Тема: Дары каражаттарын парентералдык жол менен колдонуу
Парентералдык колдонуу – бул дары каражаттарын денеге ашказан-ичеги жолу менен эмес, ийне саюу аркылуу кийирүү. Дары каражаттарын парентералдык жол менен таасир берүү оптималдуу болуп саналат. Дары каражатынын дозасы так ълчънът жана денеге таасир берүүсү ыкчам болот.
Инъекциялык-парентералдык жол менен дары каражаттары терминалдык акыбалдагы организмге чукул таасир берүү үчүн кийирилет.
Дары каражаттарын парентералдык жол менен кийирүү, негизинен ашказан - ичеги жолу менен берүү мүмкүн болбой же сиңирилбей калганда жүргүзүлөт.
Дары каражаттарын инъекциялык жол менен берүүнүн артыкчылыктары:
өлчөмдүн тактыгы;
дары каражатынын таасир берүүсүнүн тездиги;
боордо бөлүнбөгөндүгү (структуралык ажыратылбагандыгы);
былжырлуу ашказаш-ичеги трактын дүүлүктүрбөйт.
Кемчиликтери:
травматикалуулугу;
таза залалсызданган ийне менен шприцтин зарылдыгы;
процедуралык техниканы жүргүзүүдө ооруткандыгы.
Инъекция жасоо үчүн медайым билүүгө тийиш:
дары каражаттарын берүүнүн максатын;
инъекциянын түрлөрүн;
шприцтердин түрлөрүн;
шприцтерди сыйымдуулугу жана канча жолу колдонулушу боюнча маалыматтуулугу;
инъекциядан кийин мүмкүн болуучу кабылдоо терс реакцияларды.
Жасай алууга тийиш:
асептика эрежелерин сактоону;
шприцтин бөлүнүштөрүнүн градуировкалык баркын аныктоону;
керектүү дары каражаттарын өлчөмүн так алууну;
инъекциядан кийин татаал реакция болуп кетсе жардам берүүнү.
Инъекция – дары каражаттарын шприц жана ийненин жардамы аркылуу басым менен түртүп кийирүү.
Аны дабагер же медайым жасайт.
Медайым инъекцияны булчуңга, териге, тери астындагы – майлуу этке жана кан тамырга жасайт.
Инъекция жасоо үчүн медайым билүүгө тийиш:
шприцтердин түрлөрү менен түзүлүшүн;
дененин инъекция берүүгө мүмкүн болгон жерлерин;
инъекциядан кийин мүмкүн болуучу татаал реакциялык кабылдоолорду;
дары каражаттарынын касиеттерин;
дары каражаттарын берүүнүн өзгөчөлүктөрүн;
мүмкүн болуучу татаал кабылдоолорду жана алардын себептерин;
шприцтерди инфекциянын түрүнө жана канча ирет колдонуларына жараша антисептикалык залалсыздоого чейин тазалалоону.
Жасай алууга тийиш:
инъекция үчүн керектүү шприц менен ийнени тандап алганды;
шприцти асептика эрежелери сактоо менен чогултканды (кураштырганды);
дары каражаттарын ампуладан же флакондон сордуруп алганды;
инъекция жасалып жатканда бейтапты ыңгайлуу абалга келтирүүнү;
дененин инъекция берүүгө мүмкүн болгон жерлерин аныктоону;
бейтаптын абалына көз салганды;
татаал кабылдоо болуп кетсе жардам бергенди.
Дары каражаттарын шприцке сордуруп алуу
(ампуладан, флакондон)
Манипуляция жасоо үчүн медайым билүүгө тийиш:
айрым дары каражаттарын шприцке сордуруп алуунун өзгөчөлүктөрүн (май эритмелери, инсулин, антибиотиктер);
шприцтердин түрлөрүн;
терминдерди.
Жасай алууга тийиш:
шприцти асептика эрежелерин сактоо менен чогултканды;
аны ысык суу куюлган банкада жылытканды;
чмайлуу инъекциясынан кийин шприцти тазартып чыкканды.
Дары каражаттарын парентералдык жол менен колдонуу, дары каражаттарын ампуладан сордуруп алуунун ыктары
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: пакеттеги шприц менен ийне, залалсызданган кебез шарчалары, кичинекей ампулалык араа, кыпчуур, 70% этил спирти куюлган флакон, дары каражаттары.
3. Крафт-пакеттеги шприцти кураштыруу, кайра крафт-пакетке салуу.
4. Дарынын аталышын жана көрсөтүлгөн өлчөмдү (доза) окуу.
5. Суюктукту ампуланын жогору жагынан акырын чертип, же силкип ылдый түшүрүү.
6. Ампуланын ичке жагын аралоо.
7. Ампуланын жогору жагын спиртке нымдалган кебез шарик менен тазартуу, араланган жеринен акырын сындыруу.
8. Ампуланы сол колдоп сөөмөй менен ортонку манжа ортосуна кармоо, түбүн жогору каратуу.
9. Оң кол менен шприцти алып, айнектин кырларына тийбей туруп ампулага салуу.
