СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Рецензия жазуу жана баалоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Рецензия жазуу жана баалоо»

Кыргыз адабияты
Ачкычтар жана упайлар
Тапшырманы аткаруу убактысы: 120 мүнөт
Упайлардын саны: 30
Тапшырма
Кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Аман Саспаевдин «Кайнене» аттуу
аңгемесинен алынган үзүндүнү кунт коюп окуп чыккыла.
Тексттеги төмөнкү деталдарга көңүл бургула, анткени алар чыгарманы жакшылап
түшүнүүгө көмөк берет:


Калып-чу баа


күлбөдү, катуу үн чыгарып жаткан сөздөргө
да аралаша кетпеди. Ийменип, жол бошотуп, шыбырап сүйлөп, бардык оокатын бүтүрө
берди.
Келининин ыйбалуу, ишкер экенин билип, Саамыйдын энеси башкалар алдында
боюн көтөрүүчү болду. Теңтуш карыларга мактанып, келинин андан бетер ийиктей
ийрилтүүнү ойлонду. Бирок жаш келиндин өзүнчө турмушка деген көз карашы, өзүнчө
таламы бардыр деп ойлогон жок. Ойлосо да, аны билмексенге салды. Өзү да өз кезинде
келин болгон да. «Баланы жашынан, келинди башынан!» деген макал бар. Кийинчерээк,
биз мындай карый түшкөндө, күнүбүз эмне болот. Азыртан тастаңдатып, эркелетип
жиберсек, кийин көргүлүктү ошондо көрөбүз. Саамыйды ээрчитип алып, кээ бир келиндер
өңдөнүп кете берсе, биздин колдон эмне келет. Башынан сөз ашырбай бирдеме десе эле
беттен алып турган тажаал келиндер – башынан башкарылбаган келиндер деп ойлончу
кемпир.
Ал эми Закеш жагынан айта турган болсок, ал турмушка чыга электе кээ бир
келиндер эски салтка канчалык баш ийип жүрсө да, кандайдыр ишти оңой бүтүрүп
жүргөнсүгөн. Нары ошол жасалма кыймылы өзүнө жарашып турган. Бирок анын чындык
эмес экенин Закеш өз башына келгенде толук түшүндү. Эмне үчүндүр, өзү ар качан
кылмышкер өңдөнүп, ал түгүл, санда жок киши өңдөнүп бук боло баштаганын сезди…
Келин эстүү болсо, бул кайната, кайнене, үйдүн ырысы. Андай келинди башкаруу
үчүн аны башкарган киши андан да акылдуу, эстүү болуш керек да! Салт-санаага, эски
каадага камалай берүү, ысылуу-сууктуу сөз угузуп, ичинен кемирүү – бул ар кандай эстүү
кишини да жолдон азгырат. Турмуштун мындай жөнөкөй сырларына азыр Саамый эмес,
балдар да түшүнөт. Саамый азыр жаш бала эмес. Мындан мурда эле энесинин каада
сактаганынан аздап чочулаган болучу…
(Аман Саспаевдин «Кайнене» аңгемесинен алынган үзүндү)
Окутуу тили орусча болгон мектептердин окуучулары
үчүн кыргыз тилинде дилбаян-пикир жазуу боюнча олимпиада тапшырмасын
баалоо критерийлери
Максималдуу упай – 30.
Конкурсанттар окулган чыгармага карата дилбаян-пикир жаратуу боюнча
төмөнкүдөй жөндөмдүүлүктөрдү көрсөтүшөт:
1. Сунуш кылынган текстти окуунун негизинде ЭҢ АЗ 150 сөздөн турган
ырааттуу текст түзүшөт (болжол менен түрдүү типтеги 15-20 сүйлөм).
2. Чыгармада чагылдырылган көйгөйлөрдү түшүнүүнүн тереңдигин жана өз
алдынчалыгын
көрсөтөт.
3. Конкурсант тарабынан жаратылган текст мазмуну жана түзүлүшү жагынан
тексттин «ой жүгүртүү» тибине туура келет.
4. Конкурсанттар окулган тексттерди колдонуп, өз ойлорун жана айткандарын
жүйөлөп берет
.
Дилбаян-пикир жазуу үчүн окуучулар сунуш кылынган суроолорго түз жооп
берүүгө милдеттүү эмес; булардын максаты тексттин көйгөйлөрү менен поэтикасынын
негизги өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурдуруу болуп гана саналат. Эгер конкурсант өзүнүн
талдоо жолун тандаган болсо, анын буга акысы бар болчу. Андыктан ишти кароодо
көмөкчү суроолорго жооп берилгенби же берилген эмеспи деп баалабастан, ишти
жалпысынан баалоо керек.
Эскертүү: Эгер
дилбаян-пикир эч кандай комментарийсиз, толугу менен кайра көчүрүлгөн же кайра
айтып берилген текст болсо;
же 150дөн аз сөздөн турса;
же сунуш кылынган тексттерге таянбастан жазылган болсо;
же көркөм текст жөн гана кайра айтылып берилсе, же болгону сөздөрүнүн же
сүйлөмдөрүнүн ордулары гана алмаштырылган болсо,
анда ал бардык критерийлер боюнча нөл упай менен бааланат.

