СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кружок конспекти .

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кружок конспекти .»

/_____/ /___________/ 2017-ж

Бекитемин:____________ Саякбаева.Н

2017-2018-окуу жылында И.Молдобаев атындагы орто мектебинин

6- 7-8-9-10-11-класстарына тарых кружогунун жылдык иш планы


Максаты: Окуучуларды тарых сабагына кызыгуусун артыруу менен алган билимдерин жалпылоо жана тереңдетип берүү менен келечекке татыктуу инсанды тарбиялоо.

Милдети: Ар бир кружокко жогорку деңгээлде даярдануу.

Аткарылуучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким жооп

ту



Ресурс

тар


Күтүлүүчү натыйжа

Жетишкен көрсөт-

күчтөрү


1

  1. Тарых илими жөнүндө жалпы түшнүк

  2. Нурак Абдрахманов, Ѳ.Дѳлѳѳев,

Муса Баетов

сентябрь


Буклет,сүрөт,плакат,карта,

карточка,

Тарых илими жөнүндө кеңири билишсе


Ак-Талааны белгилүү инсандарынын тарыхтагы ордун билсе




2

  1. 2017-жылдагы

Маараке ээлери менен тааныштыруу

  1. Байтик баатыр

Октябрь

2017-жылдагы маараке ээлери жөнүндө ар кандай иш чарага,конкрустарга активдүү катышса


3

  1. Үмотаалы Ормон

  2. Оморбек датка

Ноябрь

Үмѳтаалы Ормон , баатырдын,

оморбек датка тарыхтагы орду жөнүндө билишсе


4

  1. Ч.Айтматов-аалам адамы

  2. Султангазиев Кайыпбек




Декабрь

Чынгыз Айтматов жөнүндө өткөрүлгөн иш чара катышса

Кайыпбек Султангазиевдин 70-жылдыгына карата сүрѳт конкурсуна катышса


5

  1. Ишенаалы Арабаев


  1. Кожомурат Сарыкулаков



Январь

Алгачкы кыргыз агартуучусунан өзүнө үлгү катары тарбия ала алышса

Кыргыз элинен чыккан туйгуч революционер-большевик экенин билсе


6

  1. И.Раззаков «Эгерде сен таза болсон,мен таза болсом,анда коом да таза болот»

  2. Баялы Исаев

Февраль

Бүгүнкү күндөгү башкаруучулар И.Раззаковдой иш алып барышса,жетекчини сыйлоону билишсе

Партиялык жана мамлекеттик ишмер экенин билишсе


7

  1. Мен жашаган айылым

Жерге-тал

  1. Айылдагы ардагерлер жѳнүндѳ маалымат чогултуу

Март

Айыл жөнүндө кеңири билишсе.Айылды сактай алышса




  1. «7-апрель: Кыргызстандын кайра жаралуусу башталган күн »

Апрель

7-апрелде курман болгон кыргыз баатырларын эскерүү жана ар кандай иш чараларды өтүү


9

1. 9-май “жеӊиш күнү”

2. И.В.Панфилов


Май

9-май “Жеӊиш күнүнѳ” карат уюшулган конкурстарга катышса.

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор.1918-ж. Кызыл Армияда кызмат ѳтѳп,Граждандык согушка катышканын билипсе,







Кружок жетекчиси: Карбозова Гулнара Куьанычбековна


























Бекитемин__________ _______________ дата____________

Предмети : Кыргызстан тарых кружок

Сабактын темасы: Тарых илими жөнүндө жалпы түшүнүк

Сабактын тиби: Жаны теманы ѳздѳштүрүү,

Сабактын методу: акыл чабуулу, класстер, топто иштѳѳ, жекече иштѳѳ Предмет аралык байланышы: адабият, география, ______________________

Жабдылышы: темага карата кѳрсѳтмѳлѳр, карточкалар, сүрѳттѳр Кыргызстандын картасы, окуу китептери ж.б._________________________________________________________________

Билим берүүчүлүк: Окуучулар тарых илими жөнүндө жалпы боюнча маалымат алышат. Тарых сабагы эмнени окуутарын билишет. Теманын үстүндө чыгармачылык менен иштешет. Карточкадагы суроолорго жооп беришет.

Ѳнүктурүүчүлүк: тарых илими боюнча жалпы түшүнүгүн, ѳз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой жүгүртүүсү калыптанат.

Тарбия берүүчүлүк: Ата –бабалар калтырып кеткен мурастарын сактоого патриоттуулукка, улуттар аралык ынтымактуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгѳ тарбияланышат.

