Алгебра 7-класс
Мугалим: Жусупова Анара Акматказиевна
Сабактын темасы: Кыскача көбөйтүүнүн формулалары
Сабактын максаты:
Кыскача көбөйтүүнүн формулаларын колдонуу менен бүтүн туюнтмаларды теңдеп өзгөртүүлөрдү аткара аласыңар; көп мүчөлөрдү көбөйтүүлөргө ажырата алуу жөндөмдүүлүктөрүңөрдү калыптандырасыңар
кыскача көбөйтүүнүн формулаларын, алардын сөз менен баяндалышын, окуй билүүлөрүңөрдү, илимий изилдөө мүнөздөгү көндүмдөрүңөрдү калыптандырасыңар
өзүңөрдүн иш аракетиңердин натыйжасын текшере билүү жана математикалык чыгармачыл жөндөмүңөрдү өнүктүрөсүңөр. эске тутуу, таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүңөрдү улантасыңар.
Сабактын тиби: жалпы жыйынтыктоо сабагы
Сабактын формасы: пресс-конференция сабагы
Сабактын жабдылышы: проектор, карточкалар, плакаттар,
таблицалар
Сабактын жүрүшү:
Мугалимдин сөзү: Бүгүн бизде пресс-конференция сабагы.
Класс — математика институту. Силер, окуучулар — бул институттун кызматчыларысыңар. Биздин пресс-конференцияга ар кайсы газета-журналдардан окурмандардын суроолоруна жооп алуу үчүн кабарчылар келишкен. Биздин конокторду математика институту кандай формулаларды үйрөнүп жана колдонуп жаткандыгыбызды тааныштырып өтөлү. Ал үчүн төмөнкү карточкаларды өздөрүнө тиешелүү болгон кутуларга бөлүштүрөлү.
(-c-d)2
–(m+n)2
(x+y)2
a2-b2
m2+n2
(b-a)2
(b+3)3
(-b+a)3
(x-y)3
m3+n3
y3-x3
–(a3-b3)
Доскада (a+b)2=a2+2ab+b2; a2-b2=(a+b)(a-b); a3±b3=(a±b)(a±ab+b2); (a±b)3=a3±3a2b+3ab2±b3 формулалары жазылган 4 кутуча бөлүштүрүлөт.
Мугалим: Кайсы карточкалар кутуларга салынбай калды? Эмне үчүн? Сөз кезегин «Билим, тарбия, адеп» журналынын кабарчысына берели.
1кабарчы — Силер кыскача көбөйтүүнүн көп формалаларын билет экенсиңер. Алар эмне үчүн керек жана кандай формулаларда пайдаланасыңар?
2кабарчы — Биздин журналдын редакциясына 7В классынын окуучусу Акматов Канаттан кат келген. Ал a) a3+a2-ab2-b2 , б) x2-y2-x-y туюнтмаларын көбөйтүүчүлөргө ажыратууга жардам сураган .
Туюнтмаларын 2 окуучу доскага чыгарат.
«Айданек» газетасынын кабарчысына сөз берилет. Менин бул суроом силер иштеп жаткан маселеге түз байланышбаса да жооп берин койсоңуздар:
21-чи кылым качан башталган?
Бир кылымда канча жыл, 1 жылда канча күн бар?
Окуучулар жооп берет.
Мугалимдин сөзү: Кезекти «Илим жана техника» журналынын кабарчысына берели.
Планеталар арасындагы станция, Марс планетасын изилдөөдө анын бетин сүрөткө түшүрүп жана текшерүүгө грунт пробасын алып келишкен. Окумуштуулар пробанын арасынан белгисиз жазылган катуу нерсенин бөлүгүн табышты. Биз аны чоңойтуп, дааналап жаздырып жана журналга жарыялардан мурда силердин математика институтунда талкуулап алууну чечтик:
(6 + [ ] )2= [ ] + [ ] + 81
532-432=(53-[ ])([ ]+43)
([ ]-9)([ ]+9)=a2-[ ]
712=4900+[ ]+1
212+792+2*21*79=([ ]+[ ])2=[ ]2
Адам жана закон: Биздин борбор шаарыбыздагы банктардын бириндеги «Кыргызстан банкында» кредитке берүү акыркы 10 күн ичинде канча суммада акча кредитке берилгендигин билүүнү каалагандар тамашакөй банк кызматчысы 2 теңдеме чыгарсаңар, теңдеменин тамырлары a, b нын негизи в) даража көрсөткүчү деп жооп берген. Биз бул табышмакты чечүү үчүн силердин интститутуңарга кайрылдык.
Формула
Үч окуучу чыгарат.
Сөз «Кут билим» газетасына берилет. Биздин редакцияга Асанов Үсөндөн кат келген. Үсөн бүтүн санды жарым менен квадратка көтөрүш үчүн, бул бүтүн санды өзүнөн кийинки санга көбөйтүп, жыйынтыгына ¼ жазуу керек дейт. Редакцияга специалисттер менен кеңешүүнү туура көрдүк. Силер далилдеп бере аласыңарбы?
2 окуучу доскага далилдейт.
Мугалим сөзү: Бүгүн пресс-конференцияда активдүү катышып көптөгөн маселелерди чечүүгө көиөк көрсөткөн төмөнкү кызматкерлерге алкыш жарыялоо менен бирдикте төмөнкүдөй сыйлык чектелди:
«5» - 5000сом
«4» - 4000сом
«3» - 3000сом
Окуучулардын билими бааланат.
Мугалим: Муну менен ишибиз токтоп калбайт.
Институт силерге (а+в)4 = эмнеге барабар экендигин далилдеп келүүнү тапшырат№
Үй иши: Паскалдын үч бурчтугу боюнча (а+в)4 туюнтмасын таап келүү