Тема: Дары каражаттарын энтералдык жол менен колдонуу
Дары каражаттарын энтералдык жол менен берүү – колдонуунун кыйла кеңири жайылган ыкмасы.
Энтералдык жол менен дары каражаттарын колдонуу үчкө бөлүнөт:
а) тилдин астына;
б) ооз аркылуу;
в) түз ичеги аркылуу.
Дары каражаттарын энтералдык жол менен колдонуунун артыкчылыктары:
а) оорутпайт;
б) иш жүзүндө ар кандай шартта колдонууга болот.
Дары каражаттарын энтералдык жол менен колдонуунун кемчиликтери:
а) өлчөмү так болбой калуусунун мүмкүндүгү;
б) дарылык эффектинин жайыраак таасир бериши;
в) ичеги-карындын былжырлуу катмарына таасир берүүсүнүн ыктымалдыгы;
г) дарынын активдүүлүгүнүн тамак-аш сиңирүү ферментинин жана боордун таасири менен алсызданышы;
д) адамдын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша таасир берүүсү.
Бул процедураны аткаруу үчүн медайым билүүгө тийиш:
энтералдык жол менен колдонулуучу дары каражаттарынын формаларын, түрлөрүн;
дары каражаттарынын фармакологиялык таасирин, кошумча таасирин;
дары каражаттарын сактоонун өзгөчөлүктөрүн;
терминдерди: терапевтикалык өлчөм (доза), суткалык өлчөм, отек Квинке, бөрү жатыш, анафилактикалык дел (шок) болуу.
Жасай алышы керек:
Дабагердик табыштоону иргеп алууну;
Дабагер табыштаган дарыларды өлчөмүнө жана жасалган формасына жараша берүүнү;
Бейтапка дабагердик табыштоонун максатын жеткиликтүү түшүндүрө алууну;
дүүлүгүү (аллергия) пайда болуп кеткенде жардам берүүнү;
анафилактикалык дел болуу абалындагы пациентке дабагер келгенге чейин токтоосуз жардам көрсөтүүнү.
Дары каражаттарын энтералдык жол менен колдонуунун стандарты
Бул стандартты аткаруу үчүн “Дары каражаттарын таркатуу” стандартын билүү керек.
Улпак дарыларды бейтаптын өз алдынча колдонушу
1. Улпак дарыларды пакеттин бир бурчуна топтоп алуу. Идиштин оозу дары төккөнгө ылайыкташып турсун.
2. Дарыны суу куюлган кашыкка (мензуркага) куюу.
3. Бейтаптын ошол дарыны ичүүсүн сурануу.
4. Артынан азыраак өлчөмдө суу жуткуруп коюу (100-150 мл.).
Улпак дарыларды медайымдын жардамы менен колдонушу
1. Улпак дарыларды пакеттин бир бурчуна топтоп алуу. Идиштин оозу дары төккөнгө ылайыкташып турсун.
2. Бейтаптын ээгин бир аз көтөрүп, оозун ачып, тилин сунушун сурануу.
3. Улпак дарыны тилдин уч тарабына коюу.
4. Артынан азырак өлчөмдө суу жуткуруп коюу.
Капсулаларды, таблеткаларды колдонуу
1. Бейтаптан таблетканы (капсуланы) тилинин учуна коюуну сурануу.
2. Таблетканы жуткуруу.
3. Бейтап таблетканы чындап жутканына көз салып туруу.
Эскертүү:
Эгер таблетка кабыкчада болсо бөлүүгө болбойт! Капсулаларды да бөлүүгө болбойт!
Микстураларды колдонуу
1. Микустураны силкип-аралаштырып мензуркага керектүү өлчөмүн куюу: 1 чай кашык- 5 мл. 1 десерт кашык – 10 мл.
2. Бейтапка мензурканы берип дарыны ичишин өтүнүү.
Эскертүү: Эгер микстуранын даамы жагымсыз болсо, суу менен ичүүгө болот.
