СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун методдору

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окутуунун методдору»

Табигый-илимий билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу ыкмалары

Кузиева Изозахон Низомжоновна

Кочкорбаева Эльнура Эмилбекевна

Илимий жетекчи: Суюнбай к. Акылай

БатМУ А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин

Б-1-20 окуу тайпасынын 3-курсунун студенттери

Бүгүнкү күндө педагог ар түрдүү ыкмаларды пайдалануу менен, окуучулардын чыгармачыл ой-жүгүртүүлөрүн калыптандыруу, аң-сезимдүү активдүүлүгүн камсыз кылуу менен мазмунду натыйжалуу өздөштүрүүгө болот. Учурда студенттердин эле эмес окуучулардын да ой-жүгүртүү иш аракетин уюштура алсак, окууга болгон мотивациясын күчөтө алсак гана эффективдүү жыйынтыктарга алып келери белгилүү. Ушул жагдайда окутуучу үчүн башкы маселелердин бири, бул, студенттердин окуп-үйрөнүшкөн, өздөштүрүшкөн теориялык билимдери менен практиканын, турмуштун ортосуна көпүрө орнотуу далалаты. Окутуучуга студенттерди өз алдынча иштей билүү ыктарына, усулдарына үйрөтүү, аларга орундуу талап коюу жана көмөктөшүү милдети тагылат. Ошондуктан бул макалада натыйжалуу сабак келип чыгуу үчүн мугалим менен окуучунун өз ара аракеттенүү ишмердүүлүктөрү, табигый-илимий билим берүүдө жаңы технологияларын колдонуунун жолдору жана кемчиликтери, окуу ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү ишке ашыруунун багыты жана артыкчылыктары жөнүндө сөз болду.

Ачкыч сөздөр: табигый-илимий билим берүү, МКТ(маалыматтык-коммуникативдик технологиялар), сапатуу билим, пайдалануу, жөндөм, тажрыйба.

Сегодня учитель может эффективно осваивать содержание, используя различные методы, формируя творческое мышление учащихся, обеспечивая их сознательную деятельность. Хорошо известно, что не только студенты, но и ученики могут быть эффективными, только если они способны организовать свои мыслительные действия и повысить свою мотивацию к обучению. Одна из главных задач учителя в этой ситуации - попытаться преодолеть разрыв между теоретическими знаниями, которые студенты усвоили и усвоили, и практикой и жизнью. Педагог отвечает за обучение студентов навыкам и приемам самостоятельной работы, предъявляет к ним соответствующие требования и поддерживает их, поэтому в данной статье рассматриваются вопросы взаимодействия учителя и ученика, способы использования новых технологий в естественно научном образовании .

Ключевые слова: естественно научное образование, ИКТ(инновационно-коммуникативные технологии), качественное образование, использование, навыки,опыт.

This article talks about ways to achieve lesson effectiveness through teacher and student collaboration, the use of new technologies in teaching, and successful enhancement of learning activities. Today, a teacher can effectively master the content using various methods, shaping the creative thinking of students, ensuring their conscious activity. It is well known that not only students but also students can be effective only if they are able to organize their mental actions and increase their motivation to learn. One of the main tasks of the teacher in this situation is to try to bridge the gap between the theoretical knowledge that students have learned and learned, and practice and life. The teacher is responsible for teaching students the skills and techniques of independent work, makes appropriate requirements for them and supports them, so this article discusses the issues of teacher-student interaction, ways to use new teaching technologies and directions for successful learning.

Key words: natural science education, ICT (innovative and communicative technologies), quality education, use, skills, experience.

Киришүү:

Жылдан жылга окутуунун методдору көп түрдүү болуу менен бирге алар көбөйүүдө, анткени окутууну өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз процесс ишке ашырылуу менен ошол эле учурда окутуунун жаңы каражаттары да жаралууда. Бүгүнкү күндө педагог ар түрдүү ыкмаларды пайдалануу менен, окуучулардын чыгармачыл ой-жүгүртүүлөрүн калыптандыруу, аң-сезимдүү активдүүлүгүн камсыз кылуу менен мазмунду натыйжалуу өздөштүрүүгө болот. Учурда окуучулар эле эмес студенттердин да ой жүгүртүү иш аракетин уюштура алсак, окууга болгон мотивациясын күчөтө алсак гана эффективдүү жыйынтыктарга алып келет. Табигый-илимий билим берүүдө окутуу, таалим-тарбия сабактарын уюштуруунун салтка айланган лекция, семинар, көнүгүүлөр иштөө, лабороториялык-практикалык ж.б. формалары белсемдүү орунду ээлейт.

