СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өлчөө каражаттары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өлчөө каражаттары

Просмотр содержимого документа
«Өлчөө каражаттары»

5-класс табият тануу

Сабактын темасы: Өлчөө каражаттары.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк

Табигат кубулуштарындагы өзгөрүүлөрдү өлчөө үчүн жабдууларды, приборлорду тандашат, алардын иштөө принциптерин, колдонуу багыттарын үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк

Берилген нерселердин жана заттардын тиешелүү маанилерин өлчөшөт жана аларды, алынган маалыматтарды талдашат, салыштырышат.

МКТныколдонуу боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тарбия берүүчүлүк

Өз алдынча, топтордо иштөөгө, бирдиктүү чечим кабыл алууга калыптанышат.

5.2.3.3.

Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компотенттүүлүктөр

Мазмундук тилкелер

Маалыматтык

Илимий суроолорду таануу жана коюу.

Дүйнөнү таанып билүү системасы

Социалдык коммуникациялык

Кубулуштарды илимий түшүндүрүү.

Физикалык системалар

Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

Илимий далилдерди колдонуу.

Космостук системалар



Тирүү системалар

Техно- жана антропосистемала

Сабактын күтүлүүчү натыйжалары:

  • Ар кандай чоңдуктарды өлчөө үчүн арналган приборлор жана аларды колдонууну өздөштүрүшөт.

  • Өлчөө приборлорун туура тандайт жана керектүү маанини өлчөөнүн планын түзүшөт.

  • Алынган маалыматтарды талдап, баалайт жана адамдын ишинин жаратылышта болуп жаткан кубулуштарга тийгизген таасирин туура түшүндүрөт .

Сабактын жабдалышы: рычагдуу тараза, термометр, мензурка, белгисиз формадагы зат (таш) суу, жип ж.б

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

МКТ ресурстары

НК

Баалоо

Уюштуруу

Окуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо.

Эгерде сен токойдо же чөлдө бараткан учурда сенде компас жок болсо Жердин багыттарын кантип аныктайсың?

Бири-бирине комплемент айтышат. Суроого жооп б-т


НК2

Диагн.

Өткөн теманы суроо

Кандай лабораториялык жабдууларды билесиңер?

Эмне себептен ар кандай приборлорду ойлоп табуу зарылдыгы пайда болгон?

Байыркы адамдар убакытты кантип аныкташкан?

Асман телолоруна байкоо жүргүзүү үчүн кандай приборлор колдонулат?

Суроолорго жооп беришет.




НК2

Калып.

Жаңы тема

Заттын эң маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп анын массасы саналат. Бардык табигаттагы нерселер жана заттар белгилүү бир массага ээ болот. ошондуктан аны аныктап алуу үчүн кандайдыр бир прибордун зарылдыгы келип чыккан. Ал эмне болушу мүмкүн? Ар кандай көлөмдөгү заттар бирдей массага же тескерисинче бирдей массадагы нерселер ар түрдүү көлөмгө ээ болушу мүмкүн, ошондуктан алардын так массасын аныктоо үчүн тараза пайдаланылат. Учурда таразалардын ар түрдүү формаларын пайдаланабыз. Мисалы, рычагдуу тараза, пружиналуу тараза, электрондук тараза ж.б. алардын ичинен эң так корсотуп бергени бул, электрондук тараза болуп саналат. Тараза жок учурда 1 килограмм нерсенин массасын так аныктап алуу үчүн 100С температурадагы 1 литр таза сууну пайдаланышкан. Ал эми ошол эле суунун ордуна деңиз суусун колдонсо анын массасы башка көрсөткүчтү көрсөтөт.

Мындан башка да ар кандай өлчөөчу куралдарды пайдаланууга болот. айталы, узундукту өлчөө, нерселердин температурасын өлчөө, бөлмөдөгү жарыктын күчүн өлчөө, класстын ичиндеги ызы-чууну өлчөө ж.б.

Сенин ден соолугуңдун нормалдуу абалын билүү үчүн градусник же термометр деп аталган прибор колдонулат. Эгерде аны денебиздин ар кайсы органына же ар кайсы участогуна алып барсак ар түрдүү температураны көрсөтүшү мумкүн. Бирок так температураны өлчөө үчүн адамдын колтугун пайдаланышат. Ал жердеги нормалдуу температура 36,70С барабар болот. аба ырайынын температурасын өлчөөчү термометрди адам үчүн пайдаланууга болбойт. Аба ырайынын температурасын өлчөөчү термометрдин эки түрү кездешет; сымаптуу жана спирттүү. Ысык жерлер үчүн сымаптуу термомерт, ал эми суук жерлер үчүн спирттүү термометрди колдонуу максатка ылайыктуу болот. Ысык жерде спирт бууланып кеткендиктен анын шкалаларын көрүүгө мүмкүн болбой калат, ал эми тескерисинче суук аймактарда сымап тоңуп калат да нерселердин же абанын температурасын аныктоого мумкүн эмес. Ошондуктан спирттүү термометр суук жерлерге, ал эми сымаптуу термометр ысык жерлерде колдонууга ылайыктуу болот.

Мугалимдин маалыматтарын угушат. Приборлор жана лабораториялык жабдуулар менен таанышышат.

1.https://www.youtube.com/watch?v=OzFeN83zNa0


2. https://www.youtube.com/watch?app=desktop&v=4BYK4CMdz0I&t=25s (русс/кырг. субтитры

НК1

Калып.

Бышыктоо

Өлчөөчү приборлордун ичинен шумомер аркылуу класстын ичиндеги ызы-чуунун көлөмүн аныкташат. Мензуркага суу коюп шкаланы белгилеп, туура эмес формадагы ташты салып көрүп, белгисиз формадагы заттын көлөмүн аныкташат.Тест боюнча иштейт

Мугалимдин көрсөтмөсү менен ишти аткарышат, жыйынтыгын талдашат.

http://www.classtime.com/share/7d75c0d7-fae2-4add-b910-0d693147423f?token=d797fc0db949feeb992273dd555984977d467a7c6e6fc0142ac3f1bbe0f55281



НК2

НК3

Калып.

Рефлекция

Суроолорго жооп берип кайтарым байланыш жүргүзүлөт.

Стикерге жазышат.


НК1

Калып.

Үйгө тапшырма

§ 11 окуп келүү.Люксметр аркылуу үйдүн ар түрдүү участогундагы жарыктын күчүн өлчөгүлө.

Тажрыйба жүргүзүшөт.


НК1


Баалоо

Упай боюнча бааланат

Баа алышат.