Просмотр содержимого документа
«Мен жана дүйнө сабагы»
Предмет: Мен жана дүйнө
Классы: 1-класс
Сабактын темасы: Биздин беш сезим
Сабактын максаты: Окуучулар беш сезим органын атап, алардын кызматын жана маанилүүлүгүн түшүнүшөт.
1. Кызыктыруу
Окуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн:
Иш-аракет: Ар кандай буюмдарды (коңгуроо, лимон, жумшак оюнчук, атыр, алма) көрсөтөм.
Суроо: «Балдар,булар эмнелер? Көзүбүздү жумсак, кантип билебиз?»
Максаты: Окуучуларды сезим органдары жөнүндө ойлонууга түртүү.
2. Изилдөө
Окуучулар беш сезимди өз алдынча тажрыйба аркылуу сынап көрүшөт. Класс 5 топко бөлүнөт:
Көрүү сезими: Ар кандай түстөгү жана формадагы сүрөттөрдү кароо.
Угуу сезими: Жабык көз менен ар кандай үндөрдү (суунун шылдырашы, кагаздын тытылышы) угуу.
Жыт сезүү: Жабык идиштердеги жыттарды (кофе, лимон, пияз) жыттоо.
Даам билүү сезими: Туздуу, таттуу, кычкыл даамдарды татып көрүү.
Сезүү (тери) : Кутудагы буюмдарды кармалап, алардын катуу, жумшак же муздак кенин айтуу.
3. Түшүндүрүү
Изилдөөдөн кийин окуучулар менен биргеликте жыйынтык чыгаруу.
| Сезим органы | Кызматы | Эмнени билебиз? |
| Көз | Көрүү | Түс, форма, аралык |
| Кулак | Угуу | Үн, музыка, сүйлөө |
| Мурун | Жыттоо | Жагымдуу жана жагымсыз жыттар |
| Тил | Даам билүү | Таттуу, ачуу, кычкыл, туздуу |
| Тери (кол) | Сезип билүү | Ысык-муздак, катуулук, жумшактуулук |
Маанилүү: Сезим органдары маалыматты кабыл алат, ал эми мээ аны иштеп чыгат.
4. Тереңдетүү
Бул этапта сезим органдарынын коопсуздугу жана аларды сактоо жөнүндө талкуу жүрөт.
Тапшырма: «Эгерде биздин бир сезимибиз иштебей калса эмне болот?» (Мисалы, көзү азиз адамдар дүйнөнү кантип таанышат?)
Талкуу: Сезим органдарын кантип коргойбуз? (Китепти жакын окубоо, кулакты чукубоо, өтө ысык тамак ичпөө ж.б.)
5. Баалоо
Сабактын жыйынтыгын текшерүү.
Оюн: Окуучуларга бир нече сөздөрдү айтамын, окуучулар кайсы орган иштеп жатканын көрсөтүшөт. (Мисалы: «Апам бышырган нандын жыты» – окуучулар мурдун көрсөтүшөт).
Рефлексия: «Бүгүн мен эмнени билдим? Кайсы сезим органы эң маанилүү деп ойлойм?»