Кѳрсѳткүчтѳр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

  • Окуучулар тарых илими жөнүндө жалпы боюнча маалымат алышса. Тарых сабагы эмнени окуутарын билишсе. Теманын үстүндө чыгармачылык менен иштешсе. Карточкадагы суроолорго жооп беришсе.

  • тарых илими боюнча жалпы түшүнүгүн, ѳз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой жүгүртүүсү калыптанса.

  • Ата –бабалар калтырып кеткен мурастарын сактоого патриоттуулукка, улуттар аралык ынтымактуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгѳ тарбияланышса

Сабактын жүрүшү:

  • Уюушуруу. Саламдашуу. Окуучуларды журнал боюнча толуктоо.

Окуучулардын китептерин, окуу куралдарын, класстын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ .

Жагымдуу маанай түзүү:________________________________________________

  • Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

  • Жаӊы тема

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш-аракети

Темасын максатын айтат жана түшүндүрѳт

Алтын эреже менен тааныштырат.

Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшѳт.


Ѳтүлгѳн маалыматтарды кайталоо

3-мин

Мугалим окуучуларга ѳтүлгѳн темалар боюнча суроо берүү менен кыскача аӊгеме жүргүзѳт.

  • Балдар каникулда кайсы чыгармаларды окудуӊар?

  • Алардын ичинен силерге жаккан темалар кайсылар болду?

Окуучулар берилген

суроолорго жооп берүү

менен ѳздѳрү билгендерин

ортого салышат.


Жаӊы теманы түшүндүрүү

5-7-мин

Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында тема боюнча сурап алат. Окуучулардын оюн угат.

Тема боюнча маалымат берет.

Мугалим сѳзү: Тарых - адам коомунун ѳткѳндѳгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик – убакыт ѳлчѳмдѳрүндѳ ѳнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктѳрү жѳнүндѳгү илим.

Ошондой эле Кыргызстандын тарыхы- биздин Ата Мекенибиздин ѳнүгүү процессин, байыркы доордон бери Кыргызстандын аймагында жашаган этномдордун, биринчи кезекте кыргыздардын тарыхын, мамлекеттик жана коомдук институттардын калптанып ѳнүгүшүн, тарыхый инсандардын ишмердигин окута турган илим десек болот. Тарых (грекче Ιστορία, «изилдөө», арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат. Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн "hisтoria" – тарых; өткөндөр тууралуу баян)

1) жаратылыш менен коомдун өнүгүү процесси;

2) адамзаттын конкреттүү жана көп түрдүү мүнөздөгү өткөн тарыхын окуп-үйрөнгөн коомдук илимдердин комплекси

(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат; -Алгачкы жамааттык тарых,

-Орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых

- Жана соңку жаңы тарых болуп бөлүнөт.

Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. боуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет.

Окуучулар андан ары улашат.


Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. Мугалим теманы түшүндүрүп жатканда кунт коюп угушат. Теманын үстүнѳн талкууга активдүү катышышат.


Түшүнбѳгѳн жерин мугалимден сурашат.

Мугалимге суроо берүүнү үйрѳнүшѳт.

Тарых илими боюнча жалпы түшүнүк

алышат


Топтордо иштѳѳ

10-15 мин

Мугалим окуучуларды оюн аркылуу топторго бѳлѳт да, ар бир топко кандай темада тапшырма берет.

Презентациясын угат


Окуучулар топторго бѳлүнүшѳт да, теманын үстүнѳн чыгармачылык менен иштешет

тарыхий таанып билүүнүн функциялары

тарых илиминин методологиясы

тарыхты окутуунун принциптери

тарых тын негизги мезгилдерге бѳлүнүшү

Презентациялашат.

Тема боюнча тыныгуу

5 мин

Мугалим окуучуларга эс алдыруу максатында оюн ойнотот. Оюнду ыӊгайында карап тандап алса болот.

Окуучулар оюн ойноо менен сабакка болгон кызыгууларын жогорулатышат. Жагымдуу маанай менен сабактарын башташат.

Сабакты бышыктоо

5-10 мин

Мугалим окуучулардын билимин бышыктоо максатында карточкаларды таратат:

  1. тарыхий таанып билүүнүн функциялары кайсылар?

  2. тарых илиминин методологиясы жѳнүндѳ?

  3. тарыхты окутуунун принциптери кайсылар?

  4. тарыхтын кандай мезгилдерге берилет?

Презентациялашат.

Окуучулар карточкаларга жубу, тобу менен талкуулап, мугалимдин жардамында жооп беришет.

Ойлорун эркин айтышат.

Талкууларды уюштурушат.

