А
кыл кайда болсо- улуулук толоор,
Билим кимде болсо- билик болоор – деп, мен ъз\мд\н педагогикалык философиямды, “Куттуу билим” дастанын т\рк элдерине орток мурас катары калтырып кеткен, даанышман ойчул Жусуп Баласагындын билим жън\ндъг\ ойлору менен баштоону туура кърд\м. Анын айткан ою ж\ръг\б\здън т\нък таап, 1000 жылдан бери азык болуп келе жатат.
Даанышмандын ойлоруна назар сала турган болсок:
“Адам ар т\рд\\ тармактар боюнча илим- билимге ээ болушу керек, дал ушунун ъз\ коомдун г\лдъп- ън\г\ш\нъ алып барат.
Билим бул маяк, азизге -къз, денеге -жан, дудукка тил, съз.
Илим-билим жакшылык алып келет, анын аркасында адамдын коомдогу орду аныкталат,атак- данкка ээ болот.
Билим инсандын адеп-ахлагынын калыптанышынын пайдубалы, билимдин аркасында доордун нравалык климаты жакшырат, билим б\т\ндъй бир коомдун, ълкън\н нравасын жакшыртууга м\мк\нд\к берген каражат.
Ж. Баласагындын ою боюнча коомдогу терс кър\н\штър билимсиздиктен, сабатсыздыктан келип чыгат.
Билимд\\ адам мамлекеттин зоболосун бийик кътърът.
Билимди кут катары эсептеп, акыл менен билимди бардык иштин негизи катары карайт да, билимге ээ болгон жана ага умтулган адамга аяр мамиле жасоо зарылдыгын айтат. Даанышмандын бул оюнан аяр мамиле кылуу \ч\н с\й\\ керек деген ойго келдим.
Борбордук Азияда жашаган орто кылымдагы даанышман ойчул Ибн Сина “Ишк” деген эмгегинде с\й\\ жън\ндъг\ къз караштарында :“ С\й\\ -т\бъл\к тартылуу, жашоого, ън\г\\гъ умтулуу катары” каралат. С\й\\-бул кыймылдаткыч к\ч. С\й\\, багытталган нерсенин натыйжасына алып баруучу ъзгъчъ аракет. Натыйжага болгон каалоонун жогорку чеги. Адамзат кылымдар бою кыймылдаткыч к\ч болгон с\й\\ менен ажайып жана сонун нерселерге умтулуп келген, - дейт. С\й\\ бар жерде баары ажайып, сонун, ал жерде кастарлоо, аздектъъ, аярлоо бар. Умтулуу, тартылуу, берил\\ бар. Мен мугалиммин, менин ж\ръг\мдъ с\й\\ бар, ал менин ъз кесибиме болгон с\й\\. Мугалим ъз ишин с\йсъ ага окуучу тартылат, берилет. Менин мугалимдик ишмерд\\л\г\мдъг\ максатымдын жогорку чегине, ажайып, сонун нерселерге умтулткан бул с\й\\ экенине ынанымым бар.
Оргуштаган с\й\\ менен бул кесипти аркалоо \ч\н бардык аракетимди жумшадым жана мен б\г\н -мугалиммин.
С\й\\ бар жерде гумандуу педагогика жашайт.
Байыркы кытай философу Конфуцийдин б\т\ндъй философиялык системасынын борбордук проблемасын-этика жана тарбия маселеси т\зът. Анын ою боюнча гуманизм-бул адамга болгон с\й\\. Мугалимдер ашкере гумандуу болушат, эч кимге жамандык каалашпайт, жакшылык \ч\н аракеттенишет. Бул кесиптеги адамдар, асылзаада, айкъл, кеменгер, бийик жана улуу болушат.
Мыкты мугалимди бардыгы сыйлайт, окуткан ар бир окуучусунун ж\ръг\ндъ жашайт. Мугалим билимд\\ гана болбостон адеп- ахлактык да бийиктикке ээ болууга тийиш. Мугалим ъз\н\н ж\р\м- турумунда башкаларга \лг\ боло турган эн жогорку сапаттар: адамгерчилик, урмат-сыйчылдык, ызатчылдык, чечкинд\\, сабырдуулук, айкълд\к, ак ниетт\\л\к, кечиримд\\л\к, ишеним, берилгендик ж.б. болушу зарыл. Эгерде адамгерчилик болбосо, ал эч кимге жакшылык кыла албайт. Окуучусун анын ата-энесин, жамаатын урматтап сыйласа, ъз\ да урмат-сыйга ээ болот, мугалим окуучусун ызаат кылышы керек. Мугалим чечкинд\\ болбосо анын аракетине окуучулар ишенбей калат. Сабырдуулук ар кандай кырдаалды женет. Ийгиликтин жемиши сабырдуулукта. Кечиримд\\л\к-бул анын ишмерд\\л\г\ндъг\ башкы касиет. Эгерде мугалим ъз\нъ –ъз\ ишене албаса, ага эч ким ишенбейт. Окуучунун ишенимине ээ болгон мугалим гана максатына жете алат. Ар бир аракетине берилгендик менен мамиле кылуу менен ал мыкты инсанды коомго тарбиялап берет. “ Окуткан балдарын баласындай кър\п, ъз ишине берилип иштеген мугалим-баарынан мыкты мугалим, -дейт, Л.Н. Толстой.
