Күндөлүк сабактын планы
Назариат сабагы
Тема: КР саламаттыкты сактоо системасындагы реформалоо иштери боюнча түшүнүк. Медайымдык иштердин тарыхы. Медайымдык иштердин философиясы менен теориясы.
План:
Медайымдык иштердин өнүгүүсүнүн тарыхы
Флорес Найтингейлдин медайымдык иштерге кошкон салымы
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасы реформадан кийин.
Медайымдык иштердин философиясы менен теориясы.
1.“Медайымдык иш” деген түшүнүк 1988-жылы саламаттыкты сактоо системасындагы билим берүүчү адистиктердин номенклатурасында “Медициналык айым” деген адистиктин ордун “Медайымдык иш” деген адистик алмаштырып, ал эми медайымдарды базалык даярдоонун мазмунуна “Медайымдык иштердин негиздери” деген жаңы окуу предмети пайда болгондон кийин расмий түрдө киргизилген. “Медайымдык иш” деген түшүнүк (англ. «NurSing») “карап туруу” «tonurse» (лат. Nutrix- тоюндуруу) деп которулган этиш сөздөн келип чыгып, кам көрүү, колдоо, карап күтүү, шык берүү, тоюндуруу, коргоо, тарбиялоо жана ооругандарга жардамдашуу сыяктуу манилерге жакын которулат. «Nurse» деген сөздө англис тилинде род жок (мисалы, “врач” деген сыяктуу), ал эми ал сөз орус тилине “медсестра” деген женский роддогу сөз менен которулат. Медайымдык иштер деген түшүнүккө жана теорияга карата кесипкөй көз караштардын калыптанышы көрүнүктөө англичанка Флоренс Найтингейлдин (1820-1910) ысымы менен байланыштуу. Анын портрети 9 пенс наркында турган англис маркасына, 48 цент турган доминакан маркасында жана 10 фунт стерлингде чагылдырылган. Ф. Найтингейлдин урматына АКШда жана Англияда эстелик медалдар чыгарылган. Медайымдык иштер деген аныктаманы ал өзүнүн атактуу “Карап-күтүү боюнча жазуулар” (1859) деген эмгегинде калыптантандырган. “Бейтапты кароо учурунда,- деп белгилеген ал,- ага толуп жатканар түрдүү маалыматтар менен кызыктуу фактыларды тоодой кылып үйө берүүнүн кереги жок, баарынан мурда өмүрдү сактап калууга, саламаттыкты жана жайгерчиликти бекемдөөгө умдутулуу керек”. Флоренс Найтингейл – Англиядагы боорукердик системасын жана ага медайымдарды даярдоо ыкмаларын түзүүчүлөрдүн бири. 1983-жылы Мичигандагы медайымдык мектептин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу медайымдык иштердин негиз салуучусунун ысымы менен аталган “Флоренс Найтингейлдин антын” беришкен.
Анын мазмуну мындай:
“Кудайдын жана чогулган адамдардын алдында мен тазалыкка толгон өмүр сүрүүгө жана өзүмдүн кесиптик милдеттеримди ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант беремин.
Мен бардык зыяндуу жана залалдуу нерселерден өзүмдү кармаймын жана эч качан залал келтириши мүмкүн болгон дарыларды аң-сезимдүүлүк менен пайдаланбаймын жана дайындабаймын.
Мен өзүмдүн кесиптик деңгээлимди сактап туруу жана жогорулатуу үчүн күчүм жеткен иштердин бардыгын жасаймын.
Мен бейтап жана анын жакындары менен иштешкен учурда менин колума тийген бардык жеке маалыматтарды купуя сактаймын”.
Медайымдык иш, анын максаттары жана милдеттери
Медайымдык иш саламаттыкты сактоо системасынын курамдык бөлүгү, курчап турган чөйрөнүн улам алмашылып турган шарттындагы жекече жана коомдук калктын түрдүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иш аракетьтик аймагы болуп саналат. Азыркы учурда медайымдык иш – бейтаптын көйгөйлөрүн чечүүгө карата багытталган карап күтүүнүн илими менен искусствосу. Медайымдык иш илим жана искусство катары өз теориялары менен ыкмаларына ээ. Алар концептуалдуу болуп эсептелет жана бейтаптын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында пайдаланылат.
