СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маалымат системасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сайттан алынды

Просмотр содержимого документа
«Маалымат системасы»

Маалымат системасы
  • Башка тилде окуу

  • Download PDF

  • Байкоо

  • Оңдоо

Маалымат системасы (Information System) – өз учурунда, так жана пайдалуу маалымат менен камсыз кылуучу элементтер жыйындысы. Маалымат системасы компьютердик жана коммуникациялык жабдыктар, программалык камсыздоо, маалымат ресурстарынан турат. Компьютерде маалымат системасы алты элементти (компьютердин аппарат каражаттары, программалык жабдык, так берилиштер, маалымат системасынын адистери, кабар колдонуучулар жана катталган жол-жоболор) камтыйт. Ар бир элемент маалымат системасынын ийгиликтүү иштешине салым кошот, ал эми тескерисинче бул элементтердин биринин начарлашы маалымат системасынын иштен чыгышына алып келет. Маалымат системасы пландоо, анализдөө, иштеп чыгуу, аткаруу жана кодго айландыруу деп аталган кадамдардан турат. Анализдөө кадамынын аягында мекеме иштеп чыгуу же жаңы сатып алуу чечиминин алдында турат, башкача айтканда сырткы булактан комплекстик пакет сатып алуу же талапты канааттандырган программалык жабдыкты жаңыдан түзүү керекпи деген суроо туулат. Эгерде компания программалык жабдык иштеп чыгууну чечсе, анда сырткы булакта же ички программалык жабдыкты өркүндөтүү керектигин чечүү керек. Ички программалык жабдыкты өркүндөтүү чечилсе, анда SDLCни иштеп чыгуу кадамында программистке иштеп чыгуунун деталдуу талаптары коюлат. Бул иштеп чыгуу талаптары программа талаптарынын спецификасынын пакети деп аталып, ал программистке ар бир программа үчүн киргизүү, чыгаруу, иштетүү жана берилиштерге карата коюлган талаптарды байланыштырат.