Тундурмаларды жана дары-дармек маңыздарын колдонуу
М
ензуркага керектүү өлчөмдөгү жана инструкцияга ылайык даярдалган тундурма менен дары-дармек маңызды куюу: 1 ч. кашык - 5 мг. 1 дес. кашык – 10 мл.
1. Аш кашык-15 мл.
2. Мензуркага барабар өлчөмдө суу куюу.
3. Бейтапка берип жутуп жиберүүсүн өтүнүү.
Тундурма
1. Тундурма куюлган идиштин оозун акырын ачуу.
2. Пипеткага азырак сордуруп алуу.
3. Мензуркага дарынын керектүү өлчөмүн тамчылатуу.
4. Даярдалган эритмени бейтапка ичирүү.
Эскертүү: Эгер флакон тамчылаткыч менен болсо, пипетка колдонулбайт.
Дарыларды тилдин алдына коюп колдонуу
1. Керектүү өлчөмдөгү дарыны даярдоо.
2. Бейтаптан дарыны тилдин алдына салышын өтүнүү.
3. Бейтапка дарыны чайнап жибербей толук жок болгонго чейин кармап туруу керек экендигин эскертүү.
Эскертүү: Эгер даярдалган дары эритме түрүндө болсо, аны канттын же нандын бөлүгүнө тамчылатып туруп тилдин астына коюу.
Дары каражаттарын дене сыртына колдонуу
Дары каражаттарын дене сыртына колдонуу дененин белгилүү бир жерине (териге, былжырлуу жерлерге) колдонууда кыйла эффективдүү.
Дарыны дене сыртына колдонуу бүткүл организмге рефлектордук таасир берет.
Бул процедураны аткаруу үчүн медайым билүүгө тийиш:
сырттан колдонулуучу дарылардын формаларын жана түрлөрүн;
дары каражаттарынын өзгөчөлүк касиеттерин;
дарыларды дене сыртына коюу максатын;
мүмкүн болуучу кабылдоолорду;
терминдерди: дерматит, отит, коньюнктивит, ринит;
дене сыртына колдонулуучу дары каражаттарынын колдонуунун шарттарын.
Жасай алышы керек:
асептика эрежелерин сактоону;
бейтапты процедурага даярдоону;
териге, көздөргө, кулактарга, мурунга, ооз көңдөйүнө гигиеналык карап күтүүнү.
Шам сымал дары каражатын колдонуу (ректалдык) стандарты
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: шам сымал дары каражаты, кайчы.
3. Бейтапка манипульяциянын максатын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү.
4. Эгер бейтап ичи катып жүргөн болсо, ага тазалоочу клизма жасоо.
5. Бейтапты оң жамбашынан жатып, тизесин ичине карай жыйып алышын өтүнүү.
6. Кол кап кийүү.
7. Оромду ичке жагынан тилип жиберип, шам сымал дары каражатын жарымына чейин жылаңачтоо.
8. Сол кол менен бейтаптын жамбаш эттерин (көчүгүн) керип ажыратып, оң кол менен көтөн тешике шам сымал дары каражатын түртүп киргизүү.
9. Оң колдун сөөмөйү менен шам сымал дары каражатын дагы тереңирээк түртүп түз ичегисине чейин киргизүү.
10. Колдорду жууп - тазалоо.
11. Кол капты чечип, (КР ССМ №76-буйругуна ылайык тазалоо).
12. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алганга жардам берүү.
13. Бейтапка түнү менен кыймылдабай жатууга тийиш экендигин түшүндүрүү.
14. Жасалган процедураны бейтаптын медициналык картасына түшүрүү.
Эскертүү: Балдарга, улгайган бейтаптарга шам сымал дары- каражатын коюуда анын ороосун жазбай туруп ысык суу менен жылытып, калганын стандартка ылайык иштөө.
Дары каражаттарын дене сыртына колдонуу стандарты
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: дары каражаттары, залалсызданган инструменттер (шприц, салфетка, табыштоо журналы же баракчасы).