Илим катары медайымдык иш практикада текшерилген билимдерге таянат. Мурда медайымдык иш медицинадан, психологиядан, социология менен культурологиядан билимдерди алып турчу. Азыр аларга (медайымдык иштердин теориясы жана философиясы, менежмент, медайымдык иштердеги мыкчегерлик, медайымдык кызматтардын маркетинги, медайымдык педагогика, медайымдык иштердеги пикир алышуу) сыяктуу жаңы бөлүмдөр кошулуп, уникалдуу, медайымдык иштер тармагындагы уникалдуу, өзгөчө түзүлүш тикеленип жатат.
Бейтап менен жана персоналдар менен карым-катышта, медайымдык процессти эффективдүү кура билүүнү уюштурууда искусство жана илимий мамиле пайда болуп жатат. Искусство жана илим боло туруп медайымдык иш азыркы учурда өз алдына төмөнкү милдеттерди коёт:
Калкка медайымдык иштердин багытын жана маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
Медайымдык потенциалды өзүнүн кесиптик милдеттерин кеңейтүү жана калктын медайымдык кызмат көрсөтүүлөргө карата керектөөлөрүн канаттандыруу үчүн тартуу, өнүктүрүү жана эффективдүү пайдалануу;
Медайымдарда адамдарга, ден соолукка жана курчап турган чөйрөгө карата мамиленин белгилүү бир стилин иштеп чыгуу;
Медайымдарды бейтаптар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, коллегалар менен жүрүм-турумдун этикалык, эстетикалык жана деонтологиялык аспектилерин эске алуу менен баарлашуунун маданиятына үйрөтүү;
Медайымдык жардам берүүнүн жаңы технологияларын иштеп чыгуу жана жайылтуу:
Медициналык маалыматтардын жогорку деңгээлин камсыз кылуу;
Медайымдык жардамдын сапатынын эффективдүү стандарттарын түзүү.
Медайымдык иштер чөйрөсүндө илим-изилдөө иштерин жүргүзүү
Медайымдын ролу жана милдеттери тарыхый, социалдык жана маданий факторлор жана ошондой эле тигил же бул коомдун саламаттыгынын жалпы деңгээли менен аныкталары белгилүү.
Коюлган милдеттерди аткаруу жана медайымдык иштерди кесип катары бекемдөө үчүн төмөндөгүлөргө ээ болуу керек:
Медайымдык практиканын өнүгүүсүнүн илимий жактан негизделген стратегиясына. Медайымдардын кесиптик тилин стандартизациялоонун куралы катары бирдиктүү терминологияга.
1860-жылы 26-июлда, Крым согушунан кийин ал Лондондогу Ыйык Фома ооруканасынын карамагында боорукердик медайымдары үчүн Найтингейл сыноо мектебин ачкан жана ал XXI кылымда дагы улантылып жаткан медайымдарга расмий билим берүүнүн өнүгүшүнүн башаты болгон.
1868-жылы ал Америка медициналык ассоциациясынын медициналык персоналдарды даярдоо иштерин окуп үйрөнүүчү врачтары үчүн, окуган жана даярдалган медайымдарга ээ болуу квалификациялуу врачтарга ээ болуудай эле зарыл деген расмий билдирүү жасаган.
Комитет ар бир госпиталдын алдында бир гана госпиталдар үчүн гана эмес, бейтаптарга үйүндө жардам берүү учун да медайымдарды окутуучу мектептерди ачууну сунуш кылган.
