондук китептер чыкты. Ал китептер көтө-рүп жүрүүгө, издеген нерсериңди тез табууга өтө ыңгайлуу. Бирок, андан биздин ой жүгүртүүбүз өспөйт. Ага караганда жөнөкөй кагаздан жасал- 4 ган китептерибиз эң пайдалуу. Биздин акылыбызды,ойлоо жөндөмдүүлүгүбүздү, сүйлөө речибизди, сөз байлыгыбызды өстүрөт.

6). – Балдар, биздин китептерибиз эмнеден алынат?

- Биздин китептерибиз жыгачтан алынат.

- Ой азаматтар, силер бүгүн китеп жөнүндө көп нерселерди, китептин сырларын билип, “ Алтын китепке” жеттиңер. Мындан ары биз эч убакта телефон кармабай, дайыма китепти окуп жүрөлү. Анткени китеп – биздин досубуз.

Б). Китеп - менин тунук таза булагым, Китеп – менин өчпөс жарык чырагым. Көптү окуп, көптү билип китептен, Мекениме талбай кызмат кыламын.

Ушуну менен биздин “ Китеп – биздин досубуз” аттуу тарбиялык саатыбыз аяктады, катышып бергениңиздер үчүн баарыңыздарга чоң ыракмат.

Окуучуларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалаймын.









5