3. Табышталган дары каражаттарын дабагердин гана дайындоосу менен дарынын механизмине ылайык колдонуу.
4. Дары каражаттарынын табыштоо журналы же баракчасына ылайык так ушул дары, так ушул бейтапка табышталгандыгына ынануу.
5. Бейтапка процедуранын максатын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү.
6. Манипуляцияны асептика эрежелерин так сактоо менен, аракеттердин кабыл алынган стандартына ылайык жүргүзүү (дары каражаттарын дене сырттына колдонуунун стандартын кароо).
7. Бейтаптын жалпы акыбалын жана дары каражаттарды колдонгондон кийинки абалын, жүрүм-турумун байкап туруу.
8. Пайдаланылган инструменттерди, буюмдарды жууп – тазалоо.
9. Колду жуу.
10. Тиешелүү медициналык документтерге дарынын кабыл алынгандыгы тууралуу маалыматтарды түшүрүү.
Дары каражаттарын дене сыртына колдонуу стандарты
(Уландысы)
Бул стандарты аткарууда дары каражаттарын сырттан колдонуу эрежелерин так сактоо.
Дары каражаттарын коюу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: дары каражаттары (мазь, эритме), антисептикалык каражат (1:5000 фурациллин эритмеси, 3% сууктек перекиси эритмеси, 0,1% калий перманганаты эритмеси), марли, марлиден жасалган шариктер менен бикс, залалсызданган калакча, пинцет, лоток.
3. Колдорду тазалап, жууп кол капты кийүү.
4. Теринин үстүңкү бөлүгүн антисептикалык эритмелердин бири менен тазалап чыгып, марлиден жасалган шариктер менен сордуруп, кургата сүртүп чыгуу.
5. Залалсызданган калакча менен дарылык майды тегиз кабат менен залалсызданган марли салфеткасына сүртүп чыгуу.
6. Дары майы сүртүлгөн залалсызданган марли салфеткасын теринин (жараттын) үстүнө коюу.
7. Экинчи салфетканы коюу.
8. Салфетканы бинт менен таңып, же лейкопластырь менен бекитип коюу.
9. Пайлаланылган инструменттерди жууп тазалап, марли шариктерин дезинфекциялык эритмеге 60 мүнөт салуу. Инструменттерди демейки сууда чайкоо, залалсыздандыруу алдындагы тазалоону жүргүзүү. Толук таза залалсыздандыруу.
10. Кол капты чечүү, жууп-тазалоо, залалсыздандыруу.
11. Процедура жасалгандыгы тууралуу медициналык документтерге жазуу.
Эскертүү: Дене сыртына дарылык майын териге коюп ачык эле калтырууга болот.
Дары каражаттарын сүртүп сылап сиңирүү
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: дары каражаттары (жылуу), асептикалык каражат (залалсызданган марли шарчалар салынган бикс, лоток).
3. Колдорду антисептикалык тазалоо, кол кап кийүү.
4. Терини антисептикалык эритмелердин бирине малынган кебез шарчалар менен таза сүртүп тазалоо.
5. Алаканга 2 – 3 мл. дары каражатын куюп, колду кайталанма кыймылда иштетип бейтаптын териси кургаганча сыйпап сүртүү.
6. Колду жакшылап жууп-тазалоо.
Дары каражаттары менен сыйпап майлоо
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: дары каражаттары, (антисептикалык каражат (1:5000 фурациллин эритмеси, 3% суутек перекиси эритмеси, 0,1% калий перманганат эритмеси), лоток.
3. Колдорду антисептикалык тазалоо.
4. Терини антисептикалык эритмелерди бирине нымдалган шарчалар менен сүртүп тазалоо.
5. Кебез же марли шарчаларын процедурага зарыл болгон дары каражаты менен шыбоо.
6. Аны жеңил кыймыл менен денеге сүртүү.
7. Пайдаланылган буюмдарды, материалдарды антисептикалык тазалоо.
8. Колду жууп - тазалоо.