1873-жылы АКШда Лондондогу Найтингейлдин мектептеринин үлгүсүндө алгачкы үч медайымдык мектеп ачылгандан кийин, медайымдык иштерди өнүктүртүү демилгеси акырындык менен Европадан Аменрикага өтө баштаган. АКШда 1886-жылы “Медайымдардын коому” түзүлүп, ал медайымдардын дүйнөдөгү биринчи профессионалдык уюму болуп калган. А 1887-жылы Улуу Британияда биринчи профессионалдык медайымдык журнал чыгарылган.«AmericanJournalofNursing» Медайымдар коомунун басма сөз органы болуп калган, анын биринчи башкы редактору медайым София Палмер болгон. Бул журнал азыркы учурда дагы медайымдар үчүн дүйнөдөгү эң популярдуу басылмалардын бири экендигин белгилй кетсек болот.
1899-жылы АКШдагы, Канададагы жана Улуу Британиядагы медайымдардык активдүү катышуусу менен дүйнөдөгү медайымдык иштер чөйрөсүндөгү философия менен саясатты аныктоочу “Медайымдардын эл аралык кеңеши” (МСМ) түзүлгөн.
МСМ 1899-жылы Лондондо өткөн эл аралык аялдар кыймылынын конференциясында жаралган. Англис медайымы, Британ улуттук медайымдар ассоциациясынын негиздөөчүсү (1887) Бедфорд Фенвик биринчилерден болуп эл алдында “Эл аралык медайымдар кеңешинин” түзүлгөндүгү тууралуу айткан. Эң башынан эле МСМ Улуттук медайымдар ассоциацияларынын федерациясы катары калыптанган. Анын биринчи корпоративдүү мүчөлөрүнүн катарында Улуу Британиянын, Германиянын, Канаданын, Австралиянын, Голландиянын, Даниянын, Финляндиянын улуттук медайымдар ассоциациялары болушкан. 1922-жылдан баштап МСМдин бюллетени чыгарылат. Ал эми кийинчерээк “Эл аралык медайымдык талдоо” деген журнал чыгарылган, ал азыркы мезгилге чейин МСМдин расмий органы бойдон калып келе жатат. Анын штаб-квартирасы Женевада (Швейцария) жайгашкан. 12-майда, азыркы медайымдык иштердин негиз салуучусу Флоренс Найтингейлдин туулган күнүндө, бүткүл дүйнөнүн медайымдары өздөрүнүн кесиптик майрамы – Медайымдардын эл аралык күнүн белгилешет, ал 1971-жылы Медайымдардын эл аралык кеңешинде расмий бенкитилген.
МСМ – бул дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү медайымдардын улуттук ассоциацияларынын федерациясы. Ага Улуттук Өкүлчүлүктөрдүн Кеңеши (СНП) жана Директорлор башкармалыгы жетекчилик кылат. Буга 15 географиялык райондордун өкүлдөрү болушкан 15 мүчө кирет. МАСМдин максаты – саламаттыкты сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу, медайымдардын иштөө шарттарын жакшыртуу болуп саналат.
Флоренс Найтингейл 1910-жылы Эл аралык Кызыл Крест коомунун негиздөөчүсү Анри Дюнанменен бир күндө кайтыш болуп, Лондондогу Ыйык Павел кафедралдык соборуна коюлган. Анын “Госпиталдар тууралуу жазмалар” жана “Медайымдык иштер тууралуу жазмалар” деген эмгектери классикалык чыгармалар болуп калышты. Россияда Ф. Найтингейлдин “Бейтаптарды кантип карап күтүү керек?” деген эмгеги 1905-жылыСанкт-Петербургда орус тилинде чыккан. Ф. Найтингейл бүткүл дүйнөгө белгилүү инсан. Анын ысымы боорукердиктин символу болуп калган. В. Найтингейлдин урматына Англия менен АКШда эстелик медалдары чыгарылган. Америкалык акын Т. Лонгфелло ага “Ыйык Филомена” деген поэмасывн арнаган. Лондондо агы эстелик тургузулган. Флоренс Найтингейлдин элеси чагылдырылган медаль менен медайымдарды согуш жылдарында жана ошондой эле тынч убактарда дагы жарадарларга жана бейтаптарга жардам берүүдө көрсөткөн өзгөчө кызматтары үчүн сыйлашат. Ф. Найтингейл медалы менен дипломдуу медициналык айымдар жана алардын жардамчылары – Кызыл Кресттин активисттери сыйланышат. Советтик медициналык айымдар биринчи жолу аталган медаль менен 1961-жылы сыйланышкан. Азыркы учурга чейин 100ден ашык адам ошондой сыйлыкка арзыган, алардын ичинде 46 мурдагы советтик медайымдар бар. Кыргызстандын сыймыгы – Фрунзе (Бишкек) медициналык окуу жайынын бүтүрүүчүсү Синькова Мария Павловна болуп саналат. Синькова Мария Павловна 1919-жылы Беловодскиден алыс эмес жерде туулган. 12 жашынан баштап ал ата-энеси менен Фрунза шаарында жашаган. Интергельпо мектебинде окуган. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо эл комиссариатынын эки жылдык курсун аяктагандан кийин аны Ош областына жөнөтүшкөн. Андан кийин согуш башталган. Анын күйөөсүн аскерге чакырышкан (Ал МТСте инженер-механик болгон), ошондо ал дагы фронтко суранган. Ал медик болгондуктан, аны санитардык поездге жайгаштырышкан.