Сабакты жыйынтыктоо:

3 мин окуучунун суроосуна жооп берүү

Баалоо:

3мин окуучулардын билимин баалоо

Үйгѳ тапшырма берүу:

1мин тарыхка жардамчы илимдерди

билип келүү

Тарых сабагынын тарбиялык максаты

Бардык элдердин тарыхын, жалпы тарыхты билүү адамдын жарандык мүнөздөмөлөрүн – патриоттуулук жана интернационалдык сапаттарын калыптандырат; коомдук өнүгүүдөгү элдердин, айрым жарандардын ролун аныктайт; адамзаттын адеп-ахлактык эрежелерин аңдап билүүгө мүмкүндүк берет; адамдык абийир, коом алдындагы милдет өңдүү дөөлөттөрдү баалоого, коомдогу жана адамдардагы жакшы-жаман сапаттарды ажыратууга, билүүгө, жакшы эмес сапаттардын коомго, адамдардын тагдырына тийгизген кесепет-кейирин аңдай алууга мүмкүндүк берет.

Улуу Конфуций: «Келечекти аңдап билүү үчүн өткөн тарыхты үйрөнгүлө», - деген. Анткени тарыхты үйрөнүү тарыхый түшүнүктөр менен ой жүгүртүүгө, коомду тынымсыз өнүгүүдө кароого, учурдагы коомдук турмушту өткөн мезгил, доор менен салыштырып баалоого, келечекке илимий негизде көз жүгүртүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Учурду, өткөн турмушту жана келечекти, тарыхый биримдикте, хронологиялык жана диалектикалык байланышта кароо – тарых илиминин эң негизги милдети.

Тарых

Тарых -Адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат.
-Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү.

Тарых (грекче Ιστορία, «изилдөө», арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат. Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн "hisтoria" – тарых; өткөндөр тууралуу баян)

– 1) жаратылыш менен коомдун өнүгүү процесси;

- 2) адамзаттын конкреттүү жана көп түрдүү мүнөздөгү өткөн тарыхын окуп-үйрөнгөн коомдук илимдердин комплекси

(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат; -Алгачкы жамааттык тарых,

-Орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых

- Жана соңку жаңы тарых болуп бөлүнөт.

Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. боуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет.

Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.

Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот.

Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.

Тарыхый жазма булактарды иликтөө – булак таануу менен байланыштуу.

Археологиялык эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен археология илим тармагы алектенет.

Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – тарыхнаама илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт.

Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат.







Бекитемин__________ _______________ дата____________ 2

Предмети : Кыргызстан тарых кружок

Сабактын темасы: Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетов

Сабактын тиби: Жаны теманы ѳздѳштүрүү,

Сабактын методу: акыл чабуулу, класстер, топто иштѳѳ, жекече иштѳѳ Предмет аралык байланышы: адабият, география, ______________________

Жабдылышы: темага карата кѳрсѳтмѳлѳр, карточкалар, сүрѳттѳр Кыргызстандын картасы, окуу китептери ж.б._________________________________________________________________

Билим берүүчүлүк: Окуучулар боюнча Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетовдун Ак-Талаанын инсандары чыгаан инсандары жѳнүндѳ маалымат алышат. Алардын чыгармалары, эмгектери , сыйлыктары жѳнүндѳ билишет. Теманын үстүндө чыгармачылык менен иштешет.

Ѳнүктурүүчүлүк: Нурак Абдрахманов,

Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетовдун Ак-Талаанын инсандары чыгаан инсандары жѳнүндѳ түшүнүгүн, ѳз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой жүгүртүүсү калыптанат.

Тарбия берүүчүлүк: Ак –Талаанын чыгаан инсандарынын тарыхта ордун билүү менен, патриоттуулукка, ынтымактуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгѳ тарбияланышат.

Кѳрсѳткүчтѳр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

  • Окуучулар боюнча Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетовдун Ак-Талаанын инсандары чыгаан инсандары жѳнүндѳ маалымат алышат. Алардын чыгармалары, эмгектери , сыйлыктары жѳнүндѳ билишсе. Теманын үстүндө чыгармачылык менен иштешсе.

  • Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетовдун Ак-Талаанын инсандары чыгаан инсандары жѳнүндѳ түшүнүгүн, ѳз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой жүгүртүүсү калыптанса.

  • Ак –Талаанын чыгаан инсандарынын тарыхта ордун билүү менен, патриоттуулукка, ынтымактуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгѳ тарбияланышса.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюушуруу. Саламдашуу. Окуучуларды журнал боюнча толуктоо.

Окуучулардын китептерин, окуу куралдарын, класстын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ .

Жагымдуу маанай түзүү:________________________________________________

  • Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

  • Жаӊы тема

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш-аракети

Темасын максатын айтат жана түшүндүрѳт

Алтын эреже менен тааныштырат.

Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшѳт.