Эскертүү: Чачтын же түктүн арасын дары каражаты менен майлаган учурда аны чачтын өсүш жолуна карата сүртүү керек.
Себилме улпак дары каражаттарын колдонуу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: Себилме дарыны, лотокко куюлган жылуу суу, салфетка.
3. Терини ысык суу менен жууп- тазалоо.
4. Салфетка менен кургата сүртүү.
5. Дарыны себүү.
6. Пайдаланылган буюмдарды антисептикалык тазалоо.
7. Колду жууп-тазалоо.
Пластырды колдонуу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: пластырь, кайчы, антисептикалык каражаттар, кебез же марли шарчалары, лоток, пинцет.
3. Колду антисептикалык тазалоо.
4. Бейтаптын терисин антисептикалык каражаттардын бири менен тазалоо, чачтары болсо кырып салуу.
5. Керектүү өлчөмдөгү пластырды териге жабыштыруу.
Колду жууп-тазалоо.
Эскертүү:
1) пластырды алардан мурда анын четтерине спирт сүртүп алуу керек.
2) пластырды этияттык менен чачтын өсүү багытына карай сыйрып алуу керек.
Дары каражаттарын кулакка колдонуу
1. Колду жууп, кургатып, кол капты кийүү.
2. Даяр болсун: суу куюлган идиште жылытылган дары каражаты, пипетка, турунда.
3. Бейтапты олтургузуп, башын каршы тарапка кыйшайтуу.
4. Пипеткага керектүү дарыны сордуруп алуу.
5. Сол кол менен кулактын калканын кармап артка жана жогору карата тартуу.
6. Кулакка үч-төрт тамчы тамчылатуу же нымдалган турунданы салуу.
Пайдаланылган буюмдарды антисептикалык тазалоо.
Дары каражаттарын көзгө колдонуу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: дары каражаты (жылуу), пипетка жана көздү жууганга даярдалган каражат.
3. Бейтапты ыңгайлуу акыбалда жайгаштыруу.
4. Көздү гигиеналык жууп-тазалоо (“Бейтаптын жеке гигиенасы”)
5. Пипеткага керектүү дарыны сордуруп алуу (3 – 4 тамчы).
6. Көздүн алдынкы кирпик бүктөмүн ылдый карай тартып туруп 1 – 2 тамчыны конъюнктивалдык калтага тамчылатуу.
7. Бейтаптан көзүн ирмөөнү өтүнүү.
Эскертүү: Пайдаланылган буюмдарды жана пипетканы ажыратуу, айнек бөлүгүн дистиллирленген сууда 30 мүнөт кайнатып, кургатуу.
Дары каражаттарын мурунга колдонуу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: идиштеги ысык сууга жылытылган дары каражаты, пипетка, кебез шарчалары, өсүмдүк майы, лоток.
3. Колду антисептикалык тазалоо.
4. Мурундун ичин кабыкчалардан жана бөлүнүп чыгуучулардан тазалалоо (“Бейтаптын жеке гигиенасы”).
5. Бейтаптан дары салынуучу таноосуна каршы тарапка башын ийип турууну өтүнүү.
6. Дарыны пипеткага сордуруп алуу.
7. Анын 3 – 4 тамчысын таноонун ичине тамчылатуу.
8. Ушул эле аракетти 5-пунктта айтылгандын тескерисин жасап, дарыны мурундун берки таноосуна колдонуу.
9. Мурундун учтарын бир аз кысып туруу.
10. Пайдаланылган буюмдарды антисептикалык тазалоо.
11. Колду жууп-тазалоо.
Көзгө сүртүлүүчү дары каражатын колдонуу
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: мазь, залалсызданган калакча, көздү тазалап чыгуу үчүн антисептикалык каражат, кебез үзүмдөрү (тампондорун), лоток.
3. Бейтаптан ыңгайлуу жайгашып алууну өтүнүү.
4. Көздү тазалап (туалет жасап) чыгуу.