Ушул жагдайда окутуучу үчүн башкы маселелердин бири, бул, студенттердин окуп-үйрөнүшкөн, өздөштүрүшкөн теориялык билимдери менен практиканын, турмуштун ортосуна көпүрө орнотуу далалаты. Окутуучуга студенттерди өз алдынча иштей билүү ыктарына, усулдарына үйрөтүү, аларга орундуу талап коюу жана көмөктөшүү милдети тагылат. Демек, студент өз алдынча иштеши зарыл. Студенттин өз алдынчалыгы идеялаштырылат. Окутуучунун бүгүнкү күндө орду өзгөрүүдө, демек лекцияда да окутуучу түшүндүргүч болбош керек, анткени өз алдынча өздөштүрүлбөгөн билим, адамдын өзүнүн акылына, интелектуалдык көрөңгөсүнө айлана албайт.

Азыркы кездеги ааламдашуу айдыңында билим берүү тармагындагы жаңы технологияны пайдалануу зарыл экендигин бир нече педагогика илиминин докторлору далилдеди жана бул тармакта көптөгөн педагогикалык окумуштуулар жигердүү эмгектенишкен. Өз учурунда В.Ф. Шаталовдун өзгөчө методу мугалимдер үчүн табылгыс тажрыйба болуп жаңы окутуу процессин коом өтө кызыгуу менен кабыл алган. Ал жакшы окуган балдар менен кыздар сабакта мугалим консультанттардын милдетин аткаруусу С.Лысенкованын алга умтулуп окуу программасынан өтүп кетиши, эмгек жана чийүү мугалими И.Волковдун сабактын темасын гана айтып коюусу жана калганын балдар өздөрү изденишип, кайсы материалдан эмнени жасоону өздөрү чечүүсү, Н.Гузиктин кайра кайра кайталоо жана сабакта балдардын өз алдынча эмгегин уюштуруу жана аларды өз алдынча билим алууга окутуу усулдары бүгүнкү күндө интерактивдүү окутуунун усулдары, ыкмалары катарында кайрадан толукталып, жаңыланып иш жүзүндө колдонулуп жаткандыгы баарыбызга маалым.

Изилдөө методдору жана материалдары:

Сабакты окутууда жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн көрсөтмөлүүлүк чоң мааниге ээ. Көрсөтмөлүүлүктүн принциптери бир гана көрүү органдарына таасир этпестен, башка сезүү органдарына да таасир этет. Физиология менен психология илимдери адамдын бардык сезүү органдары бир-бири менен өз ара тыгыз байланышта экендигин түшүндүрөт. Окутуу процессин эффективдүү жүргүзүү, студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн маалымат-коммуникативдик технологияларды сабакта колдонуу азыркы күндүн негизги талаптарынын бири. Азыркы учурда табигый илимдерди окутууда көрсөтмөлүүлүк жетишсиз, татаал химиялык процесстерди, заттардын структурасын сөз менен түшүндүрүү жетишсиз. «Интерактивдүү» деген сөз “өз ара аракетенишүү” дегенди түшүндүрөт. Окутуунун интерактивдүү методу окутуучу менен окуучунун ортосунда ангеме түрүндө, диалог иретинде же окуучунун компьютер менен иш аракети болуп эсептелет.

Замандын өзгөрүшү менен илимий-техникалык прогресске, техникалык каражаттардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чыгармачыл педагогдор тарабынан заман талабына ылайык келген (окутууну жакшыртууга өркүндөтүүгө аракеттер жасалып, окутууга карата жаңы көз караштар пайда болот) жаңы окутуу усулдары жаралат.

Окуу процессинде маалымат-коммуникативдүү технологияларды колдонуу үчүн студент эмнени билүү керек:

- текстик, цифралык, графикалык, үндүк берүүлөрдү тиешелүү редактордун жардамы менен дидактикалык материалдарды даярдоо, берилген окуу материалдары боюнча слайддарды түзүү.