1942-жылы март айында ал оор жарадар болгон жоокерлерди Ставлинграддан Жалал-Абадга эвакуациялоо ишине катышкан жана ал өзү вирустук гепатиттин оор түрү менен ооруп калган. Аскерден бошонгондой кийин ал Жалал-Абад областында иштеп калган. Мария Павловна балдарды кабыл алуу бөлүмүндө иштей баштаган. Бул жерге Белая Церковь, Рига, Крымдан жетим балдарды алып келишкен. Абдан жаш, 3-4 жаштагы балдарга энелик мээрим жана сүйүү керек болгон.
1946-жылы күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө болгон. 15 күн бою ал арамдарды урандылардан алып чыгууга жардам берген, биринчи жардамдарды көрсөткөн, көп адамдарды сактап калган. 1987-жылы Мария Павловна көрүнүктүү кызматы үчүн Женевадагы Улуттар лигасынын эл аралык комитетинин чечими менен Ф. Найтингейл медалы менен сыйланган.
Мария Павловна Синькова – саламаттыкты сактоонун отличниги, Республиканын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен белгиленген, төрт уул, 9 неберенин энеси.
1907-жылы дүйнөдө биринчи болуп, Колумбия университетинин медайымы Аделиада Нуттинг медайымдык иштердин профессору деген илимий наамга ээ болгон. Ошол окуядан баштап университеттердин кафедраларынын активдүү катышуусу менен медайымдык иштердин өнүгүшүнүн жана илимий жактан негизделишинин жаңы мезгили башталган. Өз эмгектеринде профессор Аделиада Нуттинг “медайымдык иш адамды азап чегүүлөрдөн куткаруу, бейтаптарды карап күтүү жана элдик саламаттыгын сактоо менен байланыштуу экендигин жана ар бир медайым ар башка эки бейтапта бирдей опокшош керектөө болбой тургандыгын жана ошол себептүү ар башка адамды бирдей тейлөө мүмкүн эместигин эске тутууга тийиш экендигин” белгилеген.
Бул процесс 50-жылдарга чейин өзгөчө кыйынчылык жана көптөгөн карама-каршылыктар менен жүргөн. Ылдам өнүккөн илимий-техникалык прогресс эркин рынок менен кошул-ташыл болуп, батыш өлкөлөрүндөгү калкка медициналык кызмат көрсөтүү системасына айрыкча таасир этти. Медицина барган сайын врачтык бизнес жолу менен көбүрөөк өнүгө баштады. Мындай шарттарда медайымдар болгону арзан жумушчу күчү катары каралып жатты. Социалдык шарттар “тезницизм”, “медикализация” жана саламаттыкты сактоонун дегуманизацияланышына карата ыңгайларды жаратты. Европадагы жана Америкадагын Флоренс Найтингейл мектептеринин алгачкы бүтүрүүчүлөрү катарында турганмедайымдык иштердин лидерлери мындай терс тенденцияларга каршы чыгууга умтулуп, өздөрүнүн улуу жол башчысынын идеалдарына кыйшаюусуз турушту. Алар медайымдарга жана жалпы эле элге кайрылуу менен “медайымдык иш мануалдык билгендер жана аракет менен байланышкан кесип болуп саналбай тургандыгын жана медайымдардын кесиби үчүн акыл, интеллект жана аткаруучулук жөндөмдүүлүк зарыл экендигин” кайра-кайра эске салып турушту.