Эн алды менен мугалим педжамаатка да, окуучуларга да сый мамиледе, сабырдуу болуусу парз. Азыркы замандын мугалими бийик кесипкъй эле эмес, чыныгы адам болууга тийиш. Ошондо гумандуу педагогика камсыз кылынып, келечек муунга жеткиликт\\ билим, татыктуу тарбия берилет. Кесиптердин търъс\ болгон мугалимдик кесип да, мугалим да кадыр-беделд\\ болот.
Кыдырып келе бербейт сыймык деген,
Адам бар кылым кезген сыймык менен.
Аралап келе бербейт сыймык деген,
Адам бар жашап ъткън сыймык менен.
Арийне кадырлуумун, къп дегендер,
Алардан татыктуусу мугалимдер.
Абат го кън\лдъг\ сезимдери,
Аяйт ал ъз\н эмес сени, мени.
Менин мугалимдик кесипти тандап алуума Апам жана атам себепкер болду десем жаңылышпаймын. Ата-энем мугалим болгондуктан, балдардын келечеги, кыргызымдын тагдыры үчүн күйүп-бышкан түйшүктүү эмгектери менин сезимимден кеткис болуп орноп калыптыр.
Математика мугалими Төлөнов Мырзан агай - менин эң биринчи устатым болуп калды. Балдар үчүн жанын берип иштеген андай адамдар чанда гана болот. Ушунчалык ишине берилгендиги, күйүп-жанып иштегендиги, сабактары кызыктуу, жандуу өтүп, менде кандайдыр бир толкундануу сезими пайда болгон. Мугалимдик кесипке болгон сүйүүм, урматтоом да ошондо ойгонду.
Ошентип, мугалимдик кесиптин кемесине түшүп, билим дүйнөсүнө аралаштым.
Мугалим болуу, чыныгы мугалим болуу оңой эмес…
Ар бир сабак, ар бир мугалимдин жекече чыгармачылыгын В. А. Сухомлинский: "Жакшы мугалим, жакшы сабакка өмүр бою даярданат. Окуучуга кыпындай жарыктыкты бергиси келген мугалим өзү деңиздей жарыктыкты жутуп, боюна сиңирүүсү керек", - деп айткан.
Мугалим ар дайым, ар күнү жаңы маалымат менен сугарылып, эч качан артта калбоосу керек. Анткени, ал бүгүнкү коомдун жарчысы эмеспи. Окуучулар эле эмес, ата-энелер жана коомдун башка мүчөлөрү мугалимден көп нерселерди күтөт. Азыр талап башка. Окуучулар ар дайым кызыгышат. Ар дайым суроолорду жаадырышат. Ошондой учурда жол таап чыгып кетүүнүн өзү - чоң чеберчилик.
Ошондуктан, мугалим үчүн сабактын ролу эң чоң орунду ээлейт. Ар бир өтүлүүчү сабак мазмунга жана маңызга өтө бай болуу менен бирге балдардын кызыгуусун жаратышы керек. Албетте, сабактын натыйжалуулугу биринчи кезекте мугалимдин педагогикалык чеберчилигине байланыштуу болот. Эгерде окуучунун жан дүйнөсүн ойгото алсаң, аны ойлондура алсаң, сабакка болгон кызыгуусун пайда кылсаң, анда - бул сенин жетишкендигиң.
А
рабдардын философу Газалиден бир сапар:
- Билгичтик жактан жогорку даражага кантип жетиштиң? - деп сураганда, ал: - Билбеген нерсемди билген кишилерден сурап алууну намыс көрбөгөндүктөн жетиштим! - деп жооп бериптир.
Мен мугалимдик иш тажрыйбамда улуу философ Газалинин сөзүн туу тутуп, улуу да, кичүү да кесиптештерим менен баарлашып, сабактарына катышып, кеңеш сурап, кеңеш берип туруунун натыйжасында педагогикалык философиямды байытып келем. Ушундай белсемдүү ишке киришүү мени көп окууга, чыгармачылык менен иштөөгө алып келди.
Балдарга жасалган мээримдүү мамиле кыргыздын мээрмандыгын далилдеп, өтүлгөн сабактагы ар бир орундуу сөз кыргыздын ыйман-адебин, чечендигин, меймандостугун көрсөтүп туруусу зарыл.
Балдардын мугалимден алыстоосу, сабакка көңүл бурбаганы - ал мугалимдин алсыздыгы, берген билиминин жугумсуздугу. Мен мындай көрүнүштөн алыс болуп, окуткан балдарымды, ишимди сүйө билүүм алдыңкы планда турат.
Мен МУГАЛИММИН! Оор сумке көтөрүнүп, Кымбат эмес, жонокой койнок кийип турган, Башыма түгөнбъс түйшүктөрдү үйүп турган, акчадан, кър мансаптан абийирим бийик турган. Класска кирип барсам, тосушат окуучулар, көздөрү күйүп турган, эмне деп айтаарымды көзүмдөн билип турган. Мен дагы мугалиммин, айлыкка машине эмес, араба алалбаган. Зангырап кък асман тиреп турган особняк салалбаган. Дос-тууган, карындашка баарлашып отурууга убакыт табалбаган.Сабак өтүп, барак-барак план жазып бошой албай той ашка баралбан. Бирөөгө жагып кээде, бирөөгө жагалбаган. Мен дагы мугалиммин мугалимдиктен башкага жаралбаган...
МУГАЛИМДИК КЕСИП – ЧЫНДЫГЫНДА ПАЙГАМБАРЛЫК КЕСИП, КЕСИПТЕРДИН ПАДЫШАСЫ