СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Модель менен иштөө

Нажмите, чтобы узнать подробности

корком онор 4-класс

Просмотр содержимого документа
«Модель менен иштөө»

Модель менен иштөө

«Модель менен иштөө» темасына кайрылуудан мурда дизайнер-сүрөтчүлөр заманбап шартта кандай иштешерин карап көрөбүз. Мурда, компьютерлер жок мезгилде сүрөтчү-дизайнерлер жана архитекторлор бүтүндөй долбоорду, чиймеден баштап, долбоорлонуп жаткан нерсенин жалпы көрүнүшүнө чейин тушь, акварель ж. б. у. с. каражаттарды пайдаланып, кол менен тартышкан. Азыркы убакта долбоорду көбүнчө компьютерде жасашат. Компьютер сүрөтчү-дизайнерлер менен архитекторлордун ишин өтө жеңилдетти. Компьютердин жардамы менен долбоорлонуп жаткан нерсенин ар кандай сүрөтүн алууга, анан кемчиликтерин оңдоого, түстөрүн алмаштырууга болот. Компьютер азыр даяр чиймелерди жана сүрөттөрдү ар кандай масштабда принтерден чыгарып бере алат. Бирок долбоорлонуп жаткан буюмдун макетин түзүү зарылдыгы бар, себеби чоң моделден жасалып жаткан буюмдун жетишпеген жактары жана артыкчылыктары даана көрүнөт. Анча чоң эмес буюмдардын моделин, мисалы, идиш-аяктардын же анча чоң эмес турмуштук техникаларды өзүнүн чыныгы өлчөмүндөй кылып даярдашат. Бирок автоунаалардын, кемелердин, учактардын жана башка ушуга окшогон нерселердин моделдерин иштөөгө ыңгайлуу болгон кичирейтилген өлчөм менен жасашат. Моделдерди жасоодо бардык салыштырмалуу өлчөмдөрдү, берилиштерди долбоордо, тактап айтканда, чиймеде так сактоо абдан маанилүү. Моделдерди ар кандай материалдардан (кагаздан, жыгачтан, пластилинден синтетикалык материалдардан, гипстен, темирден ж. б.) жасаса болот. 3–4- сабактар www.bizdin.kg 39 Силер заводдогудай ыкма менен сувенир катары жасалган унаалардын моделдерин сатыктан көп эле көрүп жүрөсүңөр. Бул моделдерди темирден же желимден даярдашат. Биз силер менен унаанын моделин кагаздан жасап көрөлү. Силер азырынча унаанын татаал чиймеси менен иштей албайсыңар, ошондуктан биз даяр чиймелерди колдонобуз. Мындан сырткары ушул сымал өзүңөргө жаккан нерселерди сүрөттөп, чиймесин чийип даярдасаңар болот.



Тапшырма

Бул тапшырма бир аз башкачараак. Бул компьютер менен тааныштыкты талап кылуучу тапшырма. Компьютер классына барып, компьютерлерди иштеткен оператордон интернеттен модель жөнүндө материалдарды таап берүүсүн өтүнгүлө. Бир нече жөнөкөй унаалардын моделин, чиймесин тандап алгыла. Жаккан бир-экөөнү түстүү принтерден классыңарда канча окуучу болсо, ошончо барак чыгарып алгыла. Чийменин жайылмасындагы өлчөмдөр сүрөт альбомуңардын өлчөмүнөн чоң болбоосу керек. Эгерде ар бир окуучуга чийме жетсе, калган ишти класстан же үйдөн жасаса да болот. Силер чиймеңерди калың кагазга же картонго чапташыңар керек. Ал үчүн жазы кыл калем менен чийменин арткы бетине желимди тегиз жайып туруп, чиймеден бир аз ашырып чоңураак болгон картонго же калың кагазга чаптагыла. Үстүнөн жука баракчаны коюп, желимдөө тегиз, аба көбүктөрү калбас үчүн жумшак губка же салфетка менен сыдырып чыгуу керек. Кургатыш үчүн бир аз коё тургула. Чиймеде кайсы жерин бүктөп, кайсы ашыкча бөлүкчөлөрүн кесүү керектиги даана көрсөтүлгөн. Буларды аткаргандан кийин биригүүчү жерлерди кылдат желимдегиле. Жасалган бардык моделдерди катарга тизгиле да, аткарган ишиңердин сапаттын талкуулагыла. Кимдики мыкты аткарылды?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!