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасындагы реформа
Кыргыз Республикасы өз көз карандысыздыгын 1991-жылдын августунда жарыялаган жана ошонун өзү саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы саясаттын башталышы болгон.
Аракеттеги саламаттыкты сактоо системасы реформага муктаж экендигин эске алуу жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) аракети менен бизде саламаттыкты сактоо системасын реформалоонун “Манас” улуттук программасы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.
Улуттук программа төмөндөгү негизги саясий максаттарга жетүүнү көздөйт:
калктын саламаттыгын жакшыртуу;
адилеттүүлүк;
саламаттыкты сактоо ресурстарын эффективдүү пайдалануу;
жогорку сапаттагы медициналык жардам.
“Манас” программасынын стратегиясынын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү иш чараларын жүзөгө ашыруунун негизги жыйынтыгы катары программага медициналык коомчулуктун жана республиканын калкынын катышуусун эсептөөгө болот. Программаны ишке ашыруу процессинде үй-бүлөлүк медицина институту түзүлдү жана бардык жерде милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы жайылтылды. Ар бир ҮДТ өзүнө бекитилген аймакта алгачкы медициналдык тейлөө ишин аткарышы керек. Жашоочулардын саны 10 миң кишиден ашкан калктуу конуштар аймактарга бириктирилген, ал жерлерде Үй-бүлөлүк медицина борборлору (ЦСМ) иштейт. ЦСМ үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан, администрациядан, бухгалтериядан, консультативдик-диагностикалык бөлүмдөн, лабораториядан, дарылоо бөлүмүнөн (физотерапевтикалык кабинет, күндүзгү стационар) турат. Областтардын борборлорунда областтык ЦСМдер түзүлгөн. 1992-жылдан баштап менчик медициналык практикага уруксат берилген.
Саламаттыкты сактоо системасынын баштапкы деңгээлин кайрадан түзүү тиешелүү кадрларды даярдоо ишинин зарылдыгына алып келди. 1998-жылдын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандарды Милдеттүү медициналык камсыздандырууга (ФОМС) этап-этабы менен өткөрүү башталды. ФОМС медициналык камсыздандыруу системасын жана башкарат жана Социалдык фондго түшкөн мүчөлүк акылдардын эсебинен алынган каржы каражаттарын бөлүштүрөт.
ФОМС боюнча камсыздандырылгандар деп төмөнкү адамдар эсептелет:
эмгек келишими боюнча иштеген жарандар, катталган жумушсуздар;
пенсионерлер;
16 жашка чейинки балдар;
18 жашка чейинки мектеп окуучулары;
социалдык жөлөкпул алган жарандар;
жекече иш аракет менен алектенген адамдар. Өкмөттүн 29.04.08. №192 “КР жарандарына 2008-жылы медико-санитардык жактан жардам берүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” токтомуна ылайык бекер тейленет:
5 жашка чейинки балдар (4 жаш 11 ай, 29 күн);
Каттоодо турган кош бойлуу аялдар;
70 жаштан жогорку курактагы пенсионерлер.
1998-жылы майда ВОЗ тарабынан иштелип чыккан, дүйнөлүк коомчулук тарабынан Европа аймагы үчүн “Саламаттык -21”документи жактырылган, анда “XXI жүз жылдыкта бардыгына ден соолук” деген чекке жетишүү саясаты чагылдырылган. 2001-жылы бизде Республикалык саламаттыкты чыңдоо борбору (РЦУЗ) түзүлгөн, ал саламаттыкты бекемдөө саясатын жана стратегиясын иштеп чыгуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу иштери менен алектенет.