Ѳтүлгѳн маалыматтарды кайталоо

3-мин

Мугалим окуучуларга ѳтүлгѳн темалар боюнча суроо берүү менен кыскача аӊгеме жүргүзѳт.

  • тарыхий таанып билүүнүн функциялары кайсылар?

  • тарых илиминин методологиясы жѳнүндѳ?

  • тарыхты окутуунун принциптери кайсылар?

  • тарыхтын кандай мезгилдерге берилет?

Окуучулар берилген

суроолорго жооп берүү

менен ѳздѳрү билгендерин

ортого салышат.


Жаӊы теманы түшүндүрүү

5-7-мин

Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында тема боюнча сурап алат. Окуучулардын оюн угат.

Тема боюнча маалымат берет.

Мугалим сѳзү: Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетов

1947-жыл, Ак -Талаа району, Комузчу, аткаруучу, обончу

Атасы Абдырахмандын таасири менен 6 жаш курагында комуз чертип баштап, Тоголок-Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында «бала комузчу» деп атала баштайт.

1962 жылы, 15 жаш курагында эмгекчилердин өз демилгелүү кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда, комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. Ошол жылдан баштап республикалык жана Бүткүл Союздук кароо сынактарда комуз өнөрчүлүгү боюнча байгелүү орундарга татыктуу болуу менен бирге ал учурдагы улуу устаттар Шекербек Шеркулов, Абдыкерим Мокоев, Асаналы Кыштобаев, Абдырахман Кыдырбаев сыяктуу көптөгөн улуу өнөрпоздордун таалимин алат. 1964 жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Токмоктогу Маданий-агартуу окуу жайына кабыл алынат.

Ал окуу жайды 1967 - жылы бүтүрүп, эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштайт.

1967 жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүткөн.

Баетов Муса (1902–1949) - Кыргыздын 20- кылымдагы чыгаан акыны, обончусу, музыканты, ырчы

Муса Бает уулу 1902-жылы Кыргызстандагы Ак-Талаа өрөөнүндө туулган.1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кашкарга чейин барып, ал жерде Жумабай деген байдын малын багып, 1917-жылы мекенине кайтып келген.1931–1934-жж. Нарын шаардык радиосунда, 1936-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1942-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштеп, «Сары-Ой», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Жароокер», «Акзыйнат» ырларын аткарган.1946–1947-жж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, «Айчүрөктөгү» Сыргактын, «Манастан» Алмамбеттин ж.б. ролдорун аткарып, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган.Ал «Даанышман», «Ойгоном», «Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Туткун ыры» ж.б. обондорун жараткан. Ал комузда, домбурада, гармошкада жакшы ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган.

Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен.

2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Арпанын Ала-Тоосунан» (түзгөн Б.Алагушов) аттуу обондуу ырларынын жыйнагы жарык көргөн

Ѳ. Дѳлѳев 1947-жылы Ак-Талаа районунда туулган. Акын. 70 жашта



Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. Мугалим теманы түшүндүрүп жатканда кунт коюп угушат. Теманын үстүнѳн талкууга активдүү катышышат.


Түшүнбѳгѳн жерин мугалимден сурашат.

Мугалимге суроо берүүнү үйрѳнүшѳт.

Ак-талаадагы билгилүү инсандар болгон Нурак Абдрахманов, Ѳ. Дѳлѳѳев, М,Баетов

Боюнча түшүнүк алышат


Жалпы иштѳѳ

10-15 мин

Мугалим окуучулардын ортосунда талкуу жаратуучу суроолорду берет.

М: Нурак Абдрахманов ѳмүр баяны, чыгармачылыгы, шакиртери, сыйлыктары, кызыктуу маалымат,ж.б

Ѳ. Дѳлѳѳев ырлары, ал жѳнүндѳ маалымат

М,Баетов чыгармалары.

Презентациясын угат


Окуучулар берилген суроолор боюнча талкуу уюштурушат

Чыгармаларын аткарышат,

Тема боюнча тыныгуу

5 мин

Мугалим окуучуларга эс алдыруу максатында оюн ойнотот. Оюнду ыӊгайында карап тандап алса болот.

Окуучулар оюн ойноо менен сабакка болгон кызыгууларын жогорулатышат. Жагымдуу маанай менен сабактарын башташат.

Сабакты бышыктоо

5-10 мин

Мугалим окуучулардын билимин бышыктоо максатында кайтарым байланыш түзүлѳт

Презентациялашат.

Ойлорун эркин айтышат.

Талкууларды уюштурушат.

Сабакты жыйынтыктоо:

3 мин окуучунун суроосуна жооп берүү

Баалоо:

3мин окуучулардын билимин баалоо

Үйгѳ тапшырма берүу:

1мин реферат жазып келүү