Саламатсыңарбы!
7-класс
Кыргыз тили
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
Сабактын темасы:
Модалдык сөздөр
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
Сабактын максаты :
Модалдык сөздөр тууралуу жалпы маалымат алышат.
Модаль сөздөрү башка кызматчы сөздөрдөн ажырата алышат. Модаль сөздөрдүн сүйлөмдөгү аткарган маанилерине карата түрлөрүн туура колдонушат.
Эске салабыз
Кызматчы сөздөр
байламталар
жандоочтор
бөлүкчөлөр
Модаль сөздөр
Модаль сөздөр деген эмне?
Сүйлөм тизмегинде туруп,айтылуучу ойдун чындыкка карата болгон ар түрдүү мамилесин сүйлөөчүнүн көз карашына ылайык билдирген кызматчы сөздөр модаль сөздөр деп аталат.
Албетте,балким, мүмкүн,маселе, имиш, кыязы, сыягы, сыяктанат, баса, болжолу, ырас, кыскасы, чындыгында, чынында, сөзсүз,шексиз, чамасы,көрүнөт, өңдөнөт ж.б.
Билип алабыз
Кызматчы сөздөр
байламталар
жандоочтор
бөлүкчөлөр
Модаль сөздөр
Мисалдар:
- Албетте, мен бүгүн жакшы иш кылдым.
- Балким, бул кылган ишиң туура эместир.
- Айтор, анын сүйлөгөнү эч кимге жага бербеди.
Сүйлөм түзөбүз
1 .Албетте, бул кашкайган чындык!
2. Кыязы , Таалайбек ал тууралуу эч нерсе билбейт окшойт.
3. Сыягы , бүгун да Айша апа келбейт окшойт.
4. Чындыгында айта берсе сөз көп.
5. Кечээки келгендер шайлоого аттангандар имиш.
6. Азыркы замандын жаштары көптү билүүгө тийиш.
7. Айтууга да , арийне, далилдүү фактылар керек.
Бышыктоо
..., жоопкерчилик ийгиликти жаратат.
Туура эмес сүлөп коюп, өкүнүп отурат ... .
... , анын келгени жакшы болгондур.
... , айтканың туура болду.
Бышыктоо
Ырас, жоопкерчилик ийгиликти жаратат.
Туура эмес сүйлөп коюп, өкүнүп отурат сыягы.
Балким , анын келгени жакшы болгондур.
Чынында, айтканың туура болду.
Жыйынтыктоо
- Модаль сөз боюнча түшүнүк алдык.
- Модаль сөздөрдү башка кызматчы сөздөрдөн айырмалап билдик;
- Модаль сөздөрдүн сүйлөмдөгү аткарган маанилери боюнча да түшүнүк алдык.
Үйгө тапшырма
Кызматчы сөздөргө тест түзгүлө.
Модаль сөздөргө сүйлөм түзүү.
Саламатта калгыла!
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
Сөздүн курамы
Мүчө
Уңгу
Уңгуга уланган,өз алдынча турганда маани бербеген сөздүн бөлүгү
Сөздүн маани берип турган эң кичине бөлүгү
-Өз алдынча туруп, бир маанини билдирет;
-Өз алдынча турганда маани бербейт;
-Уңгунун аягындагы үндүү,үнсүз тыбышка карай өзгөрөт; ;
-башка сөздөрдүн жасалышына негиз болот;
-Уңгуга уланганда гана лексикалык мааниге ээ болот;
-тыбыштык жактан өзгөрүугө учурабайт;
Мүчө
Сөз жасоочу мүчө
Сөз өзгөртүүчү мүчө
-га; -лар; -ны; -да; -ныкы;
-сы; -сың; -ыбыз;
Жөндөмө, жак, таандык, көптүк сан мүчөлөрү кирет.
-ла; -чы; -мак; -чыл; -кана; -поз;
-кер; -а; -лан; -лаш; -лык;
-луу; -сыз; -дай; -кана;
Мисалы:
Сөз өзгөртүүчү
Сөз жасоочу
- баш+ чы -чы
- иш+ те -ла
- суу+ чул -чыл
- бас+ ма -ма
- ой+ мок -мак
- бала+ луу -луу
- жардам+ даш -лаш
- үй+ дөй -дай
шаар+ га -га
бала+ ны -ны
ата+ сы -сы
адам+ сың -сың
мал+ ы -ы
үй+ лөр -лар
биз+ дики -ныкы
ата+ мын -мын
Бышыктоо:
акыл
ман
көй
акыл
сыз
даш
дуу
акыл
га
ды
акыл
ым
ы
ың
Жыйынтыктоо
- Сөздүн курамы боюнча түшүнүк алдык.
- Үңгү жана мүчөнү айырмалап айырмалап билдик;
- Мүчөнүн түрлөрү боюнча да түшүнүк алдык.
Үй тапшырма:
- Сөздүн курамы боюнча сүйлөм түзүү;
- Сүйлөмдөгү сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыратуу.
Саламатта калгыла!
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
20