-дициплина боюнча даяр программалык материалдарды пайдалануу, сабакта электрондук окуу курал менен иштөөнү үйрөнүү.

- окуу программалык материалдарды колдонуу.

- сабакка даярданууда интернеттен керектүү материалдарды табуүну ишке ашыруу.

- Студенттерди сабак учурунда интернеттен керектүү маалыматтарды алуу иштерин уюштуруу.

- Web-сайттын материалдарын сабакта иштөө, окуу материалдары боюнча кызыккан суроолорго Web- бетин түзүү.

- даяр программаны пайдаланып же өз алдынча тестерди иштеп чыгып, компьютердик тестирлөөнү жургүзүү.

Негизги жыйынтыктар жана аларды талкулоо:

Окутуу процессинде МКТды колдонууда күтүлүүчү натыйжалар жана артыкчылыктар:

-окуу материалын натыйжалуу өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт;

- окуу процессин көп түрдүү жана кызыктуу кылууга, инсандык өнүгүүгө жардам берет;

- окутуунун каражаттарын жана ыкмаларын тандоодо жана ишке ашырууда мугалимдин мүмкүнчүлүктөрүн түп тамырынан бери кеңейтүүгө мүмкүндүк берет;

- окуучунун чыгармачылык жөндөмүн ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

- сабактын ар кандай этаптарында колдонуу мүмкүнчүлүгү;

- кайталап колдонуу жана өз убагында токтотуу зарылчылыгы;

-изилденүүчү объектилерди жана алардын бөлүктөрүн детализациялоо;

- материалды көрүү, угуу жана эмоционалдык деңгээлде кабыл алуу.

МКТны колдонуу менен өтүлгөн сабактар чоң эмоционалдык көтөрүлүүнү жана материалды өздөштүрүү деңгээлин жогорулатат, демилгени жана чыгармачылык ой жүгүртүүнү стимулдайт.

Окутууда призентация слайддарды түзүп, колдонгондо студент кыска, илимий, так түшүнүктөрдү, аныктамалар жана мүнөздөмөлөрдү тез өздөштүрөт. Окуу китептериндеги сүрөттөрдү сканерлеп, кайра иштеп чыгып, веб сайттар жана энциклопедиялардан кошумча маалыматтар киргизилсе жаңы билимдерди өздөштүрүү жана түшүндүрүү эффективдүү болот.

Азыркы учурдагы маалымат-коммуникативдүү технологияларды (МКТ) колдонуунун кемчиликтери:

- Окутуучулардын жана студенттердин өздүк компьютерлеринин жоктугу.

- Окутуучулардын компьютердик материалдарды табууга убактысынын аздыгы.

- Интернеттин жогорку деңгээлде иштебегендиги жана жетишсиздиги.

- Студенттердин компьютердик ар түрдүү оюндарга, мызыкага көбүрөөк кызыгуусу.

Корутунду:

Маалымат-коммуникативдүү технологияларды сабакта колдонуу, мультимедиалык презентациялардын негизинде студенттердин түшүнүүсү активдештирилет, предметке болгон кызыгуусу артат, жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк туулат, өтүлгөн материалды эске тутуу мумкүнчүлүгү жакшырат, натыйжада сабак максатына жетип, анын эффективдүүлүгү жогорулайт. Маалымат-коммуникативдүү технологиялары, мультимедиалык каражаттар сапаттуу окутууга шарт түзүү менен жаңы муунду тарбиялоодо- жоопкерчиликтүү, билимдүү, жаңы маселелерди чече турган жаңы кадам болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар:

1. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. - Б.,2015.

2.Леонтьева А.И., Засим О.А. «Реализация технологического подхода в процессе обучения химии с использованием компьютерной техники», “Химия: проблемы выкладання”, № ,2006

3.Полат Е.С. «Новые педагогические и информационные технологии в системе образования», М., Академия, 2001

4.Рахимова М.Р. Педагогиканын теориясы, технологиясы жана системасы. - Бишкек, 2003.

5.Селевко Г.К. «Современные образовательные технологии», М., Народное образование, 1998

6.Тайиров М.М., Мурзаев М.С. Окутуунун жаңы технологиялары. - Ош, 2009.

7.https://studbooks.net/1931466/pedagogika/izuchenie_mlekopitayuschih_urokah_biologii