5. Бейтаптан бир аз чалкалап турушун өтүнүү.
6. Флакондон же тюбиктен майлуу дары каражатын айнек калакчаны жапкыдай кылып алуу.
7. Калакчаны бейтаптын көзүнүн жанында учтары мурунду карап тургудай кылып жатык кармап туруу.
8. Астыңкы кирпикти тартып, мазь коюлган калакчаны көздүн карегине, бош калган жагын кирпиктерге тийгизүү.
9. Тартып турган кирпикти коё берип, бейтаптан кирпигин күч келтирбей ирмешин өтүнүү.
10. Калакчаны жаак тарапка тартып чыгаруу.
11. Кирпиктерди аяр укалап коюу.
12. Пайдаланылган инструменттерди инструкцияга ылайык тазалоо.
Көзгө сүртүлүүчү дары каражатын колдонуу
(тюбиктеги, атайы көз үчүн)
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: көзгө коюлуучу мазь (учу кысылган тюбиктеги)
3. Бейтаптан ыңгайлуу жайгашып алууну өтүнүү.
4. Көздү тазалап (туалет жасап) чыгуу.
5. Бейтаптан бир аз чалкалап турушун өтүнүп, бир колго тюбикти алуу.
6. Бош кол менен бейтаптын астыңкы кирпик бүктөмүн тартуу.
7. Тюбикти көздүн ички бурчунда кармап туруу. Тюбиктеги дарыны сыгып туруп, алдыңкы кирпикке мазь кирпике текши жуккудай кылып, көздүн сыртына карай жылдыруу.
8. Кирпик бүктөмүн коё берип, тюбикти көздөн алуу, кирпик бүктөмүн көздүн ичине карай акырын басып коюу.
9. Көздү манжанын учу менен акырын укалап коюу.
Ингаляция
Ингаляция – дары каражаттарын дем алуу жолдоруна жиберүү. Ингаляция дем алуу органдарына дарынын таасирин жеткирүү үчүн колдонулат.
Ингаляция борбордук нерв системаларына дарынын таасирин жеткирүү үчүн колдонулат (наркоз).
Ингаляцияны үй шартында жасоо да мүмкүн.
Ингаляция ингалятордун жардамы менен жасалат
Ингаляторлор чөнтөк жана стационардык болушат.
Ингаляция жасоо үчүн медайым билүүгө тийиш:
- ингаляция жасоонун максатын;
колдонулуучу ингаляциялык каражаттардын формасы менен түрлөрүн;
ингаляцияга колдонулуучу дары каражаттарынын фармакологиялык таасирин;
ингаляторлордун иштөө принцибин;
терминдерди: спазм (булчуңдун диртилдеп тартылышы), круп (тамактын шишип, сезгенип бүтөлүшү), илешкек какырык, астма, дем кыстыгуу, апноэ, аэрозоль.
дем алууга байкоо жүргүзгөндү.
Чөнтөк ингаляторун колдонуу стандарты
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Чөнтөк ингаляторун даярдоо.
2. Бейтапка манипуляциянын максаты менен жүрүшүн түшүндүрүү.
3. Ингалятор баллончосун колго алуу.
4. Баллончиктин калпакчасын алып, мүштөк кийгизүү.
5. Баллончикти силкүү.
6. Баллончиктин түбүн жогору каратып, сөөмөй менен баш бармак ортосуна тике кармоо.
7. Бейтаптан мүштөктү тиштешин өтүнүү.
8. Бейтаптан терең дем алып, бирок дем чыгарбай кармап туруусун өтүнүп, ошол эле маалда баллончиктин түбүн кысып, аэрозолду тамактагы дем алуу жолуна жеткирүү.
9. Бейтаптан онго чейин санаганча дем чыгарбай туруусун өтүнүү.
10. Ингаляторду алып, оозун жабуу.
Эскертүү:
1. Чөнтөк ингалятору ар бир адамга жекече колдонулат.
2. Бир күндө 5 – 7 жолудан ашык колдонулбайт.