Сабактын структурасы
-Өтүлүүчү сабак (предмет):_____________________________________________________________________________
-Сабактын темасы:________________________________________________________________________________________
-Сабактын тиби(формасы):активдуулүк борборлорундагы жуурулуштурулган (интеграцияланган)сабактар (фронталдык,группалык,аралаш , комплекстүү оюн сабактар , саякат- сабактар, сабак-экскурсия ж.б.)
-Сабактын максаты : ( сабактын максаты баланын атынан учур чак менен коюлат.М:калыптанат , үйрөнүшөт , жасашат, кабыл алышат, тааныш болушат, ж.б.
| Сабактын милдеттери: Билим берүүчулүк Өнүктүрүүчүлүк Тарбия берүүчүлүк. |
-Керектүү материалдар (жабдуулар, сүрөттөр, картинкалар, китептер концтоварлар, интернет –маалыматтар , оюнчуктар, куурчактар ж.б.)
-Сөздүк жумуштар, негизги сөздөр (мектепке чейинки куракта балдардын кебинин өсүшү үчүн эң жагымдуу мезгил болгондуктан ар бир аткарылган иш аракеттерде сөздүк жумуштарды белгилеп жазуу манилүү).
--Методикалык ыкмалар: оюн ыкмалары ( манжа , кыймылдуу, элдик,дидактикалык, өнүктүрүүчү оюндар),создүк ыкмалар (ырлар, табышмактар, жаңылмачтар, макал –лакаптарды колдонуу , суроо-жооп, аңгемелешүү, тууроо кайталоо ж.б.) көрсөтмөлүү ыкмалар ( сүрөттөр, таблицалар, оюнчуктар, видеофильмдер ж.б.) практикалык ыкмалар(экиден, төрттөн-бештен топтордо иштөө , өз ара жардамдашуу: бала-бала: педагог –бала : ата-эне-бала,, бала-валантёр). М.командада иштөө бири-бирине жардамдашуу , өз ишин коргоо , активдүүлүк ж.б.
-Предметтик областтарды жуурулуштуруу .Сабактар баладрдын жаш курагына ылайык программа боюнча жумалык жадыбалдын негизинде тандалып алынат.
Алар төмөнкүлөр:
Айлана чөйрө менен таанышуу;
Кеп өстүрүү;
Дене тарбия;
Музыкалык тарбия;
Элементардык математикалык тушунүктөрду калыптандыруу;
Сабаттуулук;
Изо ишмердүүлүгү( сурөт,аппликация, ийлеп-чаптоо, конструкциялоо);
- Сабактын максатын коюда балдардын өнүгүү областары эске алынат:
Денеси жактан өнүгүү;
Когнитивдик өнүгүү ;
Социалдык- эмоционалдык өнүгүү ;
Сабат жана коммуникативдик өнүгүү;
Эстетикалык –чыгармачылык өнүгүү.
-Күтүлүүчү натыйжалар (күтүлүүчү натыйжалар сабакта коюлган милдеттерге байланыштуу болуш керек);
-Рефлекция (кайтарым байланыш)
-Сабактын жүрүшү :
А) Кереге отурум.Балдар менен өтүлө турган тема, кандай борборлор иштейт ,бир борбордо канчадан бала иштейт ала тургандыгы жөнүндө аңгемелешүү болот:
Мисалы: Тема айтылат – баладар борборлорго бөлүнөт .Борборлордо берилген темага ылайык керектүү материалдар балдардын санына жараша даярдалыш керек.
Б)Активдүүлүк борборлорунда иштөө (3-4борбор), Балдар алгач өздөрү тандаган борбордон иштеп баштайт. Бир борбордо иш убактысы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө
Ылайык(М,Ч,т боюнча мамстандартта көрсөтүлгөн) 15-20м,20-25м,
В) Кайтарым байланыш. Кереге отурумда балдар менен бүгүнкү өтүлгөн темалар боюнча маектешүү зарыл. Жогорку топтун балдарына үй тапшырмасын берүүгө болот.М:”Кесип”темасы боюнча үйдөгү чоңдордун иштеген иштери алардын мааниси.