Жогоруда көрсөтүлгөн документте XXI кылымдын алгачкы эки он жылдыгына карата эсептелген глобалдуу артыкчылыктар жана милдеттер чагылдырылат жана алар адамдын бүткүл өмүрүндөгү саламаттыгынын кыйла жогорку деңгээлине дүйнөлүк масштабда жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Саясаттын жаңылыгы жаңы ыкмаларды пайдалана билүүдө турат:
“Өмүргө курс” мамилеси, ал өмүрдөгү бардык окуяларды айрым фрагмент катары эмес, өз ара байланышта карайт.
Сейрек чөйрөнү бардык деңгээлдеги кызыккан тараптарды – үй-бүлө, мектеп, иштеген жана жашаган жери боюнча камсыз кылууга багыт алуу;
Акыркы жыйынтыкка карата багытталган программаларды иштеп чыгуу.
Мындай мамилелер “Кыргызстандын саламаттыкты сактоосу XXI кылымда” Программасын иштеп чыгууда пайдаланылган, ал программа өлкөнүн керектөөлөрүнө жооп берүү аркылуу түпкү максатка – Кыргызстандын калкынын саламаттыгын бекемдөөгө ыңгай жаратат.
“Кыргызстандын саламаттыкты сактоосу XXI кылымда” Программасынын долбоору ВОЗдун, Бүткүл дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын жогорку баасына арзыган.
Саламаттыкты сактоо секторундагы ушундай жакшы жыйынтыктарга карабастан, Саламаттыкты сактоо системасы калкты, өзгөчө анын жакыр катмарынын сапаттуу медициналык жардамга жете алышын толук камсыз кыла албай жаткандыгын белгилей кетүүбүз керек. Ошондуктан саламаттыкты сактоо артыкчылыктуу багыттардын бири катары “Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздерине” киргизилген.
«Манас таалими» миссиясынын максаттары
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздеринде. Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясында, Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарында, ВОЗ тарабынан жарыяланган «XXI жүз жылдыкта бардык адамдар үчүн ден соолук» программасында жана “Кыргызстандын саламаттыкты сактоосу XXI кылымда” программасынын коюлган максаттарга жетүү – кыргыз республикасынын ар бир жаранынын саламаттыкты сактоого карата укугун камсыз кылуунун өзү болуп саналат. Жашоонун сапатын жакшыртууга карата таасирлүү таасир этүүгө жана жакырлыктын деңгээлин төмөндөтүүгө – ар бир медициналык кызматкердин, жетекчинин, саламаттыкты сактоо менеджеринин, мамлекеттик башкаруу жана өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын, БӨУлардын, жарандык коомдун, ар бир жарандын бир максатка умтулган аракеттеринин натыйжасында гана жетүүгө болот.
Саламаттыкты сактоо системасындагы реформалардын саясий багытынын тууралыгын моюнга алуу, баскан жолдо топтолгон тажрыйбаларга баа берүү менен төмөндөгүлөрдү айтууга болот: “Манас таалими” программасынын миссиясы – мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторундагы, “Манас” улуттук программасынын (1996 – 2006) алкагында жетишилген кайра түзүүлөрдү бекемдөөгө жана күчөтүүгө багытталган реформаларды мындан ары дагы жүргүзүү болуп саналат. Бул үчүн саламаттыкты сактоону реформалоо процессине коомдун кеңири катмарын активдүү тартууну камсыз кылуу зарыл.
