Натуралдык сандар.
Буюмдарды эсептөө үчүн колдонулган сандар натуралдык сандар деп аталышат жана N тамгасы менен белгиленет.
N = {1,2,3,4,5,...,99999,...}
Сандар 0,1,2,3,4,5,6,7,8,9 – деген цифралардын жардамында жазылат.
М:1987 саны – 1,7,8,9 деген цифралардын жардамында жазылды.
Натуралдык сандар - жуп, так, жөнөкөй жана курама сандар болуп бөлүнүшөт.
Экиге так бөлүнгөн сандар жуп, ал эми бөлүнбөгөн сандар так сандар д.а.
М: 2,4,6,8,10,...,2n,... – жуп сандар,
1,3,5,7,9,11,..., 2n+1,... – так сандар.
Өзүнө жана бирге бөлүнгөн сандар жөнөкөй, ал эми экиден көп бөлүүчүгө ээ болгон сандар курама сандар д.а.
М: 3,5,7,11,13,17,... – жөнөкөй сандар, М: 2=2∙ 1 3=3∙1 11=11∙1
( башкача жол менен ажырата албайбыз).
4,6,8,9,10,12,14,15,...- курама сандар.М:6=2∙3, 8=2∙4, 9=3∙3,12=2∙2∙3 же 4∙3 Эскертүү: 1 саны жөнөкөй да курама да болуп эсептелбейт.
Ар кандай курама сандар жөнөкөй сандардын көбөйтүндүсү түрүндө жазылат.
М: 42 =2∙3∙7, 770 = 2∙5∙7∙11 .
Мисал: 412, 125 сандарын жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ажыраткыла.
“Катары менен жөнөкөй сандарга бөлүп баштайбыз”
412 2 125 5
206 2 25 5
103 103 5 5
1 1
демек 412=2∙2∙103 демек 125 = 53
Натуралдык сандар разряддарына жараша бир орундуу, эки орундуу, үч орундуу ж.б. деп бөлүнүшөт.
М: 294568 = 2∙100000 + 9∙10000 + 4∙1000 + 5∙100 + 6∙10 + 8∙1
Жүз миңдик он миңдик миңдик жүздүк ондук бирдик
Сандар тамгалар менен төмөндөгүдөй жазылат.
= 10000а+1000в+100с+10д+с, - беш орундуу же он миңдик разряддагы сандын белгилениши,
= 100а+10в+с,-үч орундуу же жүздүк разряддагы сандын белгилениши.
Натуралдык сандар сан огунда
1 2 3 4 5 6 7 8 ... 9999 ... n … N
Натуралдык сандардын өсүү тартибинде жайгашарын эстен чыгарбоо керек.