СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өз ара сабакка кирүү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өз ара сабакка кирүү бланкасы

Просмотр содержимого документа
«Өз ара сабакка кирүү»

САБАККА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ ФОРМАСЫ

Бул форма сиздерге сабакка байкоо жүргүзүүгө жардам берет. Практика көрсөткөндөй, бир жолкуда бирден ашуун маселени чечүү же жеңилдетүү кыйын болгондуктан, сабакка байкоо жүргүзүүдө бир конкреттүү тармакка (класстагы окутуу чөйрөсүнө, окутууну пландоого/усулдарына, баалоого, суроолордун берилишине, классты тескөөгө ж.б.у.с.) көңүл буруу абзел. Сабакка байкоо жүргүзүүдөн кийин, сын пикирлериңизди жазыңыз, анан жабык жолугушууда мугалимге айтыңыз. Пикир айтканда сабактын кемчиликтерин эле эмес, алгылыктуу жактарын да белгилешке аракеттениңиз. «Ачык сабактарга» байкоо жүргүзүүдө кыраакы болуңуз, анткени алар мугалимдин демейки сабагын дал өзүндөй көргөзө албайт. Мугалим толкундануудан ката кетириши мүмкүн болгондуктан, мектеп жетекчилиги катышкан сабакка байкоо жүргүзүүдө да этият болуу абзел. (Бул ыкма жөн гана сунушталат).

Мектеп: №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектеби.

Мугалим ______________________________________

Предмет ____________________________ Класс ________ Датасы ______________

Тизме боюнча класстагы окуучулардын саны ______________

Факт боюнча___________________________

Сабактын темасы _____________________________________________________________________

Байкоочунун Ф.А.А. __________________________________________________________________


  1. Класстагы окутуу чөйрөсү

Ооба/Жок/Дагы башка

Комментарийлер

  1. Класстагы окуучулардын санына эсептелген жана курагына (окуучулардын боюна) ылайык келген эмерек/кабинет барбы?

  2. Класстагы эмеректердин жайгашуусу/турган орду окуучулардын өз ара жигердүү иштешүүсүнө өбөлгө түзөбү?

  3. Сабак өтүү үчүн мугалим колдонгудай ОТК1 жетиштүүбү?

  4. Сабак өтүү үчүн окуу китептери/окуу ресурстары жетиштүүбү?

  5. Сабакта тапшырмаларды аткаруу үчүн окуучуларда баардык кеңсе буюмдары барбы?

  6. Кабинет жакшы жылытылганбы/ анда кондиционер/жарык барбы?



  1. Пландоо



  1. Мугалимдин колунда сабактын план-конспектиси (кагаз жүзүндөгү, компьютердик түрдөгү) барбы?

  • Сабактын баардык баскычтарынын логикалык туура ырааттуулугу сакталганбы?

  • Баары план боюнча жүрүп жатабы?

  • Сабактын бул планын предметтик стандарт жана окуу программасы менен байланыштырса болобу?

  1. Сабактагы окутуунун натыйжалары/окутуунун максаттары даана белгиленгенби?

  • Сабактын максаттары/күтүлүүчү натыйжалар угузулдубу, көрсөтүлдүбү (тактада, кагазда, проектордо же дагы башка ыкма аркылуу)? Ооба/Жок. (Мугалимдин жообун жазып алыңыз).

  • Эгер максаттар ылайыктуу болсо, анда окуучуларга түшүнүктүү болдубу? (Максаттарды мугалим жарыя айтпаса деле).

  • Бул окуучулардын жогорку деңгээлде ой жүгүртүшүнө өбөлгө түздүбү?



III a) Окутуу усулу



  1. Мугалим сабакта ресурстарды (убакыттан башкасын) майнаптуу пайдаландыбы?

  • Ал окуучулардын турмуштук тажрыйбасын/мурдагы билимдерди/жамааттын тажрыйбасын пайдаландыбы?

  • Ал окуу китептеринен башка ресурстарды пайдаландыбы?

  1. Сабактын жүрүшү (окутуунун тандап алынган усулдары менен ыкмалары) окутуунун натыйжаларына толук жетишүүгө мүмкүндүк береби?

  • Окутуунун ар кандай усулдары менен ыкмалары пайдаланылдыбы?

  • Даярдык деңгээли ар түрдүү окуучуларга айырмалуу мамиле жасалдыбы?

  • Тапшырмалардын берилиши окуучулар үчүн түшүнүктүү болдубу?

  • Окуучулар пландалган көндүмдөрүн практика жүзүндө көргөзө алыштыбы?

  • Бул сабак көндүмдөрдү өнүктүрүүнү көздөйбү же сабактын мазмунуна багытталганбы?

  • Тапшырмаларды аткаруу учурунда мугалим көндүмдөрдү калыптандырууга жетиштүү убакыт бөлөбү?

  • Тапшырманы эрте аткарган окуучулар калган убакытты кандай пайдаланышты?

  • Окутуунун максаттарына жетүү үчүн убакыттын жалпы саны жетиштүү болдубу?

  • Мугалим өзү сабакта канчалык көп сүйлөдү?

  1. Тандалып алынган тапшырмалар окуучулардын жогорку деңгээлде ой жүгүртүшүнө өбөлгө түзөбү?



III b) Суроолор



  1. Мугалим окуучуларга жогорку деңгээлде ойлонтуучу суроолорду (аткарылуучу тапшырмалар аркылуу же түз) береби?

  2. Мугалим окуучуларынын суроо беришин колдоп турабы?

  3. Суроолорго жооп бериши үчүн мугалим окуучуларга жетиштүү убакыт береби?

  4. Мугалим пайдасыз суроолорду береби?



IV. Классты тескөө



  1. Жалпысынан, мугалим тыкан жана сабакка даяр көрүнөбү?

  2. Мугалим ишке тиешеси жок ызы-чууну азайтуу үчүн классты тескей алабы?

  3. Мугалимдин жүрүм-туруму өрнөктүүбү?

  4. Мугалим сабакта окуучулардын жөндөмү, билим деңгээли айырмаланарын эске алабы?

  5. Гендерлик жактан теңдөө боюнча мугалим кандайдыр бир аракеттерди көрдүбү?

  6. Сабакта баардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү үчүн мугалим кандайдыр бир аракеттерди көрдүбү?

  7. Жалпысынан, сабакта таанып-билүү процесси жакшы уюштурулду деп ойлойсузбу?



V. Баалоо жана кери байланыш



  1. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктери сабакта баалангандыгына далилдер барбы?

  2. Сабакта калыптандыруучу баалоо (КБ) жүргүзүлдүбү? Мугалим КБнын кайсы ыкмаларын колдонду?

  3. Суммативдүү баалоо жүргүзүлдүбү?

  4. Эмне бааланды – окутуунун максаттарыбы/окутуунун натыйжаларыбы/башка нерселерби?

  5. Баалоо кантип жүргүзүлдү?

  6. Окуучуларга баа берүүнүн критерийлери угузулдубу?

  7. Окуучулар өз иштеринин жыйынтыктарын билиши үчүн мугалим алгылыктуу кери байланыш түздүбү?





1 ОТК – окутуунун техникалык каражаттары