Саламаттыкты сактоону реформалоо саясатынын негизги принциптери болуп саналат: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасынын “Манас” (1996 – 2006) улуттук программасынын алынган тажрыйбаны эске алуу менен кийинкиге өтүүсү; иш чараларды реформалоонун алкагындагы кабыл алынган пландардын комплекстүүлүгү жана ырааттуулугу; стратегиянын жакырчылыкты кыскартууга саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүдөгү айыл менен шаардын ортосундагы айырмачылыктарды азайтууга багытталгандыгы; бардык жарандардын, коомдун, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын саламаттыкты сактоо жана аны бекемдөө маселесиндеги чечимдерди кабыл алуу процессинин ачыктыгы, маалымдуулук жана ачык катышуусу; мамлекеттик милдеттенмелердин саламаттыкты сактоо тармагын каржылык камсыздоо менен дал келиши; саламаттыкты сактоону реформалоого карата кеңири сектордук мамиле; “Манас таалими” программасы ВОЗ/DFIDдин техникалык колдоосун менен иштелип чыккан. “Манас таалими” программасынын айырмалоочу белгиси болуп аны ишке ашырууга кенири секторалдык мамиле жасоого боло тургандыгы эсептелет, бул деген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана донордук коомчулуктун аракеттерин консолидациялоо дегендик. Кыргыз Республикасына саламаттыкты сактоого бөлүнгөн бюджетти донорлордун аккумулировкаланган каражаттарынын эсебинен коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө карата жарыша каржылоо түрүндө колдоого мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Максаттар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосун 2006 – 2010- жылдарга реформалоонун “Манас таалими” улуттук программасынын негизги максаты болуп, калктын саламаттыгынын абалын илбериңки, эффективдүү, комплекстүү, интеграцияланган жекече жана коомдук кызмат көрсөтүү системасын түзүү аркылуу жакшыртуу, ар бир жарандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттик бийлик уюмдарынын жана башкармалыктардын жоопкерчиликтерин ар бир жеке адамдын жана бүтүндөй коомдун саламаттыгына карата жогорулатуу болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо реформасынын саясатынын максаттары болуп саналат: Саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүдөгү адилеттикке жана жеткиликтүүлүккө жетишүү; Калк үчүн каржылык тоскоолдуктарды төмөндөтүү; Саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.
Милдеттер
комплекстүү, интеграцияланган, калктын жана коомдун керектөөлөрүнө жооп бере алган системасын калыптандыруу аркылуу жогорулатуу;
2.Калк үчүн каржылык тоскоолдуктарды саламаттыкты сактоону туруктуу каржылоонун, ресурстарды калктын, өзгөчө, анын жакыр жана социалдык аялуу катмарынын сапаттуу медициналык тейлөөгө жетимдүүлүгүн жакшыртууга багытталган адилет бөлүштүрүүнүн, Программанын алкагындагы мамлекеттик милдеттенмелердин жана мамлекеттик кепилдиктердин жана башка артыкчылыктуу программалардын бири-бирине дал келүүсүнүн негизинде жакшыртуу;
3.Саламаттыкты сактоо кызматынын сапатын сектордун жигерин андан ары өнүктүрүү, адам ресурстарын эффективдүү башкаруу, саламаттыкта сактоо секторунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу. маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жакшыртуу, ресурстарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш аракеттерин оптимизациялоо.
МЕДАЙЫМДЫК ИШТЕРДИН ФИЛОСОФИЯСЫ МЕНЕН ТЕОРИЯСЫ
Философия (гректин “сүйүү” жана “акылмандык” деген сөзүнөн алынып, “акылмандыкты сүйүү» дегендей маани берет) – бул субъекти менен объектинин өз ара катышы жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында алардын ортосундагы мамилелердин өзгөрүшү тууралуу илим.
Медайымдык иштерде философиялык ой жүгүртүүнүн зарылдыгы профессионалдык медайымдык иште барган сайын “сестра”, пациент”, “курчап турган чөйрө”, “ден соолук” деген сыяктуу терминдердин көбүрөөк пайда болушу, өнүгүшү жана талкууланышы менен байланыштуу. Алар азыр да талкууланып келе жатат. Медай ымдын билимине карата жаңы сапаттык талаптар пайда болду. Эл аралык келишимдерге ылайык медайымдык иштердин философиясы 4 негизги түшүнүккө таянат:
1. Пациент.
2. Сестра, медайымдык иш.
3. Курчап турган чөйрө.
4. Ден соолук.
Пациент (латынь тилинен “азап чегүүчү”, француз тилинен «чыдамкай», «пассивдүү», «момун» деп которулат) – медайымдык карап күтүүгө муктаж болгон жана аны алган адам.