10. Ийнени такай эритмеде кармоо.
11. Шприцтин цилиндрин 1 - жана 4 - манжалар менен кармоо.
12. Керектүү өлчөмдөгү дарыны оң кол менен сордуруп алуу. Мындай учурда ампуладан аба сордуруп алуудан этият болуу.
13. Ийнени алмаштыруу.
14. Шприцтен дарынын ашыгын чыгарып салуу.
15. Шприцти крафт-пакетке коюу.
16. Эки кебез шарикти спиртке нымдап аларды крафт-пакетке шприц менен катар коюу.
17. Бардык керектелгендерди, булгангандарды жыйнап, столдун үстүн тартипке келтирүү.
18. Колду жууп-тазалоо.
Тери ичине инъекция жасоо стандарты
Инъекциянын орду:
а) тери-аллергиялык проба үчүн – билектин алакан тарабы.
б) анестезия үчүн – анестезия үчүн дене бөлүк.
Бейтаптын физиологиялык абалы: олтурган, жаткан.
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: 1 мл. шприц, 10-15 мл. ийне, шприц, дарылык стерилдүү кебез шарчалары, 70% спирт.
3. Дары каражатынын аталышын жана көрсөтүлгөн өлчөмүн (доза) кунт коюп окуу, керектүү эритмени даярдоо.
4. Бейтапка ушул каражат дайындалгандыгына ынануу.
5. Кол капты кийүү.
6. Шприцке ийнени жалгаштыруу.
7. Шприцке керектүү өлчөмдөгү дары каражатын сордуруп алуу, шприцти инъекцияга даярдоо.
8. Бейтапка инъекциянын максатын жана дарынын таасирин түшүндүрүү.
9.Инъекцияга керектүү дарыны сордуруп алуу.
10. Бейтапка ыңгайлуу жайгашууга жардам берүү.
11. Ийне сайыла турган жердин ордун антисептикалык каражат же спирт менен тазалоо.
12. Ошол эле жерди 70% спиртке нымдалган башка кебез менен сүртүп чыгуу.
13. Сол кол менен ийне сайыла турган жерди керүү.
14. Оң кол менен шприцти учун өйдө каратып кармоо, сөөмөй муфтада, калган манжалар шприц менен кишинин денесин ортосуна туш келбегидей кылып шприцти кармоо.
15. Териге ийнени кесилген жери көрүнбөй калганча саюу (ийненин учу теринин астынан байкалып турушу керек), ошол жерди ийненин учу менен көтөрүү.
16. Оң колдун сөөмөйү менен ийнени бир аз көтөрүп туруу, сол кол менен дарыны киргизүү (0,1мл. ашык эмес). Ийне туура сайылган учурда диаметри 4 – 5мм. папула пайда болууга тийиш.
17. Кебез менен ийне сайылган жерди баспай туруп, ийнени сууруп алуу, шприц менен ийнени алып коюу.
18. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
19. Пайдаланган буюмдарды тазалоо.
20. Кол капты чечүү, колду (КР ССМ №76-буйругуна ылайык тазалоо).
21. Бейтаптын медициналык картасына жасалган инъекция боюнча маалыматтарды түшүрүү.
Инсулинди ийне сайып берүү
Инсулин 5мл сыйымдуулуктагы флакондордо чыгарылат,2 мл-де инсулиндин 40 бирдиги (ЕД) бар .Жөнөкөй инсулиндин таасирин 6-8 сааттык ,инсулиндин узакка создуктурулуучу таасири 12-36 саат. Инъекция үчүн атайын шприцтер пайдаланылат. Шприц атайын цилиндрден турат, анын бир жак учунда ийне үчүн конусу,поршенди киргизүү үчүн анын экинчи учу ачык болот;ал туткасы бар өзөккө отургузулган. Поршенди тартканда цилиндрде терс басым түзүлөт,анын натыйжасында учундагы ийненин жардамы аркылуу суюктук сордурулуп алынат да шприцтен сыгылып чыгарылат.Инсулинди коюу үчүн диабет менен ооруган оорулуулардын бир жолу пайдаланылышуучу шприцтери болушу тийиш.
Ар бир иньекция үчүн экиден ийне талап кылынат:анын бири шприцке эритмени толтуруу үчүн (анын кеңири ачык болгону жакшы)ал эми экинчиси түздөн-түз иньекция үчүн пайдаланылат.
Тери астына инъекция жасоо ыкмасынын стандарты
Инъекция жасала турган жер:
а) ийиндин сырт жагы
б) сандын алдыңкы-сырт жагы
в) далынын алды тарабы
г) ичтин алдыңкы сырт жагы
Шприц 2 мл, ийне 25 – 30 мм.
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: шприц, ийне, дары каражаттары, залалсызданган кебез шарчалары, 70% спирт.
3. Дары каражатынын аталышын жана жарамдуулук мөөнөтүн кунт коюп окуу.
4. Ушул бейтапка ушул каражат дайындалгандыгына ынануу.
5. Кол капты кийүү, шприц менен ийнени чогултуу.
6. Шприцке керектүү өлчөмдөгү дары каражатын сордуруп алуу, шприцти инъекцияга даярдоо.