Пункт № /
Критерийлер

Көрсөткүчтөр (индикаторлор)

Упай

1. Дилбаян
пикирдин
мазмуну

Конкурсант
чыгармада козголгон негизги көйгөйлөрдү (эң
аз 2) белгилейт (3 упай)
;
чыгармадагы көйгөйдү (теманы) ачып берүүнүн
өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берет (3 упай).

6 упай

2.Көркөм
чыгарманы
талдоо
негиздерин
билүү

Конкурсант
көркөм кептин өзгөчөлүктөрүн белгилеп берет
(2 упай)
;
чыгармаларда колдонулган негизги сүрөттөө
туюндуруу каражаттарын
(1-2) атап берет
(2 упай)
;
алардын чыгармадагы ролун ачып берет
(2 упай)
;

10 упай


автордун каармандар менен окуяларга карата
мамилесин белгилеп берет (2 упай)
;
өз оюн жана сезимдерин билдирет
(окурмандын реакциясы, баалоо) (2 упай).

3.Катышуучунун
ишинин
композициялык
ырааттуулугу,
тили жана стили

Конкурсант
баяндоо учурунда ырааттуулукту сактайт
(киришүү, негизги бөлүк, жыйынтык, абзацтарды түзүү,
ойдон ойго өтүү) (2 упай);
текстти кептин ой жүгүртүү түрүнө ылайык түзөт
(тезис – далилдер – мисалдар) (2 упай);
жүйөлөр чыгарманын мазмунунун
түшүндүрмөсүнө шайкеш келет (2 упай);
өз ой-пикирлерине жүйө-мисалдарды келтирет,
ой жүгүртүүнү куруу үчүн адабий материалды
колдонот
(цитаталар, тексттеги кырдаалдардан сөз
кылуу) (2 упай);
сөздөрдү туура колдонот жана кептин
эмоционалдуулугун, көркөмдүгүн көрсөтөт
(2 упай).

10 упай

4.Кептин
практикалык
сабаттуулугу
жана тактыгы

Конкурсант
жалпы тил жана кеп сабаттуулугун көрсөтөт
(кептик жана грамматикалык каталардын жоктугу).
1-эскертүү: каталардын баарын эсептеген мектептин
көнүмүш сабаттуулук критерийлери боюнча ишти толук
текшерүү күтүлбөйт.
2-эскертүү: иште тил, грамматика, ошондой эле
орфография жана тыныш белгилери жагынан өзүнө
көңүл бурдурган жана окуудан алаксыткан, тексттин
окулушун жана түшүнүлүүсүн татаалдаштырган каталар
болсо (тексттин 3-5 сүйлөмүндө орточо эсеп менен 3төн
көп ката болсо), бул критерий боюнча иш нөл упай
менен бааланат.

4 упай

Бардыгы

30 упай



А.Саспаевдин «Кайнене» аттуу чыгармасына пикир жазуу боюнча тапшырманын ачкычы

Чыгармада
чагылдырылган тема
жана козголгон көйгөй

Автордун позициясы

1. Улуу жана кичүү
муун көйгөйү

Улгайган адам элдик салтка таянып үй-бүлө мүчөлөрүн бекем
«тартипте» кармоону туура көрүүсү; ал «эрежени» кичүү муундун
кабыл алуусу

2. Элдик салттын
жакшы жана жаман
жактары

«Улууга урмат, кичүүгө ызат»

3. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн
өз ара мамилеси – адам
бактысынын ачкычы

Үй-бүлөдөгү келиндин орду, келин менен кайнененин ортосундагы
карым-катыш, өз ара түшүнүшүү же түшүнүшпөө маселеси

4. Инсандын жеке
эркиндиги

Келиндин (же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн) турмушка болгон өз көз
карашы, табити, тандоосу боло тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги, милдети жана эркиндиги.

Чыгарманын
сюжеттик
композициялык
өнүгүшүндөгү
урунттуу учурлар,
таяныч сөз
каражаттары

Туюндуруучу функциясы

«Кайнене
белгилүү убакытка
чейин, кээде бир-эки
балалуу болгуча
кармайт»

Каармандын, кайнененин образын ачуу

«Келинин андан бетер
ийиктей
ийрилтүүнү ойлонду»

Кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле; кайнененин
катаалдыгы, келинге жасаган мамилесиси

«Баланы жашынан,
келинди башынан!»

Кайнененин турмуштук принциптери

«Ичинен кемирүү»

Кайнененин келинге карата мамилеси; келиндин ички абалы

«Санда жок
киши өңдөнүп бук боло
баштаганын сезди»

Закештин ички абалы чагылдырылган

Көркөм сөз
каражаттары

Чыгарманын идеялык-тематикалык өзгөчөлүгүн,
образдарды ачып берүүдөгү ролу

Эпитет
«жаш келин»
«тажаал келиндер»
«ыйбалуу, ишкер
келини»

Каармандын-келиндин портретин сүрөттөө үчүн колдонулду

Синекдоха
«Сакалдуулардын»

Ата-эне, улуулардын статусу же аларга урматтоо менен айтылган
сөз, бир жагы алардын жаш курагы белгиленип көрсөтүлүп жатат

Антитеза
«ысылуу-сууктуу сөз»

Каармандардын карым-катышындагы өйдө-төмөндүк, тегиз
эместик орун алган




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!