Сестра – медайымдык иштердин философиясына ылайык келген жана медайымдык иштерди жасоого укугу бар, атайын орто билимдүү адис.
Медайымдык иш–бейтапты, анын саламаттыгын медициналык карап күтүүнүн бир бөлүгү, саламаттыкты сактоого жана курчап турган чөйрөнүн шарттарына жараша учураган жана эми пайда боло турган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иштердин илими жана искусствосу.
Курчап турган чөйрө–адам өмүрү өтүп жаткан чөйрөдөгү жаратылыш, социалдык, психологиялык жана рух факторлорунун жана көрсөткүчтөрүнүн жуурулушу.
Ден соолук – көнүгүү жана жашоого керектүү каражаттардын жардамы менен личносттун курчап турган чөйрө менен динамикалуу гармониясы.
Медайымдык иш байыркы салттарга негизделген, анын максаты болсо саламаттыкты сактоодогу жана курчап турган чөйрөдөгү адамдык керектөөлөрдү канааттандыруу болуп саналат.
Медайымдык иштердин философиясынын негизги принциптери: жашоого, беделге, адам укугуна карата урматтоо болуп саналат. Медайымдык иштердин философиясынын негизги принциптерин ишке ашыруу медайым менен коомчулуктун өз ара аракетине жараша болот.
Бул принциптер медайымдын коомчулуктун, бейтаптын алдындагы жоопкерчилигин жана бейтап менен коомчулуктун медайымдын алдындагы жоопкерчилигин карайт. Коомчулук саламаттыкты сактоо системасындагы медайымдын маанилүү ролун таанууга, аны мыйзам актыларын чыгаруу аркылуу жөнгө салууга жана колдоп турууга тийиш. Медайымдык иштердин азыркы моделинин маңызы, илимий теория катары, медициналык жардам көрсөтүүгө жана анын мазмунуна карата түрдүү мамилелерди негиздөө болуп саналат. Медайымдык иштердин максаты медайымдык процессти жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Республикалык саламаттыкты сактоо тармагы азыр медайымдык иштердин философиясын, адамдын психологиясын билген, педагогикалык иш аракеттерге жөндөмдүү медайымдарга абдан муктаж болуп турат.
Медайымдык иштердин философиясынын маңызы – анын медайымдын профессионалдык өмүрүнүн пайдубалы болуп саналгандыгында, анын дүйнөгө көз карашынын чагылышы өз ишинин – бейтап менен алака жасоосунун негизин түзөт. Бул философияны туура кабыл алган медайым өзүнө төмөнкүдөй этикалык милдеттерди да алат:
чындыкты сүйлөө;
жакшылык жасоо;
залал келтирбөө;
башкалардын милдеттерин урматтоо;
сөзүндө туруу;
берилгендик кылуу;
бейтаптын өз алдынчалыкка карата укугун урматтоо.
Медайымдык философиянын теориясына ылайык, медайым умтулган максаттар, б. А. Анын иш аракеттеринин натыйжасы этикалык баалуулуктар (идеалдар) деп аталат:
профессионалдуулук;
ден соолук;
сергек курчап турган чөйрө;
көз карандысыздык;
адамдык бедел;
кам көрүү ( карап күтүү).
Медайымдык иштердин философиясы ар бир мыкты медайым ээ болууга тийиш болгон медайымдын жеке сапаттарын да чагылдырат, ал адамдардагы мүнөздөрдүн кайсынысы ак пейилдик, кайсынысы кара санатайлык болуп саналарын аныктай билген ак пейил адам болушу керек:
билим;
билгичтик, аткара билүү;
боор толгоо, чыдамкайлык, максатка умтулуучулук жана боорукердик.
Этикалык принциптерди ар бир өлкөнүн, анын ичинде биздин Республиканын дагы Медайымдарынын этикалык кодекси аныктайт жана ал медайымдардын жүрүм-турумунун стандарты жана профессионал медайымдын өзүн-өзү башкаруусунун каражаты болуп саналат.