7. Бейтапка инъекциянын максатын жана дарынын таасирин түшүндүрүү.
8. Ийне сайыла турган жерди тандап, сыйпалап көрүү, эгер инфильтраттар болсо, башка жерди тандоо.
9. Бейтапка ийне сайууга карата ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
10. Ийне сайыла турган жерди жылаңачтап, 70% спиртке нымдалган кебез менен сүртүп чыгуу.
11. Башка кебез менен бирок эми азыраак аянтты сүртүп чыгуу.
12.Кебезди сол колдун 3 - жана 4 - манжалары менен кысуу.
13. Оң кол менен дары куюлган шприцти төмөнкүдөй тартипте кармоо: 2- манжа менен ийненин канюлясын кармап, ал эми 5-манжа менен поршенди, калгандары менен цилиндрди кармоо.
14. Сол кол менен ийне сайыла турган жердин этин үч бурч катмар түрүндө кармоо.
15. Ийнени денеге 2 -3 см. өлчөмүндө 45 градус бурчтукта тез саюу.
16. Тери катмарын коё берип, сол колдун 2- жана 3- манжасы менен цилиндрдин оромунан кармап, 1- манжа менен поршенди басуу, оң кол менен ийнени кармап туруу, дарыны акырындык менен кийирүү.
17. Сайылган жерге кебез басып, ийнени тездик менен сууруп алуу, кебезди басып, эгер зарыл болсо укалап коюу.
18. Шприц менен ийнени алып, кол капты чечип, тазалап чыгуу.
19. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
20. Колду антисептикалык тазалоо.
21. Медициналык картага жасалган процедура, аткарылган иш боюнча маалыматтарды түшүрүү.
Булчуңга инъекция жасоо ыкмасынын стандарты
Инъекцияны жасоо орду:
а) ийиндин үчтөн биринин жогорку жагы
б) жамбаштын жогорку-сырткы квадранты
в) сандардын алдынкы сырты.
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу.
2. Даяр болсун: 5-10 мл. шприц, 40-50 мм. ийне, дары каражаттары, залалсызданган кебез шарчаларды, 70% спирт.
3. Дары каражатынын аталышын жана көрсөтүлгөн өлчөмүн (доза) кунт коюп окуу, керектүү эритмени даярдоо.
4. Бейтапка ушул каражат дайындалгандыгына ынануу.
5. Шприц менен ийнени кураштыруу.
6. Шприцке керектүү өлчөмдөгү дары каражатын сордуруп алуу, шприцти инъекцияга даярдоо.
7. Бейтапка инъекциянын максатын жана дарынын таасирин түшүндүрүү.
8. Инъекцияга ылайык жерди аныктоо.
9. Бейтапка инъекция үчүн ыңгайлуу жайгашууга жардам берүү, ийне сайыла турган жердин ордун жылаңачтоо.
10. Кол капты кийүү.
11. Ийне сайыла турган жердин ордун карап, укалап катуу (бүдөмүк) нерсе, жарат жокпу ошону аныктоо.
12. Ийне сайыла турган жердин ордун 70% спиртке нымдалган кебез менен сүртүү.
13. Ийне сайыла турган жерди спиртке нымдалган кебез менен дагы бир жолу сүртүп, кебезди сол колдун 3- жана 4- манжасы менен кысуу.
14. Оң кол менен шприцти – 5- манжа ийненин муфтасын, 2- манжа поршенди, 1,3,4 манжалар цилиндрди кысып кармоо.
15. Сол кол менен ийне сайылчуу турган жердин ордун керүү же кабаттап кармоо.
16. Ийнени тездик менен, бирок этияттыкты сактап 90 градус бурчтукта саюу, ийненин муфтасынын астынан 1 мм. калтыруу.
17. Шприцти колдон чыгарбоо керек, терини коё берүү, сол колду поршенге коюп, дарыны кийирүү.
18. Ийнени шприци менен чыгарып алуу, ошол эле учурда сол менен ийне сайылган жерге кебез басуу.
19. Ийне сайылган жердин ордун кебез менен бир аз укалап коюу.
20. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
21. Пайдаланган буюмдарды (кебез шарчаларды, ийне, шприц) тазартып чыгуу.
22. Кол капты чечип, колду (КР ССМ №76-буйругуна ылайык тазалоо).
23. Медициналык документтерге аткарылган иштер боюнча маалыматтарды түшүрүү.
24. 20 – 25 мүнөт өткөндөн кийин ийне сайылган жерди карап, бейтаптын акыбалын байкоо.
Эскертүү: Булчуң ичине дары каражатын эмульсия түрүндө сайган учурдагы медайымдын иш аракеттеринин ырааты төмөнкүдөй:
Терини коё берүү, поршенди оң колдун манжалары менен кармоо, ийне кан тамырга сайылып калбагандыгын аныктоо үчүн поршенди акырын тартуу. Эгер цилиндрге кан чыкса – ийнени сууруп алуу, эгер жок болсо – дарыны кийирүү, калган аракеттер стандарт боюнча.